#39 Жаштыгымдын сырын кантип жашырам
Жазым келди, гүлгө оронуп сагынткан,
Кучагынан жалбыз жыты жыттанган.
Ууз сүйүүмдү кайра кайрып берчүдөй,
Жазды күткөн кыялымды багынткан.
Жаз көктөмү жашыл кийип жасанган,
Жийде бурак сезим козгоп мас кылган.
Жаштыгымдын сырын кантип жашырам,
Жүрөгүмө алгач сүйүүм из салган.
Тизилишип эрте келген турнадай,
Мезгил өтөт, колго турбай сымаптай.
Алкымынан алма жыты жыттанган,
Жай мезгили күтө турчу шаштырбай.
