#27-28 (55 сөз)
#27 Түгөй
Суу жээктеп чуркаган боюнча делдектеп баратам. Таманымды таш тилип кызыл-жаян. Карааны көрүнбөйт. Шар сууга чамындыдай кете берген. Жетмек кайда. Үмүт кубалап баратат. Суу чамынып кирип турган мезгил. Шоргологон терди шыпырып ыргытып, энтигип чуркайм. “Албуут суунун кучагынан аны куткарып алам”, – дейм. Кайран батиңкем. Апам кечээ сатып бергенде териме батпай кубангам. Түгөйүн агызып жиберип сенделе үйгө жөнөдүм.
#28 Мажүрүм Тал
Балта карс-курс чабылып, бензин араа менен таарылып атат.
Көлөкөсүнө көп адам корголочу. Айылга келген куда сөөк ушул жерден узачу. Аял алып келаткан жигитти достору тосуп алчу. Мастардын түнөгү, жаштардын жүрөгү болуп да кызмат кылчу. Дыйкан эс алчу. Баштыгында жармасын ууртап, көлөкөлөп.
– Күнү бүтүптүр да.
– Эми эмне болот?
– Кимге зыяны тийди?
А баса, “СНОС” дебеди беле.
