|

#29-30 (55 сөз)

5/5 - (2 добуш)

#29 Аян

Даниярга эртең менен орус аял отурган.

– Балам, шаардын көрүстөнү бар. Ошого айдачы, – деп калды. Данияр жөнөп берди. 

– Түндө кызым түшүмө кирип. “Апа туулган күнүмө келесиңби” деп суранды. Тирүү болсо 23кө чыкмак. Бүгүн туулган күнү, – деп кобурап келатты. 

Көрүстөндүн тушундагы аялдамадан түшүрүп артка бурулуп келе жаткан. Баягы аял жолдун ортосунда жатат. Колундагы гүлдөрү жолго чачылып кетиптир.

#30 Өкүнүү

Терезеге тийген таштын үнүн угуп эшике чыккан Калиман апа кыйкырып калды.

– Колуңарга шал тийгирлер, бул жерде эмнеңер бар. Ары барып ойногула. Күбүрөнүп келип короонун эшигин тарс эте жапты.

Тепкичке жетип, каалганын туткасына колун созуп баратып тайып жыгылды. Тура албай көпкө жатты. Балдарым болсо тургузмак, балалуу да боло албадым. Балдарды кубалаганына өкүнгөн эне көзүнө жаш алды.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген