№2 Жаз келди
Келди жаз, келди көктөм, келди сүйүү,
Керемет кечеги кез эске түшүп.
Керилип уктап жаткан кыштын түнү,
Кетүүгө камынууда шашып-бушуп.
Ак тонун чечип салып жер энебиз,
Ажарын алмаштырып кулпурууда.
Айлана өзгөрөм деп эбегейсиз,
Ааламга жаз келди деп жар салууда.
Жаз келди, мына бүгүн марттын бири,
Жазылсын жүрөктөрдүн эски кири.
Жашарып теребелдей жан дүйнөбүз,
Жашасын, жадырасын чексиз сүйүү.
Жаз келди, жаңырууда бакыт үнү!
