#3-4 (55 сөз)
#3 Ээсине караганда ити…
Заманга жараша, илеркидей итине тамак берип байлап баккандар аз айылда. Самсаалаган иттер кайдан эмнени жула качсам деп жүргөнүн көрөсүң. Бир күнү кошунасы той берип мал союлуп жаткан. Кандын жытына баягы иттер бир заматта чогулуп талаша башташты. Арасында Макиштин ити да жүрөт.
Анда Төкө:
– Макиштин ушул ити Макишке караганда жамандык, жакшылыктан калбайт, – деп турган элди күлдүрдү.
#4 Ээн калган аялдама
Ушул караандуу калаанын аялдамасы кантип эле бош калсын?
Бир эмес эки автобустун акыркы аялдамасы ал.
Күнүгө жүздөгөн адамдар бул каттам менен тынбай, эртели-кеч жол тиричилигинде. Ал тургай өзүм дагы ушул каттамдуу жолдомун.
Чындыгында, аялдама ээн эмес.
Менин жан дүйнөмдүн ээн, ээсиз калганына беш жүз беш күн болуптур.
Бул тагдырдын буйругу. Мени эч ким күтпөйт эми.
