#43 Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз…
* * *
Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз,
Акын болуп, ак ыр кылып төгүп жаз.
Алп ааламды айланып бир сулуулук,
Арзып сага ашыкканын көрүп жаз.
Алма-өрүктүн арасынан күлмүңдөп,
Адам, сага нур төгүүгө келди Жаз.
Агыш ыраң, үлбүрөгөн үлпүлдөк,
Айланаңа гүл төгүүгө келди Жаз.
Тыңшап куштун үнүн да жаз, түрүн жаз,
Бак-дарактын гүлүн да жаз, бүрүн жаз.
Жашаң чөптүн жыты аңкыган буруксуп,
Көктөм жаздын күнүн да жаз, түнүн жаз…
Айы-күнү толуп туура тогуз ай
Толгоо тартып көз жаргандай Жер эне
Тоңу эрип толукшуган алп бүгүн,
Ууз сүтү ууртундагы Наристе.
А дүйнөдө азап, өлүм, зомбулук,
Зулум дагы нечендерди өлтүрөр.
Адам апаат салган жерге дан эгип,
Жаз бир кезде гүл үрөнүн өстүрөр.
Баары өтөт, күз, кыш, кайра жаз келет,
Күн мыйзамын жазган – Улуу Кудурет.
Жаз кабары балким анык ушудур,
Тизе эмес, жүрөк бүгүп таазим эт…
