|

№7 Жазгы көрүнүш

Чыгарманы баалаңыз

Жаз келди айтып саламын.
Эл журттун алып кабарын!
Анан да келди айтсам деп
Өзүнүн койгон талабын!

Күн калды далай узарып
Кар эрип, сиңип, бууланып.
Кашат башына чыгышты
Байчечекейлер кылайып.

Бөбөктөр черин жазышып,
Козу-улак менен жарышат.
Карга күүп көрпө-төшөгүн
Келиндер керип жайышат.

Сабалап жамгыр төккөндө
Сезимдер күчөп көктөмдө,
Сулууга эркиң байланат
Саресеп салбай өткөнгө.

Ашыктык сезим күчтүүдөй,
Азабын тарткан түтчүдөй.
Суйкайган жүзүн искесең
Суусунуң кана түшчүдөй.

Кыл-кыбыр тиштеп оозуна
Биринен бири озуна
Чымчыктар уя салууда
Былтыркы салган ордуна.

Жылытып күндүн аптабы,
Тап өтүп жылып таш дагы,
Тамырларына суу тартып,
Тал-терек бөртүй баштады.

Өткөрбөй жердин амалын
Дыйкандар эгин себишет.
Жаздын бир күнүн бабалар
“Жылга тете” – деп келишет.

Жаз айы жашыл көктөмдө
Жанданып чөптөр өскөндө
Көрктөнө түшөт айлана
Көнөктөп жамгыр төккөндө.

Жер бети калат жаңырып,
Жашыл тукаба жамынып.
Жашоонун бүтпөйт аягы
Жол тарта берет агылып…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген