“Эрким кайда кыялдарды багынтар…”

4/5 - (4 добуш)

* * *

Эрким кайда кыялдарды багынтар,
Эбак сүңгүп кирип кеткен күндөбү?
Аксап жүргөн тагдырымды ээрчиген,
Аяйт мени күйпүл күчүк үйдөгү.

Дербиш мага бактылуудай сезилет,
Демиктирер жалтактык жок мендеги,
Кырды ашып маашырланат өмүргө.
Кыскан жолдо кыйраттым мен эмнени?

Өзүмдөгү душманымды өлтүрүп,
Өрттөй өткүр мүнөзүмдү тапсам дейм,
Моюндаган мококтукту ыргытып,
Мончок кылып чагылганды таксам дейм.

Эрким сынып кыялдарды кулаткан,
Эптеп жүрөм жолду басып күндөгү,
Тоосу кулап түшпөгөндөй сүйүнүп,
Тосуп чыгат күйпүл күчүк үйдөгү.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген