Өз жүрөгүн өзү мүлжүп, же “тентектин” бир ыры жөнүндө
“…Могут быть произведения не понятны, но вместе с тем плохи, но гениальное произведение всегда было и будет непонятно большинству в первое время”.
Л. Толстой
Бороонду эңсейт бул тентек
Бороондо тынчтык барчылап.
М. Лермонтов
Нурлан Калыбеков
ЭСКЕРҮҮ ТҮН
Улуу Айдын жарыгында,
Улуу Түндүн жарымында.
Таш үстүнө чыгып алып,
Таш астында калгандардын
Ырын ырдап,
Ырын эмес,
Ыйын ырдап,
Турдум сыздап.
Артка жылып заман нугу,
Жарык болуп Айдын нуру.
Түрүлүп тасмалардай,
Бүгүнкү күндөн баштап,
Байыркы таш дооруна чейинки бүт,
Көзү өткөн бабалардын,
Алар жүргөн,
Тоо, түз, суу, талаалардын,
Көрүнүп элестери,
Жоого чыккан,
Тоого чыккан,
Ашуулары, белестери,
Көзүмө элестеди.
Бабалар ай жарыктыктар,
Бир келип бул дүйнөгө,
Жашоого көзү тойбой,
Андашып жамандыкты,. жакшылыкты,
Дүйнөгө устун болбой,
Түз кеткен жаны улуктар,
Бабалар ай жарыктыктар.
Улуу айдын жарыгында,
Улуу түндүн жарымында.
Тарттым да сырыңарды,
Ырдадым ыйыңарды,
Муңга толгон,
Жашка толгон,
Ырыңарды.
Жаш төгүп,
Бүткүл дүйнө,
Бүткүл аалам,
Ай, Күн, Жылдыз, Булут, Асман,
Эне, Жер да,
Көк Теңир да,
Чогулуп жоктоп турдук.
Ал тургай,
Урпактар да төрөлө элек,
Тамчыдай тып деп тамып,
Учкундай жылт деп жанып,
Келишти баары, баары,
Нурга айланып.
Ошондо бир ой келди,
Бабалар силер кайра,
Урпак болуп,
Төрөлүп жүрбөгүлө?!
А балким,
Мен дагы бир,
Көзү өткөн
Качандыр бир
Бабадырмын.
Бабалар үн бергиле?!
Кыйкырып суроо жаалап,
Эсиме келсем анан,
Таң атып баратыптыр,
Ай батып баратыптыр.
Мен ошентип,
Таш үстүндө турдум көпкө,
Көпүрө болгон сымал,
Улуу жер, Улуу Көккө.
Байыркыны келечекке,
Келечекти байыркыга,
Кошуп жууруп,
Бүгүнкү күн,
Болуп туулуп,
Улууланып,
Арууланып,
Турдум жанып.
Улуу айдын жарыгында,
Улуу түндүн жарымында.
Нурландын бул чыгармасын мен биринчи жолу өзүнүн окуусунда радиодон уккан элем, кийин да эки-үч жолу уктум окшойт. Ыр негедир сырдуу, а түгүл түшүнүксүз туюлду. Ошондуктанбы, бетме-бет отурганда да Нурландын ушул ырын окуп берүүсүн суранып, эки жолу уктум. “Эми муну жаш кезде, ойкуп-кайкып жүргөндө, жазган элек да”, – деп, көңүлүмдү кыйбай окуп берген эле. Бул ырды түшүнүүнүн деле кереги жок окшойт, угуу гана керек көрүнөт деген ойго да келген учурлар болду. Бирок ыр мени кармап алып эле коё бербей жатты. Демек, анда “бирдеме” бар да, болгондо да мен аңдай албай жаткан бир “балакет” бар да. Ушул “балакетти” аңдаш үчүн мен анын ар бир сөзүнө, тыбышына, доошуна сүңгүп кирип, жиликтешим керек эле. Ушундай максатты аркалап, кирише баштаганда эле, карама-каршылыктар жыйнагына кептелдим. Мына, түн, бирок жөн түн эмес, айлуу түн; демек, түн ↔ түн (караңгы ↔ жарык); эмне үчүн дөбөдө эмес, таш үстүндө турат, ташта эмне сыр бугуп жатат, деги таштын өзү карама-каршы эмеспи: таш боор, таштай муздак ↔ Таштанбек, Ташболот, Кожомкулдун ташы; мезгилине келсек, учур чак ═ өткөн чак ↔ келер чак ж.б.
Булардын ичинен таш негедир эле көкүрөгүмдө уюп калгансыды. Таш жер менен бирге жаралганбы же кийин өнүп чыкканбы? Жаратылыштын татаал талдоосуна туруштук берип ыңгайлашууга ийкемдүү жападан жалгыз “жандык” таш эмеспи, таш өзүнүн таш болуп калган денесинде канчалаган кылымдарды, не деген сырларды, касиеттерди кысып жатат болду экен? Таш жүрөгүндөгү тактар менен адам жүрөгүндөгү тактардын ортосунда кандайдыр бир жалпылык, окшоштук барбы, таштар деле адамдар сыяктуу эле өз жүрөгүндөгү тактарды өчүрүп салуу үчүн жаналакет кыла беришеби? Биз аларды талкалап, таштарды шашылган кумга… айландырып жатканыбызда, бул кылганыбыздын өзү тирүү жандыкты (айталы, койду) мууздап жаткандан эч айырмасы жок экендигин туюуга биздин кудуретибиз жетеби? Мына ушул өңдүү суроолорго жана жогоркудай карама-каршылыктар жыйнагына кептелгенден кийин, ырды жиликтөөдөн сестене, чочулай баштайт экенсиң. Бирок канчалык чочуласам да, ыр мени байлап алып эле туруп алды, өзүнчө жүккө айланып, кутулбас куяга калгандай болдум. Ушинтип чайналып жүргөн кезимде мага бир ой келди: “Бул чыгарманы башкалар кандай түшүнөт болду экен, деги алар аны чыгарма катары кабыл алышабы?” Акыры ырды студенттер менен магистрлерге таратып, өз ойлорун жазуу түрүндө беришин талап кылдым. Эч бир оозеки талдоо жүргүзбөдүм, алар менин жетегинде калабы деп чочуладым, болгону өзүм да анчалык түшүнбөгөн суроолорду чолуп-чолуп берүү менен чектелдим. Мына эми алардын пикирлерин, талдоолорун десем туура болот го, силерге сунуш кылып отурам. Атайы эскерте кетчү бир жагдай: пикирлердин айрымдары аудиоторияда отурганда жазылса, айрымдары үй тапшырма катары аткарылды. Айрым студент, магистранттар кыргыз, айрымдары орус мектепти бүтүшкөн, бирок нурку кыргыздар. Ошондой эле араб магистрлер да бар, аларды ысымдары аркылуу эле айрып алсаңар болот. Талдоо деңгээл көлөмү да ар кандай: айрымдар оюн кыска гана берсе, айрымдары кадимки адистердей эле ар тараптуу талдоо жүргүзүптүр; талдоолоруна ат койгондору да бар. Бузуп аламбы деп, мен эч бир оңдоо, редактирлөө кылбадым, кандай жазышса, дал ошондой бердим. Анда назар буруп, окууга өтөлү.
* * *
Из калтыр бул дүйнөдө!..
Кыргызды – кыргыз кылган, душмандардан сактаган, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган Манас бабам баш болгон баатырлар; Гомер менен тең тайлашкан Саякбай Каралаев, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев, деги санап бүтпөйсүң!
“Манасты” окусаң эң аягында кайып болуп кетишет эмеспи, анысы сыңары кыргыздын каймактары да бул дүйнөдөн кайткан жок. Алар биздин арабызда. Тирүүлөр эстеп турганда, эч качан өлбөйт!
Айданек Байболот,
студент, 4-курс
* * *
Байыркы бабаларды эскерип ырдап жана өзүн бабаларга салыштырып. Балким алар урпак болуп кайра төрөлүшкөн. Ойго батып таш үстүндө ырын да, ыйын да ырдайт. Аларды бүткүл дүйнө, аалам, Ай, Күн, Жылдыз, Булут, Асман, Эне, Жер, Көк Теңир да жоктошконун айтып, р бир жандын өмүрүн бардыгы жоктойт экенин көрсөттү. Таң атканы – бул келечекти жана бүгүнкү күндүн жарыктыгын көрсөттү.
Айгүл Куван,
студент, 4-курс
* * *
Чыгарма ойго баткан, жашоонун маанисин-мазмунун издеп жүргөн жаш жигит тарабынан жаратылгандай. Түнү адамга канча түркүн ойлор келет, автор сөздөрдү тике колдонбой, таасирдүү ойго салчу саптар менен алмаштырган: өлгөндөр эмес, таш астында калгандар; ээ болбой эмес, устун болбой; өлгөн эмес, түз кеткен. Автор таш үстүнө отуруп алып, азыркы замандан келечекке, ал тургай өткөн заманга ырлары, ойлору менен көпүрө болгондой. Автордун ойлору өтө терең, канча кылым өтсө да бул суроолорго, ойлорго жооп табыла элек, а өмүрүн арнагандар канча. Мүмкүн чын эле автор да, мен да канча кылым мурда өткөн баба болуп жүрбөйлү. Бул дүйнөдөн качандыр бир кезде алыстап, денебиз жер астында калганда, кайра урпак болуп жаралып жүрбөйлү. Айтор чыгарма окурманды ошол жерде авторду алыстан карап, ойго батып турган элести калтырат.
Айзирек Жолдошова,
студент, 4-курс
* * *
Нурлан Калыбековдун “Эскерүү түн” чыгармасы кыргыз адабиятынын терең философиялык жана символикалык чыгармаларынын бири болуп саналат. Бул чыгарма адам баласынын өткөндү эстеп, жашоонун маңызы тууралуу ой жүгүртүүсү, адам менен табияттын байланышы, убакыттын чексиздиги жана өмүрдүн убактылуулугу сыяктуу темалар көтөрүлөт.
Чыгарманын негизги идеясы убакыттын агымы жашоодогу баалуулуктарды баалоого үйрөтөт. Өмүрдүн убактылуулугуна карабай, ар бир учурдун баалуулугун түшүнүү жана аны кабыл алуу адамды гармонияга жеткирет.
Өткөндү эскерүү аркылуу адамдын руханий тазаланышы жана өзүн таанууга болгон умтулуусу даана сүрөттөлөт.
“Эскерүү түн” чыгармасында негизги окуя адамдын өткөн учурларын, жакындарын, өзү баштан өткөргөн жагдайларды эскерүүсүнө негизделет.
Автор караңгы түндө өткөн күндөрдү эскерип отурат.
Ал өзүнүн балалык мезгилин, жашоосундагы маанилүү окуяларды, жоготууларын жана ошол учурлардагы сезимдерин элестетет.
Бул эскерүүлөр ага турмуштун маңызын убакытын жана жашоонун өтүп кетүүчүлүгүн терең сезүүгө шарт түзгөн.
“Эскерүү түн” – бул адамдын өткөндү эстеп, жашооонун терең маңызы тууралуу ой жүгүртүүсүн сүрөттөгөн чыгарма.
Нурлан Калыбеков бул чыгармасы аркылуу окурмандарды өз өмүрүн аңдап, баалап, ар бир учурду терең сезүүгө чакырат.
Автордун философиялык ой жүгүртүүлөрү жана поэтикалык тили чыгарманы кыргыз адабиятынын баалуу мурасы катары көрсөтөт.
Наргиза Шамурзаева,
магистрант
* * *
“Эскерүү түн” ыры өзүнүн ичине терең маанилерди камтыйт.
Аларда: сезимдерди айтуунун маанилүүлүгү, жашоонун кыйынчылыктары, оор учурларда адамга эмне жеңилдик берери айтылат.
Кишинин түндө таштын үстүнө чыгып алып, жашоонун кыйынчылыктарын айтуусу менен ичинде жаткан оор сезимдерди сыртка чыгаруунун маанилүүлүгүн чагылдырат. Ички дүйнөдөгү сезимдерди ичте кармап жүрүү ооруларга жана психологиялык туруксуздуктарга алып келет. Ал кишинин иш-аракети мындай жамандыктардан тосуусу мүмкүн.
Мурунку, азыркы жана келер чак доордо адам баласына кыйынчылык деген нерсе маалым. Көптөгөн учурларда ошол кыйынчылыктар инсанды алсыз кылып эмне кыларын билбей калуусу аны жардам издөөгө түртөт. Бул чыгармада киши жардамды өткөн муундардан издөөнү аракеттенип келерки муунга колдоо жана таяныч болуусун каалайт.
Таштын үстүндөгү адамдын эскерүүсү көптөгөн образдарды чагылдырат.Таш-жашоонун кыйынчылыктарын. Түн – кайгыруу убакытын. Киши – жашоо, өмүр. Таштын астындагы жер – өткөн муун.
Улукбек Аманбек у.,
магистрант
* * *
Ырда айдын жарыгында тилеген көз ирмем жөнүндө сөз болот. Анда акын каза болуп, топурак астында калган ата-бабалары менен баарлашат. Алардын даңкына, бул жашоого тойбогондугуна, колунан келеби деген ойдо жаңы муун менен кайрадан жашоого кайт… Жана алардын бирөөсүнүн чоң атасы болушу мүмкүн! Реинкарнация феноменине карата көптөгөн философиялар анын так эместигине карабастан чакырган!
Поэмада ата-бабалар үчүн, балким, кеткен жаштар үчүн болгон кайгы, жоктоо жана азап камтылган?
Арва Али Абду,
магистрант
* * *
Бул чыгармада өтүп кеткен бабаларын эскерүү, адамзатын элеске чагылдыруу.
Бабалардын жашоого келип, ага тойбой кете бергенин эскерүү аларды жоктоп эрээркеп турду.
Автор бул жашоодо өткөн жашоо келечек жашоо биригип азыркы жашоону аныктайт. Каармандын көз жашылданганы ,бабаларына болгон боор оорусу, бул өзүнүн барар жери «таш асты» экенин сезип туруусу; Өзүн кайра өлүмдөн кийин тирилип кайра жаңы муун болуп кетүүсүнө ишенгиси келгендиги. Өлүмдөн кийин мени эч ким эстебейби деп, эскерүү түндө бабаларын мактап, барктап өткөн көрүнүштү автор чагылдырган.
Самира Акматова,
магистрант
* * *
Чыгарма бир караганда бабаларды эскерүүнү камтыйт. Алар чеккен азап-кайгы, кубанычты айтуучу сезип жаткандай түр көргөзөт. Өзү айткандай азыркы муун менен бабалардын ортосунда көпүрө сымал болуп турат. Себеби өзү азыркы учурда жашап жатса да, сезимдери ой жүгүртүүлөрү байыркыларда калып калгандай. Чыгарма бир тарабынан бабалардын жашоодо түркүк болбогону жана жарк этип күйүп өчкөн деп сүрөттөш менен дүйнөдө эч бири түркүк болуп калбасына далалат кылат.
Гүлайым Арзыбек кызы,
магистрант
* * *
Бул ыр түрүндө жазылган чыгармада мен автордун бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен жалпы элдерге сыздап, аза күтүп, аларды бүт жаратылыш чөйрөсүнө салыштырып, кошок сыяктуу кошуп ырдап жатканын байкоого болот.
1. Демек, автор айдын жарыгында, түндүн бир оокумунда, таштын үстүнө чыгып алып, ошол таштын алдында калгандардын ырын эмес, ыйын ырдап, сыздап турганын айтып чыгарманы баштады.
2. Автор, байыркы таш дооруна чейинки көзү өтүп кеткен бүт бабалардын, тоого, түз талааларга, жолго чыкканын, канча ашуу-белестерди ашканын көз алдына элестеп жатканын айтып жатат.
3. Демек эмне дейт автор? Аларды кантип элестетип жатат?
Бабалар ай жарыктыктар, бул дүйнөгө бир келип, көздөрү жашоого тойбой, жакшылык менен жамандыкты айырмалап түшүнүп, дүйнөгө устун болбой кеттиңер деп сүрөттөп жатат.
4. Толгон Айдын түн жарымында сырыңарды тарттым, ыйыңарды ырдадым, – дейт. Ырыңарды муңга, ыйга, жашка толгон көзүңөрдөн жаш төгүп бүткүл аалам, дүйнө, ай, күн, жылдыз, булут, асман, жер, көкө теңир да – баары чогулуп жоктоп турдук, – деп көзү өткөн кишилерди жаратылыш да жоктогонун айтып жатат.
5. Ал тургай төрөлө элек урпактарды да бул жерде сөздөр тамчыдай тыпылдап, учкундай жылт этип жанып, баары нурга айланып келишти деп аларды да көзү өтүп кеткен инсандар үчүн эскерүүсүн, кайгыруусун ачыктап жатат.
6. Ошондо мага бир ой келди дейт автор. Балким, ошол бабалар, силер кайра урпак болуп, төрөлүп жүрбөгүлө! А мен да балким качандыр бир көзү өткөн бабадырмын. Бабалар үн бергиле! – деп эсиме келсем, ай батып, таң атып жатыптыр дейт.
7. Мен ошентип өзүмө келсем, таш үстүндө көпкө турдум көпүрө болуп, улуу жер, улуу көккө байыркыны келечекке,келечекти байыркыга кошуп жууруп,улууланып.
Сайед Мохаммед Абулфадл,
магистрант
* * *
1. Тематикасы жана идеясы
2. Композициалык түзүлүшү жана бөлүккө бөлүнүшү
3. Тилдик өзгөчөлүктөрү
4. Риторикалык суроолору
5. Ырдын формасы (рифмалык схемасы)
6. Көркөмдүк жана философиялык аспектилери
7. Мазмундун мааниси
Нурлан Калыбековдун “Эскерүү түн” ыры – терең эмоцияларды жана эскерүүлөрдү камтыган чыгарма. Ырдын тематикасы жана идеясы төмөнкүдөй болуп талданат.
Тематикасы:
Ырдын негизги тематикасы – эскерүүлөр, өмүрдүн өтмө мүнөзү жана адамзаттын жоготуулар менен жаралган ыраазычылыгы. Автор белгилүү бир учурларды эске алып, алардын таасирин сурөттөйт. Ырда сүйүү, ыраазычылык жана кайгы-муң сыяктуу адамдык сезимдер чагылдырылган.
Идеясы:
Ырдын негизги идеясы өмүрдүн убактылуу экенин түшүнүү, аны баалоо жана өткөндү эстеп, жоготууларды кабыл алуу аркылуу алдыга карай жылуу. Автор эскерүү аркылуу адамдардын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана түбөлүктүүлүккө болгон ойлорун чагылдырат. Бул ыр биздин жашоо тууралуу ой жүгүртүүгө жакындарыбызды баалоого чакырат.
- Кириш сөз (экспозиция)
Ырдын башталышында автор түндүн тынч атмосферасын сүрөттөп эскерүү үчүн негиз берет. Бул бөлүк ырдын негизги маанайын жана контекстин ачып берет. Ошондой эле окурманды өткөн чакка чакырат.
- Негизги окуя (Өнүгүү)
Бул бөлүктө автор эскерүүлөрдү айтып, жүрөгүндө сакталып калган элестерди сүрөттөйт. Өзгөчө сезимдер жана окуялар аркылуу автордун жан дүйнөсү ачылат.
- Кульминация:
Ырдын эмоциалык чокусу ушул бөлүктөн орун алат. Автор эң маанилүү жана таасирдүү окуялардын тереңдигин чагылдырат. Бул эскерүүлөрдүн маанисин баса белгилейт.
- Чечилиши (Развязка)
Эскерүүлөрдүн аягы тынч, бирок терең ойго батырат. Бул бөлүктө автор өткөндү кабыл алуу жана азыркы учур менен байланышуу жөнүндө ой жүгүртөт.
- Жыйынтык (Финал)
Ырдын аягы түндөй тынч жана ойлуу маанайда жыйынтыкталат. Бул бөлүк жалпы ырдын философиялык жүгүн толуктап, окурманды өз ойлору менен калтырат.
Тилдин өзгөчөлүктөрү поэтикалык көркөм каражаттар жана терең эмоцианалдык мазмун аркылуу ачылат. Ырдын тилине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү төмөнкүчө бөлүп карасак болот:
- Образдуулук жана метафоралар
Ырда метафоралар кеңири колдонулуп, түндүн жана эскерүүлөрдүн образы поэтикалык боёктор менен сүрөттөлөт.
Мисалы: “Түн кулпуруп,көздөрү жашырган сыяктуу” – бул саптарды түн жашыруун сырды камтыган сыяктуу берилет.
- Эпитеттердин бай колдонулушу
Адамдардын сезимдерин жана сүрөттөлүп жаткан көрүнүштөрдү терең ачып берүү үчүн эпитеттерди колдонуу кеңири таралган. Мисалы: “Тынч түн”, “Муңайым элестер”, “Муздак шамал”
- Кайталамалар (анафора жана эпифора)
Айрым саптарда кайталамалар колдонулуп, ырдын ритмин жана эмоционалдык күчүн арттырат. Мисалы: “Түн келди эскерүү башталды. Түн келди жанымда жалгыздык”.
- Ритм жана теория
Ырда бай рифма жана тыгыз ритм сакталган, бул окурманга музыкалык жана эмоционалдык таасир калтырат.
- Философиялык жана эмоционалдык
Автор турмуштун өтмөчүлүгүн жана эскерүүлөрүнүн баалуулугун философиялык ой жүгүртүүлөр аркылуу берет. Ырдагы сөздөр терең ойго салат жана адамдын ички сезимдерин козгойт.
- Символдор жана ассоциациялар
Түн, шамал, жылдыздар сыяктуу табигый символдор колдонулуп, эскерүүлөр менен байланыштуу маанилер жүрөт. Бул символдор ырдын маанисин кеңейтет жана абстрактуу ойго жетелейт.
- Интонациялык жана лирикалык кайрыктар
Ырдын тилинде автордук сезимдер жана ички үн байкалат. Интонация окурманды ырдын кайгылуу, ошол эле учурда жарык маанайына чөмүлөт.
Бул тилдик өзгөчөлүктөр ырдын поэтикалык жүгүн күчөтүп, анын окурманда күчтүү эмоциялык таасир калтыруусун камсыздайт.
Риторикалык суроолор адамдын ойлоруна жана ички сезимдерине кайрылуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Риторикалык суроолордун милдети-жооп талап кылуу эмес, окурмандын көңүлүн ырдын негизи ой-толгоолоруна бурдуруу. Ырдын мазмунуна негизделип, риторикалык суроолорду төмөнкүчө мисалдар менен көрсөтсө болот.
- Өткөндү эстөө жана анын маааниси тууралуу ой жүгүртүү:
«Эмне үчүн эскерүүлөр жүрөктө ушунча терең сакталат?»
«Өткөн күндүн элеси бүгүнкү түндө эмне үчүн жанданып жатат?»
- Жалгыздык жана түнгө болгон ой толгоолор үчүн:
«Түн эмне үчүн ар дайым ушунчалык сырдуу жана муңдуу сезилет?»
«Жылдыздар да бул түндө менин ой толгоомо күбө болобу?»
- Адамдардын жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө чакыруу:
«Өткөн күндөр кайда кетти?»
«Эскерүүлөрдүн жүгү жан дүйнөбүздө канчага чейин сакталат?»
- Табият менен адамдын байланышы жөнүндө:
«Табияттын тынчтыгы менин муңумду баса алабы?»
«Шамалдын шыбыры мага эмнени айткысы келет?»
Лирикалык форма:
- Жанр: Ыр лирикалык мүнөзгө ээ, анткени анда автордун жеке сезимдери, эскерүүлөрү жана терең философиялык ой толгоолору чагылдырылган. Лирикалык ырлар, адатта, эмоцияга жана ички сезимдерге багытталат, бул «Эскерүү түндө» да байкалат.
Лирикалык каарман: Автор өзү же анын ички дүйнөсү ырдын башкы каарманы катары көрүнөт.
- Строфалык түзүлүш
Ыр, адатта, строфаларга бөлүнөт, ар бир строфа өз алдынча толук ойду же сүрөттөлүштү камтыйт.
- Рифма жана ритм
Ырда салттуу рифмалык система колдонулушу мүмкүн:
Крестик (abab) же жупташкан (aаbb) рифмалар.
Ырда ритмдин ыраттуулугу сакталат, бул окурманга ырдын динамикасын сезүүгө жардам берет.
- Көркөм каражаттардын колдонулушу
Формасы ырдын мазмуну менен тыгыз байланыштуу. Образдар, метафоралар, эпитеттер жана риторикалык суроолор ырдын формасын жандандырат.
- Интонациялык багыт
Ырдын формасындагы эскерүү жана ойго батуу басымдуулук кылат. Ырдын мазмуну окурманды терең ойлонууга чакырган интонация менен коштолот.
- Аралык жана ачык форма (эркин түзүлүш)
Эгерде ырда салттуу форма сакталбай ой агымы эркин түрдө берилсе, анда аны ачык формадагы поэзия деп баалоого болот. Бул учурда ырда ар кандай саптар өзгөрүп турушу мүмкүн.
Жыйынтык
Ырдын формасы негизинен лирикалык жана строфалык түзүлүшкө ээ,рифма жана ритмдин ыраттуулугу сакталат.
Көркөмдүк аспектилери
- Образдуулук
Ырда түн, шамал, жылдыздар жана эскерүү сыяктуу образдар колдонулуп, окурмандын көз алдына табигый жана лирикалык көрүнүштөр жандуу сүрөттөлөт.
Мисалы: Түн – бул жашоонун сырдуулугун, унутулгус эскерүүлөрдү жана жалгыздыкты чагылдырган негизги образ.
- Метафоралар жана символдор табият көрүнүштөрү аркылуу адам сезимдери жана философиялык ойлор берилет.
Мисалы: «Түн жан дүйнөмдүн күзгүсү» – автордун ички дүйнөсү менен ички байланышты көрсөтөт.
- Эмоциялык күч:
Ырдын тили эмоцияга бай. Автор муң-зар, сагыныч жана жан дүйнөнүн терең ойлору менен окурманга таасир этет.
- Эпитеттер
Чырайлуу сөздөр аркылуу сүрөттөлүштөргө көркөм боёк берилет.
Мисалы: «Муздак шамал», «тынч жылдыздар», «көпкөк асман».
- Риторикалык суроолор
Риторикалык кайрылуулар ырдын таасирдүүлүгүн арттырат жана окурманды ойлонууга мажбур кылат.
- Көрүнүштүн (визуалдык) туюнтулушу:
Ырдын тилдик өзгөчөлүктөрү табигый көрүнүштөрдү окурмандын элесинде даана жаратат.
Философиялык аспектилери:
1. Жашоонун убактылуулугу:
Ырда убакыттын өтмөчүлүгү, өткөн күндөрдү эстөө жана алардын кайрылгыс экендигин баса белгилейт.
Мисалы: «Эскерүү түндө өткөн күндөр жанданып, кайра өчөт.
2. Эскерүүлөрдүн мааниси:
Адамдын жан дүйнөсүнүн маанилүү бөлүгү экендиги, алардын аркасында адам өзүнүн өткөн кубанычын, экинчи жагынан кайгысын сактап жүрөрү көрсөтүлгөн.
3. Табият менен гармония
Табият көрүнүштөрү менен адамдын ички дүйнөсү параллель сүрөттөлүп, адамдын жашоосу табияттын бир бөлүгү катары каралат.
4. Жалгыздык жана ойго батуу
Ырда түндүн тынчтыгында жаралган жалгыздык жана анын адамдын ойлоруна болгон таасири чагылдырылган. Бул учурда автор философиялык ой жүгүртүүлөргө орун берет.
5. Өмүрдүн баалуугу
Өткөндү эскерүү аркылуу адам өмүрүнүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойт. Ар бир көз ирмемдин кымбаттыгы аны сактоо жана түшүнүү зарылдыгы айтылат.
Жыйынтык:
«Эскерүү түн» ыры көркөм каражаттардын жардамы менен философиялык ой толгоолорду жаратып, окурманды өзүнүн өткөнү, тагдыры жана турмушунун маани маңызы жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Бул ыр адам менен табияттын, өткөн менен азыркынын ортосундагы тыгыз байланышты көрсөтүп, өзүнүн эстетикалык жана руханий баалуулугун арттырат.
Мазмундук мааниси терең философиялык жана эмоционалдык толгоолор менен байытылып, адамды өткөндү эскерүү, учурдагы турмушту түшүнүү жалгыздыкта ойго батуу сезимдерин камтыйт. Ырдын негизин мазмундук аспектилерин төмөнкүдөй бөлүп карасак болот.
1. Эскерүүлөрдүн күчү жана алардын баалуулугу
2. Табият менен адамдын байланышы
3. Жалгыздык жана ойго батуу
4. Өмүрдүн өтмөчүлүгү жана анын философиясы
5. Жашоодогу кайгы жана анын кубанычтардын айкалышы.
Жыйынтык:
Ырдын мазмуну адамдын турмушундагы эскерүүлөрдүн жана ой толгоолордун маанисин баса белгилеп, өткөн менен азыркынын ортосундагы байланышты ачып берет.
Автор жалгыздыкта жаралган эскерүүлөр аркылуу турмуштун терең сырларын жана убактылуулугун түшүндүрүүгө аракет кылат. Бул ыр адамдын ички дүйнөсүнө терең саякат жасатып, ар бир окурманды өзүнүн жашоосу жөнүндө ойлонууга түрткү берет!!!
Гулзида Арынова,
магистрант
* * *
Автор бул чыгарманы түн жарымында талаада жараткан өңдөнөт. Ай жарыгында маркумдар көзүнө көрүнүп, аларды эскертүү иретинде жазган деп ойлойм. Жашоодон тажап, арбактарга кайрылгандар сезим сезилди. Көзүнө көрүнгөнгө караганда кичине психикалык жактан ооругандай өңдөнөт. Түнү бою таштын үстүндө отуруп таң атканын байкабай транска киргендей болот. Балким жашоодон чарчап, ойго батып, жакындарынан түңүлүп, эмне кыларын билбей турган учур болчу. Бирок, менимче, көзүнө көрүнгөнүнө караганда кичине ооруйбу дейм.
Мээрим Дуйшеева,
магистрант
* * *
Адамдын ички дүйнөсүндө өткөн муундар менен байланыш сезими.
Адамдын жан дүйнөсү – бул жөн гана азыркы учур менен чектелген абал эмес. Ар бир адамдын аң-сезиминдеги өткөн муундардын үнү, алардын аң-сезимдери, үмүттөрү жана азаптары терең катмарда жашап келет.
Ар бир адамдын аң-сезиминде ата-бабалардан калган баалуулуктар, коркуулар, ишенимдер жашайт. Алар кээде түш аркылуу, кээде ой аркылуу, кээде ушундай “эскерүү” учурларында жанданып чыгат.
“Эскерүү түн” Нурлан Калыбековдун ушул чыгармасында каарман “Таш үстүнө чыгып алып, таш астында калгандардын ыйын ырдап турдум сыздап” дейт. Бул саптар адамдын жоготууга болгон ички реакциясын, муң менен катар руханий байланышты издөөсүн билдирип турат.
Чыгарманын аягында “А балким мен дагы бир кези өткөн бабадырмын” – деген сап – адамдын өзүн өткөн менен бир бүтүн катары кабыл алуусунун жогорку деңгээли. Бул руханий өзүн жасалуу, башкача айтканда, адам өзүн ата бабалардын уландысы катары сезип, жашоонун маанисин тереңирээк түшүнгөн учур.
Демек, адам эч качан өткөндөн ажырай албайт, анткени өткөн – анын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Адамдын ички дүйнөсүндө жашаган муундардын үнү – бул анын жан дүйнөсүн байытып, жашоосуна терең маани берет.
Марсиана Жылдызбекова,
магистран
* * *
Өткөндү унуткан эл өзү да жоголот
Түн ортосу. Ай жаркырап тийип турат. Автор таш үстүндө, байыркы таш доорунан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки ата-бабалардын басып өткөн жолу, тоолордо, талааларда, сууларда жүргөндөрү, жоого чыккан согуш учурлары, тоого чыгып, көчүп-конуп жүргөндөрү, ашууларды, белестерди ашканадары тасмадай тартылып, көз алдына элестетип, алардын азыр жер астында жаткандыгын эстеп, ырын ырдап, сыздап эскерип жатканын баяндоо менен баштаган.
Бабалар бул жашоодо жакшылык менен жамандыкты айырмалап түшүнгөнүн, дүйнөдө устун болбой, жашоого көздөрү тойбостон кетишкенин муңга толуп кайгырып, аларды “Бабалар ай жарыктыктар” – деп нурга салыштырып эскерип жатат.
Ал гана эмес бүткүл дүйнө, бүткүл аалам, анын ичинде Ай, Күн, Жылдыз, Булут да, Асман менен Жер да, а түгүл төрөлө элек урпак да бабаларды жоктоп эскерип жатканын баяндайт. Ошол учурда авторго бир ой келет, “Бабалар, силер кайра урпак болуп төрөлүп жүрбөгүлө?! Ал балким мен да мурда жашап өткөн бир бабадырмын” – деп Асман менен Жерге, байыркы менен келечекке көпүрө болуп, таш үстүндө көпкө турду.
Ушул нерселерди ойлонуп, бабаларды эскерип терең ойго чөмүлүп кеткендиктен, таң атып баратканын да сезбей калган. Өзүнө келсе, ай батып, таң атып жатканын байкайт.
Бул ырдын идеясы – тарыхты унутпоо, ата-бабаларды дайыма эскерип туруу, жана руханий нарктарын сактап кийинки муунга өткөрүп берүү. Акын ата-бабаларды “жарык”, “нур” сыяктуу түшүнүктөр менен байланыштырган. Алардын руху жарык дүйнө менен жашап жаткандыгын баса белгилеп жатат.
Ырда айтылган Ай, Түн, Нур, Булут, Асман сыяктуу символдор ырга макрокосмостук мүнөз берет. Улуу Түн, улуу Ай, улуу Жер, улуу Көк деп аларды улуулук сыпаты менен сыпаттап жатат”.
Жумагүл Кубанычбек кызы,
магистрант
Ошентип, пикирлерди окуп чыктыңар, силерге кошулуп, мен да окуп чыктым. Талдоочуларга мен мындай бир суроону бербей калган экенмин: “Кандай окудуңар? – Үн чыгарып окудуңарбы, же ичиңерден эле окудуңарбы? Ичиңерден окуп атканда, ичиңерден чыккан кандайдыр бир үн силерди коштоп турдубу?”. “Эскерүү түн” сыртыңдан окуйсуңбу, же ичиңден окуйсуңбу, баары бир өзгөчө бир үн менен кыраатты талап кылып тургансыйт; ушул үн менен кыраат коштогондо гана, ырдын жаралуу процесси, бул процесстеги акындын жан алекетке түшүүсү, түйшөлүүлөр менен чайналуулары көз алдыңа тартылгандай болот. Бул жагынан “Эскерүү түн” кандайдыр бир деңгээлде нукура манасчылардын Манас айтып жаткандагы абалын эске салат, жогоруда мен ыр угуу үчүн гана жаралгандай деген ойду ушул үчүн айткан өңдөнөм.
Талдоочуларыма берген убадама туруп, мен алардын пикирлерине талдоо жүргүзбөйм, баа бербейм. Ошентсе да алардын көпчүлүгү акындын жалгыздыгын, ырды ушул жалгыздык сазына батып, өз жүрөгүн өзү мүлжүп отуруп жазгандыгын баса көрсөткөндүгүн айта кетпесем болбойт. Ушундан улам жалгыздык жана убакыт деген маселе башын кылтыйтпай койбойт экен.
Психолог, психотерапевт, психиатр – бул үчөө бири-биринен кандайча айырмаланаарын мен даана билбейм. Бирок үчөө тең бирдей акыл айтышат: “Өткөн күндөрүңдү ойлоп беймаза боло бербе, аларды баары бир оңдой албайсың, өткөн күн кайтып келбейт. Эртеңки күнүңдү да ойлоп, санаа чеге бербе, эртең эмне болорун сен билбейсиң, а түгүл эртең сен болбой калышың да толук ыктымал. Сен бүгүнкү күнүң менен гана жаша, сен мына азыр жаша!..”. “Тентек” акын деле бүгүн, мына азыр жашап жатат, бирок бир башына үч чакты (өткөн чак, учур чак, келер чак) жуурулуштура ийлеп келип, бир учурда үч чакта тебн жашап жатпайбы, ушунчалык жуурулуштурат дейсиң – кайсы чакта жашап жатканыңды айрый албай, башың маң болуп калат.
Бул жерде ак халатчандарга кошулуш керекпи, же “Тентек” акынгабы деген суроону койгум келбейт. “Убакытты бөлүүгө болобу?” – деген собол таштагым келет. Чын-чынына келсек, убакыт деген бөлүнбөйт, ал учу-кыйыры жок, бөлүнбөс чексиздик, топтоголок таш. Жандуулардын ичинен убакытка, чактарга бөлүүнү биздин, адамдардын, гана маңдайына жазып коюптур. Бул биздин бактыбыздыр, же, тескерисинче, шорубуздур.
Баарынан да убакытта учур, өткөн, келер чактар жаткан жок да, анда адам тагдыры жатпайбы, дал ушул адам тагдыры да куду убакыт сыяктуу учу-кыйры жок, бөлүнбөс чексиздик болуп жатпайбы. Канча кылымды карытты экен убакыт; канча кылымдын башын жутту экен адам тагдыры! Адамдар кете берет, а адам тагдыры кала берет, улана берет. Тагдыр ушунусу менен өтө ыйык жана өтө оор. Муну туйчулар туят, туйбагандар бүгүнкү күн менен туйтунуп кала берер. Балким, “тентек” бизге ушуну каңкуулап жатпасын, туюуда өтө чоң жоопкерчилик бугуп жатпасын… Арийне, өткөнгө өкүнбөй, келечек үчүн санаа чекпей коюуга адамдык кудурет-күчүбүз жетер, бирок адамдык насил, адамдык абийир деген да бар да…
Бүгүнкү күндөгү эң оор, эң татаал жана карама-каршылыктуу маселе – бул жалгыздык. Бир карасаң, жалгыздык түбүңө жетип коёт, бир карасаң, сенин насилиңди (адамдыгыңды) эскертип турган күч да – жалгыздык. Адамзат жалгыз, анткени адамзаттан башка адамзат жок, демек, адамзаттын түбүнө адамзаттын өзү гана жетиши мүмкүн. Ар бир адам деле өзүнчө жалгыз, демек, жалгыз бойдон кала берсе, ал деле жалгыздыктын курмандыгы болору бышык. Бирок аны кетирбей кармап турган күч да – бул жалгыздык. Сен ай талаада жалгыз турасыңбы, же быкылдаган эл ичиндесиңби, адам болсоң, баары бир жалгызсың. Анткени жалгыздыкта гана убакыттын бөлүнбөстүгү, адам тагдырынын чексиздиги жөнүндө ой толгоп, өзүңө-өзүң эсеп-чот берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуң. Өзүңө-өзү эсеп-чот берүүгө (тазарууга) жарактуу адам эч качан жалгыз боло албайт, демек, жалгыздык – бул чоң жоопкерчилик, биз дал ушул жоопкерчиликтен коркуп да, качып да жатпайлы. “Тентек”, балким, биз оңойлук менен мойнубузга албаган жана алгыбыз келбеген дал ушул былыгыбызды эскертип жатпасын… Кой, философчулукту ушуну менен токтотолу. “Эскерүү түндүн” эстетикалык дөөлөтү жөнүндө өзүнчө, атайын сөз кылуу керек экендигин, буга эртеби-кечпи бир кайрыларыбызды эскертип, магистрантым экөөбүздүн ортобузда болуп өткөн төмөнкү кыска суроо-жооп менен сөзүмдү аяктайын:
– Агай, арбактарды сөзсүз эле кошуш керек беле?
– Сөзсүз! Биз арбактар үчүн да жооп беришибиз керек, алар үчүн дайыма жооптуубуз. Өзүбүз деле эртеңки арбактар эмеспизби!..
…Баса, өз жүрөгүн өзү мүлжүү процесси сөзсүз уланышы керек. Болбосо…
