Кош кайың
(аңгеме)
Бекмурат Касымович бейтаптардын өздүк китепчелерин барактап жатып тааныш ысымга көзү түштү. Шашкалактай ар бир жазуусуна үңүлдү. Тердеген чекесин жүзаарчы менен аарчып креслого чалкалай жатып шып тиктеди. Башы салмактанып чыкты. Мындайда кан басымы көтөрүлүп кетчү. Ар дайым жанына алып жүргөн дарысын ичти да, оор күрсүндү. Унуттум деген. Эч качан эстебеске ант берген. А көрсө жөн гана өзүн-өзү алдап жүргөн экен да! Бул курган сүйүү түбөлүктүү деген чын белем…
Арзып жүрүп баш кошпосо да, жубайын жакшы көрүп, сыйлап турат. Андан калса келинчеги өң десе өңү, бой десе бою бар, жаркылдаган, ачык айрым. Жогорку билимине карабай, үй-бүлө үчүн сүйгөн кесибинен баш тарткан. Катар-катар төрөп берип ата-энесин кубанычка бөлөгөн. Бала тарбиялоо, ата-энени асыроодон тышкары үй-бүлөдөгү бүтүндөй түйшүк анын мойнунда. Бирок… Бирок аны мынчалык сүйө алган жок. “Качан үйлөнөсүң? Неберелүү кылсаң боло!” дей берген ата-эненин көңүлү үчүн гана алар каалаган, алардын көңүлүнө жагып, купулуна толгон айылдаш кызга үйлөнгөн. Эми минтип уул-кыздарынын алды турмуш куруп, арты мектепке барып калган кезде, алардын атакелеп тургандарына бактылуу болуп, жүрөктөгү жарааты бир аздап айыгып калганда, кайрадан эске түшүп отурат. Жок, жок! Маңдайында жаткан бул кагаз болбогондо эстебейт болчу! Таптакыр унутмак! “Өх-х!” Көрсө… Көрсө ошондогу сезими, армандуу махабаты, арзуу-сүйүүсү жүрөгүнүн түпкүрүндө жашынып жаткан турбайбы! Өзүн өзү мажбурлап катып койгон окшобойбу!
Түнкү күзөт өтөгөн дарыгерди чакыртып, жүрөгүн өйүткөн бейтаптын ал-акыбалын сурады. Тиешелүү иш-чара жасалганын, акыбалы турукташып калганын, азыр гана эс алдыруучу укол алып, уктап жатканын билди. Эртең мененки пландуу текшерүүнү бир аздан соң жасаарын айтып, сыртка жөнөдү. Оорукананын оң капталында жанаша өскөн кош кайыңдын түбүндөгү отургучка көчүк басты. Бир кезде өз колу менен отургузган жаш көчөттөр эми минтип асман тиреп, күндүн көзүн көрсөтпөй барпайышат. Ишинде көйгөй жаралса же жеке жашоосунда кыйынчылык болсо, ушул жерге келип бир аз да болсо өз ою менен жалгыз калып жеңилдеп алат. Абалын айттырбай түшүнгөн кесиптештери мындай учурда тоскоол болушпайт. Сыртынан абдан катаал көрүнгөнү менен, мээримдүү, жароокер, жан-дүйнөсү назик экенин билишет. Ар дайым ушул жерге келгенде бугун чыгара кыйкырып ыйлап алгысы келет. Бирок эркек кантип ыйлайт да, алсыз экенин бирөө жарымга кантип көрсөтөт. Ушундай ой менен өзүн өзү токтотот. Мындай маалда аялдарга суктанып кетет. Каалашса ыйлашат, каалашса долуланышат. Анткени ал аял да! А эркекке болбойт эмеспи…
Оор улутуна ордунан козголду. Оорукананын кире беришинде кылчактап күтүп турган жаш врач менен бейтаптарды кыдырууга жөнөдү.
* * *
Ал жаткан бөлмөгө жеткенде башы салмактанып турганын, мындан наркысын жалгыз эле текшере берүүсүн өтүнүп артка кайтты. Негедир жолуккусу келген жок. Балким, тааныбай деле калгандыр, кире берсемби деди бир ою. Кантип тааныбай калсын деди кайра. Албетте, кебетеси, бой-турпаты да баягы жаш кезиндегидей эмес. Тааныбай калышы да мүмкүн. Бирок аты-жөнүн кантип жашырат? А балким, аты-жөнүн эстемек түгүл, бул жашоодо ушундай адам бар экенин да унутуп койгон болсочу?! Өзү сүйүп, өзү эстеп жүрсө эле ал да сүйүп, ал да унутпашы керек эмес да! Өх! Ойлоно берип чарчап кетти. Жүрөк картайбайт деген сөздүн төгүн эмес экенинин далилдеп жаш жигиттей калтаарып турганын карабайсыңбы! Ушинтип эле качып жүрө бермек беле?! Акыры кесиптик милдетин аткаруу керек го! Палатаны көздөй кайрылды. Буттары тушалгандай токтоду. Чекесинен тер куюлду. Ушундай да болот экен, ээ, тобо! Эми кандай кылат?! Жолукмак түгүл палатага баш бакпай эле коюуну туура көрдү. Башка врачтар деле бар эмеспи. Алардын көзөмөлүндө болсо деле жетиштүү го. Акыбалы жакшы дешпедиби. Демек.. Демек, өзүн-өзү кыйнабай деле койсо болчудай. Балким, оорусу чукул кармап калганы үчүн эле райондук ооруканага кайрылгандыр. Бир аз жакшы болсо, шаарына кете берет да. Улам бир ойдон чарчап кетти. Качанкы бир артта калган мезгил көз алдына тартылды.
* * *
Жаздын деми айланага көрк берип, алма-бак жаңыдан гана бүчүр байлап, теребел көркүнө чыга баштаган мезгил. Сирень гүлүнүн жыты мурун өрдөйт.
Өздүк машиналуу болгонуна жетине албай, кесиптештери менен кубанычын тең бөлүшүү үчүн райондун борборун көздөй бет алды. “Машинаңды коё туруп, келиндүү кылсаң боло. Жоро-жолдошторуңдун алды эки, үч балалуу болуп, арты үйлөндү. Биз да небере жыттап чоң ата, чоң апа болгубуз келет”, – деген ата-эненин сөзүнө: “Машиналуу болорум менен кыз ала качып келем!” – деп тамаша менен жооп берген. “Кой ботом! Жүр десең макул болчу кыз жок дейсиңби?! Тигине, Досболдун кызы деле турат. Ошону эле келин кылып бер десек көнбөй койдуң. Жакшы кыз…” – деп апасы демейде айтчу сөзүн баштап келе жатканда: “Ой, апа! Баштадыңызбы дагы. Аны албайм дедим эле го. Жакшы кыз деп эле үйлөнө калышым керекпи?!” – деген сөзүн бөлүп. “И-ий! Сенин ушинткениң өтүп кетти! Ай, жашың отузга чукулдап калды, катыгүн! Окуйм дедиң, окуттук. Иштейм дедиң, иштеп жатасың! Дагы эмне керек сага?!” – деген апасы таарынып.
Радиодон музыка жаңырып жатты. Улам бир ырга кошула обон созуп көңүлү жайдары. Айылынан бир канча чакырым алыстагы райондун борборунда иштейт. Ошого байланыштуу күн алыс жол жүрөт. Кээде кесиптештериникине конуп калса, кээде жумуш бөлмөсүндө түнөчү. Эми минтип темир тулпарлуу болуп отурат. “Буйруса, жумушума зымырап гана барып келем!” деп кубанычында чек жок.
“Биздин айы-ыл, биздин сүйүүбү-үз…” Радиодон жаңырган ырга кошулуп обон созду.
Машина жол жээктеп барып, “кы-ыйч” эте токтоду. Жөө адамды өтө барып байкаган эле. Ээн жерде эрбеңдеп келе жаткан аял кишини күзгүдөн карады. Зарыл иши чыгып калып гана айла жоктон бул жолдо жалгыздап жүрбөсө, жөнү жок адам жөө баспайт. Жогору жакта калган айыл менен кийинки айылдын ортосу бир кыйла чакырым. Анын үстүнө ушул тегеректе чөөлөр пайда болуптур, баланчага топтолгон чөөлөр кол салыптыр, түкүнчөгө балача ыйлаган үн угулуптур деген каңшаар тараган. Буга ишенейин десе, бул чөлкөмдөгү ооруканаларда мындай окуяга байланыштуу жабыркаган адам түшө элегин билет, ишенбейин десе, элдин айтканы кээде чын чыгат эмеспи. Ушуларды ойлоп, машинаны артка кайрыды. Жолоочунун жанына жете берип, машинасынан түш калды да, арткы эшикти ачты. “Келиңиз, отуруп алыңыз”, – деди жүзүнө тигиле. Ажары төгүлгөн сулуу жан экен. Бир секунддук көз ирмемде апкаарып калды. Эзелтен сүйүп жүргөн адамын жолуктургандай денесин от-жалын аралап, тердеп чыкты. Жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү. Сулуулуктун күчүн ушундан билсе болот. Бекеринен эркек аттуу сулуулар үчүн салгылашып, керек болсо согуш ачып жүрүшпөсө керек го.
Кайрадан жол… Үн-сөзсүз жымжырттык… Тек гана музыканын үнү жаңырат. Арттагы жүргүнчүгө анда-санда күзгүдөн көз салып коёт. Сулуулукту жаратылыш аянбай бериптир. Татынакай! Бирок… Бирок көздөрү муңдуу. Ыйлагандай түрү бар. Ээн жолдо жалгыздап жүргөнүнө караганда, зарыл иштери чыгып калган го. Балким, жаман кабар угуп шашылыш жөнөгөнбү? Андай болсо, жандаган кишилери кайда? Же эч кимиси жок бекен? Оюна ушулар келди. Сураганга батынбай турду. Бекмураттын көз карашын сезгендей, бейтааныш сулуу көзүн жерден албай телмирет.
– Кайда бараттыңыз эле? Жалгыз корккон жоксузбу? – деди акыры. Жүргүнчү мукактана түштү.
– Жолдон түшүп калам… – деди үзүл-кесил.
– Мен райборборго баратам, жумушума… – деди Бекмурат сөз уланткысы келип.
– Ии.. Мен да ошол жакка бараткам. Ырас болбодубу.
Окуудабы, жумуштабы, балким, кандайдыр бир коомдук иштер болобу, айтор, алдына киши салбаган, тың, сөзмөр Бекмурат тээ бала кезинен кыз киши менен сүйлөшкөндө сүрдөп калмайы бар. Жашы өйдөлөгөн сайын бул мүнөзүн жеңүү үчүн далай аракет жасады. Жоро-жолдоштору менен кечелерге барып кыздар менен таанышып, ымала түзчү. Жанында жоро-жолдошторунун бири эле турганда ачык-айрым, тамашакөй, сүйлөөк боло калганы менен, кыздар менен жалгыз өзү калса сөз таппай жүдөйт. Бекмураттын мындай кыялын апасы да байкаган көрүнөт. Бир курдай: “Сени адам менен тез тил табышат деп жүрсөм, кыз-кыркын, келин-кесектин жанында дудук болуп калат көрүнөсүң. Ушинте берсең, кантип үйлөнөсүң, ботом!” – дегени бар. “Дудук болбой эле турам. Сиздин көзүңүзчө ыйбаа кылып сүйлөбөй койгонумду көргөнсүз го!” – деген күлүп. А чынында дал эле апасынын байкаганындай бар. Мына, ошол мүнөзү бул бийкечке да сүйлөтө койбой турат…
* * *
Бейтаптардын ал-акыбалын сурап, эртең мененки текшерүүсүн жыйынтыктаган Бекмурат иш бөлмөсүндө терезеден сыртты ойлуу тиктейт. Тегерек четин жапыз тамдар ээлегендиктен, райондун борборундагы эки кабаттуу жаңы салынган ооруканадан канча бир чакырымга чейинки жер алаканга салгандай көрүнөт. Оорукана салынган жылы тигилген жаш көчөттөр кечээги жааган карды көтөрө албай бутактары ийилген. Көчөдө ары-бери баскан жан адам көрүнбөйт. Аппак карга чөмүлгөн айлана өзүнчө бир керемет. Терезенин кичинекей айнегин ачып, таза абадан кере-кере жутуп, денесин жазып алды. Бир заматта сырттан кирген ызгаар бөлмөнү муздатып, ичиркентип жиберди. Айнекти жаба калайын дегиче, тээ алыстан тез жардам унаасы көрүндү. Шашылыш сыртка бет алды.
Тез жардамдан жаш келинди алып түшүштү. Өткөндө жолдон сала келген бийкеч экенин дароо тааныды. Ошол күнү элеси эстен кетпей шайын оодарган. Көңүлү алып учуп, жүрөгү жарылчудай түрс-түрс кагып делөөрүгөн. Ары-бери каттаган сайын аны жолуктурган жерди үмүттүү тиктеп, кайрадан көрүнө калчудай кыялданган эле. Эми минтип кайрадан жолуктурду. Болгондо да ушундай акыбалда. Кубарган эринин кесе тиштеп, бир колу менен ичин басып алыптыр. Кыш күнүнө карабай кийгени жука. Кызарып шишиген көздөрү көпкө ыйлаганынан кабар берет. Бир байлам жоолугунун сыртына чыккан чачын жыйнап алууга да кудурети жетпей калгандай. “Көчөдөн кулаптыр. Тез жардамды бейтааныш жолоочу чакырыптыр” дегенди уккан Бекмурат дендароо боло түштү. Таң калды. Суукта көчөгө халатчан да чыгабы деди оюнда.
Бардыгы суроо-жооптон соң, текшерүүдөн кийин ачыкка чыкты. Күйөөсү кызуу келип, жаңжал чыгарыптыр. Кер-мур айтыша кетип, кол көтөргөндө, келин үйүнөн качып чыккан тура. Врач болуп иштеген кыска убакытта буга окшогон окуяларды бирин-экин көрүп калды. Кордук көргөн аялдарга бир чети жүрөгү ооруса, бир чети ачуусу келчү. Зөөкүр күйөөгө неге чыдап жүрө беришет деп түшүнө алчу эмес. Баарынан таң калыштуусу, бири да милицияга доо арыз жазганын көргөн жок. Мындай жагдай менен келген келиндерди деле милиция текшере бербейт көрүнөт. Медиктердин чакыруусу менен келишет деле кайра кетишет. Арыз жок болсо, андан да запкы жегендерине карабай күйөөлөрүн жазалоого өздөрү караманча каршы болуп турушса, эмне кыла алышат эле. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деген өтүнүчтөрүн да айтып, жалдырап тургандарычы. Эң кызыгы, менде да күнөө бар, өзүм тилимди тартпай койдум эле деп күнөөкөр болуп чыга калгандары да жок эмес.
Бир сыйра карап, ийне сайгандан кийин бейтапты палатага жайгаштырышты. Милиция чакыртышты. Адаттагыдай көрүнүш кайталанды. Келин болгон окуяны милиция кызматкерлерине айтып берүүдөн, арыз жазуудан караманча баш тартты. Келиндин мындай кылыгын бири жактырбай ачуусу келсе, дагы бири колдоп чыкты. “Туура кылды. Ушинтип муштум жеп эле жашап жүрөбүз”, – дегендер да болбой койгон жок. Баарынан да сүйгөн эркек аялын кызганат, анда-санда уруп коёт дегендеричи! Эң аянычтуусу медициналык кызматкерлердин арасында да ушундай ойдогулар бар экен! Демек, аялзаты запкы жесе эч нерсе болбойт экен да. Бекмуратты мындай ой жүрөгүн оорутуп, көңүлүн кирдетти.
Жумуш мөөнөтү аяктап үйүнө кетер маалда келин жаткан палатага баш бакты. Уктап жатыптыр. Эс алдыруучу ийненин таасириненби, айтор бир калыпта гана дем алганы билинбесе, бейтаптардын кобур-собурун, врачтын кирип келгенин деле сезчүдөй эмес. Аты ким эле? Айназик?! Ооба Айназик! Атына заты жарашкан өтө эле назик жан экен. Эзели күн көрбөгөндөй купкуу жүзү, тал чыбыктай назик тулкусу… Бейтаптын жүзүнө көз чаптырды. Алгач көргөнүндөгүдөй. Татынакай… Тармалдаша ийинин жапкан чачы, кирпиктери, жадагалса бозомтук тартып кеберсиген эриндери да… Кайрадан ою чабыттап, жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, денесин билинер-билинбес майда калтырак басып тердеп чыкты. Өзүнүн врач экенин унута, уйкуда жаткан сулууга суктана тигилди. Мунун минтип турганын палатадагылар байкап калгандай, ичиндеги буркан-шаркан түшкөн сезимди туюп коюшкандай уялып кетти. Бул жоругу үчүн өзүн-өзү уяткарып, сыртка бет алды.
* * *
Жумуш күнү эчак аяктаса да, кете албай айланчыктады. Айназик эсинен чыкпай кыйнады. Ойгонду бекен? Же дагы деле уйкудабы? Бир көрүп кетпесе болбочудай. Бирок… Эмне деп барат? Сизди көргөнү келдим. Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы дейби? Кызык! Башка бейтаптарга деле ушул суроо менен каалаган маалында кире берет эмеспи. Эми болсо кыйналып турганын көр. Жанындагылардын ал-акыбалын сурамыш этип кирсечи?! Кимдер менен палаталаш эле?
Ух-х! Эмне болуп турат?! Сулуунун сүрү ушунча белем?! Бир көрүп сүйүп калгам деген досунун сөзү эсине түштү. Балким, бул да сүйүп калдыбы?! Буга чейин деле ушуга окшош сезимдер болбоду беле… Бирок… Жолугуп калганда гана сүрдөй түшкөнү болбосо кайра-кайра эсин эки кылып кыйначу эмес эле го. Окууга, андан соң ишине алаксып тез эле унутта калтырчу. Жоро-жолдоштору сен кыз сүйбөй эле кесибиңди сүйөсүң, ушинтип эси-дартыңды жалаң ишиңе гана бурсаң, кыз сүйүү кандай экенин билбей жүрүп өтүп кетесиң го деп тамашалап калмайы бар.
Тээ бала кезинде өзүнөн эки класс жогору окуган айылдаш кызды жактырган. Аны тымызын акмалап, жигит жандап турганын көрүп калса, жүрөгү уйгу-туйгу болуп кызганычтан ичи өрттөнүп чыгар эле. Ал кыз мектепти аяктаары менен айылдаш жигит ала качып кеткен. Ошондо өзүнүн андан кичүү болуп калган тагдырына таарынганы али күнчө эсинде. Анан тез эле унуткан. Шаарга окууга кетти. Бир жолку айылга келгенинде бир кездеги ашыгын көрүп бул кызды неге мынча жакшы көрдүм экен деп бир эсе таң калса, бир эсе күлкүсү келген. Денеси эткээл тартып, баягы ойноктогон көздөр жок. Таптакыр өзгөрүптүр. Кара тору жүзү ого бетер карайып туурула түшкөндөй. Шаардагы сулуу кыздарга көнө түшкөнгөбү ким билсин, бир кездеги ашыгынан өзүнө тарткан өзгөчөлүктөрүн таба алган эмес. Андан калса, тайпалаш кыздары өзгөчө сулуу, өзгөчө тыкан. Аппак халаттары ого бетер ажарларын ачып жарашыктуу…
– Бекмурат!
Чоочуп кетти. Ойдун кучагында отуруп иш бөлмөсүнө баш баккан кесиптешин байкоо албаптыр.
– Сени эбак эле кетти экен десем… Ырас бул жерде турбайсыңбы! Качан чыгасың? Эгер убактың болсо, мени үйгө жеткирип койчу. Зарыл болуп калды.
– Мына… Азыр…
* * *
Жумушка күндөгүдөн эрте келди. Халатын кийе калып түз эле Айназик жаткан палатага баш бакты. Бейтаптардын ал-акыбалын, түнү кандай эс алгандарын сурады. Чынында алардын жообунун ушул маалда кызыгы жок болчу. Эс-дарты Айназикте. Анын жообунда.
– Саламатсызбы?! – деди сулуу уялыңкы. – Мен жакшы эс алдым.
– Саламатчылык! Жолдошуңуз кабар алдыбы?
Шашканынан олдоксон суроо берип алганына бушайман боло түштү.
– Ооба… Түндө келип кеткен.
– Демек… Анан?! Дароо кечире калдыңызбы?!
Эмне болуп турат… Булардын үй-бүлөлүк мамилелери менен мунун эмне иши бар?! Уф-ф! Кайрадан туура эмес суроо бергенин, болгондо да өктөм мамиле жасап турганын түшүндү. Ыңгайсыз боло түштү. Айназик жооп берген жок. Жооп бербегени жакшы болду деди ичинен. Чыкканча шашты. Негедир “жолдошум келген жок” деген жоопту күткөн. Андай болбоду. Акыры келиптир да! Уруп-согуп алып артынан кайра келгенин кара! Бул байкуш кечирбегенде кайда барат? Канча мезгилден бери ушинтип жашап көнүп калган окшойт го. Баарынан да жолдошу кандай неме болду экен?! Татынакай Айназикке тең келчү жигит болду бекен?! Оюна ушулар келди. Капырай бул эмнеси?! Кызганып тургандагысыбы? Андан калса Айназик бул үчүн ким? Убактылуу келген бир бейтап эмеспи. Бүгүн көрөт, эртең жок…
* * *
Ар бир бейтаптын акыбалына чын дилинен кызыккан, өз ишине өтө кылдат мамиле кылган, ар качан ууртунан жылмаюу кетпей күлмүңдөгөн Бекмураттын кийинки күндөрү маанайы суз жүргөнү кесиптештерине дароо байкалды. Улам бири акыбалына кызыкдар болуп сураштырып да жиберишти.
– Бекмуратка эмне болгон?! Түнөргөндөн түнөрүп…
– Ден соолугу жайында эле бекен?
– Бирөөнү сүйүп калгандан соо эмес…
– Берген суроого да түзүктөп жооп бербей койчу болду!
– Ээй, аны айтасың, бейтаптарыма сен көз болуп койчу деп суранса таң калдым…
Мындай таң калуу кесиптештеринин гана арасында эмес, ата-эне ортосунда да болду.
– Уулуңа эмне болгон, жумуштан келе калып эле өз бөлмөсүнө кирген боюнча чыкпай жатат да?
– Ким билсин?! Бирдеме сурасам, күңк-мыңк этип алгылыктуу жооп бербейт. Же түзүктөп тамак жебейт…
Айназиктин татынакай элеси Бекмураттын уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей койду. Мындай жорук болот деп ким ойлоптур. Күйөөсү бар келинди сүйүп калуу деген да болмок беле… Андан башка кыз калбай калгансып бул эмнеси?! Бул жүрөк оорусун кимге айтып, кимге сырын ачат. Андан көрө чындап ооруп калса эмне?! Алыс барбай кесиптештерине эле көрүнүп, дары-дармек ичип бир заматта айыгып алат эле го. Балким, сүйүү деп ойлоп алган сезими жөн гана кумар, ышкы болуп жүрбөсүн?! Антейин десе, кумар, ышкынын сүйүүдөн кандай айырмасы бар?! Ушинтип кыйнала бербей Айназикти жолугууга чакырып ички көксөөсүн, ой-максатын айтып алса болбойбу?! Кызык… Кандай максатын айтат? Сени сүйүп калдым, жолдошуң менен ажыраш. Аны менен бактылуу боло албайсың. Мени менен гана бактылуу болосуң деши керекпи? “Сен мени жеңил-желпи неме деп ойлоп турасыңбы? Үй-бүлөсү бар туруп, көрүнгөн эркек менен эрмектешет дейсиңби?!” – десечи.
Ал жөнүндө таптакыр ойлонбоюн деген сайын ого бетер күчөп, улам бир ой, улам бир кыял мазесин алып келе берди. Акыры, эмнеси болсо да сүйлөшүп алууну чечти да, ал жаткан бөлмөгө баш бакты. Бөлмөдөгүлөр сейилдегенге чыгып кетишкен өңдөнөт. Айназик китеп барактап жалгыз отуруптур.
– Саламатсызбы?! – деди тура калып.
– Саламатчылык! Отура бериңиз…
Бекмурат сөздү эмнеден баштарын билбей апкаарый түштү. Анын мындай абалын түшүнгөндөй сөздү Айназик баштады.
– Жанымдагылар сыртка чыгып кетишти эле. Эртең менен башка врач келип кеткенинен сизди келбейт деп ойлогонбуз. Чакырып келе калайынбы?
– Жок, жок… Жөн коюңуз. Мен мындай эле… Сизге жолугуп кетсемби деп.
– Магабы?! Жөн жай элеби?!
Айназик ары чочуй, ары таң кала суроо узатты.
– Ии… Жөн жай эле. Жакшы болуп калдыңызбы?
– Ооба… – дагы деле таң калып турду. – Ооруканадан чыгарасызбы?
Бекмурат эмне жооп айтышты билбей мукактана түштү.
– Жок. Азырынча болбойт…
Келген максатын айтпай чыгып кете берүүнү чечти да, артка бурулду. Босогого жетип, кайра токтоду. Эки анжы ойдун кучагында калды. Дарыгердин беймаза болуп турганын байкаган Айназик акырын үн катты.
– Бекмурат Касымович! Анализдерим жакшы эле чыкты беле? Эгер коркунучтуу оорум бар болсо, жашырбай айта бериңиз…
– Жок, жок… Андай дебеңиз. Ден соолугуңуз ордунда. Жолдошуңуздун запкысы үчүн гана…
Ушул сөздөрдөн соң Бекмуратка негедир күч пайда болду. Тартынбай айта берүүнү чечти.
– Айназик… Мен сизди өткөндө жолукканда эле жактырып калгам. Ошондон бери оюман кете элексиз. Эми, көрүп да… Ачыгын айтсам мен сизди…
Бекмураттын сөзү аягына чыга элек::
– Апей! – деди Айназик чындап чочуп. – Сиз менен качан жолуктук эле? Коюңуз, мындай сөзүңүздү! Уят эмеспи?! Жамандыр, жакшыдыр жолдошум бар экенин билип туруп ушул сөздү кантип айтып жатасыз? Анан калса үй-бүлө ичиндеги чыр-чатакка жалгыз эле ал күнөөлүү эместир…
Мына сага! Угаары ушул беле?! Кандай да болбосун, акылы бар аял үй-бүлө намысын бийик коёрун билбей жүргөнүн көр. Керек болсо унаасына түшкөнү, ээн жолдон ала кеткени деле эсинде жок турбайбы. Андан да… Ушундай жооп угарын билип туруп кайдан сөз баштай калды эле. Бекмурат уялгандан бети чымырап, тердеп чыкты.
– Кечирип коюңуз… – деди да шарт бурула, сыртка бет алды. Ошол маалда жабылуу эшик ачылып, сырттагы суукка үшүп келген, Айназикке куюп койгондой окшош сулуу бийкеч маңдайынан чыга калды. Бекмурат түш көрүп тургандай селт этти. Арттагы Айназикти, маңдайындагы бейтааныш, бирок анын дал өзүндөй сулууну жал-жал карап, эмне дээрин, эмне кыларын билбей, буттары тушалып калгандай турган ордунда катты.
Дарыгердин абалын түшүнгөн Айназик аргасыз жылмайды да:
– Бул менин түгөйүм Айсалкын! – деди. – Таанышып алыңыз. А бул биздин дарыгер Бекмурат Касымович.
– Саламатсызбы?! – деди сырттан кирген сулуу мээлейин чечип, кол сунуп. – Айназиктин эгизи болом. Медайымды уруша көрбөңүз. Болбойт дегенине карабай кирип кеттим. Тез эле чыгам… – деди күнөөлүү жылмайып.
Анын эмне жөнүндө айтып жатканы Бекмуратты кызыктырбады. Эгиздерди алмак-салмак карап, бул керемет көрүнүшкө ишене албай, дегеле эгиз аттууларды, бири-бирине коёндой окшош түгөйлөрдү өмүрүндө биринчи жолу кездештирип тургандай жалдырады. Бекмураттын мындай акыбалын байкаган эгиздер кыткылыктай күлүп, бири-бирине көз кыса кылыктанышты.
– Мейли, жакшы калыңыздар…
Сыртка чыкканча шашты. Дарыгердин акыбалы, ал тургай жакшы калыңыздар деп кош айтып турушу эки сулууга ары сырдуу, ары күлкүлүү угулду.
– Жакшы барыңыз! – дешти экөө бирдей.
* * *
Бул окуя, бул күтүүсүз таанышуу Бекмуратты бир чети кубантса, бир чети беймазага салды. Эми, Айназиктен кантип кечирим сурайт да, Айсалкынга кантип сөз айтат? Кимисин сүйүп калды? Шумдугуң кургур! Ушинтип да эси эки болчу беле? Башка жигиттердей неге өткүр эмес?! Неге сөзгө чоркок да, неге аялзатынан мынча тартынат?! Достору, тели-теңтуштары кыздарга кезиккенде ачылып-чачылып, сөзмөр, тамашакөй болуп чыга калышса, а Бекмурат теңирден тескери…
Баарынан кызыгы, Айсалкындын жолдошу барбы, жокпу? Бул суроосуна жоопту кимден алат?
Иш күнү аяктап үйүнө кетүүгө даярдана баштаган маалда эшик кагылды. “Кире бериңиз” дегиче болбой уруксат сурап Айсалкын кирип келди. Аны көрөрү менен көктөн издегени жерден табылгандай кубанды.
– Уруксат.. – деди, маңдайындагы отургучту жаңсай көрсөтүп. – Отуруңуз.
Айсалкын шыпылдай басып, орундукка отурду да:
– Эгер каршы болбосоңуз, ачык эле айта берейин. Айназиктен уктум, – деди жылмайып.
Эмнени айтарын дароо билди. Уялгандан башы шылкыя түштү. Уялбаганда кантсин… Жолдошу бар экенин билип туруп жакшы көрөрүн айтып сөз айтканы, андан да “бул эмне дегениңиз?!” деген Айназиктин ызалуу жообу уялтпачудай иш бекен? Бурганактап жанын койбогон сезимин ичине катып, кыйналса өзү кыйналып, сүйсө ичинен сүйүп жүрө бербейт беле, аттиң!
– Бекмурат Касымович! Эң алгач ыраазылыгыбызды билдиргим келет. Сизге чоң рахмат! Экинчиден, өткөндө жолдон ала кеткен бийкеч мен болчумун. Мени Айназикке чаташтырып алганыңыз кечиримдүү. Андан калса, бизди бир көргөн сиз эмес, төрөп-өстүргөн өз апабыз деле алмаштырып алмайы бар…
Айсалкын кыткылыктай күлдү. Сөзмөр, тыкылдаган, ачык-айрым кыз окшойт. Бекмурат үстүнөн оор жүктү алып салгандай жеңилдей түштү.
– Ооба… – деди жылмайып. Оозунан ушул сөз чыкты. Эмнеге ушинткенин өзү деле түшүнө берген жок. Тек гана Айсалкындын айтканын кубаттап койгону окшойт.
– Түгөйүмдүн жолдошунун кол көтөрмөйү бар экенин, турмуштан кыйналып жүргөнүн да билдиңиз. Сизге жолдон жолуккан күнү алардын үйүнөн келе жаткам. Барган сайын экөөнүн жаңжалдарына күбө болом. Барбай коёюн дейм, Айназикти сагынам. Барсам ыза болуп ыйлап кетем. Жок, жок… Сиз ойлобоңуз ар дайым уруш-талаш экен деп… Кээде экөөнөн бактылуу үй-бүлө жокпу деген да ой кетет. Бирок…
Айсалкын оюн акырына чейин айтпай кабагы бүркөлө ойлоно калды.
– Кечирип коюңуз, мунун баарын сизге неге айтып жатам, билбейм. Сизге кызыгы деле жок болсо керек, – деди уялыңкы. – Ишиңизге тоскоол болдум окшойт. Кетейин. Дагы бир жолу кечирим сурайм! – деди да шарт бурулуп жөнөп калды.
Бекмурат шашып кетти. Жолугууга шылтоо, сырдашууга сөз даярдап жүргөн кезинде мына минтип өзү келсе… Анан кантип жанынан чыгарып жибериши керек.
– Коё туруңуз… Жумушум аяктап калды. Мен да чыгайын деп жаттым эле. Чогуу басалы, – деди шашкалактап.
Ушул маал, ушул сунуш оозунан чыкканына өзүнө-өзү ыраазы боло ичинен кубанып алды.
– Мен билгенден эгиз кыздардын ысымдары Батма-Зуура, Апал-Үпөл болчу эле. Силердин ысымыңар да ушундай болгондо, Айназиктин сиздей эгизи бар экенин дароо билмекмин.
Бекмураттын сыртка чыккандагы алгачкы сөзү ушул болду. Айсалкын кылыктана наздуу күлдү.
– Негизи, биз төрөлгөндө Апал, Үпөл деп эле аташыптыр. Метиркебизди ала электе апамдын бала кезден ынак курбусу келип калат. Экөө бала кездеринде кимибиз кыздуу болсок да бири-бирибиздин атыбызды коёбуз деп антташып алышыптыр. Сөз арасында ошол ант жөнүндө эстешет да, “ии кана, эгиздериңдин биринин ысымын Айсалкын деп койбойсуңбу” деп курбусу апама тийише сүйлөйт. Экөөнүн маегине күбө болуп отурган атам “бала кезден макулдашкан болсоңор, анда эле бир кызыбызды Айсалкын, экинчи кызыбызды ага уйкаштырып Айназик деп атайлы” дептир дароо. Көрсө, атам Апал-Үпөл деген ысымдарды жактырчу эмес экен…
* * *
Экөө ынак болуп кетишти. Айсалкын Айназикке каттаган сайын Бекмуратка сөзсүз жолугуп кетет. Кол кармаша сейилдешет. Сыр чечише сүйлөшүшөт. Бекмурат үчүн эң маанилүүсү Айсалкындын турмушка чыга элеги болду. Ушуну ойлогондо Бекмурат бирде өткөндү эске салып күлкүсү келсе, бирде өзүн эбегейсиз бактылуу сезчү болду. Бирок сүйүүсүн, сезимин ачык айта албай кыйналды. Буга тартынчаактыгы бир себеп болсо, экинчи себеби – Айсалкындын турмушка чыккым келбейт дегени эле. Мектепти аяктаары менен ала качып кеткен жигитке макул болуп тагдырын байлаган Айназикке ызасы бар экенин да айткан. Ал эми анын максаты – жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктоо жана диплому колго тийери менен дагы да билимин өстүрүү үчүн чет жакка кетүү. Мындай ой-тилегине, максат-кыялдарына жетүүгө тоскоолдук жараткан көйгөйдүн кереги жок экенин, ал эми турмушка чыгып кетсе көп кыялдары ишке ашпай калат деген оюн да уккан. Кыздан мындайды уккан жигит эмне деши керек? Кантип сезимин айтат да, кантип колун сурайт? Айтымында Айназик экөөнүн сырт келбеттери гана окшош, ал эми мүнөздөрү таптакыр бөлөк. Ал чечкинсиз, өтө назик, ишенчээк, баёо дейт. Бирок бала кезибизде ал деле мендей болсо керек эле дейт кайра… Демек? Демек, экөөнүн мүнөздөрү өз тагдырларына жараша өзгөргөндүр? Көп учурда аялзатынын өзгөрүшүнө өмүрлүк жубайдын мамилесинин чоң салымы болот эмеспи. Түгөйүнүкүндөй жар күткүчө бой жүргөнүм жакшы деген сырын да айтып алды. Сөз арада “экөөбүз доспуз да, ээ?!” деп күлө караганы ого бетер жүрөгүн эзчү болду.
Ушундай мезгилде ансыз да суктанчу досуна ого бетер көз артчу болду. Өткүр, аялзатынан тартынууну билбеген, бир көз караш менен каалаганын имере тарткан, шатыра-шатман, кечени тамаша сөзү, коңур үнү менен шаңга бөлөгөн досуна кантип көз артпайт? Анын өткүрлүгү мында болгондо Айсалкынды ала качып болсо да өзүнүкү кылмак. А булчу… Эх-х! Өзүн-өзү жектеп, өзүнө өзү батпай баратты.
Бүгүн Айсалкын күндөгүдөн кечигип жатты. Анын келишин күткөн Бекмурат жумуштан чыга албай терезеден жолду үмүттүү тиктейт. Айназиктин да ооруканадан чыгар күнү жакындап калды. Балким, эртең, балким, бир күндөн соң үйүнө кайтышы керек. Бекмураттын оюна койсо, аны дагы далайга чейин ооруканада калтырып коймок. Бирок анткенге акысы да жок. Сурана да албайт. Айласыз… Күрсүнүп алды. Бүгүн сөзсүз жүрөгүнө каткан сырын, жакшы көргөнүн айтам деди кыялданып. Өмүрлүк жарым бол деп колун сурайм деди бир чечимге келип. Айсалкындын “мен макулмун” деп мойнуна асыла эркелегенин, жоогазындай үлбүрөгөн эрининен сүйүп турганын кыялданып бактылуу жылмайды.
– Мен эртең шаарга кетем, – деди ошол күнү. – Түгөйүмдүн акыбалын укканда, айла жоктон ыйлап жатып окууман суранып келгем. Буюрса, ал да эртеңдерден ооруканадан чыгып калар…
Эмне дешти билбей апкаарып калды. “Кетпечи, сенсиз жашоом кунарсыз, өмүрүм өксүп калат. Эмне десең баарына даярмын. Эртеңден калбай ата-энеме алып барам. Ак жоолук салынып ак никелүү колуктум бол!” – дегиси келди. Жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп алактатып койду. Ичинен кайталаган сөздөрү сыртка чыкпай көмөкөйүндө кала берди.
– Албетте, окууңду калтырбай барышың керек… Мени унутпай анда-санда болсо да кат жазып тур, – деди жылмайып. Жылмаюунун артында ыза, сагынуу, сүйүү, таарыныч, арман…
Эмне деген жан! Оюндагысын жашырбай, калп жылмайбай, болгон сырын болгондой айтса эмне?!
* * *
Бүгүн Айсалкындын ооруканадан чыгар күнү. Эч болбосо кетер күнү жолугуп койсо жакшы болор беле? Бирок анткен жок. Таптакыр жолукпай коюуну туура көрдү. Жолукканда эмне өзгөрмөк? Жүрөгүндө сакталуу качанкы бир элес ошол боюнча калганы жакшыдыр? А балким, оорудан азап чегип, кыйналып жүргөн Айсалкын эч кимге жолуккусу, эч кимди көргүсү келбей турган болсочу?! Арадан өткөн жыйырма жылдык өмүр, андан калса куураган оору баягы сулуулугун, баягы ойноктогон көзүн жөн койду дейсиңби? Кеселдин айынан алапайын таппай турган сааттарда качанкы бир мезгилди эске салуунун кажети канча?
– Уф-ф!
Жүрөгүн эзип түйшөлткөн ойлордон кутула албай кыйналып кетти. Терезени ачты да, көкүрөгүн кере дем алды. Тээ алыска тигилди. Демейде кыркалекей тартып турчу тоолор негедир көзүнө чалдыга бербеди. Тоолор гана эмес, катар-катар жайгашкан үйлөр, бак-дарак, жол… Бардыгы күңүрт тартат да. Кызык! Жайдын күнү да туман каптачу беле? Же..? Көзүн ачып-жуумп кайрадан тигилди. Ойлору эле тумандап турабы десе, көзү да… Демек?..
– Тык! Тык!
Каалгага чертилген дабыш ойлорун чачырата селт эттирди.
– Кире бериңиз!
Каалга ачылып, аял кишинин жүзү көрүндү.
– Уруксат бекен?!
Дароо тааныды. Өзгөрүптүр. Бир кездеги келишимдүү мүчөсү толмоч тартып жайылган. Ак жуумал өңү кер сары. Көздөрү гана баягысындай… Жо-жоок… Көздөрү да муңайым экен. Балким, ооруп жүргөнгө болсо керек? Капырай! Андан бери зып этип жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө, анан ошондогудай жапжаш боюнча калчу беле?! Өзү деле мындан кем эмес өзгөргөндүр? Жүрөгү жаш болсо элеби? Көз ирмемдей убакытта эмнени гана ойлоп жетишкен жок.
– Саламатсызбы?! Келиңиз! Бул жакка отуруңуз! – деди маңдайындагы отургучту кол жаңсай көрсөтүп.
– Бекмурат Касымович! – деди аял уялыңкы. – Мени тааныбай турасызбы?!
– Жо-жоок… Албетте, тааныдым.
– И-йи! Ошентсең! – деди жадырай күлүп, – “Сиз” деп турсаң тааныбай жатабы деген ой кетпедиби…
– Кантип тааныбайын… Эч эле өзгөрбөптүрсүз…
Таанып турса да сен дешке даабай турду. Калп да айтты. Анан кантмек? Убакыт өзүнүкүн алыптыр деши керек беле?
Бекмурат Касымовичтин өзгөрбөптүрсүз дегенине Айсалкын чын дилинен каткыра күлдү.
– Сен деле баягы бойдон! – деди ал да.
Үн-сөзсүз бири-бирин карап бир саам ойлуу турушту.
– Он күндүн ичинде бир басып келбей койдуң го, – деди Айсалкын таарынычын билдиргендей акырын үн катып. – Акыры минтип жолугуп, учурашып кетейин деп өзүм келдим. Анын үстүнө канча күндүк өмүрүм калды ким билет… – сөзүнүн аягына чыкпай мукактана түштү.
Бекмурат Касымовичтин жүрөгү “зырп” этип алды. Өмүр! Канча күндүк өмүр?! Аз гана калганын, бул оорудан айыктырып алыш колунан келбешин, медицинанын күчү жетпешин да билет. Бир басып барбаганынын бир себеби ушул эле… Касымовичтин азыркы абалын Айсалкын айттырбай түшүндү көрүнөт сөзүн башкага бурду.
– Ушул күндөрү тээ качанкы артта калган жаштык мезгилим, сага жолуккан мүнөттөр, артыман келер бекен деп жол карап зарыга күткөн күндөр эске түштү, – деди муңайым жылмайып.
Бекмурат Касымович үн-сөзсүз Айсалкындын бир аз бырыш баскан жумшак колун аярлай кармады да сыйлоо ызаатын жасап эринин тийгизди.
Ээрчише басып, бир кездеги сырдашчу жерге келишти. Ошондогу жапжаш, солкулдаган, кыламык жааган карды көтөрө албай ийилип турчу кош көчөт эми минтип көк тиреген кош кайыңга айланган…
