«Адабий Ордо» сайты бир ырдын сынагын жарыялайт
Жаз келгенине жараша ага арнап «Адабий Ордо» сайты «ЖАЗ» деген темага БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялоону туура көрдү. Төмөндө сынактын шарттары келтирилет.
Сынактын шарттары:
Ким катыша алат?
Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталгандыгы, катталбагандыгы боюнча чектөө жок.
Канча ыр жөнөтсө болот?
Бир автордон бир гана ыр кабыл алынат.
Ырга кандай талаптар бар?
- Ырдын формасына чектөө жок.
- Көлөмү элүү саптан ашпашы керек.
- Буга чейин эч бир жерде жарыяланбашы зарыл.
Ырдын жарыяланышы кандай болот?
- Редакциянын алгачкы элегинен өткөн ырлар гана сынакка катыштырылат. Ырдын сынакка катыштырылбай калышы боюнча редакция түшүндүрүү берүүгө милдеттүү эмес.
- Сынакка катышкан ар бир ырга номур берилет. Ыр ошол номур менен автору көрсөтүлбөй (сайттын админинин атынан) сайтка жарыяланат.
- Сынакка катышкан ырлар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «Кыргыз Поэзиясы» телеграм-каналында жарыяланып турат.
Сынактын сыйлыктары:
1-орун: Атайын диплом, автордун электрондук ыр жыйнагын чыгарып берүү, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү.
Сынактын мөөнөттөрү кандай?
- Сынакка ырлар 2026-жылдын 1-мартынан баштап кабыл алына баштайт.
- Сынакка ырлар 2026-жылдын 31-марты түнкү 12ге чейин кабыл алынат.
- Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 12-апрелине чейин чыгарылат.
Сынактын жюрисинин курамы?
- Сынактын жюриси сайттын редакциясынын тандоосундагы 5 көрүнүктүү адабият өкүлдөрүнөн турат. Алардын ысымдары сынак бүткөнгө чейин ачыкталбайт.
- Жюринин курамына сайттын редакциясы кирбейт.
- Сайттын редакция мүчөлөрү жана калыстар сынакка катышпайт.
Сынакка чыгарманы жиберүүнүн талаптары кандай?
- Сынакка ырды adabijordo@gmail.com эл. почтасына темасына “Жаз” деп белгилеп жазып жиберүү керек.
- Катта ыр менен кошо автордун аты-жөнү, ватсап номуру көрсөтүлүшү абзел.

Орозо айында, жан-дүйөгө аз алып келген жакшы сынак экен.
Сынактын шарттары жакты. Сынакты уюштуруучулардын ишине ийгилик, жаздай көңүл, жарык маанай каалайм.
Чоң рахмат!