№6 Жаз келгени керемет
Оо, мына дагы жаз келди,
Куштардын үнү угулуп.
Эсиме салды жаш кезди,
Жомоктой баары туюлуп.
Жыпарын чачып жадырайт,
Гүлдөрү жайнап талаанын.
Аялуу тиктеп бажырайт,
Көзүндөй болуп баланын.
Тунук суу агып шаркырайт,
Жандууга өмүр бергенсип.
Башкача Күн да жаркырайт,
Жашоого эми келгенсип.
Чертилет сезим кылдары,
Арзуусу болуп сүйүүнүн.
Айтылат шыбыр сырлары,
Азабын тартпай күтүүнүн.
