Шаршенбаева Нурайым, Адабий Ордо автор

Арасат
4.1/5 - (9 добуш)

(аңгеме)

Терезени черткилеген жамгырды тыңшап көпкө турду. Бала кезинде белине түшкөн узун чачын жая салып, жамгырда жүгүргөндү жакшы көрөөр эле. Бирок апасы урушуп үйгө киргизчү. Айласы кеткенде терезеден карап, өтмө катардан суу болуп ойноп жүргөндөй кыялданчу. Бала кезинде апасы, андан соң күйөөсү тыйды. Эми минтип өзүн-өзү…

– Өх-х! – үшкүрүп алды.

Турмушка чыкканынан бир жыл өтпөй апасына даттанган. “Менин ар бир басыгымды аңдый берет. Эч жакка чыгарбайт. Атүгүл курбуларыма кошула албай калдым. Тажадым ушундан!”. “Ак катыгүн, бул эмне дегениң?! Ысыгыңар тарай элек тажадым дегенин кара! Күйөө өзү ошондой болот. Курбуларың менен жүрө бергиң келсе, турмушка чыкпай койбойт белең! Чыктыңбы, курбуларыңды унут!” – деген апасы ачууланып. “И-ий апа… Ушинтесиз анан… Жок дегенде сиз менин сөзүмдү сүйлөйт экен десе!” – апасынын сөзүнө териккенден ыйлап жиберген. “Ай, кызым! Өзүң каалап, өзүң жактырып жүрүп турмуш курдуң го. Жактырбаган бирөө ала качса эмне кылат элең? Анда деле айла жок тагдырыңа моюн сунмаксың да! Кудай Таалам аялзатына ушундай милдет жүктөгөн турбайбы… Бала төрө. Баары ордуна келет”.

“Бала” деген сөздү угаар замат жүзү тамылжый түшкөн. Жакында эле билген боюнда бар экенин. Уялып айта элек болчу. Ал уят, бул болбойт деп бала кезинен тыюу уга бергендин залакасыдыр? Ою кай тарапка бурулганын жашыруунун айласы кылып: “Апо-ов! Атам экөөңөрдүн кантип табышканыңар тууралуу айтып бериңизчи…” – деген жүзүн жылмаюу аралап. “Ал окуяны канча жолу айтам, айланайын… Кайра эле майнеке кыла бересиңби?” “Бир эле жолу уккам! Эми дагы айтып берсеңиз, эки болот”. Эркелиги кала элек неме апасынын мойнунан шуу эттире жыттап алдына жата кеткен. Колундагы ийигин чимирилткен апасы: “Аа кызым, менин жашоомду сурай бергенден, айтып берсем уга бергенден тажабайт экенсиң го. Баладан башкачасың деги… Болуптур эми, дагы сурасаң дагы айтып берейин”, – деп узун аңгемесин баштаган. Апасынын аңгемелери бул үчүн абдан кызыктуу болор эле. Уккандан тажачу эмес. Улам бир суроону берип эркелеп жата бергенди жакшы көрчү. А азырчы? Азыр болсо апасынын аңгемесин укмак түгүл айылында көпкө жүрө албайт. Шашат. Ар дайым шашат. Эмнеге шашат, кайда шашат – өзү деле түшүнө албай кетет.

…Ойго чумуп отуруп жаандын басылганын этибар албаптыр. Күрмөсүн желбегей жамынып сыртка бет алды. Короонун четине барып чокусун аппак кар чүмкөгөн тоолорго көз чаптырды. Тоону сагынганда, айылына, балалыгына болгон кусасы көөдөнүнө сыйбай кеткенде ушул бурчка келет. Короонун башка жагынан тоо анчейин көрүнө бербейт. Учу-кыйрына көз жетпеген кыркалекей тоолор демейдегисиндей мелтирейт. Кыялында аны менен сүйлөшөт. Ага сырын айтат. Эң башкысы – тоолор жөн гана укканды билет. Ал болбойт, бул болбойт деп тыйбайт. Акыл да айтпайт.

Отуздун кырынан ашып-ашпай өзүн абдан кары адамдай сезчү болгон. Жадагалса курбулары шаңкылдай күлүп тамашалашып турушканда да өзүн оолак кармайт. “Булар кантет? – дейт ичинен аларды жактыра бербей, – Көргөн адам жаман ойлойт го… Топтошкон топ катын өздөрүн жаш кыздай сезип алышканын кара дешер”. А курбулары мунун түнт мүнөзүнүн себебин боолголошот. “Кантсин эми. Сүйүп турган адамдан айрылып калыш оңой эмес… Унута албай койду”, – дешет өз ара шыбырашып. Сөзгө да тартып көрүштү. “Качанкыга чейин кабагыңды ачпай жүрө бересиң? Ушинте берсең, ден-соолугуңан айрыласың. Жолдошун жоготкон жалгыз сен эмес. Жашоо улана берет!”

Мындайда ным дебейт. Көздөрүнө жаш топтоло калат. Тамагы буулуп чыгат. Эч кимди көзгө илбей жер жаңырта кыйкырып ыйлап алгысы келет. Жолдошунан айрылган күнү эсине түшөт. Анда да жер чапчып ыйлай алган эмес. Мончоктоп төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай отура берген. “Кызыке… Алдагинтип ичиңен сызбай, үнүңдү чыгарып ыйла! Муң ичке түшсө жаман болот”, – деген жеңеси. Анын сөзүнүн бири угулса бири угулган эмес. Уккан күндө жасалма жер чапчымак беле? Ичтен гана сызган. Артта калган өмүрүнүн кичинекей үзүмү көз алдына тартыла муңканган. Жалган жашоонун ушунчалык кыскалыгына ыйлаган. Бири-биринин баркын түшүнө албай жаштык доорун тепсендиге айландырып койгонуна өкүнгөн. Бул жашоого түркүк болчудай көңүл калтырышканын армандаган. Ооба, ыйлаган… Бирок ансыз жашоом кантет деп ыйлаган эмес. Сүйгөнүмөн, өмүрлүк жарыман айрылып калдым деп ыйлаган эмес. Балдарым атасыз кантет деген эмес. Тек гана экөөнүн көз ирмемчелик жашоосу сыйы жок, сүйүү жок, бири-бирине болгон арзуу, махабат, сагынуу жок өтүп кеткенине ыйлаган.

Алгач баары башкача болчу. Бир күн көрүшпөсө сагынышып калышар эле. Бул жашоо бири-бирисиз кызыгы жоктой туюлчу. Кең ааламда экөө гана… Сүйлөшсө сөз түгөнбөй, күлүшсө күлкүгө, ойношсо оюнга тоюшчу эмес. Анан тез эле баары өзгөргөн. Алоолонгон сезим бир заматта жалп өчкөн. Себебин эч ким билбейт. Керек болсо экөө да билбес. А балким, утурумдук каалоону сүйүү деп ойлоп алышкан беле? Кептин баары жаштыкта болуп жүрбөсүн? А мүмкүн, бири-биринин эркиндигин тыя бергени үчүндүр? Жо-о-жок… Жолдошунун эркиндигинде чек жок болчу. Каалагандай басып, каалагандай жүрчү. А бул… Бардыгына чек коюлган. “Сен жаш кыз эмессиң! Болду, токтот! Мен эмне десем, ошол гана болот!” – деген кыязда “акыл” айтчу. Алгач жолдошунун мындай “акылына” теригип, так секирген. Алдап да, таарынып да, ыйлап да көргөн. Керек болсо кайым айтыша кетип, муштум жеген. Апасына даттанган. Анын “аялдын милдети ушундай болот” дегенин угуп, тагдырына моюн сунган. Бирок сыртынан гана… Жан дүйнөсү далай кыйнап, көз жашын дайра кылып канча агызган. Баарынан да эч күнөөсү жок жерден токмок жегенде бул жашоодон безе качкысы келчү…

– Апо-ов!

Селт эте түштү. Жанына келип калган кызын байкаган эмес экен. Карегине чогулган көз жашын жашыра жеңинин учу менен аарчыды. Буулуккан деми көмөкөйүндө такалып кала берди.

– Апа… Бул жерде неге турасыз? – деди кызы эркелей бетине бетин тийгизип. – И-ий, тоңуп калгансыз го.

Кыз бала дедиби же балким, балдарынын улуусу болгонгобу, айтор, эки уулун кайындарына калтырып, кызын өзү ала кеткен. Кызын да калтырса кантээр эле? Муну ойлогондо коркуп кетет. Сырын угары, ыйласа сооротору, күлсө кошо күлүп кубанычын тең бөлөрү кызы эмеспи.

Айылдагы агасы күн алыс каттап турат. Ата-энесинин берип жиберген базарлыктарын тапшырат да, жөнөп кетет. Адатынча бүгүн да келиптир.

– Апамдар сени ала кел дешти. Бол, даярдана кал! – деди шаштырып.

– Анчалык эмне болду? Барам да бошогондо!

Айылга баргысы келбей турган. Барганда эмне? Бүгүн барса, эртең таң атпай кайра келиши керек. Антпесе соодадан калат.

– Бошобой калгыдай өкмөттүн ишинде иштеп жаттың беле?! – деди агасы корсулдап. – Бол тез!

Агасына ыза болуп турганын билгизе бербеди. Үн-сөзсүз кийинди да сыртка чыга жөнөдү.

– Ай, токто! Кызыңды албайсыңбы?

– Келем да бат эле. Же эмне жол алыс беле?!

– Келээр-келбесиңди барганда көрө жатаарбыз. Ээн үйгө жалгыз таштабай ала кетели. Жаныбызда жүрсө, зыяны тийбейт.

– Барбайт! Түнгө калбай келип калам!

Агасына биринчи ирет каяша айтты. Шаңкылдап күлгөн, ойноок, каяша сүйлөө дегенди билбеген карындашын тагдырдын запкысы минтип каардуу келинге айландырганын агасы биринчи жолу сезгендей болду.

– Жөнү жок башты оорутпай, алып ал кызды!

Агасынын көңүлү жайында болсо, андан өткөн жайдары, берешен, сөзмөр адам жок. Көңүлүнө бир нерсе жакпай калса, ай-буйга карабай сөгүнүп-сагынып, жанындагыларды каарып жибермей адаты бар. Анын мындай сырын билгенге ата-энеси муну жөн жай чакырып турбаганын сезди. Агасы менен кайым айтышкандан пайда болбосун түшүндү да, кызын чакырып, машинага отурду. Шашылыш эмне болуп кетти экен деди ичинен. Көп сүйлөгөндү, такып сурай бергенди сүйбөгөн неме барганда билээрмин деген ой менен жөнөп калды.

– Азыртан мен сага бир нерсе айтып коёюн. Болбосо кийин таарынасың да… – жолдун өңгүл-дөңгүлүнө карабай машинаны зуулдата айдаган агасы ооз учунан күңк этти.

– Айта бериңиз!

– Эмесе мындай… Кудагый менен куда келиптир.

– Кайсы куда-кудагый?

Жүрөгү алда-немени сезгендей зырп эте түштү

– Кайын журтуңду айтам. Кечээ келишиптир. Атамдар менен көпкө сүйлөшүштү. Чынында, алардын сунушуна мен макул деле эмесмин. Бирок… Айла жок!

Агасы жаман кабар угузчудай түйшөлө түштү. Машинанын айнегин ачты да чылым күйгүздү.

– Тамекиңизди тартпай туруңузчу! Терезени жаппасаңыз үшүп кеттик!

Агасынын чылым күйгүзгөнүнүн шылтоосу менен араң турган келин кыйкыра сүйлөдү. Бук болуп турган неме албууттана кыйкыргысы, машинадан түшө качып, күрпүлдөй аккан тоо суусуна бой таштагысы келди. Агасынан эмне кабар угаарын билбесе да, жүрөгү алда-немени сезгендей тыбырчылай сокту. Кайын журтун көргүсү жок. Уулунун кылык-жоругун көрүп-билип турушса да, мунун таламын эч бир талашып коюшкан эмес. Анан кантип аларды сагынат да, аларды көргүсү келет? Бирок кичинекейлери ошол жакта. Айласы жоктон гана кол үзүп кете албайт. Калтырбаска аргасы жок болчу. Чийедей балдары менен кимдикине батмак эле? Өз ата-энесиникинеби? Кайда-ан? “Чыккан кыз чийден тышкары” деген макалды турмушка чыгып-чыкпай уккан. Баарынан да анда-санда бир келгенинде “төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” болбогун дегендеричи. Э-эх! Бирок… Ата-энеде эмне айып? Алар да кызынын бактылуу жашап кетүүсүн каалап ушинтишкендир? Күйөө баласынын көр жемечи, чоң муштум экенин, булардын жашоосу бир калыпта болбой калганын билбей деле калышты. Уруп-сабаганда деле келип даттанган эмес. Катар төрөлгөн уул-кыздарын гана ойлоп жүрө берди. Андан да жашоо деген ушундай, аялдын милдети түкүндөй деп кулагына куйган апасынын сөзүнө чындап ишенип алгандагысы го. А балким, андайга ишенбесе да, эненин сөзүн жерге таштабайын деди беле? Ким билсин?

Кирпигин ирмесе көз жашы төгүлүп кетчүдөй араң турган карындашын күзгүдөн караган агасы сөзүн андан ары улагысы келбеди.

– Маалкатпай айтчу сөзүңүздү айтпайсызбы! – деди акыры.

– Үйдөн угасың! – деп бурк эткен агасы машинасын ого бетер жулка айдады.

Машина короого кире электе көзүнө биринчи эле урунганы уулу болду. Тумакты баса кийип, таенесинин чыптамасын үстүнө илип алыптыр. Чоң ата, чоң апасын чарчаткан го кейпи. Болбосо ошол жакта эле жүрчү. Тентектиги жанда жок. Акыры жеткиришкен окшойт го? Же жөн гана убактылуу алып келишти бекен? Кенжеси агасы жокто беймаза болчу эле. Ал кантти экен? Артынан кенжетайы да көрүндү. Кубанып кетти. Машинадан түшөр замат уулдарына жүгүрүп, беттеринен сүйүп, бооруна кысты. Жанатан бук болуп турган көңүлү ачыла түштү. Дарбазадан баш багып, чоң мейман келчүдөй даярдык жүрүп жатканын баамдады. Мал союлуп, чоң казанда эт бышып жатат. Эки жеңеси демейдегидей ары-бери жүгүрүп кызматта. Ар бири менен учурашты да үйгө баш бакты. Артынан жеңелери башкача карап жатышкандай, бири-бирине көз кыса, ишарат менен бул жөнүндө сөз кылып жатышкандай бүшүркөдү. Шектүү шекшинет болбоюнчу деди кайра өзүн өзү тыйып. Конок бөлмөдө дасторкон жайылыптыр. Демейде күйпөлөктөп казан башында көз болуп турчу апасы дасторкондун четинде жалгыз отуруптур. Апасынын жалгыздап ойлуу отурганын биринчи жолу көрдү. Көңүлү ого бетер уйгу-туйгу болуп жүрөгү алда-немени сезгендей булкуп алды.

– Жакшысыңарбы, апа?!

Бетинен сүйүп, жанына отурду.

– Жакшы…

Апасы акырын гана алик алды да, үшкүрүнүп койду.

– Апа… Неге мынча шашылыш чакырттыңыздар?

– Аа, секет кетейин! Жөн эле сагынып чакырдык да…

Апасы бир нерсени жашырып тургандай тайсалдады.

– Качантан бери сагынып калдыңар эле? Анан да абдан чоң мейман болуп калгам го, ээ?

Кызынын какшыгына энеси жооп айтпады. Тек гана жоолугунун учу менен көзүн аарчымыш этти да, кайрадан күрсүндү. Картайып кетиптир. Жүзүн кат-кат бырыш басып, өмүр бою кара жумуш жасаган колунун эби кетип калгандай. Көздөрү муңдуу. Апасына жүрөгү ооруп кетти. Сөөгү көрүнүп ката түшкөн колунан аяр кармады. Баштапкыдай алдына жата кетти. Шуу эттире этегинен жыттап алды да, төгүлө албай араң турган көз жашын токтотууга алы жетпей өксүп жиберди.

– Балакетиңди алайын каралдым, ай! Ыйла, ыйлап ал… Сени ойлогондо сай-сөөгүм сыздап кетчү болду го.

Апасы кошо жашыды. Калчылдаган колдору кызынын чачынан аялуу сылады.

– Макул деп койдум… Макул дебеске аргам бар беле?! – деди каргылданган үн менен.

– Эмнени эле табышмактатып жатасыңар?! Же байкем дурустап айтпайт. Сиз да ар кайсы сөздү чарпып!

Ордунун тура калды.

– Отурчу каралдым… Ыйыңды токтот да, кулак сал. Бизди да, өзүңдү да кыйнай бербечи.

– Кимди кыйнап жатам?! Кимиңерден нан сурадым?! Жүрөм го өз арабамды өзүм тартып!

Жүзү ылдый төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай кыйкыра баштады:

– Мени неге төрөдүңүз, апа! Тагдырымды неге мындай тайкы кылып төрөдүңүз! Чарчап кеттим! Баарынан тажадым! Күйөөм бир күйөөдөй болгон жок! Ал өлбөй мен өлсөм эмне!

Бирде тура калып, бирде отура калып, денеси баш ийбей калгандай калч-калч эте, эриндери титиреп албууттана баштады.

– Болду! Токтот! Жөн койсо жин даарып кетет!

Апасынын үнү өктөм чыкты. Баягысындай… Бала кезинде укчу мындай өктөм үндү.

– И-ий! – деп жерди бир тепти. Эки тизесине башын катып отура калды да, үңүлдөп ыйлай берди.

– Ыйласаң ыйлап ал да, мени ук! Балдарың чачырап калды. Ошолорду ойло. Өзүңдү гана ойлой турган мезгил артта калган. Аларга эш болгонго, буттарына тургузуп адам кылууга жалгыз дараметиң жетпейт. Анан да… Тиги сен турган үйгө эртели кеч агаң ээлик кылаарын унутпа.

Мунун баарын билбей, туйбай калгансып неге айтып турат дегендей салаалап аккан көз жашын аарчыганга жарабай апасына тигиле карады.

– Апа! Мени балдарды ойлобойт деп жүрөсүзбү? Бассам-турсам аларды ойлоп, уктасам түшүмдө көрүп… Керек болсо базарда да алар деп жүрөм го!

– Билем балам, билем… – апасынын үнү жумшарып аянычтуу карады да, орчун сөздү айта албай жаткандай буйдала түштү. – Кел жакын отурчу… Сен эми баягы кичинекей кыз эмессиң. Турмуш көрө элек жаш келин да эмессиң. Бир эмес, Кудай берген үч балапаның турат. Кечээ кайын журтуң келген. Сунуштары бар экен. Ошону айталы, биз менен кеңешели дешиптир… Биз да алардыкын эп көрдүк. Атаң экөөбүздү ушинтип эле жүрө берет дейсиңби? Биз да арыдык, карыдык… Эчкиникиндей жашыбыз калды. Кетсем да жүрөгүм ылдыйлап кетейин…

– Апа! Маалкатпай түз айтыңызчы!

Апасынын үнү айласы кеткендей шыбырай чыкты:

– Күйөө баланын аталаш агасы бар экен го. Ажырашкан… Ошол жигитке башыңды байлаганга макулдугубузду бердик. Балдарың үчүн…

Апасынын сөзүнүн ары жагы угулган жок. Тагдырын качан эле чечип коюшкан экен да! Көзү тумандап, кулагы чуулдап чыкты.

Кечээ жакында эле бала кезден чогуу өсүп, чогуу окуган курбусуна жолуккан. “Сенин бала кезиңдеги шайыр мүнөзүңдү сагындым, – деген ал. – Класстын алдыңкысы элең го. Чоң окуу жайды бүтүрөм, жакшы жумушта иштейм деген кыялдарың эсиндеби? Болуптур, ал максаттарың убагында ишке ашпай калды. Күйөөм, балдарым деп жүрдүң. Эмичи?! Эми деле кеч эместир… Тагдырдын жазмышы экен. Жолдошуңан айрылдың. Бирок жашоо өтө берет да. Бүгүнкү эле күнүңдү ойлой берсең, келечегиң туңгуюк болуп калаарын билесиңби? Келечегиңди ойлосоң, окууга тапшыр. Сен окушуң керек!” – деген сырдашып отуруп.

Ошол мезгилде: “Кайдагы окууну айтасың?! Карыдым го… Анан да… Окуш үчүн акча керек. А мени ким колдойт дейсиң? Балдарымды багамбы же окуймбу?!” – деп караманча каршы чыккан. “Бир эмес, үч агаң турат. Колдорунда жок эмес. Алардан тартынбай жардам сура. Жалгыз карындашына каралаша албай калышыптырбы?! Апаң, атаңдардын көзү барында жардамын алып кал. Алар деле каршы чыгышпаса керек. Эң башкысы, өзүңдүн каалооң керек! А окуу үчүн эч качан кеч болбойт. Дагы айтарым, азыртан карыдым дегенге эч кандай акың жок!” – деген курбусу.

Ал кеткен соң көпкө ойлонгон. Анын айтканын бирде туура көрүп, каалаган окуу жайын бүтүрүп, сүйгөн кесибинде иштеп жатканын ойлоп кыялданса, бирде “Кайдагы окуу? Эсиңе кел!” деп өзүнө өзү каршы чыккан. Эми минтип ошол кыял, ошол максаттары эки анжы боюнча талкаланганы турат. Болгондо да эң жакын адамдары ойрон кылчудай! Коркуп кетти. Балалык кыялдарын өз каалоосу менен талкалаган. Эмичи? Жок, жок! Жол бербеши керек! Балдарын шылтоолоп турушкандарын кара! Алар жүк боло турган болсо өзү менен ала кетет. Кайнагасына башын байлагыча өз жанын өзү кыйганы артык!

Бул оюнан бүткөн бою дирт эте чоочуду. Эмнени ойлоп, эмне деп турат?! Эч качан антпейт! Балдарынын күнү кантет?! Чоңдордун туура эмес кылыктары үчүн эмнеге балдар жабыр тартышы керек?! Бир заматта мээсине эмне деген гана ойлор келип кеткен жок. Керек болсо ушул мүнөт, ушул саам бүтүндөй өмүрү көз алдына тартылып кеткенсиди. Күчүн жаштан чыгарып ыйлагандан, баш-аягы жок ойлор менен алпуруша бергенден майнап чыкпасын түшүндү. Молодой мелтиреп үн катпай бир чекитти тиктеп көпкө отурду. Салаалап аккан көз жашы кургады. Апасын эми гана көрүп тургандай кадала тиктеди. Акыры үн катты:

– Апа… Апакебай… Сиз ушул чечимиңерди туура деп эсептедиңизби? Атамчы? Ал дагы макул болдубу? Менин келечегимди ушинтип оңдоп коёбуз деп ойлоп турасыңарбы?! А менин каалоом, оюм, тилегим, кыялдарым силер үчүн маанилүү эмеспи? Болуптур, жаштык кылып сүйүү деген ушу экен деп эртелеп күйөөгө тийдим. Анын ар бир кылыгын көтөрдүм. Аялдын милдети ушундай болот деген сөзүңүзгө ишендим. Өз күнөөмдү өз мойнум менен тарттым. Баарына кайыл болуп, балдарым үчүн жашадым. Эмичи?! Эми да тагдырымды бирөөгө байлашым керекпи? Кайрадан ой-тилек, максат-кыялдарымды талкалашым керекпи?

Кызынан мындай сөз чыгат деп күтпөгөн эне жооп таба албай көзүн ала качты. Тек гана оор күрсүнүп алды да:

– Кызым… Жалгыз калсаң… келечегиң кандай болот? – деди акырын.

– Эмнеге жалгыз?! Силерчи?! Балдарымчы?! Бир туугандарымчы?! Сөзсүз түрдө келечегим күйөөнүн колунда болушу керекпи?!

– Күйөөдө… – апасы ишенимсиз үн катты.

– Апаке! Менин келечегим чындап кызыктырса, чындап мени ойлосоңор, өзүм каалаган окуу жайга тапшырайын, бир кесиптин ээси болгонума жардам бергилечи. Менин суранычым, менин ой-максатым ушул гана. Балдарымды гана каралашканга жардам кылсаңар… Калганын өзүм…

Аба жетпегендей оор дем алды да, сөзүнүн аягына чыкпай сыртка бет алды.

Короо тараптан иттин арсылдаганы, “Кет! Кет дейм! Жат нары!” – деп агасынын кыйкырганына удаалаш: “Оо, кудалар, келгиле, келгиле!” – деген атасынын каргылданган үнү угулду…

Арасат алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Бурганактуу тагдыр
2.8/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Бишкек–Стамбул каттамындагы учак абага көтөрүлө баштады. Жүргүнчүлөрдүн арасында жашы элүүдөн небак ашып, алтымыштын кырына келип калса да сулуу жүзүнүн нуру кайта элек, көзүнөн мээрим төгүлгөн аял да бар. Булут жиреген учак улам бийиктеген сайын аялдын жүрөгү опкоолжуп, карегине жаш топтолду. Уул-кыз, неберелеринин кол булгалап тургандарын элестетти. Артка кайткысы келди. Бирок эми кеч. Кур дегенде бир ай, болбосо жылдап аларды көрбөйт. Буга дейре алыска сапарга чыгам деп түк ойлогон эмес. Түркияны кой, тиги турган Ош–Жалал-Абадды, кыйкырса үнү жетчүдөй аралыктагы Таласты көрө элек. Бир курдай кудага бара жатып чалкып жаткан Ысык-Көлдү тээ алыстан суктана караган. Жүрөгү элеп-желеп болуп бир башкача делөөрүгөн. Унаадан түшө калып, көлгө боюн таштагысы келген. Бирок жанындагылардан кысынып, ордунан козголо албай тим болгон.

Көп нерседен тартынчу. Керек болсо, курбу-курдаштары бул жайлоо, тиги курорттон эс алып келгендерин айтып мактана баштаганда унчукпай, же тек гана “ээ, жайлоону мен көргөнчөлүк эч ким көргөн жок го” деп тамашалай кутулуп кетчү. Минтип айтканынын да себеби бар эле. Жаш кезинде жолдошу экөө колхоздун коюн кайтарышты. Документте ал чабан, бул койчу. Түмөндөгөн кой айдап жайлоодон жайлоо, кыштоодон кыштоо которушту. Кышкы ызгаар, жайкы аптап…

Биринин артынан бири төрөлгөн уулдары. Карышкырга жардырып жиберген канчалаган койлор. Ээн талаадагы сарайда эмчектеги баласы менен жалгыз калган күндөр. Улуп-уңшуган карышкырлардан коркконуна карабай мылтык көтөрө жүгүргөн түндөр… Алигече баары көз алдында. Кечээ гана болуп өткөндөй. Кезинде билинбегени менен, ошол мезгил, ошол күндөр жашоосундагы эң бактылуу учурлары окшобойбу. Ошол күндөрдө чарчадым дечү. Тажадым дечү. Ушинтип эле кой артынан калабызбы деп далай көз жаш төкчү. Көрсө…

– Эже, бир жериңиз ооруп турабы? Стюардессаны чакырайынбы?

Жанындагы жүргүнчүнүн үнүнөн селт этти.

– Жо-ок… Рахмат! Баары жакшы…

Ойдун кучагында отуруп, көзүнүн жашы салаалап акканын деле этибар алган эмес экен.

– Биринчи жолу учушум. Ошого гана бир аз опкоолжуп турат окшойм, – деди жашын сүртүп.

Тагдырына жазган ар бир кыйынчылыкты жан адамга билдирбей, эч кимге даттанбай көтөрдү. Керек болсо күйөөсүнө да, балдарына да көз жашын көрсөтчү эмес. Ооруганын да жашырып коёр эле. Эми минтип бейтааныш бирөөнүн алдында кыжаалат боло түштү.

– Эс алууга баратасызбы?

– И-йи… – деди баш ийкеп.

А чынында иштегени жөнөгөн. Эс алууну билбей көр оокат деп тытынганына, кара жанын карч урганына ким күнөөлүү эле? Катар-катар төрөлгөн кыз-уулдарыбы? Кырсыктын айынан эртелеп төшөк тартып жатып калган эриби? Маңдайына ушундай тагдырды жазып койгон Жаратканбы? Ким?! Ким?! Кээде ушундай суроолорду өзүнө өзү берип алып жообун таппай карайлап калмайы бар. Ошондой маалда эч ким көрбөгөн ээн талаа, эрме чөлгө барып үнүнүн барынча кыйкырып алгысы келчү.

– Эс алганы баратсаңыз, жакшы экен… Эл таанып, жер көрүп келет экенсиз. А мен иштегени баратам. Эжем тосуп алат. Анын кеткенине эки жылдан ашты. Тапкан акчасы жакшы. Мени да жаш кезиңди бекер өткөрбөй иштеп кал деп чакырды.

– И-йи… – деди дагы.

Башка эмне демек? Менин да уул-кызым акчанын артынан Орусияда мигрант болуп жүрүштү, эми өзүм да жолго чыктым дейби? Кызык… Муну эч ким акча тап, каражат керек деп кыйнаган жок. Анан эмнеге акча тапчу элем деп алыска аттанды?! Ушул жашка келгиче кайда барбасын, кайда жүрбөсүн ар дайым үйүнө шашчу эле го. Кайда барбасын дегенин кара! Жамандык, жакшылыкта гана айыл-апага каттаганы болбосо, дегеле үйүнөн алыс чыккан эмес. Эми минтип тээ алыска, кайнаса каны кошулбаган бөтөн эл, бөтөн жерге кетип баратат.

Көздөгөн жерине жетиш үчүн дагы бир учак которду. Көп жылдардан бери Түркиянын Анталия шаарына жакын айылдардын биринде жашап-иштеп жүргөн курбусу чакырбаса, бул жакка келүү түшүнө да кирмек эмес. Өмүр бою айылда жашагандыктан шаар жеринин тумчуктурган абасын, кымгуут түшкөн көпчүлүктү, ары-бери зуулдаган автолорду жактыра бербейт. Ошондуктан курбусу Гүлипанын айылда жашап иштейсиң деген сунушуна дароо макул болгон.

Аэропорттон Гүлипа кучак жая тосуп алды. Бири-бирин кучагынан чыгаргылары келбей көпкө турушту. Бирде жылмая тиктешип, бирде көздөрүнө жаш алып, ал-акыбал сурашып – сөздөрү түгөнбөй, зуулдаган таксиде кетип баратышты.

– Менин кошунам “сиделка” издеп жатат. Иштей бересиңби? – деди Гүлипа сөз ортодо.

– Албетте! – деди жылмайып. – Колуман келер жумуш болсо эле…

– Сен карай турган байбиче 80дерде. Кир-когун машинеге салып, тамагын белендеп дегендей. Кошуналарым түзүк кишилер. Айлыгыңды жакшы төлөшөт. Негедир, буларга көптөн бери “сиделка” токтобой жатат.

– Балким, кемпирдин мүнөзү жамандыр?

– Андай деле эмес… Макул көрсөң, азыр эле барып тааныштырып коём. Калганын өзүң чечишип аласың.

Курбусу жашаган аймак кадимки кыргыз айылдарындай экен. Бир чоң айырмасы короо толо өскөн мандарин, апельсиндер болду. Жомоктогудай сезилди. Тимеле көз жоосун алат. Андан да терилбей жерде жайнап жаткандарычы! “Ушулар бизде өссө, ээ?! Анда эле мандарин, апельсин сатып эл байымак да!” – деди кыялында.

Байбиче жашы келип калганына карабай өз боюна тың, таза, жароокер жан экен. Экөө бири-бирине тез эле ылым санап калышты. Тилди эми гана үйрөнө баштаса да, кемпирдин эмне каалап турганын жаземдебей билет. Мүнөзүн, терезени телмире тиктеп калган адатын, кээде абскан-турганын да апасына окшоштуруп калчу болгон.

Апасы демекчи… Ал тээ качан эле өтүп кеткен. Андан бери канча жолу мезгил алмашып, канча суулар акты. Эми минтип өзү да ошондогу апасынын курагына жетип калды. Аттиң десең! Убакыт учкан куштай деген чын белем… Улам жашы өйдөлөгөн сайын апасын көп эстеп, көп ойлойт. Туубаса да тутунган апасы эмес беле. Эч качан өгөйлөгөн эмес. Айтмакчы, апасынын өз эмес экенин билген күн эсине түшкөндө дайыма жүрөгү канап, мууну бошоп кетет…

Тоо этектей жанаша тигилген боз үйлөрдүн биринде Айсулуу кошуна келин менен отурат.

– Атам согуштан кайтпай калган дейсиң… Эми, элестетсең… Согушта каза болгон адамдан кантип сен төрөлмөк элең? Же апаң башка күйөөгө тийбесе?! Кызыксың ай! Өзүңө ушул суроону берип көрбөйсүңбү? – деди кошуна келин шыбырап. – Билип алганың өзүңө деле жакшы да…

Эбиреген бул келиндин бир сөзү кулагына кирсе бири кирбей, Айсулуунун дене-бою зырпылдады. Бүткөн боюн тер каптап, башы айланып чыкты. Жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү. Ичинен онтоп алды.

Кошуна келин өз вазипасын аткарып болгондой акырын турду да, баласын алып сыртка жөнөдү. Ал чыгып кетер замат Айсулуу өксүп-өксүп ыйлап жатты. Уккан кулагына ишенбей турса да, көңүлү тынчыбай койду. Кантип эле деди ичинен. Мунун чын-төгүнүн кимден сурайт? Апасынын көзү өтүп кеткен. Агасычы? Ооба, агасы баарын билсе керек! А балким, мунун баары кошуна келиндин калпыдыр?..

Баласынын быйтыйган колу жүзүн аарчыганда, Айсулуу өзүнө келди. Көз жашын көлдөткөндөн пайда жок деп акыл токтотту. Жарым сааттык аралыкта кайненесинин үйү. Балдарын ошол жакка калтыра туруп төркүнүнө тезирээк жетпесе, жүрөгүн мыжыккан суроого жоопту агасынын өз оозунан укпаса болбойт. Апасынын көзү өткөн соң “энеден кийин төркүн жок” дегенди эшиткен. Бирок бара-бара бул сөздүн өзүнө тийешелүү эмес экенин баамдаган. Агасы менен жеңеси ата-энеден кем эмес. Турмуш жолуна да өз колдору менен узатышкан. Ар дайым каралашып турушат. Уялаш агасынын уул-кыздарын бир туугандай жакшы көрөт. Алар да эжекелеп жан-алдары калбайт. Апасы гана жок. Кайран апасы! Согуштун оор запкысын тартып калгангабы, сөзгө кем эле. Башкалардын да көп сүйлөгөнүн жактырчу эмес. Эх-х! А балким, ошол мүнөзүнүн айынан кызына сырын айта алган эместир? Мына ушул мүнөт, ушул саам апасына таарынып да, сагынып да бара жатты…

Бала кези өткөн үйдүн карааны көрүнөр замат жүрөгү зырпылдап, көмөкөйү кысылып чыкты. Кайрадан карегине жаш топтоду. Көчө жаңырта бакырып ыйлап жибербей өзүн араң кармады.

Короодо бирдемеге алектенген агасы көрүндү. Тээ нарыда бөбөктөрү ойноп жүрөт. Айсулууну көрүшсө сөзсүз утурлай жүгүрүп келери анык.

Дарбазага жакын орнотулган суу түтүкчөсүнөн бети-колун чайып, көк чөпкө отура кетти. Ушундай маалда агасы да, балдар да байкабай турушканын кара! Агасы кел-келе гой десе, бөбөктөрү жүгүрө жетип адаттарынча моюнуна асыла эркелешсе, ичиндеги уйгу-туйгу оюн тезирээк жеңип, үйгө кирип кетет беле? А балким, ого бетер буркурап ыйлайт беле? Оор улутунду.

Ии баса, жеңеси жаңы келин болуп келген күнүн минтип айтып берген. “Көшөгөдө ыйлап отургам. Бир маалда кыпкызыл көйнөкчөн, өңүрүнө сайма түшүрүлгөн чыптама кийген, эки бети туурулуп күнгө күйгөн, көздөрү тептегерек кара кыз кирип келди. Мени таң кала карап бойтоюп жаныма отурду да “ыйлаба” деп бетимен сылады. Ошол сен болчусуң… Тилиң жаңы чыгып таттуу кезиң экен. Дароо боорума тартып өз кызымдай жакшы көрүп калгам.” Анан кантип эле ушундай жакын адамдары өгөй болуп калсын?! Жо-жоок! Андай болушу мүмкүн эмес!

– Эжеке-е!

– Эжеке-е!

Селт эте башын көтөрдү. Кулач жая жарыша чуркап келаткан бөбөктөрүн көрдү. Көз жашын аарчый, алардын алдынан утурлай басып, ар бирин бетинен сүйүп жайдары көрүнүүгө аракеттенди.

Агасы карындашынын көзүндөгү мөлтүлдөгөн жашын көргөндө чочуп кетти.

– Эмне болду?! Тынччылыкпы деги?!

– Эч нерсе… – деди жүзүн ала качып.

Жеңеси эшик алдындагы сөөрүдө ийик ийип отуруптур.

– Ии, кел… – деди ордунан обдула. – Балдарың кана?

Жеңесинин суроосун жоопсуз калтырды. Баштапкыдай жайдары учураша албай жер тиктеди.

– Кайдан келе жатасың? – деди бүшүркөй карап жеңеси.

– Мындай эле…

Оозун араң кыбыратып жооп беримиш этти да, акыры кармана албай ыйлап жиберди.

– Ай, эмне болду ботом?!

Жеңесинин ай-буйуна да, агасынын сөздөрүнө да көңүл бурбай, бугу чыкканча ыйлады. Акыры ый аралаш айтты келгенинин жайын, көз жашынын себебин. Тунжурап калышты. Жеңеси агасын, агасы жеңесин карады. Үн-сөз жок бир кыйла отурушту. Акыры агасы минтип сөз баштады:

– Жыйырма бештин тегерегиндеги кезим. Сабагым эрте бүткөнүнө карабай мектепте көпкө кармалып, каш карайып күүгүм кирип калган кезде чыктым. Айлана аппак. Эртең менен сампарлап жаап баштаган кар кечке дейре жолду көрсөтпөй салыптыр. Улам бир күрткүгө кабылып, үйгө жетмегим тозокко айланды. Ошол маалда алдыман бир атчан көрүндү. Кошуна айылда жашаган алысыраак таякелерден экен. Салам айтканымды укпагандай, омуроолотуп өтө берди. Негедир ыйлап бараткандай. “Ой, таяке! Жайчылыкпы, деги? Кайдан келатасыз?” – дедим шашып. “Аа… Сенсиңби? – деди ат тизгинин буруп. – Ишиңен ушунча кеч кайтасыңбы?”

Чын эле ыйлап алгандай үнү каргылданып чыкты. Кабагы бүркөө. Шаабайы суз. Бир нерсеге кабатыр болуп, сарсанаадан эзилип турганын жүзүнөн көрө албасам да, үнү айтып турду. “Мектептин ишин билесиз да, таяке!” – дедим. “Аа… Мейли анда. Аман бол!” – деген тайкем тизгин жайды.

– Ой, таяке! Шашылыш болбосоңуз, үйгө кайрыла кетиңиз. Даам ооз тийип, эжекеңизге учурашып дегендей… Балким, конуп кетерсиз? Караңгы түндө айылыңызга жетиш кыйын болот го. Анын үстүнө кар да калың жааптыр, – дедим.

– Чакырганыңа рахмат! Ансыз да силердин үйдөн келе жатам. Кыштын күнү бир айылдан бир айылга жөнү жок чабыттап жүрөт дейсиңби? Ушунчалык үмүт артып келдим эле, – деди да, уңулдап ыйлап жиберди. – Эжем да ооруп жүргөн турбайбы. Анан кантип артам догумду?

Ыйлап да, сүйлөп да жатты. Мен эч нерсени түшүнө албай дендароо болдум.

– Таяке! – дедим акыры. – Балким, мен жардам берсем болор сизге?

– Аа, жээн! Сенин колуңан келер иш болсо, ушинтип тагдырыма таарынып кете берет белем? – деди кайрадан көзүнө жаш алып.

Дал ушул маалда таякемдин коюнунан кызыктай бир үн угулду. Күчүк же бир башка жандыктын баласын койнуна салып алганбы деген ой келди. Көрсө, койнундагы сен экенсиң… – деди агасы

Ар ким өзүнчө ойго батып, кыйлага чейин отурушту. Акыры агасы кайрадан сөз улады:

– Таажеңемдин төрөттөн каза болгонун укпаптырмын. Бир чети жолдун алыстыгы, бир чети байланыштын жогу… А балким, апамдын уялаш бир тууганы болбогонго кабар беришкен эместир? Согуштун бүткөнүнө он жылдан ашык убакыт өткөнү менен, карапайым эл курсагы тоё нан жей элек мезгил. Ал аз келгенсип ошол жылы кургакчылык болуп колхоз-совхоздун эли өтө кыйналып калган.

Таякемдин келген чоо-жайын укканда, бир азга дем тартпай туруп калдым. Анан, кайраттанып, “кызыңызды мен багып алам!” дедим. Үйлөнө элек жатып бала бакканды ким коюптур деп каршы болгонуна карабай таякемди үйгө алып келдим. Түн оогончо кеңештик. Апам ары кетип, бери кетип, акыры макул болду. Таякем сени улам жыттап, улам бооруна кысып, ээгинен ылдый куюлган көз жашын аарчыганга жарабай бир топко турду. Апаман да, менден да өз кызыбыздай асырап алабыз деген убадабызды бекем алган соң, жөнөп кетти.

Айсулуу агасынын аңгемесин жүрөгү тилинип, көз жашын төгүп укту. Төрөттөн каза болгон өз апасын аяды. Көз жашын көл кылып жалдырап келген атасына жүрөгү ооруду. Энеден эрте ажыраткан ажалды тилдеди. Ачарчылык, жокчулук, кыйынчылык алып келген согушту каргады. Ыйлап жатты.

– Ай кыз! Болду эми уңулдай бербей! – жеңесинин өктөм үнү угулду.

Жеңеси боорукер, колу ачык, даанышман, ошол эле маалда өтө сүрдүү. Уул-кыздарын кыйкырып урушканын, кээ бир аялдарга окшоп каргап-шилегенин, чыбык көтөрө жүгүргөнүн көргөн эмес. Бирок бир көз карашы менен баарын орду-ордуна коюп коёр сүрү бар. Бул үйдө анын айткан-дегени мыйзам. Ошол тартипке Айсулуу да көнгөн.

– Байкеңдин сени алып калганына ыраазы гана болушуң керек. Үйлөнө элегине, бала багуунун түйшүгүн көрө элегине карабай сени өз кызындай алпештеп чоңойтуптур. Атаң да ишенгени үчүн сени буларга алып келди да. Болбосо, айылдаш, жатындаш туугандарына деле алпармак? Эч нерседен кем кылган жокпуз. Башка уул-кыздарыбызды кандай көрсөк, сени да ошондой жакшы көрөбүз. Мен жаңы келин болуп келгенимде үч жашар, кипкичинекей кыз болчусуң. Ошондо, чынымды айтсам, байкеңди атаң экен деп ойлогом. Кийин окуянын чоо-жайын билген соң агаңа сыйым күчөдү. Бирөөнүн баласына ушунчалык кам көрсө, өз канынан жаралган уул-кыздарына эң жакшы ата болот экен деп ишендим. Ишеничим акталды. Албетте, эртеби, кечпи акыры укмаксың. Бирок да, ошол айтып барган адам өзүнүн пас экенин билдирип коюптур. Мейли эми, бир чети аныкы деле туура болду окшойт. Кыз болсоң да ата-тегиңди билип алганың дурус.

Ошону менен сөз бүттү. Ойлонуп көрсө, жеңесинин айтканы орундуу экен. Балким, тагдырына бул үй-бүлөнү жазганына ыраазы гана болушу керектир? Булар ток болсо ток, ачка калса ачка калды. Окуду-чокуду. Жактырып жүрүп өмүрлүк жубай тапты. Турмушка башкалардан кем кылбай узатышты. Кудайга шүгүр деш керек го. Анда неге ыйлайт да неге ыза болот? Илгери үмүт, жакшы тилек менен тогуз ай көтөргөн, омурткасы сыздап толгоо тарткан, ичинде жатканда эле эзиле сүйгөн өз апасын таш боор ажал эртелеп алып кеткенине, адам өмүрүндө болуучу ар бир бактылуу көз ирмемдерине күбө болбой калганына ичи күйдү бекен?..

Бара-бара түрк тилин өздөштүрүп алды. Байбиче менен ээн-эркин сүйлөшөт, сырдашат. Ал абышкасы менен өткөргөн өмүрүн айтып бергенден тажабайт. Анда-санда казан-аяк кагышып калганы болбосо, бири-бирибизди сыйлап, сүйүп, ынтымакта жашадык дейт. Жигит кезинде ашык болгон кыз-келиндер көп эле, ошого карабай жалгыз мени сүйдү деп күлүп эскерет.

Угуп отуруп, Айсулуу өзүнүн маркум күйөөсүн элестетет. Коюу кирпик-кашы бадырайган капкара көздөрүнө сүр берген, узун бойлуу, ачык-айрым, тамашаны айта да, көтөрө да билген эстүү жигит болчу. Колунда бар-жогуна кайыл болуп жардам сураган адамдан аянчу эмес. Экөө баш кошкондон тарта колхоздун коюн кайтарышты. Күйөөсү кой артында болсо да чыкыйып таза жүргөндү жакшы көрөр эле. Алчактата ат минип, анда-санда өтүп калчу майрамдык салтанаттарда байге алып, айыл эле эмес районго таанылып калган кезинде кырсыкка кабылды…

Демейде ат минип жүргөн жигит, ошол күнү жөө чыгат айылды көздөй. Жол ортолоп калган кезде арттан келген тракторго учкашат. Кандайча, кайсы маалда экенин ким билсин, трактор аласалганда, айдоочу экөө тең жаракат алып ооруканага түшөт. Ошол кырсыктын айынан майып болуп калбадыбы, аттиң! Көз тийди дешти кай бири. Бул да болсо Жараткандын сыноосу дегендер болду. Ар ким билгенин сүйлөдү.

Эх-х! Ал күндөрдү ойлогондо азыр да жүрөгү канап кетет. Эң башкысы, күйөөсү мүшкүлдү чыдамкайлык, сабырдуулук менен көтөрдү. Анда-санда жаман кыялын карматып жибергени болбосо, баягы жайдары мүнөзүн, тамашакөйлүгүн калтырган жок. Балким, ичтеги муңун, көңүлү ооруганын билдиргиси келбегендир? Үйдүн кожоюну, кыз-уулдардын атасы чөгүп, муңканып жатып алса башкалар кантет дегенби? Үйдөгүлөргө эле эмес, кирген-чыккан кошуналарына да, мейманчылап келгендерге да тамаша ыргытып, куйкум сөзү менен өзүнүн да, өзгөнүн да көңүлүн көтөргөнгө жетишчү. Ошондуктанбы, айтор булардын үйүнөн киши үзүлгөн жок. Төшөк тартып жатканын бара-бара этибар албай деле калышкан. Айтмакчы, ошол кырсыктын болгонуна да, тагдырына жазылган кыйынчылыктарга да өмүрүндө бир жолу көргөн лөлү аялды али күнчө күнөөлөй берет. Балким, ага кездешпегенинде тагдыры башкача болмоктур?..

Тоо этегинде жайгашкан кичинекей айыл. Колхоздун иши жүрүшүп, эмгекчилер айлык акы алып, бир аз да болсо тоюнуп калган мезгил.

Күн алыс айыл аралаган лөлүлөр үймө-үй кыдырып самын, чай, мончок-шуру, балдар кызыгарлык майда-чүйдө буюм-теримдерди тамак-ашка алмашып кетишет. Булардын караандары тээ алыстан көрүнгөндө көчөдө ойноп жүргөн жаш балдар алдыларынан утурлай чуркашат. Алгач адаттан тыш кийимчен, баскан сайын шылдырттаган жылаң буттарындагы мончок-шуру, чынжырчалар, жондоруна көтөргөн баштыктары жаш баланы гана эмес, чоңдорду да кызыктырса, бара-бара көнүмүшкө айланган.

Тегереги зым менен тосулган короодо улгайып калган аял чөөгүндөгү сууга улам колун малып жашы ондун тегерегиндеги өспүрүм кыздын белине түшкөн чачын өрүп жатты. Ушинтип суулап, тысырайта өрүп койсо, эки-үч күндөп жүрө берет. Болбосо, кайра-кайра өрүп отурганга кайдагы убакыт?

– Апа, – деди кыз, – бүгүн лөлүлөр келсе, мага шуру алып бересиз, ээ?

– Албетте, алып берем.

Кыз кудуңдап, апасын кучактай бетинен сүйдү.

– Болду эми… Чачыңды өрүп бүтөйүн, – деди аял суз гана. – Бөбөктөрүң ойгонсо, саксайган бойдон каласың.

Уул-келини жумушта. Катар төрөлгөн неберелери менен алпурушуп жатып эми эле уктаткан.

– Самын да алышым керек…

Эстетип кой дегени. Аз сүйлөйт. Кабагы анда-санда ачылып калганы болбосо, көбүнчө ойлуу жүрөт.

Кыз тынч отура албай, улам башын көтөрүп тээ алысты карай берди.

– Ойдолоктобой жөн отурчу! – деди апасы далыга нукуй.

Кыздын эси-дарты лөлүлөрдө. Аларды байкабай өткөрүп жиберсе, шурусуз калары анык. Баягыда курбусунун мойнундагы мончокту көрүп абдан кызыгып калган…

– Апа-а! Келе жатыша-ат! – деди кыз кубанычтуу кыйкырып.

– Ким?!

Аял чочуп, ордунан тура калды. Анан кызы көрсөткөн тарапка серепчилей карады.

– Кудай урган, – деди кобурап, – анча эмне сүйүндүң?

– Мончок…

Кыз акырын шыбырай үн катты.

Бир баштык талканга самын, мончок сатып алып, үйүнө кайткан аялдын артынан лөлү калбай ээрчиди.

– Төлгө салам! Акысына бир нан берсеңиз болот! – деди колунан тартып.

– Кереги жок!

Аял жактырбай, колун силке бурк этти. Лөлү ансайын ээрчий, жанына жакындай берди да аялдын кулагына бирдемелерди шыбырай айтты.

– Кет! – деди аял жинденип, – Алчумду алдым, берчүмдү бердим! А тагдырымды сенсиз да билем!

– Мейли… Өзүңдүкүн билгиң келбесе, тиги кыздыкын айтып берейин, – деди лөлү таңыркай карап турган кызды кол жаңсай көрсөтүп.

Лөлүнүн көзүндө сыйкыры бардай сезилди. Буту-колундагы чынжырчалардын шалдырагы катуураак угулду. Эми эле ачык турган күндүн бетин булут жаап, айлана күңүрттөндү. Күтүүсүз өзгөрүүдөн чочуган кыз апасына тызылдай жетип, колунан бекем кармады.

– Апа! Апа, жүрүңүзчү тез, үйгө кирип кетеличи!

Апасы анын айтканын укпагандай мелтиреди. Кимдир бирөө этегинен тартып тургандай нес болуп калды.

– Бул кыз турмушка эрте чыгат. Катар-катар төрт уулдуу, андан соң кыздуу болот. Ошондон кийин үй-бүлөсүн чоң кырсык күтүп турат! – деп колун жаңсай сүйлөгөн лөлү артын карабай кетип баратты…

Дем алыш күнү кааласа базар аралайт, кааласа кафеге кирет, шаарга чыгат. Кээде жалгыз, кээде курбусун чакырат.

Бүгүн Гүлипа менен дүкөн кыдырат. Маяна алган сайын балдарына, неберелерине белек-бечкек алган адаты бар. Ырас, уул-кызы акчаңызды өзүңүзгө сарптаңыз дешет. Бирок кайсы муктаждыгына иштетет? Тамак-ашы, жаткан жери бекер. Мода кууп улам бир кийим алайын десе, жаш эмес. Алтындары деле жетиштүү. Уул-кыздары эрезеге жетип иштеп баштаганы, эч нерседен кем кылышкан жок. Бала кезинен барчылык-жокчулукту көрүп, эстүү болуп өсүштү.

Айсулуунун Түркияга барып иштеп келем дегенин укканда баары караманча каршы болушкан. “Төрт уулу туруп бир энесин бага албай калыптыр деген сөзгө калтырасың”, – деген уулусу. “Өмүр бою атамды бакканың аз келгенсип, эми Түркияга барып кемпир-чалдын түйшүгүн тартасыңбы?” – деген кызы. “Акчадан кыйналып жаткансып ал жакка эмне бар?” – деген дагы бири. Кетем дегенин укканда туугандары менен кошуналары да жактырган эмес.

Күйөөсү тирүү болсо, эч жакка кетпесе керек эле. Анын көзү өткөн соң үй ээнсиреп, Айсулуунун жашоо ыргагы токтоп калгандай сезилген. Кайда барбасын, эмне менен алектенбесин, жолдошун ойлоп, үйүнө шашылчу окшойт. “Он уулум болгуча, осурак чалым болсочу” деген сөз бекер жеринен айтылбаса керек. Албетте, кыз-уулдары жаман чыккан жок. Апакелеп көзүнүн агы менен тең айланып турушат. “Кайнененин камырынан” дегендей, келиндери да тың, иш билги, тил билги. Бирок… Күйөөнүн орду бөлөк, күйөөнүн орду бийик болот тура! Анын үстүнө үй түйшүгүн гана эмес, сырт түйшүгүн да жалгыз өзү тартып жүргөн жаны келин жумшап отурууга көнө албай койду көрүнөт. Аны жасайын десе уулдары, мунусун кылайын десе келиндери колдон талашат. Өзүн артык баш кишидей, эч кимге кереги жок болуп калгандай сезгендир?..

– Апе-ей ай! Мен тиякта күтү-үп… А бул терезе кара-ап…

Селт эте чочуду. Курбусу менен жолугарын эстен чыгарып жибериптир.

– Ой! Сага өзүм келгеним жакшы болгон турбайбы. Даярсыңбы? Кеттик. Такси күтүп калды. – деди Гүлипа шаштырып.

– Кечир! Мына, мен тез эле.

Сүйлөшкөндөй дүкөн кыдырып майда-барат буюм-терим алышты. Неберелериме деп кийим-кечек тандашты. Айсулуу адатынча көчмө базардан мөмө-жемиштин, жашылчанын түрүн алды. Айтмакчы, “чөп-чардан” тажады. Бирок айласы жок. Албаса болбойт. Кемпир эмнени жесе, ошону жасап бергенге туура келет. Анын үстүнө бул жакта кары-картаңдар гана эмес, баары эле ден-соолукка зыян деп эт менен камыр тамактан жаа бою качышат экен. Башкасына көнсө да, ушуга көнө албай кыйналып жүрөт. Беш бармакты сагынды. Булоолоп бышкан казан толо этти сагынды. Булар манты жасаганды да каалабайт экен. Кызык! Тамактын эң даамдууларынан баш тартышканын карасаң!

– Алаарыңды алып бүтсөң, кетели… Базар, дүкөнгө эч нерсе калтырбай койдук окшойт, – деди Гүлипа тамашалай.

– Этти сагындым… Беш бармак, куурдак жегим келип жүрөт. Айылдагыдай… Казан толтура бышырып… – деди бирөө укса уят болчудай шыбырай сүйлөп.

– Сагынсаң, эт ал. Бышырып же. Мен кээде өзүмө тамак жасап алам. Үйдүн кожойкеси деле көнүп калган. Алгач “болбойт”, “зыян” дечү. Эми менден талашып балакеттей эле жейт.

Каткыра күлүштү.

Чын эле! Буга чейин ойлонбогонун кара! Алгач өзүнө гана жеткидей бышырат. Анан байбичеге жагып калса, чогуу жей бербейби.

Эт саткан дүкөндөн кой этин сатып алды. Бүгүнкү кечти ойлоп кудуңдады – беш бармак болбосо да манты жасайт!

Бүгүн кафеге жалгыз келди. Тейлөөчү жигитке кебабдын бир түрү менен суусундук буюртуп, анан терезеге тигилди. Курбусун кечээ жакында Кыргызстанга узаткан. Ал менен чогуу жөнөйүн дегенде, байбиче сен кетсең, мен өлөм деп туруп алды. Мекениме кайтам дегенди укса эле бышактап ыйлай баштайт. Экөө бири-бирине жалданма жумушчу менен кожойкедей эмес, эне-кыздай жакын болуп калышыптыр…

Алдына келген тамакты ооз тийимиш этти да, улутунуп алды. Кайрадан терезеге тигилди. Ары-бери кубалашкан, бир жаккадыр шашкан адамдар. Зуулдаган унаалар.

Жолдошу менен алгачкы да, акыркы да ирет ресторанга барган күн эсине түштү…

Фрунзенин кечи. Дзержин сейил багына келген эки жаштын кубанычында чек жок. Айылдан бүгүн гана келишкен. Баятан шаар кыдырып, музей көрүп эми минтип сейил бактагы эс алуучулардын катарында отурушканына курсант.

– Тез эле келебиз дедик эле, бизди күтүп агамдар сарсанаа болуп жатышат го. Кетели… – деди келин жолдошун жылмая тиктеп.

– Бир аз жүрө турбайлыбы. Фрунзеге дагы качан келмек элек? – деди келинчегинин белинен имере тартып жүзүнөн сүйгөн жигит. – Же отко чакырчу дагы бирөө жарым барбы Фрунзеде? – деди күлүп.

– Билбейм… Бардыр. – келин ийинин куушурду.

– Жүрү, мынча болду ресторанга да кире кетели.

– Койчу, ай… Ушул кебетем мененби? – келин так секире чочуду. – Анын үстүнө жеңемдин дасторконун көрдүң го. Үйдө тамак жайнап турса, ресторанда эмне бар?

– Ресторанга сөзсүз эле тамак жеш үчүн кирмек беле?

– Анан эмне үчүн?

– Бийлеш үчүн!

– Көйнөгүм бийлегенге да, ресторанга да ылайыгы жок. Барып алып шаардыктарга уят боломбу? – деди келин кыткылыктай күлүп.

– Көйнөгүң эң сонун! Анан да бир нерсеге ишен! – деди күйөөсү сөөмөйүн көтөрүп. – Көйнөк сенин эмес, сен көйнөктүн көркүн ачасың. Керек болсо мен шаардыкмын деп каш серпкен ар бир кыз-келин сага көз артып, сендей сулуу боло албаганына ичи күйөр… – деди жубайына куштарлана тигилип.

– Ооба сага… – деди Айсулуу уялыңкы жылмайып.

Ресторанда акыркы кардар кеткиче отурушту. Шампандан жүздөр тамылжып, көздөр менен арбашып, сүйүүгө толгон жүрөктөр бирге какты. Аземдүү залды шаңга бөлөгөн музыканын ыргагына жараша бирде каалгый, бирде чимириле бийлешти.

– Дагы далай келебиз! – деди жигит жубайынын тамылжыган жүзүнөн сүйүп…

Адатынча ашканада күйпөлөктөп тамак жасап жатканда тун уулу чалып калды.

– Апа! – деди уулу учурашып-учураша элек. – Келе жаткан айда небереңизди отургузуп, тууган-урукту чакырып бата алып койсокпу деп сүйлөшкөнүбүздү унута элексизби?

– Кантип унутайын… – деди бир аз кайпактап.

Чынында эсинен чыгып кетиптир. Кийинки кездерде унутчаак болуп баратат. Балким, жаш улгайып калгандыктанбы?..

– Билет алып койдуңузбу? Же мен заказ кыла берейинби?

– Убара болбо. Өзүм эле… – деди ойлуу.

Байбиченин “кетпей эле койчу… ансыз да аз өмүрүм калды” деп жалооруганын ойлоп бушайман боло түштү. Ал ыйлактабаса, Айсулуу качан эле кете берет эле го…

– Тойду менсиз деле өткөрө бергилечи. Мен эки айлык маянамды салып жиберем. Тыгынчык болот.

Мындай жоопту күтпөгөн уулу таарына түштү.

– Апа! Акча жетиштүү. Өзүңүз келиңиз. Тойду сиз жок кантип өткөрмөк элек? Анчалык эле кемпириңизди кыя албай жатсаңыз, кайра кете бересиз да.

Байбичени кыйып кете албай жүргөнүн кыз-уулдары жакшы билет. Сүйлөшкөн сайын уга берип бышы кулак болушкан. Же макул дей албай, же жок дей албай турганында видеого баш баккан улуу небереси:

– Чоң апа-а! – деди кол булгалап, – Кандайсыз?

– О-ов, жаным! Секет болоюнум! Өзүң кандай жүрөсүң? Окууларың жакшыбы?

– Жакшы чоң апа! Качан келесиз?

– Бөбөгүңдүн тоюна чейин барып калам…

Жанатан уулуна эмне дешти билбей арсар болуп турса, эми небересине дароо жооп берди…

Уулунун “тоюмда төрүмдүн көркү болуп отурсаңыз” деген көңүлүн кыя албай Айсулуу акыры “тез эле кайтам” деп байбичени эптеп көндүрүп мекенге барып келүүнү туура көрдү.

Учакка отургуча байбиченин ыйлап калганы көз алдынан кетпей жүрөгү эзилди. “Капырай, – дейт өзүнчө ойлонуп, – кайнаса каны кошулбаган чоочун адамдар бири-бирине ушунча жакын болуп калабы? Кыздарынан артык көрбөстүр, бирок алардан кем көрбөшү ачык эле билинип турат го”. Антейин десе, өзү деле байбичени апасындай жакшы көрүп калганын карабайсыңбы…

Жанатан арсар ойго тушалып турган Айсулуу учак улам бийиктеген сайын жүрөгү элеп-желеп болуп, балдарына, неберелерине, мекенине болгон сагынычы көөдөнүнө батпай тезирээк жетүүнү самады. Кол булгалаган кыз-уулдарын элестетип жүрөгү эзилди. Эх-х! Алардын арасында өмүр шериги да болсо, ээ! Балким, анда минтип жер кезип жүрбөйт эле го. Жан биргесинен түбөлүк ажыраганына али күнчө ишене албай кетет. Бир кездегидей жадырай күлүп, тамаша сүйлөп, алчактата ат минип эл арасында жүргөндөй элестете берет…

Көкүрөк күчүгү атасына бөтөнчө окшош. Бакыракай көздөрү, тамашакөйлүгү, керек болсо кээ-кезде кармап калчу кырс мүнөзү да кудум атасыныкындай. Өткөндө чоочун номерден видеочалуу келгенинен ала калып, жолдошун көргөндөй чочуп кеткен. Ата-баланын куюп койгондой окшоштугун биринчи жолу байкагандай дал боло тиктеген. Капырай, анан калса аскерче кийинип алганын карабайсыңбы…

Жогорку класстын балдары үчүн салынган мектеп айылдан обочо, дөңсөө жерде. Тегерек четиндеги алма-өрүк, бак-дарактар бүчүр байлаган мезгил өзгөчө кооз, өзгөчө ажайып. Мектеп менен айылдын ортосун бөлгөн чоң сайдагы суу эрте жазда гана күркүрөп киргени болбосо, башка маалда тарам-тарам бөлүнүп, тынч агат. Бул сайдан ары-бери каттаган окуучулар бири-бирине жардам берүүнү шылтоолоп кол кармашып, анча-мынча сөз айтууга да жетишип алышат.

Айсулуу классташтарынан бөлүнүп үйүнө ашыкты. Бүгүн үйгө конок келмек. Сайдан жалгыздап өтө береринде өйүздөн аскер кийимчен жаш жигиттин көз салып турганын байкады. Ансыз да сууга түшүп кетпегей элем деп жүрөксүп турганында сынай тиктеген жигиттин көз карашы ого бетер сүрдөнттү. Эмне карайт деди жини келип. Секирип өтүп кетсе го жакшы, кокус жылмакай таштардын биринен сыйгаланып куласачы? И-ий! Анда эле тиги турган жигитке шылдың болбойбу! Эмне кылышты билбей эки анжы ойдо турганында бейтааныш жигит таштан ташка секирип өтүп жанына келди.

– Колуңузду бериңиз Өткөрүп коёюн, – деди колун суна жылмайып.

– Рахмат! Өзүм эле…

Бир азга буйдалып турду да, акыры кайратын жыйып, суудан секирди. Артына кылчайбай кете берди. Негедир жүрөгү лакылдай согуп, аскер кийимчен бейтааныш жигиттин күлмүңдөгөн жүзү көз алдынан кетпей койду. Эртеси да дал эле ошол өтмөктөн жолуктурду. Жанындагы классташ курбулары кимибизге көңүл бурар экен дегендей кылыктана күлүп, жигиттин жардамына кубанышты. Айсулууга кезек келгенде колун сунбай, өзү секирип өттү да шыпылдай басып үйүнө жөнөдү. Курбуларынын коё тур, чогуу басабыз дегендерин укпагандай кадамын тездетти. Эки бети алоолоп жанды. Негедир бейтааныш жигитти курбуларынан кызганып турду…

Аскер кийимчен бейтааныш жигиттин көңүлү кылыктанган топ кызда эмес, эки өрүм калың чачы белден ылдый түшкөн, кырдач мурун, кой көз, бетинде бир аз сепкили бар, уяң мүнөз жаш селкиде эле…

Кеч курун бададан келер малды тосуп алууга шашып бараткан Айсулуу аскер кийимчен жигитти алыстан эле көрдү. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөй кагып, буттары тушалгандай шилтөөгө жарабай, апкаарып калды. Аскерчесинен арымын кенен таштап, чыкыя баскан жигит Айсулуунун жанына келди да, колундагы бир тутам кыпкызыл тоо гүлүн сунду.

– Кандайсыз, чоң кыз?! Бул сизге!

– Магабы?!

Жигиттен мындайды күтпөгөн селки ого бетер апкаарып калды. Бирде гүлдү, бирде жигитти карап, эки бети алоолой жанып уялып кетти.

– Албетте!

– Мага гүлдүн кереги жок… – деди Айсулуу кызарып.

Оозуна ушул сөз келди. Минтип бейтааныш жигиттен гүл алмак турсун, он жыл бирге окуган классташ балдардан окчундап турчу. Же басып кете албай, же гүлдү ала албай, денесин майда калтырак басып жер карады.

– Сунган колду суутпаңыз. Тоо гүлдөрү таарынып калбасын. Күнөө гүлдө эмес, күнөө менде. А чынында мобу курган жүрөк күнөөлүү! – деп көкүрөгүнө алаканын коё жылмайды жигит. Айсулууну куштарлана карады.

Жигиттин сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай, Айсулуу ого бетер нес болду.

Эх-х! Алгачкы жана акыркы махабатынын жолуктурган ошол мезгил күнү бүгүнкүдөй көз алдында… Бир тутам тоо гүлү канча күнгө чейин бөлмөсүн жыпар жытка бөлөп, улам бири бажырая ачылып кулпурган. Апасы менен агасынын күмөндүү көз караштары, жеңесинин “ии, жигит тапкансың го, ээ?” деген тамашасы али да эсинде.

Көп өтпөй жуучу келген. Кимден келгенин укканда өзүн дүйнөдө жок бактылуу сезген. Апасынын “макулсуңбу?” деген суроосуна, бети албырып, тили күрмөөгө келбей, акырын гана башын ийкеген. Ошол ишараты эле канчалык оор болчу. Уятынан эки бети алоолоп күйүп, денесин майда калтырак басып, тула бою оттой ысып чыккан. Эх-х десең! Ошол мүнөттөр, ошол көз ирмемдер! Кайрадан кайтып келсе эмне?! Аттиң десең!

Той болду, тойдун эртеси да болду. Бир чоң милдеттен кутулду. Келген-кеткендердин да аягы тыйылып, жеңилдей түштү. Улам бир небересин көкүрөгүнө кыса эркелетип, ырахатка батып, улам бир уул-кызыныкына, бир туугандарына каттап, жашоонун эң бактылуу мүнөттөрун өткөрүп жатты. Түркияга кайтар убакыт да жакындап келе жатты. Негедир, ал күн улам берилеген сайын жүрөгү кысылып, кеткиси келбей, бушайман болду. Бирде байбиченин жол карап күтүп жатканын ойлоп ага да сарсанаа. Андан калса, байбиче күнүгө телефон чалат. Мунун ордуна убактылуу жумушка алган келинди жактыра бербей, орой экен, тамакты сендей жасабайт экен, урушту, өзүң келчи, күтүп жатам дей берип жүрөгүн эзди.

Бүгүн кайрадан жолго чыгат. Алыска аттанарда узатабыз деп келгендер кош айтышып, үйдө кыз-уулдары, неберелери гана калышты. Каттам таң эртеңде учат. Бишкек аэропортуна чейинки аралык ашып кетсе үч сааттык гана жол, түнү жолго чыгышса тез эле кирип барышар.

Бир сыйра чайынып чыкты да, кийине баштады. Балтырына жеткен узун чачын тараганга ансыз да жанынан чыкпай айланчыктаган кичүү кызы жан дили менен макул деди. Апасынын чачын улам тарап, улам кайталап бетинен өөп коёт.

– Апа, апо-оов! Биз сизди сагынабыз. Барып эле кайра кайта бериңизчи, ээ?

– Макул… – деди бул да жооткото жай сүйлөп. – Кемпир менен учурашып, ал-акыбалын сурап, башка жакшы келин-кесек таап берип эле кайра жөнөйм. Андан көрө чачымды жакшылап тарачы.

Кызынын чач тараганы абдан жагат. Неберелерине да кармата коют жүрөт. Негедир, ошондой маалда кадимкидей эс ала түшөт. Бир кездеги согончогуна жетип төгүлүп турчу калың чачы эми минтип ак аралап, суюла да түштү. Ошого карабай соңку мезгилде оор сезилчү болгон. Балким, улгайганынын белгисидир? Андан калса, ушул жашка келгиче бир да жолу кайчы тийгизип көргөн эмес. Эми, кээ бир күндөрү чачынан тажап да, чарчап да кеткенинде кыркмак түгүл кырдырып салгысы келип кетет.

– Болду, жаным. Чоң рахмат! Эс ала түшпөдүмбү…

Дасторкон үстүндө кыз-күйөө, келин-уулдарына кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, неберелеринин улам бирин эркелетип отурду. Чын-чынына келгенде бүгүнкү жашоосуна абдан ыраазы. Эми дөөлөттүү карылыкты тилеп гана отурса болчудай. Айтмакчы, бир жолу сөздөн сөз чыгып, курбуларынын бири “эгерде бүтүндөй өмүрүңдү башкача өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берилсе, ушул тагдырыңды тандап алат белең, же таптакыр башкача болсо деп тилейт белең?” деп сураганы бар. Ошондо, “ушул тагдырымды гана тандап алмакмын” деп жооп берген. “Кантип эле? – деген курбусу ишене бербей. – Көп кыйынчылыктарды көрдүң. Төшөк тартып жатып калган жолдошуңа жыйырма жылдык өмүрүңдү арнадың. Күлгүндөй жаш курагыңды ошентип өткөрдүң. Беш балаңа кошуп жолдошуңду да жалгыз бактың. Анан кантип эле ушул өмүрүңдү башкача болсо деп ойлобойсуң?”

– Менин тагдырыма, менин өмүрүмө анча эмне кыжалат болдуң? – деген курбусунун сөзүн жактыра бербей.

– Катуу тийсе кечир, жөн гана сураганым.

Кайдагы бир болбогон суроону берип алганына чындап кечирим сурадыбы, же жөн гана көңүл жубаттыбы, ким билсин, айтор ыңгайсыз боло түшкөн. Мунун тагдырына боор ооругандарды, сынай карагандарды байкап калчу. Далай жолу ичи күйгөн, ызаланган. Анан бара-бара буга да көнгөн. Кээде ушундай оор тагдырды башына жазган Жаратканга да тили тийген күндөрү болгон. Ошентсе да татынакай кыз-уулдарынын барына каниет кылчу. Ошолор үчүн жан үрөдү. Ошолор үчүн жашап, ошолор үчүн күрөштү. Акыры жеңди. Жеңгени ушул эмеспи… Мына, биринин артынан бири бойго жетип, колуна кол, бутуна бут болуп тегеренип турушат. Эркелетип да, эркелеп да жандары калбайт. Ушул жашоосуна тобо дейт ыраазы болуп. Бир кездеги сөздөрү үчүн Жараткандан кечирим сурайт өзүнчө. Балапандарыма өмүр бер, нысап бер, ынтымак, ырыскы бер дейт жалбарып.

– Апа, бата кылалы да жолго чыгалы. Антпесек кечигип калчудайбыз.

Негедир жанатан айтылып жаткан тамаша сөздөр токтоп дымып калышты. Балким, башка мезгил болгондо адаттарынча каткыра күлүп, биринин тамашасын бири улап кетет беле? Азыр тек гана бири-бирине жайдары мамиле жасап, бири-бирине жылмая карашты. Бирок узаткысы келбей, өмүр ченеми азайып баратканын ойлоп сызылып турушкандыр?..

Машина аэропортту көздөй зыпылдай жол тартты. Рулдагы уулунан башкасы уйкусурап бараткандай. Уйку-соонун ортосунда ары-бери шылкылдаган кызынын башын абайлай көкүрөгүнө жөлөдү. Ачык айнектен кирген шамалга делбиреген чачынан аярлай сылап, маңдайынан сүйдү.

Машиненин ичиндеги тынчтыкты кол телефонунун чырылдаган үнү бузду. Чоочуп кетти. Түн ортосунда ким чалышы мүмкүн? Шашкалактай сумкасынан таап чыгып дароо номурун карады да, Түркиядан экенин билди. Бирок байбиченин номуру эмес. Чоочун.

– Ало-о… – деди шыбырай.

Байбиченин улуу кызынын ыйлаган үнү угулду. Анын ар бир айткан сөзү жүрөгүнө канжардай тийип жатты. Айсулуунун да көз жашы ээ-жаа бербей төгүлдү. “Арты кайырлуу болсун” – деди шыбырай.

Уул-кызынын “апакелеп” ар нерсени сураганы кулагына кирбей нес болуп кыйла отурду. Байбиче менен акыркы сүйлөшкөнүндөгү аянычтуу доошу кулагына жаңырып, өз апасынан кайрадан айрылгандай ичи ачышып кетти. Оор улутуна көз жашын аарчыды.

Машине жол жээктеп барып токтоптур. Жанатан уйкуга мас болуп келаткан балдарынын көздөрү умачтай ачылып, апасын жардана карап турушат.

– Байкуш байбиче ээсине кетиптир… – деди шыбырай. – Эртелеп эле барсам болмок экен.

– Апа, эми ошого да ушунча ыйлайсызбы? Кызык элесиз…

Уулун таарынтып албайын деп унчукпады. Жооп берген жок. Жалдырай жол карап отурган байбиченин элеси көз алдына тартылып, жүрөгү кайрадан тыз этип алды. Бир кезде апасы да атасын жол карап далай күткөн. Согуш аяктаганына чейрек кылым өтсө да күтө берчү. Анын кандай адам болгонун айта бергенден тажачу эмес. Жакын адамыңды күткөндүн азабын ошондо эле сезген. Кез-кезде тээ алысты телмире тиктеген апасын аяп кетчү. Каза болгондугу тууралуу кагаз келсе деле ишенбей жүргөнүнө таң калчу. Көрсө…

– Апа! Машинени артка кайрыйынбы? – деди уулу. – Же…?

Бул суроого да жооп бербеди. Өзүң бил дегендей ийин куушурду. Апасынан жооп болбосун сезген уулу машинени артка кайрыды.

Жол бойлото тизилген зым карагайлардагы жаркыраган чырактарды улам бирин артка калтырган темир тулпар айылды көздөй зыпылдай учуп баратты…

Бурганактуу тагдыр алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Алтын капас-махабат
5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Көздөгөн жерине жетпей орто жолдо каламбы деп бушаймандана, анда-санда бир өткөн машиналарга кол көтөргөн Карлыгач жол жээгинде турду. Айлана күүгүм тартып, көк тиреген тоолор айбаттуу көрүнө баштаган мезгил. Бул жолдон анда-санда гана машина жүрбөсө, айлана тыптынч. Жаратылыштын ажайып сулуулугуна суктана карап, жолду катар кыңылдай обон созуп келе жаткан. Эми минтип өң-алеттен кетип, бирөө жарым көрүнө калчудай тегерегине элеңдейт.

Алыстан дагы бир машина көрүндү. Кылдырап араң келе жаткандай. Эмнеси болсо да, жардамы тийсе экен деп келе жаткан унаага үмүттүү тигилди. Машина өтө барып токтоду.

Анча-мынча адам эчак карабай калган эски маркадагы бул унаанын айдоочусу да өтө жупуну кийинип алыптыр. Багелеги түрүлгөн шымына өңү өчкөн футболкасы куп жарашып, бутундагы өтүгү да бозорот. Күнгө туурулган жүзүн канча бир күндөн бери кырылбаган сакал-муруту жаап калган. Башка маал болгондо Карлыгач бул бейтаанышка кайрылмак түгүл алыстай качмак. Азыр айласы жок. Унаасын оңдоп берсе гана болгону. Кооптонуп турганын жашыра жылмайымыш эте учурашты.

– Саламатсызбы?

– Салам!

Айдоочу кайдыгер алик алды.

– Машинам бузулуп калды. Мүмкүн болсо, карап бериңизчи.

Жигит машинанын сырт турпатын текшергендей айлана басып, чылым күйгүздү.

– Мындай машинаны оңдоп көргөн эмесмин, – деди машинаны бир азга ойлуу карап. – Кана, ачып көрөлү.

Өзүнчө кобурана капотун ачты да, бир аз гана убакытта кайра жапты.

– Эми машинаңызга отуруңуз да, от алдырып көрүңүз!

Ачкычты бураары менен, “дүрт-дүрт” эте кыйналып турган мотор жан киргендей от алып кетти.

– Чоң рахмат!

– Эч нерсе эмес, жардам керек болсо кайрылып туруңуз, – деди жигит тамашалай жооп кылып. – Кеч курун жалгыздап кайда бара жатасыз?

– Аа… – тайсалдай түштү. – Ушул жакта кымыз ичип дарылана турган жер бар экен го, ошол жакка.

– Оо! Кымыз ичкени келе жатсаңыз абдан сонун! Бул жактын кымызы гана эмес абасы да, суусу да дары. Эс алуучулардын аягы тыйылбайт. Мейли анда, сулуу, көздөгөн жериңизге түнгө калбай жетип алыңыз!

– Чоң кыз! Күн шашке болоюн деп калды, – деген үндөн ойгонгон Карлыгач колун кенен жая керилип алды.

Саймалуу чапан кийген, эки бети анардай жанган толмоч аял тигиле карап туруптур.

– Кандай уктадың? Кечээ жол жүрүп чарчады го деп эрте ойготкон жокмун. Эми тезирээк бол, бээнин сүтү муздап калат.

Аял этегин желп эттире сыртка чыгып кетти.

Бул жакка келгенге чейин далай жолу догдурдан догдурга көрүнүп, табыптан табып тандаган. Курорттордон да калган жок. Догдуру деле, табыбы деле ден соолугуң ордунда, төрөйсүң дешет. Бирок алар айткандай болбой койду. Эми минтип айласы кеткенинен, Кудайдан болуп дабаасы тийип калар деген үмүт менен жайлоого келген эле.

“Менин жалгыз дарыланганыман майнап чыкпачудай. Балким, чогуу көрүнөбүз”, – деп жолдошуна кеп баштаса: “Менин саламаттыгым жайында. Балдарым жок болсо бир жөн. Тигине, үч уулум эрезеге жетип турат!” – деп кесе жооп берген. Буга ыза болгондон башка эч нерсе кыла алган эмес. Андан калса экөөнүн ортосунда бала жогуна ушунча болуп бир да жолу капаланганын байкай элек. Албетте, үч уулу турса, эмнеге капа болот? А балким, уулдарынын маңдайында ар дайым боло албаганына азыр өкүнүп жүргөндүр?! Билгизип-билгизбей биринчи үй-бүлөсүнө күн алыс каттаганын, алар үчүн жанын берүүгө даяр экенин көрүп эле турбайбы. Демек, төрөп бербесе, биринчи үй-бүлөсүнө биротоло кетип калышы толук мүмкүн. Качанкыга чейин жалгыз муну кастарлап, алаканына салып жүрө бермекчи?

Жылуу жууркандан чыккысы келбей ойго батып көпкө жатты. Чарчаганы тарап, канчадан берки талыкшып жүргөн денеси жазылып калыптыр. Бул жактын абасы эле бир керемет окшойт. Демейде кирпик какпай, ары-бери ооналактап кыйналып таң атырчу. Бул ирет башы жаздыкка тийери менен уктап калыптыр. Эми минтип кеч ойгонуп, жылуу ордунан козголгусу келбей жатат.

Самын-сумун, сүлгүнү алып сыртка чыкты. Күн шашке болуп калганына карабай салкын жел саамайын сылап, көңүлү ого бетер сергий түштү. Айланага көз чаптырды. Эмне деген ажайып кооздук! Төрт тарабы асман тиреген аска-тоолор, арча-кайың, көпкөк тулаң. Суунун шоокуму бирде дал жанынан, бирде тээ алыстан угулгансыйт. Кечээ кеч келгендиктен бул тегеректин ажайып сулуулугуна көңүл бурбаптыр – эптеп жеткенине, жатарга түнөк тапканына сүйүнгөн эле.

Карлыгачтын тегерек-четти суктана карап турганын жуунганга суу издеп жаткандай кабылдадыбы, нарыда турган аял кумган көтөрүп жанына келди.

– Кел, суу куюп берейин, – деди. – Же тигил жакта булакка деле чайынып алсаң болот. Бирок өтө эле муздак, – деп боз үйдүн оң тарабына кол жаңсады.

– Рахмат эже, мен булакка эле жуунайын.

Бети колун жууп-жууй электе ичиркенип чыкты. Эптеп жуунумуш этти да, тегерек-четин тазалап таш тизип койгон булакты суктана карады. Бөтөнчө кооз, ажайып, сыйкырдуу сезилди. Таенесинин “булактын көзүн ачып келдим” деп кимдир бирөөгө айтып жатканы элес-булас эсине түштү.

– Ай, чоң кыз!

Селт эте чочуду. Үн чыккан тарапка кылчая карап, жанагы эле аялды көрдү.

– Жүрү, сүттөн ичип ал. Бүгүнкү күнүң текке кетпесин. Ансыз да түш ооду…

Илең-салаң ордунан туруп илкий басты. Аял сунган чыныны алды да, сүттү жактырбагандай чүрмүйө жыттады.

– Тамакты жыттабай, ден-соолугум чың болсун деп тилек кылып сүйүп ич. Пайдасы көбүрөөк тийет. Ырбыйбай, мына мендей болуп күчкө толосуң.

Жаш баладай муштумун көрсөтө күлүп койду.

– Сүттү ар эки саатта ичишиң керек. Өзүм чени менен берем. Ашык эч нерсе жебе. Бүгүн-эртең кыйналасың, анан көнүп кетесиң. Ичиңди да алышы мүмкүн, шалдырап алың да кетет. Коркпой эле кой. Макулбу?! Азыр жатып эс алсаң болот. Жок десең, карачы күн сонун болуп турат… Тоого чык, гүл тер, суу жээкте… Шаарда мындай эс ала албасаң керек. Ии баса, атың ким?

– Карлыгач…

– Мени Салкын эже десең болот.

Тоо шартына ылайыгы жок жука, этеги кыска ак көйнөк кийген Карлыгач суу жээгинде отурду. Айланасын суктана карап, жалгыздыктын өзүнчө бир кереметин сезди. Шаарда бир аз гана жалгыз калса тумчугуп бук болуп кетчү. А бул жерде эч кимдин кереги жоктой. Ичинен кыңылдай обон созуп, жагымдуу добушун улам бийиктетип, тоо койнунда үндүн да өзүнчө бир ажайып сулуулугун эшитти. Өз үнүнө өзү ашык болду.

Аңгыча ачык турган күндүн көзүн булут тосуп, жамгыр анда-санда “тып-тып” этип тамчылагандай болду да, көз ачып-жумганча нөшөрлөп төгүп жиберди. Мындай кубулушту эзели көрбөгөнгө коркуп кетти. Ашыга төмөн көздөй жүгүрдү. Боз үйгө жетери менен жамгыр тып токтоп, заматта күн жылмайып чыга келди. Эмне деген сыйкыр! Эмне деген керемет!

Сымбаттуу мүчөсүнө жармашкан суу көйнөгүнүн этегин силкип, желкесине түйүлгөн чачын коё берди да, кыңылдай обон созуп көктү карады. Так төбөдөн тийген күн “ии, алданып калдыңбы?” дегендей жылмая карайт. Сулуунун көңүлү негедир алып-учуп жаш баладай секире чуркап ойногусу келди. Эки колун жогору көтөрдү да айланып-айланып алды. Өз турпатына өзү куштарлана шыңкылдай күлдү. Дал ушул маалда жаандан корголоп келген бейтааныш жигит наздана күлүп кылыктанган жаш сулууга кумарлана көз артып, сөрүдө отурду. Карлыгач өзүнө кадалган көз карашты сезгендей селт этти. Кылыктанганын дароо токтотту да, тегерек четине аяр көз чаптырып, боз үйгө ашыга кирип кетти.

– Саламатсызбы, чоң кыз?!

Батып бара жаткан күнгө суктана караган Карлыгач жанына келген адамды байкабаптыр. Үн чыккан тарапка көңүлкош карады да:

– Саламатчылык! – деп ооз учунан алик алып, кайрадан тээ алыска көз чаптырды.

– Кандай эс алып жатасыз?

Жалгыздыктагы өзгөчө маанайына кайдагы бир бейтааныш эркектин тоскоол болуп турганына ачуусу келе түштү.

– Сиз менен сүйлөшкүм келген жок. Сураныч, тоскоол болбоңузчу, – деп кесе жооп берди да, артына бурула карады.

Өткөндө жолдо бузулган машинесин оңдоп берген жигит экенин эми гана тааныды.

– Ой! Сиз белеңиз! Сакал-мурутуңузду кырып койсоңуз эле таанылбай калат турбайсызбы! – деди кылыктана каш серпип.

– Уясына батып бараткан күндү ушундай бир берилүү менен карап отуруптурсуз. Тоскоол болуп коёмбу деп жаныңызга келүүгө даабай далай турдум. Мындай учурду көрүү шаардыктар үчүн өтө эле сейрек болсо керек ээ?

Жигиттин тамашасына силкине каш серпти.

– Кандай эле шаардык дей бересиңер?! Эч кандай шаардык эмесмин. Айылда төрөлүп, айылда эле өсүп чоңойгом.

– Мм… Кайсы айылдан болосуз?

– Анын сизге кандай кызыгы бар?

– Кыргыз сураша келсе тууган чыгат дешет го. Мүмкүн экөөбүз да тууган болуп калабызбы дегеним.

Жигиттин тамаша сөзүнө жооп айтпай кайрадан тоо тарапка тигилди.

– Айтпасаңыз өзүңүз билиңиз. Бирок каяктан болсоңуз да биздикиндей кооз жерди таппайсыз!

– Шумдук! Ар кимге өзүнүн жери сонун көрүнөт да!

– Менин жерим эмес, биздин жер дебедимби.

Ортодо сөз уланбай тааныш-бейтааныш эки жаш катарлаша отурушту. Бири “кандай гана ажайып кооздук! Жылаңайлак жүгүргөн, арча-кайыңды аралап жашынмак ойногон, тоо жаңырта тартынбай кыйкырган бала кезим бир кайрылса, ээ, аттиң!” деп кыялында шамал менен тең жарыша жүгүрүп баратса, экинчисинин көз алдында суу көйнөгү сымбаттуу мүчөсүнүн ажарын ого бетер ачып, көз талдыра көңүл арбаган жамгырда калган сулуу селки.

Тынчтыкты кайрадан жигиттин суроосу бузду:

– Эрке окшойсуз, ээ?

Карлыгач жообу жок мелтиреп көпкө отурду. Акыры:

– Чындап эле жериңер абдан кооз экен! – деди ойлуу.

Таптакыр жооп бербей коёбу, балким, сүйлөшкүсү келбей тургандыр деген ойдо түйшөлүп турган жигит кубанып кетти.

– Аа, дарыланганыңыз кандай болуп жатат? Таасири билинчүдөйбү? – деди ашыга, сөз уланткысы келип.

– Жо-ок… Азырынча билинбе-ейт, – деди Карлыгач сырдуу жылмайып. – Таасири үйгө барганда гана билинет.

– А бул жерден билсе болбойбу? – жигит таң кала суроо узатты.

– Кантип? – Карлыгач кыткылыктай күлүп, дагы бир нерсе айтчудай обдулуп барып токтоду. – Бул жерден болбо-ойт… – деп маектешин сырдуу тиктеди.

Көздөр-көзгө чагыла түштү. Бул дүйнөдө экөө гана калгандай теребел тынчып, убакыт токтоп калгандай болду. Карлыгачтын жүрөгү жарылып кетчүдөй “түрс-түрс” кагып, денесин билинер-билинбес калтырак басты. Кандайдыр бир сыйкырдуу күч селкинин ышкы-отун ойготуп, жигитти кумарлуу караганын өзү да байкабай калды. Башы тумандап, мас кишидей дендароо боло түштү. Көз ачып жумгуча болуп өткөн бул сезимден апкаарыган Карлыгач тоо тарапка назар салган киши болуп жүзүн ала качты да, оюна келе калган суроону узатты:

– Сиз… сиз… Бул жерде жашайсызбы?

– Ооба! Тээтиги тоонун этегинде үңкүр бар. Ошол жерде жашайм.

– Жөн сүйлөбөйт окшойсуз?! Өткөндө аябай момун жигиттей көрүндүңүз эле.

– Момун элемин. Бирок негедир сизди жолуктургандан бери көңүлүм алып-учуп, өзүмөн-өзүм шайырланып, сүйлөгүм эле келет. Бул эмнеси?

Карлыгачка жигиттин жообу жакканы менен, сыр бербей мурчуя нары карады.

– Жалгыздыктан тажаган жоксузбу? Балким, кошуна боз үйдөгү коноктор менен таанышып аларсыз? Алар да дарыланганы келишкендер, – деген жигит көк чөпкө чалкасынан жата кетти.

– Эч ким менен таанышкым келген жок! – жактырбагандай түр көрсөтүп бурк эте жооп берди да, нары жылды. – Бул жакка ар ким менен таанышууга эмес, дарылануу үчүн келгем. Анан да ушундай мезгилде жалгыз болгон жагат. Эч ким оюңа тоскоол болбойт.

Жигит ыңгайсыз боло түштү.

– Мен да тоскоол болуп жатамбы?

– Сизби?

Ойлоно калды. Албетте, жалгыздыкка караганда бул жигит менен сүйлөшүп отуруу алда-канча жагымдуу. Бирок… Бирок болбойт да! Жолдошу бар келинге бейтааныш эркектин имерчиктеп турганы кантип жакшы болсун!

– Албетте, тоскоол болуп жатасыз! Же эмне, өзүңүздү өзгөлөрдөн өйдө ойлоп турасызбы? – деди да, этегин кага ордунан туруп боз үй тарапка бет алды.

– Кечирип коюңуз… Билбептирмин.

Жигит басмырт унчугуп, Карлыгачты узата карады.

– Чоң кыз, бүгүн ырас жылуу кийинип алыптырсыз. Бул жер тоо. Абайлаңыз. Өткөндөгүдөй кийим менен дагы жаанда калсаңыз ооруп калышыңыз мүмкүн.

Шөмтүрөп чуркап жөнөгөндө артынан суктана тигилген көз караштын кимдики экенин билген Карлыгач бактылуу жылмайып, боз үйгө кирип кетти.

Түн бир оокумга чейин толгонуп уктай албай, ары-бери чабалактады. Бирде тээ алыста калган балалыгы эске түшсө, бирде бул жарык дүйнө менен эртелеп кош айтышкан апасы менен таенесинин элестери көз алдына тартылып, бирде кечээ гана болуп өткөн окуялар менен алпурушуп жатты. Тоого келгенден бери кадимкидей эс алып, көңүлү көтөрүлүп калган. А бүгүн караманча тескеринен болду. Күндүзү ар түрдүү ойдон чыга албаганы аз келгенсип, мына минтип түнү уктай да албай жатат. Ушул күнгө чейин бул жердин аалам жаңылыктарынан алыс экенине, жадагалса телефондун антеннасынын тартпаганына да кайдыгер болчу. Жалгыздык жанына жагып, өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезип жүргөн. Эми минтип…

Негедир бук болуп чыкты. Түнкү тынчтыкты бузуп тоо жаңырта кыйкыргысы, жер чапчып ыйлагысы келди. Өзүнөн өзү буулукту, көзүнөн мончоктоп аккан жаш жаздыгына сиңип жатты. Эмне болуп турат?! Жан-дүйнөсү эмнени каалап, эмнени эңсеп турганын өзү да түшүнө албай турганында, ким түшүнүп, ким жардам бере алмак эле?! А балким, энеден эртелеп айрылбаганында тагдыры башкача болмоктур? Тагдыр демекчи…

Мунун жашоосуна бардыгы суктанат. “Күйөөң жакшы, эркектин табышкери. Колунда жок жаш неме менен жашаганча экинчи болсоң да эч нерседен кем болбой жашаган артык. Эң башкысы, ортоңордо сүйүү бар. Буюрса төрөп гана берсең өмүр бою бөпөлөп алат”, – дешет. А мунун ич дүйнөсү менен ким эсептешет? Ким?! Кызык! Мунун ички муңу, сезими менен кимдин иши бар? Ким эсептешиши керек эле? Атасы менен тең чамалаш кишиге башын байлаганына ким күнөөлүү? Албетте, өзү! Бирөөнүн мээримине, камкордугуна муктаж болгон курагында белек-бечкек берип, жылуу сүйлөп, маңдайынан сылап эркелетип койсо мен да ашык болдум, мен да сүйдүм деп ойлогон турбайбы. Көрсө, аны жөн гана атасындай жакшы көрүп, анын камкор мамилесине муктаж болгон окшобойбу!

Жылуу халатын желбегей жамынып сыртка чыкты. Асмандагы ай толуп турганга айлана жапжарык. Жылдыздар сыйкырлуу дүйнөгө чакыргандай жымыңдашат. Тоонун сыдырым желине ичиркенип чыкты. Бир аз да болсо көңүлү сергип эс ала түштү. Көкүрөк кере кенен дем алды. Боз үйдүн жанындагы дөңгөчтөн жасалган отургучтарга көчүк басты. Көз алдына апасынын жылмая караган сүрөттөгү элеси тартыла түштү. Таенесине таарынганда сүрөт альбомду бооруна кысып, төркү бөлмөгө жашынчу да, кыялында далайга чейин апасы менен сүйлөшүп отура берчү. Апасын жапжаш, татынакай деп кимгедир мактанчу. Кээде эки көзү кыпкызыл болгончо жаш төгүп алар эле. Таенесинин айтымында, апасы төрөттөн каза болуп, ымыркайынан анын колунда калыптыр. Чаң жугузбай бөпөлөп, кызымдан калган белек деп эркелетип өстүрдү. Кээ бир күндөрү таенесинин ыйлап отурганын көрчү. “Эмнеге ыйлап жатасыз? Ыйлабаңызчы!” – деп, жанына отура калып быйтыйган колдору менен көз жашын аарчып, беттеринен алмак-салмак өбө турган. “Секет кетейин… Жөн эле… Жөн эле ыйладым”, – дечү таенеси чачынан сылап. “Каралдым, кызымдан калган белегим!” деп эркелетип, саамайынан “шуу” эттире жыттап коёр эле.

Кээ бир күндөрү өзүнөн өзү жинденип, албууттанып, идиш-аяктарды калдырата ыргытынып, сыртка бир чыгып, үйгө бир кирип, бирөөлөр менен уруша берчү. Андай күндөрү таенесин ары коркуп, ары таң кала карап, көздөрүн алайтып бир бурчта бүрүшүп отура берээр эле. Бир жолу: “Таене, кимди урушуп жатасыз?” – деп сураган балалык кызыгуусу менен. Ошондо ал “Сенин ишиң канча, я?! Баладай эмессиң, ээ! Энеңди сен эле жуттуң! Сен эле жуттуң!” – деп ого бетер албууттанган. Ошондон кийин мындай мезгилдерде унчукпай кутулчу. Сен жуттуң деген сөздүн төркүнүн эс тартканда гана түшүнгөн.

Эртелеп келген ажал эне мээриминен ажыратса, атасы айда-жылда бир каттап, алыскы туугандай эле болуп калган. Балким, тээ наристе кезинде эркелетсе эркелеткендир, сүйсө сүйгөндүр – аны айтыш да, эстеш да кыйын. Бара-бара каттаганын да токтоткон. Ошону менен далай жылдар көрүшүшкөн эмес.

Таенесинин көзү өткөн соң, айласыздан атасын издеген. Тапкан. Бирок анын өп-чап жашаган кийинки үй-бүлөсүнө көпкө бата алган эмес. “Биз жыргап жаткансып эми бул кызың калды эле! Бир каргага да бок керек!” – деген өгөй эненин сөзүнөн кийин тайларына кайткан. Орто мектепти аяктаган соң борборго келип, батирге чыгып, жашаган жерине жакын кафеге официант болуп жумушка орношот.

Кафеге карапайым адамдардан баштап, бир креслону ээлеп отургандар да келишет экен. Алардын арасында соосу да, масы да, жакшысы да, жаманы да бар. Андан калса жашоонун баары кафеде гана өтүп жаткандай таңдан-кечке опур-топур, кирди-чыкты. Кардарлардын арасында кызып калганда официант кыздарга тийишкендер сөзсүз болот. Адегенде мындай учурларда стол тейлебей качып кетчү. Бара-бара буга да көнгөн.

Жолдошун эң алгач ошол кафеден жолуктурган. Кээде достору менен, кээде жалгыз келет. Бакылдап сүйлөгөнүн, ичимдик ичкенин, шапар тээп бийлеп-ырдаганын да көргөн жок. “Абдан жакшы киши болсо керек” деп суктанып койчу. Ошондой күндөрдүн биринде таанышкан экөө. Аты Соорон экен. Анан баары тез эле болуп кетти. Жыл айланбай Соорондун экинчи аялы болду да калды. Экинчи болбогондо ким? Биринчи аялы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес. “Никебизди кыйдырдык го. Же сага сөзсүз түрдө кагаз керекпи? Жөн гана бири-бирибизге ишенип жашай берсек болбойбу?” – дегенин уккан соң, унчукпай тим болгон.

Кээде Сооронго жолуктурган тагдырына ыраазы болсо, кээде бардыгына кол шилтей басып кеткиси келет. Бирок коркот. Кантип бардыгын кайра башынан баштайт? Канча бир жылдан бери каражат табуу менен, ач калам, ток калам менен иши жокко көнүп албадыбы. Кээде экөөнүн эриш аркак жашап тургандарына бир гана жолдошунун сүйүүсү тирөөч болуп тургандай сезилет. Ага ишенет. Андан калса жоро-жолдош, ага-туугандын каршылыгына, үй-бүлөсүнүн барына кайыл болуп муну тандап албадыбы. Эми… Эми кантип ага кыянаттык кыла алат?

Бирок жыл өткөн сайын сонундары тарап, бири-бирине суук тартып баратышкандай. Балким, ортодо наристенин жогунандыр? Албетте, ошондон! Экөөнүн койнунда наристе ойносо, үйдөн бөбөктүн күлкүсү чыгып турса кандай сонун болмок! Сооронду эле ойлоп отура бербестен, наристесин эркелетип, аны сүйүп, ага убактысын арнамак. Балким, Соорон да баласы үчүн үйгө шашылып жаткандыр? Сууй баштаган махабат кайрадан жанданаар? Аттиң десең! А азыр бардыгы башкача. Биринчи үй-бүлөсүнө каттаган сайын уулдарынын кылык-жоруктарын айтып келгенден тажабайт. Буга андай кеп жагабы, жакпайбы, көңүлү ооруйбу, оорубайбы деп ойлоп койбойт. Ошондой маалда өзүн ыңгайсыз да, күнөөлүү да, артыкбаш да сезет.

Азыр Карлыгач эч нерседен кем эмес. Заманбап жасалгаланган үйү, кычыраган машинеси бар. Акчаны да каалаганындай сарптайт. Бирок ар дайым жалгызсырайт. Жолдошунун жанында болгонуна карабай жүрөгү жалгыздыктан эзилип, жанын коёрго жер таппай кайсалайт. Капаска түшкөн чымчыктай ары-бери урунат, андан чыга качып кайдадыр көкөлөп учуп кеткиси келет. Сыртынан жайдары көрүнгөнү менен, жүрөгү ыйлай берчү болгон. Эмнени эңсеп, эмнени каалап ыйлайт? Өзүнө да табышмак…

Түнү уйкудан калганга эртең менен илең-салаң араң турду. Денеси талыкшып, көздөрү шишип калыптыр. Сергийин деп муздак сууга бетин чайыды да, көнгөн адатынча бээ сүтүнөн ичти. Алда кимди издегендей тегерегин карап көпкө турду. Демейкидей жылуулап сүт берген Салкын эже шыпылдай басып кулундар байланып турган желени көздөй жөнөдү.

– Эже! – деди Карлыгач. – Мен бир нерсе сурайын дедим эле.

Өзүнө кайрылган үндү эшиткен Салкын эже артка бурулуп, колун белдемчисине аарчый Карлыгачты көздөй утурлай басты.

– Ии, сурай гой.

– Тиги… Жөн эле… – берер суроосун таппай калгандай аптыга түштү. – Кечирип коюңузчу.

Салкын эже Карлыгачтын мындай абалына таң кала карады.

– Берчү сурооңду тартынбай бере бер. Билишимче жооп бергенге аракет кылайын.

– Суроом деле жок болчу…

Жаш баладай уяла жер тиктеди.

– Кызык…

Салкын эже Карлыгачты сынай тиктеди.

– Бети-башың шишип калыптыр. Бир жериң ооруп турабы же сүт жакпай калдыбы?

– Жок, оорубай эле… Сүт деле жакты.

– Негизи, дарыланууга келгендердин себебин сурабайм. Бирок негедир сенден сурагым келип турат. Жашыруун болбосо, эмне дарт менен келгениңди айтчы. Жапжаш, татынакай болсоң… Кээде өзүмчө ойлонуп коём да.

Эми Салкын эже берген суроосуна ыңгайсызданды окшойт.

– Жооп бербесең деле болот. Жөн гана сураганым.., – деди аягына кошумчалап.

– Эч жерим деле оорубайт. Тиги… Эме… – Карлыгач мукактана араң оозун кыбыратты. – Бээнин сүтү боюма болгонго жардам береби? – деди оңтойсуздана, көзүн ала качып.

– Бойго бүткөнгөбү?

Салкын эже ойлоно түштү. Чынында мындайды эч укпаптыр. Бирок да Карлыгачтын көңүлүн көтөрө:

– Албетте, жардам берет! Сен жөн ичпей, ниетиңди коюп ич. Кудайдан сура! Али жашсың да, буйруса балалуу да болосуң, – деди.

Маңдайындагы уялыңкы сулуунун мөлтүрөгөн көздөрүнө суктана карады.

– Жапжаш эле экенсиң го. Эми эле бойго жеткендей… Канча жыл болду турмушка чыкканыңа?

– Көп эле…

Сөз андан ары уланчу болсо көп сырлары ачылып каларын ойлогондо, коркуп кетти.

– Мейли эже, рахмат. Сизге тоскоол болдум окшойт, – деди шашып.

Эженин жанынан кеткенге ашыкты. Койкойгон сулуунун артынан ойлуу тиктеген Салкын: “Солкулдап турган кезинде бала дегенин кара! – деди ишенбегендей. – Шаарда жашаса, кылаарга иши жок кылактап, жалгыз өзүн карап жасанып жүрсө, албетте, жапжаш көрүнөт да. Муну сереңдетип тоого жиберип койгон жолдошу да жакшы киши көрүнөт? Анан бул мөлтүрөбөгөндө, таңдан-кечке тыным албай жүгүргөн, бети-башын тоонун шамалына туурултуп капкара болгон мен жаш көрүнмөк белем?!” Өзүнөн алда канча жаш келиндин сулуулугуна аялдык ичи тардыгы ойгонуп кетти…

Анда-санда таш ыргытып суу жээгинде отурду. Бала кези эсине түштү. Булар жашаган айылдын четиндеги арыктагы суу жазында гана албууттана киргени болбосо, жайы менен мемиреп жайлап калчу. Ошол мезгилде жээгине барып, суу шилеп койгон кумдан үй жасап ойногонду жакшы көрөр эле. “Карлыгач! Ай Карлыгач! Кайда жүрөсүң, я?! Кеч кирип кетти, бас үйгө! Де-еги ушул жерге келгениңди токтотпой койдуң!” – деген таенесинин үнүн укканга чейин кеч киргенин этибар алчу эмес. Эх, ошол күндөр! Кайрылгыс убакыт! Эң бактылуу да, ажайып да мезгил экен.

Суу жээктеп жогору басты. Негедир үңкүр көрүнө калчудай теребелге аярлай байкоо салды. Мунусу кыялын тымызын ээлеген бейтааныш жигиттин үйүн издегендеги болчу. Кызык! Ал эмне чындап эле үңкүрдө жашамак беле? Баарынан да аны эмнеге эстейт да, эмнеге издейт? Бирок акылы жөн гана жүрөк оорутуу деп каршы болгону менен, көңүлү алып-учуп аны эңсеп турса кантсин? Ашыктык, сүйүү, махабат деген ушулбу? Бир кезде жолдошуна да ушинтип ашык болду беле? Аны ойлогондо жүрөгү элеп-желеп болчу эмес, жолукканда сөз таба албай кайсалачу да эмес. Албетте, аны да күтчү, сагынчу. Белек-бечкек берсе, жаш баладай так секире кубанчу. Ага эркелегенди, анын эркелеткенин жакшы көрчү.

А бул бейтааныш-тааныш жигит уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей кыжаалат кыла берчү болбодубу! Жолукмак түгүл жөн гана оюна түшө калганында апкаарып жатпайбы! Ух-х! Ойлордон чарчап кетти. Ушул тапта буга перзент гана керек да! Эмне болуп турат, кайдагы бир сезимге азгырылып?!

– Жамийла!!!

Алыстан үн угулду. Ойдун кучагынан чыга албай турган Карлыгач селт эте түштү. Тегерегине көз чаптырып, тээ ылдый жактан келаткан атчанды көрдү.

– Жамийла-а!!!

Чабандес кайрадан үн салды. Жакын арада өзүнөн башка жан адам көрүнбөйт. Демек, муну Жамийласына окшоштуруп алган бирөө окшойт. Атчанды утурлай басты. Аралыктары жакындаганда гана кыялындагы жигит экенин тааныды. Жүрөгү алып учуп, жүзү тамылжып чыкты. Улам берилеген сайын жанын коёр жер таппай карайлап калды. Бир саамга өзүн унута түштү.

– Жамийла-а! Асе-ел! Толгона-ай! – деди чабандес улам бир ысымды атап. – Ой, Толгонай да эмес! Асел да эмес! Ким элеңиз?! – деди жакын келип.

– Саламатсызбы? Сиз мени чакырып жаттыңыз беле? – деди Карлыгач көздөрүн алайтып.

– Албетте, сизди! Бул жакта сизден башка эч ким жок.

– Мен ошондо Жамийла болуп калдымбы?

– Атыңызды билбесем, жактырган ысымдарды айтам да!

Жигит аттан секире түштү да, Карлыгачка кол сунду:

– Менин атым Мырзабек. Сиздики ким болду экен? Канча күндөн бери тааныштай болуп калганыбыз менен, атыбызды сурашпаптырбыз! – деди сырдуу тигилип.

– Атымды сурап эмне кыласыз? Сиз менен таанышкым келип турат дейсизби?

Карлыгач кылыктана каш серпти.

– Мейли анда, айтпасаңыз айтпаңыз. Мен сизге Жамийла деген жаңы ысым берейин. Же Асел болгуңуз келеби?

– Сизге Айтматовдун каармандары жагат окшойт?

– Албетте! Аларды ким жактырбайт?! Же сизге жакпайбы?

– Жагат…

Карлыгач ойлуу жылмайды.

– Чыңгыздын чыгармалары эң сонун! Окуган сайын окугуң келет! Улам бир окуясы кызыктырып, улам бир каарманы менен жашап калам. Баарынан да “Жамийланы” жазданып окугам. Андагы окуяларды сиз кандай деп ойлойсуз? Жамийланын образы сизге жагабы?

– Билбейм… Согушта жүргөн күйөөсүн таштап кетти деп көп жактырган эмесмин.

– Мен да бир кезде ошенткем. Кийин түшүндүм. Чынында сүйгөн адамың үчүн эмнеге гана барбайсың?! – деди Мырзабек көз кыса. – Кел, мен Данияр болоюн, сиз Жамийла болуңуз. Экөөбүз тоо аралап качып кетебиз!

– Кимден? Эмнеге?

Карлыгач Мырзабекти таң калыштуу карады. Экөө бири-бирине түшүнбөгөндөй бир саамга тиктеше түшүштү да, негедир каткыра күлүп жиберишти.

– Сиз менен кол кармаша эл көзүнөн алысыраак кетким келип жүрөт.

– Мени мененби? – Карлыгач кайрадан кыткылыктай күлдү. – Экөөбүз сүйүшүп жүргөндөй айттыңыз го.

– Сиздин мага болгон сезимиңиз кандай экенин билбейм дечи, бирок менин ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпей койдуңуз. Арсыз жүрөгүм сиз деп согуп, акылым баш бербей кыйнап жибергенинен алдыңызда турам. Жүрөгүмдүн сиз деп согуп калганын түшүнүү менен кабыл алып, мени менен тоо аралап качып кетүүгө көнөт бекен деп алдыңызга тизе бүгүп келип калдым!

Карлыгач бетин басып каткырып күлүп жиберди:

– Сиз театрда оюн коюп жаткандай эле сүйлөйсүз го! Артист эмес белеңиз?!

Мырзабектин айткандарын тамаша катары кабыл алганы менен жүзү тамылжып, кыялы көкөлөп учту. Жигит кыздын күлгөнүнө көңүл бурбай сөзүн уланта берди:

– Баардыгына кайыл болуп мени менен кол кармашып дүйнө кезип кетүүгө макулдугуңузду берсеңиз, бүгүн эле жолго чыгууга даярмын. Ааламды айлантып чыгууга чамам жетпесе да, кыялым менен, сизге болгон арзуум, акактай тунук махабатым менен, эч кимдин буту баса элек, буту эле эмес акылы жете элек, өзүмө гана тааныш сезимдердин туу чокусуна чыгарууга кудуретим жетет. Өмүр бою алаканыма салып алпештеп өтөм!

Бул жигиттин сахнада ойноп жаткандай сүйлөгөнү, кумарга толгон көздөрү, жагымдуу коңур үнү Карлыгачты азгырып баратты. Айткан сөздөрү чын болсо кана, аттиң! Жо-жоок! Чын болушу мүмкүн эмес. Жөн гана тоого эс алганы келген артисттерден болсо керек. Бирок кандай болгон күндө да, бирөөнүн сезими менен ойногонго акысы жок да. А балким, ар кимдин образына кирип жүрүп көнүп калгандыр?

– Менин сунушумду кабыл албай койсоңуз, бир жигиттин убалына калдым деп эсептей бериңиз! Анда эле, көзүм көргөн жакка жап-жалгыз дербиш болуп кете берем!

– Кайдагы кепти айтпаңыз, чоң жигит! Биринчиден, менин жолдошум бар! Экинчиден, сиз менен тамашалашып отурганга убактым да көңүлүм да жок! Анан да мени жактырсаңыз эле, мен да сизди жактырышым керекпи?

– Жактырмак түгүл сүйүп калганыңызды көздөрүңүз айтып турат го!

– Көздөрүмбү? Көздөрүм сүйлөйт бекен? – Карлыгачтын күлкүсү мыскыл аралаш чыкты. – Жооштон жоон чыгат! Алгач көргөнүмдө момпоюп созолонуп турдуңуз эле. Күн өткөн сайын ачылдыңыз окшойт! Же эмне, артисттик өнөрүңүздү бир көрсөтөйүн дегениңизби?

– Кайдагы артисттик өнөр? Тек гана сезимди ачык айтыш керек экенин билем.

– Өткөндө “шаардыктар күндүн батканын көрө элексиңер” деп шылдыңдап жаттыңыз эле! А эмне, тоолуктар мендей сулууну көрө элексиңерби?

– Көргөм… Далайын көргөм. Бирок сизди жактыргандай жактырган эмесмин.

Жайдары турган Мырзабектин өңү заматта өзгөрүп, кабагы бүркөлө түштү.

– Мейли, чоң кыз… Сиздей шаардык сулууларга мендей тоолук бирөө жакмак беле! Жакшы эс алыңыз!

Атына секире минди.

– Жалгыз таштаганым болбостур. Кааласаңыз учкаштыра кетем!

– Рахмат! Азыр кетпейм. Өзүңүз бара бериңиз.

Карлыгач Мырзабектин карааны көрүнбөй калгыча узата карады. Артынан жүгүрө жетип анын айткандарына макул экенин, бул да жактырып калганын, дал эле ага окшоп түн уйкудан калып, көңүлү алып-учуп жүргөнүн айтып, “мен сүйүүмдү таптым!” деп ааламга жар салып, тоо жаңырта кыйкыргысы келди…

Бүгүн таңда башталган жаан бирде жайлай калып, бирде катуулап, токточудай түрү жок. Таенесинин “ак жаан жумалап жаайт” дегенин эстеп чочуп кетти. Чындап ошентсечи? Андай болсо боз үйдөн чыкпай бүрүшүп отургандан көрө шаарга кете бергени оң эмеспи. А Мырзабекчи? Аны кантет? Таптакыр көрбөй калабы? Кызык! Ал ким да, бул ким? Аны көргөндө эмне? Чындыгында аны жөн гана ойлогонго да болбойт эмеспи. Бүгүн бар, эртең жок. Бул жакка эс алуучулардын далайы келет. Балким, жаш кыздарды, жалгыз жүргөн келин-кесекти акмалап, улам бирине сөз айтып жүргөн жигиттердендир? Жактырып калдым деп койсо эле, артисттердей өнөрүн көрсөтсө эле ишенип алышы керекпи?

Карлыгачтын ойлору сымал шамал да улам күчөп удургуп, боз үйдүн жабуусун жулкуй берди. Бүрүшүп отура бергенге калчылдап үшүп чыкты. Жууркан алып оронду. Ага деле болчудай эмес. Мындайда убакыт да өтпөй калат экен. Жамгыр тезирээк токтосо деген сайын ого бетер күчөп алганын карачы. Болбосо, сыртка чыкмак. Ага жолукмак. Балким, ал деле буга жолуккусу келип тургандыр? Сагынгандыр? Өз оюнан өзү уялып кетти. Айланып келип ой-кыялы ага барып такалганын көрчү. Адам баласы өзүнүн тулку-боюн башкарган күндө да сезимин тизгиндей албай калат экен да. Ой күлүк деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Ушул мүнөт, ушул саамда гана кол телефонун эстеди. Антеннасы тартпаганына буга чейин кейимек түгүл сүйүнгөн. Кол шилтеп койгон. Сырт дүйнө менен байланыша албай калганына кайыл болчу. Телефонун кайда койгону деле эсинде жок. Кол сумкасын, чөнтөктөрүн тыткылап жатып араң тапты. Таптакыр өчүп калыптыр. Айласы кетип жуурканын башынан бери чулгуй, нары карап бүк түштү. Антсе да, жаандын басылганын билбей калбайын деген кыязда сыртка улам кулак төшөйт. Дагы деле “дыбыр-дыбыр”, “шуу-шуу”.

Бир мезгилде жамгырдын дыбыраганына аралаш обондуу ырдын кайрыгын эшитти. Бара-бара даана угула баштады. Эркектин жагымдуу коңур добушу улам бийиктеп улам жакындап келе жаткандай. Коңшу боз үйдөгүлөр ырдап жатышса керек? Алар деле тажашты көрүнөт. Жо-жоок… Коңшу боз үй менен бул турган боз үйгө чейинки аралык анчейин жакын эмес. Мынчалык угулбайт болчу. Абдан жакын жерден, дал эле бул жаткан боз үйдүн жанынан угулуп жатпайбы. Акырын ордунан турду. Босогого жакындай берип жүрөгү болк эте түштү. Мырзабектин үнү! Капырай, жүрөгү жарылчудай дүкүлдөгөнүн карачы! Денеси ымыр-чымыр боло ого бетер калч-калч этти. Же үшүгөндөн же жөн гана Мырзабек го деген ойдон калчылдаганы билинбейт. Бирөө жарым угуп, көрүп калчудай бутунун учу менен коомайлана басып, боз үйдүн эшигин саал кыйшайта ачты да, сыртты шыкаалады. Ойлогонундай эле Мырзабек экен. Ал Карлыгачты байкабагандай, башка дүйнө, башка ааламда өзү жалгыз отургандай буга тааныш эмес сүйүү ырын берилүү менен созолонтуп жатты. Обонго термелген жаш сулууну кандайдыр бир сыйкырдуу күч жигитти көздөй жетеледи. Ансайын Мырзабектин коңур доошу оболой учту. Эки жүрөк сүйүү обонуна, махабат ыргагына азгырылып бара жатты…

– Ай, Карлыгач! Үйдөсүңбү?

Экөө бирдей атып турушту. Боз үйдүн босогосун аттай берген Салкын эже: “Ок! – деди чочуп. – Сен да бул жерде белең?” Мырзабекти бир, Карлыгачты бир карап эмне дешти билбей кайсалай түштү. Кечтин киргенин, сүт ичээр маалдын өтүп кеткенин капарына албай сүйлөшүп сөзгө тойбой отура берген эки жаш жооп таба албай жер карады.

– Бул кыздын эмне эле дымы чыкпай калды десе! – деди кабагын чытый.

– Сыртта жаан да… – деди Мырзабек ыңгайсыздана.

– Кайдагы жаан? Жаан небак токтогон!

Салкын эже этектерин желп эттире сыртка чыгып кетти. Көз ачып жумгуча болуп өткөн бул окуяны дагы деле сиңире элек эки жаш бири-бирин үн-сөзсүз тиктеп турушту да, каткыра күлүп жиберишти.

Жаан эчак токтоп, күн уясына кыпкызыл болуп батып бара жаткан…

Түн. Асманда жылдыздар табигаттын сулуулугун арттыра жымыңдашат. Иттин анда-санда үргөнү, жылкылардын кишенегени угулат. Тээ ылдыйкы колотто кимдир бирөөлөр алоолонто от жагып, тегерене ырдап-бийлеп жатышкан үндөрү бирде угулуп, бирде тоо койнуна сиңип кеткендей тынчый түшөт.

Карлыгач эс алып жаткан боз үйгө жакын машина келип токтоду да, ичинен бир караан түштү.

– Ким бар?! – деген үндөн Карлыгач чоочуй ойгонду.

Түн катып келген кандай жүргүнчү? Бир оодарылып, кайрадан көзүн жумду. Сыртта кобур-собур үнгө удаалаш эшиктин кашегин акырын черткилеген дабыш чыкты.

– Карлыга-ач! Кар-лы-га-ач! Уктай элексиңби-и? Сага келипти-ир! – деген Салкын эженин шыбырай чыккан үнү угулду.

Карлыгачтын уйкусу умачтай ачылып, ордунан ыргып турду. Халатын үстүнө илип-илбей сыртка бет алды. Бет маңдайынан Соорондун албырган жүзү көрүндү.

– Карлыгачым! Кандайсың, жаным?! – жубайы сагынычтуу кучак жайды.

– Сооронсуңбу?! – деди Карлыгач бир чети чочуй, бир чети таң кала уйкулуу көзүн ушалап. – Сен эмне түн катып?!

– Эң алды учурашып албайлыбы. Анан шашпай сурайсың да неге түн катып жүргөнүмдү, – деген Соорон Карлыгачты белинен имере тартып, бетинен сүйдү. – Үйүңө кирсек болобу? – деди тамашалай.

– Албетте, болот!

Соорон машинасынан базарлыктарын алып боз үйгө баш бакты. Карлыгач дасторконду заматта жайната салды да, жолдошун жылмая карады. Бирок мурдагысындай эркелеген да, кылыктана так секирип кубанган да жок. Жүзүндө жылмаюу турганы менен, көздөрү муздак, суз. Жубайынын маанайын Соорон дароо байкады. Экөөнүн ортосундагы ыңгайсыздыкты Карлыгачтын кайталай берген суроосу оңдомуш этти.

– Тынччылыкпы? Эмне түн катып?

– Тынччылык, – деди Соорон Карлыгачтын мөлтүрөгөн көздөрүнө шектүү тигилип. – Сагындым. Көргүм келди. А сенчи? А сен мени сагындыңбы?

Карлыгач жооп бере албай тайсалдай түштү. “Мен да сагындым!” деп калп айтууга да, “Жок!” деп айтып көңүлүн сындырууга да даабады.

– Кандай келдиң? – деди жөн гана көңүл кош.

– Жакшы… Эртеңки дем алышка карап түнү болсо да жетип алайын, бир күн болсо да жаныңда болоюн деп чечтим. Бүгүн эртерээк чыкканга болбой калды. Баягы эле жумуш да…

– Аа… – деди Карлыгач көздөрүн ала качып.

– Карлыгач, Карлыгачым мени! Кучагыма келчи, сагындым… Моокум кана өөп-жыттап алайын.

Соорондун мындай аракетине демейде кылыктана жооп берчү Карлыгач денесин жыйырып алды. Өзүнөн оолактата түрттү.

– Жөнчү! Эже келип калса уят эмеспи!

Оюна ушул шылтоо келди. Ушул гана тоскоол болуп тургандай айтты. А чындыкты кантип айтмак? Мындай учурда эмне деши керек эле?

– Келе берсин! Өз аялыма тийишсем болбойт бекен?

– Кызыксың го. Сенин аялың экенимди билип коюптурбу!

– Билбесе койсун! Ал бизге ким?

– Койчу эми Соорон! Жаш баладай боло бербечи! Менин азыр эч нерсеге көңүлүм чаппай турат!

Жубайынан мындай мамилени күтпөгөн Соорондун өңү бузула түштү. Көздөрү оттой жанып, тулкусу калчылдап чыкты. Жолдошунун сүрүнөн, кадала тиктеген көздөрүнөн корккон Карлыгачтын денесин майда калтырак басып, титиреген эриндерин кымтый жер карады.

– Карлыгач! Эй, Карлыгач! Бери карачы! Сага эмне болгон, я?! Мага таптакыр чоочун адамдай караганыңды кандай түшүнсөм болот?!

– Соорон… Түшүнсөң… Менин азыр эч нерсеге көңүлүм жок…

Карлыгач мукактанып оозун араң кыбыратты.

– Көңүлүңбү?! Мм… Сенин көңүлүң эле эмес, өзүң да башкача болуп калгансың го! Демек, эки күндөн бери жүрөгүмдүн түпөйүл болуп турганы бекеринен эмес экен да!

Соорон Карлыгачтын мамилесине таарына кол шилтеди. Мүнөзү ушундай. Экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болуп калган кезде кыйкырбайт да, сөгүнбөйт да. Тек гана добушу бийиктей түшөт. Ошол эле жетиштүү. Балким, башка маал болгондо жолдошун алдаганга өтмөк. Эркелеп болсо да, көзүнө жаш алып болсо да көңүлүн алмак. Керек болсо аны кечирим суратып, белек алдырганга да жетишмек. А азырчы? Азыр кеп башкада, көйгөй таптакыр бөлөктө. Мурда-кийин мындай болгон эмес, болбошу да керек болчу.

– Соорон… Мени түшүнүп койчу. Мен.. Мен…

Титиреген эриндерин кымтып сөз улай албай жер тиктеди.

– И-и! Эми эмне дегиң келип турат? Кандай шылтоо табайын дейсиң? Айтчу сөзүң болсо тайсалдабай ачык айт, балким, түшүнөрмүн. Адаммын го акыры, балким, кечирип да коёрмун.

Баштапкы сөздөрүнөн да минтип какшык сүйлөгөнү коркунучтуу эле. Көптү көрүп, башынан далай сыноо өткөн Соорон Карлыгачтын бүгүнкү мамилесинин төркүнүн ич туюму менен сезип турду бейм? Демейде шакылдап, шайырланып Соорондун көңүлүн заматта таба калчу Карлыгачтын тили күрмөөгө келбей, өң алеттен кетип турганын Соорондун ого бетер жанын кашайтты.

– И-и! Эмне болгон мынчалык, оозуңан сөз чыкпай? Сүйлөй албай калганыңды көрө элек элем го! Же?! Же бул жердин абасы менен дарысынын таасири өзгөчө бекен? Бул кейпиң менен шаарга баргычакты менин ким экенимди деле унутуп калмак окшойсуң?!

– Соорон… Болдучу эми… Көңүлүмдүн жогунан эле…

– Мм… Даа… Демек, кептин баары жөн гана көңүлүңдүн жогунан экен да, ээ?! Кызы-ык! Мен сага шаардан бери түн катып жол жүрүп, сагынып, шашылып… Сенин көңүлүңдүн жогун көрөйүн деп келди дейсиңби?! Качанкыга чейин сенин гана көзүңдү карап турушум керек?! Кана, айтчы! Качанкыга чейин эмне десең ошону “хоп!” деп аткарып жүрө беришим керек? А сенчи? Сен! Бир жолу! Бир жолу! Жок дегенде бүгүн менин көңүлүмдү карап койсоң болот эле го! Тээ алыстан жол карытып келди деп сыйлап койсоң болот эле го! Жо-жоок! Сен бүгүн эле эмес! Сен көптөн бери башкачасың! Айтпасаң, дебесең эле мени эч нерсени байкабаган, эч нерсе менен иши жок түркөй ойлоп жүрөсүңбү?!

Эмне кылар айласын, эмне жооп айтыштын жолун таппаган Карлыгач күчүн жаштан чыгарып ыйлай баштады. Көптөн берки арманын, наристе жытына куштар болгонун, Мырзабекке болгон махабатын айтып алгысы келди. Бирок… Айта албады. Тек гана үн-сөзсүз күчүн жаштан чыгарып жатты. Сүйгөн адамынын көз жашы Соорондун жүрөгүн жумшартты көрүнөт. Демейкидей эркелете үн катты:

– Жаным менин! Карлыгачым менин! Болду эми… Мени кечирип койчу. Катуу кеттим окшойт, – деп жылуу сүйлөп, жүзүнөн, жаш куюлган мөлтүрөгөн көздөрүнөн өпкүлөй баштады.

– Соорон! Соорон дейм! Болдучу! Кечирим сурагыдай, сен бирдеме кылдың беле?! Мен…

Кайрадан алыстата түрттү. Болгондо да күч менен түрттү. Канча жылдап бир төшөккө бут сунган, бир жаздыкка баш койгон жакын адамы жат сезилди. Денесин жыйырып, ичиркенип алды. Сооронду да, өзүн да, дегеле бүт ааламды жек көрүп кетти. Колунан келер болсо ушул мүнөт, ушул саам кулак уккус, көз көргүс, эч ким таба алгыс алыс жактарга канат байлап учуп кетүүгө да даяр эле.

Сүйгөн адамынын мындай муздак мамилеси Соорондун көңүлүн эми чындап оорутту. Жаш баладай шагы сынды. Эриндери эле эмес, бүт денеси калчылдап, өзүн жийиркене түрткөн жубайын шалдырай тиктеп бир аз турду да, аракетинен эч майнап чыкпасын түшүндү. Мындан ары экөөнүн ортосунда сүйүү-махабат, ышкы-кумар гана эмес, сый да болбосун, эми буларды байланыштырар эч нерсе калбаганын сезди.

Жүрөгү булкуп алды. Өзүнө баш бербей түйүлгөн муштумдарын, чыңалган нервин араң токтотуп, дагы бир аз турса Карлыгачына жамандык кылып аларын сезди. Сүйүүсүнөн да, жалынып-жалбарып эркелетүүсүнөн да, муштум көтөрүп жаңжал кылуусунан да майнап чыкпасын түшүнгөн Соорон шарт бурула сыртка бет алды.

Аттап-буттап машинасына жете береринде тээ нарыдан атчан жигиттин карааны көрүндү. Карлыгачтын мамилесинин өзгөрүп калганына бул чабандестин тийешеси бар экенин ички туюму шыбырагансыды. Кызганычтан оттой жанып, бүт денеси калчылдап чыкты. Түгөйүн тарттырып жиберерин сезген карт илбирстей түйүлдү да, бейтааныш чабандести көздөй обдулду.

Атчан жигит Мырзабек эле. Карлыгачка билгизбестен түнөгүнө кирип барам деген кыялына жетеленип, сагынычы көкүрөгүнө сыйбай келе жатканда, боз үйдүн жанындагы машинаны көрүп токтогон. Дал ошол маалда көрдү боз үйдөн чыккан эркектин караанын. Ким экенин жаземдебей билгени менен, же бастырып кетип кала албай, же учурашууга даай албай нес болду. Экөө тең Карлыгачты бири-биринен кызганып турушту.

Соорон өзүнөн алда канча жаш, булчуңдары чытырап күчкө толгон Мырзабекке каршы чыгууга даабадыбы, же кандай кылса да Карлыгачтын сүйүүсүн кайрый албасын түшүндүбү, машинасын от алдырды да жөнөп кетти.

Машинанын добушун угуп, сыртка жүгүрүп чыккан Карлыгач заматта алыстап кеткен унаанын артынан карап, терең дем алды. Негедир эс ала түштү. Кайрыла берип обочо жерде турган Мырзабектин караанын көрүп, кайрадан жүрөгү туйлап чыкты. Демек, Соорон Мырзабекти көрдү, мунун мамилесинин өзгөргөнүнө себепкер ушул жигит экенин сезди?! Кантип сезбесин? Түн ортосунда жаш селки жаткан боз үйдү айланчыктап жөн жигит келбейт да. Эми эмне кылат? Көз жашын куюлта нес боло боз үйгө жөлөндү.

Заматта болуп өткөн окуядан Мырзабектин да ою чачырады. Шаабайы сууду. Ат тизгинин бурду да тоону көздөй алып-учуп чаап жөнөдү…

– Күйөөсү бар экенин билип туруп бул келинди эмне эле айланчыктап калдың, я? Апаңдар укса жаман болушат го! Кеч боло электе токтотсоңчу шынаарлаганыңды! – деген Салкын эженин сөзүнө Мырзабектин көңүл бургусу жок.

Карлыгач деле ошол. Бирөөнүн сөзүнө, бирөөнүн көзүнө карай турган убагы эмес. Сүйлөсө сөзү бүтпөгөн, сүйсө сүйүүсү алоолонгон мезгил. Кээде өзүн чын эле Жамийладай сезип кетет. Кыялында тагдыры жолуктурган адамы менен түбөлүк кол кармаша дүйнө кезип, махабаттын таттуу экенин даңазалап обон созот. Бирок кыялында гана. А чыныгы жашоодо кантип Жамийладай боло алат? Кантип Мырзабеги менен түбөлүк калат? Соорону коё берер бекен? Анын колу узун. Керек болсо жер алдынан да таап алар? А балким, буга чейин эле эки жээкке чабылган, эки үй-бүлөнүн ортосунда чайналган тагдырына нааразы болуп, үй-бүлөсүнө биротоло кайтуунун миң амалын издеп, шылтоо гана таппай жүргөндүр? Ошол себептен баарына кол шилтеп кете берди да. Мунусу эмне кылсаң өз эркиң дегендегиси эмеспи? Анан да, экөөнү бириктирер ортодо наристе болбосо. Эмнеге мынча кыжаалат болот?

Мырзабеги ар күнү ушул жерде. Чындап сүйөрүн, жашоосун Карлыгачсыз элестете албай калганын айткандан тажабайт. Макулдугуңду берсең дароо ата-энеме алып барам, алар менин тандоомо эч качан каршы болушпайт дейт. Албетте, анын сүйүүсүнө ишенет. Бирок ата-энеси эрден чыккан немени эмне кыласың дешсечи? Сага эмне жаш кыз жокпу деп урушушсачы? Уф-ф! Ойлордон чарчап кетчү болду. Мырзабектин жанында гана баарын унуткарат. Ойлонгусу да келбейт. Демек, экөө же нары же бери болушмайын карама-каршы ойлор келе берери айдан ачык.

Шаарга кайтар күн да алыс эмес. Албетте, жайлоодо канча жүрсө өз эрки. Эң башкысы, жатар үйүнө акча төлөп койсо болгону. А бирок эртеби-кечпи кетиши керек эмеспи.

– Карлыгач! – деди Мырзабек Карлыгачтын кетүүгө камынып жатканын байкап. – Шаарыңа кетпей эле койчу. Андан көрө бүгүндөн калбай үйүмө алып барайын. Ата-энем сөзсүз кабыл алат, алар менин тандоомду сыйлашат! Аппак жоолук салынган татынакай келинчек болосуң!

– Кечирип кой, кала албайм, – деди Карлыгач. – Анын үстүнө ата-энеңе буга чейин деле айтсаң болмок. Элестет, экөөбүз жетелешип үйүңө кирип барсак, анан кимди алып келдиң деп урушуп кууп чыгышса…

Тамаша-чыны аралаш жооп айтканы менен, көмөкөйү кысылып, тамагы буулуп чыкты. Жүзүн жашыра нары карады. Мунусу каректериндеги чогулган көз жашын көрсөтпөөнүн амалы эле. Мырзабек Карлыгачты имере тартып, карылуу кучагына кыса эркелетти. Ийинин жапкан кундуздай чачынан аяр сылап, шыбырай үн катты:

– Ата-энемен кабатыр болбочу, жаным. Эң башкысы сенин гана макулдугуң керек.

– А жолдошумчу? Аны кантем? Ал укса сөзсүз келет. Анан… Анан кантебиз? Соо койбойт бизди…

– Жолдошум жакшы киши дедиң эле го. А мүмкүн түшүнөттүр? Менимче, өткөндө баарын билди. Ошентсе да унчукпай кетти го. Же ушинтип, өмүр бою сүйбөгөн адамың менен жашай берем дейсиңби?

Карлыгач жооп бербестен Мырзабектин көкүрөгүнө башын жөлөдү.

– Экөөбүз неге жолуктук? – деди шыбырап.

– Сен антип айтпа… Бул биздин тагдыр! Сен экөөбүздү табыштырган тагдырга рахмат гана айтышыбыз керек! – Карлыгачтын мончоктоп төгүлгөн жашын аярлай аарчыды. – Ыйлай бербечи, жаным! Менин да жүрөгүм сыздап турат! Экөөбүз бир айла табышыбыз керек!

Карлыгач ый аралаш жылмая карады.

– Мына! Ушинтип эле жылмайып турсаң, бүт дүйнө жаркый түшөт! Өмүр бою сенин жылмаюуңду гана көрүп өтсөм, менчелик бактылуу жан болбойт! – деген Мырзабек Карлыгачтын кулагына аяр шыбырады. – Көрөсүң го, биз көп балалуу болобуз! Сен каалагандай… Бешөө эркек, бешөө кыз…

– Ошол күндөр эртерээк келсе экен!

Кыялында бала көтөргөн Карлыгач Мырзабек менен жетелеше көчө бойлой кетип баратты…

Үлп эткен жел жок. Шаар ичи үп тартып, дем кыстыктырат. Демейдегиден бүгүн бөтөнчө ысык. Терезе калтырбай ачып, оор дем алган Карлыгач телевизор тиктеп отурду. Көздөрү анда болгону менен, ою таптакыр башкада. “Аркаңан сөзсүз барам! Күт! Сенсиз жашоом караңгы. Өмүр бою сени гана сүйүп өтөм!” – деген Мырзабектен дайын жок. Эх-х! А балким, алдап койгон болсочу? Же ата-энесин көндүрө албай койду бекен? Алар сөзсүз макулдук берет деп ишенимдүү айтчу эмес беле. А эгер келбей койсо, мындан аркы жашоосу кандай болот? Соорон чалып да койбоду. Өзүнө тийешелүү кийим-кечесин алып кетиптир. Демек, эч качан кайрылбайт. Ошол себептен ага деп жазылган катты телефонунун бир четине жазып койгон. Мырзабеги менен кол кармашып кетчү болсо, ал катты дароо жөнөтөт да, кечиримин алат, кол-жолун бошотот. А кетпей калсачы? Э-эй! Эмнеси болсо да көрө жатар. Ушул мүнөт, ушул саам анча-мынча болсо да дем берип турганы – батирди Соорондун талашпаганы, тартып албаганы болду. Кантсе да эркектик кылды. Ушуга шүгүр, ушуга рахмат. Баш калкалаар бул үйү болбогондо кантмек? Албетте, жалгыз башы кайда болбосун батат дечи. Жумуш деле табылмак, ишке кирип, өзүн-өзү бакканга да жарамак. Бирок азыр андай кылууга мүмкүн эмес. Курсагында махабаттан жаралган данек бар экенин шаарга келери менен билген. Карлыгач курсагын сылап бактылуу жылмайды. Энелик мээрими ойгонуп, азыртан наристесин сүйүп турат.

Өмүр бою сүйбөгөн адамдын жанында алтын капаста болгучакты, сүйгөн адамың менен алачыкта өткөргөн он күнүң артык деген сөз эсине түштү. Ким айтты эле? Кызык! Эсинде жок.

Заматта терезелер калдырттап, пардалар желпилдеп Карлыгачтын оюн бузуп жиберди. Селт эте чочуп отурган ордунан шашыла турду да, терезелерди жабууга ашыкты. Сыртта жаан төгүп жатыптыр. Дал эле жайлоодогудай. Кандай сонун! Кандай керемет! Бая эле ушинтпейт беле! Кимгедир ыраазы боло шыбырап, колун жая керилип алды да, балконго чыкты. Күтүүсүз жаан бейкапар элдин шаштысын кетирип, бир заматта көчө ээндей түшүптүр. Ары-бери зуулдаган машиналар гана тынчычудай эмес. Тигине бир кыз тыпылдап чуркап баратат. Жайлоодогу жаанда калган мүнөттөрүн эске салган кыздын карааны көрүнбөй калгыча узата карады.

Тигине дагы бир караан көрүндү. Төгүп жаткан жаанга карабай басыгы жай. Тегерек-четин акмалай кимдир-бирөөнү издеп жүрөт. Караандан көзүн албай тигилди. Негедир күткөн адамына окшоштурду. Жүрөгү жарылчудай булкуп алды. Капырай! Чын эле ошолбу? Ишенип-ишенбей көздөрүн ирмеп-ирмеп алды. Ошол экен! Мырзабек! Мырзабегим менин!

Сагынып күткөн махабатын тосуп алууга ашыга жөнөдү…

Бир аз өтпөй Соорондун телефонуна кат жөнөтүлдү.

“Салам, Соорон! Өзүңө жолугуп ачыкка чыгайын дедим эле. Бирок сен кайрылган жоксуң, мен чакырган жокмун. Балким, тузума түкүрүп кетти, жакшылыгымды билген жок дээрсиң. Кандай айтсаң да, мени жек көрсөң да жарашат. Бирок мен бул кадамга сага кыянаттык кылуу үчүн барганым жок. Канча жылдап перзент жытына зар болдум. Кудайдан миң сурансам да экөөбүзгө бала буюрбады. Эртеби-кечпи уулдарыңа кайтып кетериң мен үчүн айдан ачык болчу. Коркчумун. Койнубузда наристе ойносо деген тилегимди тамак жесем да, башым жаздыкка тийсе да кайталай бергенден тажачу эмесмин. Бирок тилегим орундалган жок. Сен мунун баарын жөн гана менин убарамдай, мага гана тийешелүү көйгөйдөй кабылдадың. Анын үстүнө экөөбүздүн мамиле күндөн-күнгө солгун тартып, бири-бирибизге жат болуп калганыбыз жалган эмес болчу. Тек гана моюнга алгыбыз келчү эмес. Бирок менин кетип калганымдын себеби башкада. Аны өзүң деле түшүнүп тургандырсың. Тагдырыма жазылган махабатымдан баш тарта албайм. Кайда жүрбөйүн, мага жасаган ар бир жакшылыгыңды унутпайм. Кош бол!”

Алтын капас-махабат алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Жалгыз отургуч
4/5 - (8 добуш)

(аңгеме)

Столдо чачылып жаткан кагаздарын жыйнап, үйгө кетүүгө камына баштады. Үстөлү иш маалында эгерим жыйналбайт. “Качан болсо кагаздарың баш аламан жатат”, – деп тийишип калган кесиптештерине “творческий беспорядок” деп, орусчасынан тамашалап жооп берип коймою бар. Иреттеп койсо эле иши жүрүшпөй калчудай боло берет. Эртең менен жыйналуу турган кагаздары кечке чейин чачылып калат. Үйүнө дегеле шашпайт. Шашканда эмне? Күткөн эч кимиси жок. Барары менен чала-була өзөк жалгамыш этет да, телевизор тиктейт. Көзү анда болгону менен, ой-кыялы башка жакта. Бул көрүнүш күндө кайталанат.

Кээ бир тааныштары Гүлүмдүн жашоосуна ачык эле көз артышат. “Ай деген ажоң, кой деген кожоң жок. Өзүңдү өзүң билесиң. Кааласаң укта, кааласаң көчөлө… Үйүң толо оокат. Кийгениң түрү менен. Жаш сулуудай суйкайып, дегеле бетиңде бир бырыш жок. Жигиттен жигит тандасаң болот. Керек болсо жыйырма бештеги жаш жигиттер да суктанат го сага!” – дешет. А Гүлүм үчүн мунун баары кызыксыз. Бирок тек гана “ооба” деп жооп берип коёт. Түнү жаздык кучактап ыйлап чыкканын, жалгыздыктан чарчаганын кимге айтып, кимге бугун төгөт? Үйүндөгү оокаты ким үчүн да, жан үрөп иштегени ким үчүн? Жүрөгүнө жылуулук тартуулай албаса, жаш жигиттердин суктанганынан не опаа? Бул жашоодо өз түгөйүңдү таппай калуудан, баласыз калуудан өткөн азап бар бекен? Аны көз арткандар билбейт. А балким, билишсе да жөн гана көңүл жубатып коюшаттыр? Өзүнө минтип айтышканы менен, артынан боор ооруй карап: “Бактысыз байкуш, ушинтип жүргүчө аюу да болсо бирөөгө тийип албайт белең!” – дешер…

Күн уясына батып, айлана күүгүм тартып калганын сыртка чыкканда гана байкады. Үйү жумушуна жакын арада болгондуктан шашылбастан көчө бойлой жөө басты. Жашы кыркка таяп калганына карабай, мүчөсү жаш кыздардай сымбаттуу. Качан көрбө – такалуу, өзүнө жарашыктуу бут кийим кийет. Анысы аялдын ажарын ого бетер ачкандай “тык-тык” этет.

Демейкидей бак ичиндеги орундукка көчүк басты. Бул отургуч менчигиндей болуп калган. Ар кечте келет. Санаалашындай сырын төгөт. Андан калса орундук да Гүлүмдү гана күткөндөй дайымкыдай ээнсиреп бош турат.

Жайдын күнү болгондуктан көчөдө эс алып жүргөндөр арбын. Жуп-жубу менен колтукташа баскандар, балдарын жетелегендер.

Ээрчишкендерге суктана карады.

“Аттиң, менде да ушундай кечтер болоор бекен?” Аны түпсүз санаа басты. Мындай мезгилде оюна башка нерсе келбей калат. Дүйнөдөн жалгыз өтүп кетемби деген коркунуч жүрөгүн мыжып, эч ким билбеген, эч кимге айтып даттанбаган көңүл оорусу кайрадан козголот. Башка нерселерге алаксыйын десе да болбоду.

Эртеден кечке улам бир макала жазып бүгүн да катуу чарчаган. Баарынан да “Тагдыр” деген рубрика ачып алганын кара! Ар кандай адам тагдырларын жазат. Апасы: “Бирөөнүн тагдырын эмне кыласың, өзүңдүкүн ойлосоң боло!” – дегени да бар. Ошондо бул сөз катуу тийген эле. Бирок сыр билгизбей: “Апа, менин тагдырым эң сонун. Эмне кааласам баары бар. Силер маңдайымдасыңар. Акчам жетиштүү. Ден-соолук ордунда… Мага дагы эмне керек?” – деген. Кызынын жообун уккан апасы: “И-ий, балакетиңди алайын кызым ай! Бактылуу болсоң экен…” – деген эле муңайып.

– Саламатсызбы, чоң кыз?! Жаныңызга отурсам болобу?

Ойго чөмүлүп, жанына келген жаш жигитти байкабай калыптыр.

– Саламатчылык! Отура бериңиз.

Тоскоол болбоюн деген ниетте нары жылды.

– Эмне жалгыз отурасыз? Күткөнүңүз келбей жатабы?

Шыпылдай сүйлөп, эски таанышындай суроо узаткан бейтаанышты жаман карады.

– Сиз эмне, көчөдөгү элди суракка алгыдай тергөөчүсүзбү?!

Жаш жигит апкаарый түштү.

– Жо-ок, андай деле эмес. Жалгыз отурсаңыз… Маанайыңыз пас… Көңүлүңүздү көтөрүп, сүйлөшүп отурсамбы деген ойдо кайрылгам. Мен да жалгыздап басып, сейилдеп жүрдүм эле.

– Менин көңүлүмдү көтөргүдөй маскарапозсузбу?! Жалгыздап басып, сейилдеп жүрсөңүз, мага тоскоолдук кылбай, жолуңуз менен кете бериңиз да!

Бейтааныш унчукпай нары басты. Анын кай тарапты көздөй кеткенине деле көңүл бурган жок. “Каап! – деди ичинен. – Ушундай терс кыялым менен сүйлөшкүсү келген адамды да качырып жиберем. Балким, жаман деле ою жоктур? Мындай иттигимди кантип тыям?” Бир кездеги апасынын айткан сөзү эсине түштү: “Алдагы мүнөзүң менен эрге деле тийбейсиң го… Тийсең да, сенин ит кыялыңа эркек чыдамак беле, катыгүн! Дегеле эч кимге баш ийгиң келбейт!” “Коюңузчу апа, менин кыялым эмне болуптур?! Айткан сөзүмө турам. Ишимди билем. Үй жумуштарын катыра жасайм. Дагы эмне керек? А эркек деген эркектей болсо, баш ийбей каякка бармак элем?!” – деп жооп берген. “Эркек деген эркектей болсо дегенин кара! Эркектей болбой анан кандай болмок эле?” – деген апасы нааразыланып. “Канда-ай, канда-ай? Менин оюмдагыдай…” Ошону менен сөз бүткөн. Көп сүйлөгөндү жактыра бербеген апасы унчукпай тим болгон.

– Чоң кыз, бул сизге!

Бир аз эле убакыт мурун кагуу жеп кеткен жигит маңдайында гүл сунуп турат. “Мунусу укмуш болду го… Бул эмнеси?!” Кайрадан кагып жибербей, өзүн токтотту.

– Рахмат! Муну эмнеге алып келдиңиз?! Тааныбаган бир аялга…

– Биринчиден, “муну” эмес, гүлдү. Экинчиден, “аялга” эмес, чоң кызга.

– Үчүнчүдөн?!

– Үчүнчүдөн, сиз мага жагып калдыңыз.

Жигиттин сөзүнө каткыра күлдү. Кээде ушинтип күлүп коймою бар. Анысы жүрөк толгоосун, ички бугун жашыргандагысы окшойт. Жигит оңтойсуздана жылмайды.

– Мына, көңүлүңүз да көтөрүлүп калды.

“Ооба” дегенсип баш ийкеди. Бирок бир заматта ууртундагы күлкүнүн изи да калбады. Эзели белек алып көрбөгөндөй көздөрүн муң басып, гүлдү жыттап койду.

Ортодо сөз уланбай бир саамга отуруп калышты. Ар ким өз ою менен алек. Гүлүм тизесин жаап, сабынан кармап отурган сумкасын ачып, бир нерсе издегендей кайсалай түштү да, ордунан турду. Бейтааныш жигитке кол сунуп:

– Жакшы калыңыз. Гүлүңүзгө рахмат! – деп кетүүгө камынганын билдирди.

– Чоң кыз, бир аз отура турбайсызбы? – деди бейтааныш жигит шашкалактап.

Жигиттин уялыңкы жүзүнө жылмая карады да:

– Биринчиден, “чоң кыз” эмес, эже болом. Экинчиден, үйгө барыш керек. Үчүнчүдөн, гүлүңүздү алсам эле “мени да жактырып калды го” деген ойдон алыс болуңуз! – деп бурула жөнөдү. “Тимеле! Таанышкыча уяң боло калышат! Оюна койсом, өзгөрүшү бат эле да! ”

– Чоң кыз…

Бейтааныш жигит артынан ээрчий карап, умсунуп кала берди…

Үйү демейкисиндей бүгүн да кунарсыз, муздак. Ичи кымбат баалуу эмеректерге толуп, заманбап жасалгаланган, курбулары көз арта суктанган үйү өзүнө ушундай сезилет. Иш күндөрү жумушу менен алек болсо, дем алыш күндөрү убакыт өтпөй, өзүн капаста камалган куштай сезет. Ошондой күндөрдө курбуларына телефон чалып, ал-акыбалдарын сурамыш этип барып келүүнү көздөйт. Бирок – баары турмушта… Түгөйлөрү аны жактырбагандай кабыл алат. Башы бош, күйөөсүз жүргөн немени алар жактырчу беле? Жубайларын бузуп койчудай, азгырып көчөгө алып кетчүдөй кооптонушат. А балким, алар жаман деле көрүшпөстүр? Бирок ал ушул оюна бекем ишенет.

Телевизорун күйгүзүп, каналдан канал которуп бирдеме издеди. Эмнени көргүсү келип турганын өзү деле билген жок. Тамакка да табити тартпай, жатууга кам урду. Өзүн-өзү канчалык алаксытайын десе да болбой, оюна бейтааныш жигит келе берди. “Кандай гана мерез жанмын. Балким, ал да жалгызсырап, сүйлөшүүгө киши издеп жүргөндүр? Байкушту кагып-силкпей эле койсом эмне болмок?! Жөн сүйлөгөндү да билбейм. Жамандыгыман жалгыз калдым да. Далай жигит сөз айтып, артыман жүгүрсө, жактырбай мисирейдим го. Өзүмө өзүм кылдым! Чала болот!”

Терезени телмире тиктеди. “Жок, жок! Мен да сүйүп, мен да ашык болбодум беле!”

Арадан канча бир жылдар өтсө да жүрөгүн тымызын эзген бир мезгил эске түштү. Ал күндөрдү ойлогондо көзү жашка толуп, жүрөгү ооруп, ыза болот. Кечээ гана болуп өткөндөй жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түшөт. Канчалык аракет кылса да унута албай койду. Баарынан да улам жашы өйдөлөгөн сайын ошол убак көз алдына көбүрөөк тартылчу болгон.

Гүлүм анда алдына киши салбай такылдаган, класстын гана эмес, мектептин эң алдыңкы окуучуларынын бири эле. Ийиндерин жапкан апакай бантик тагылган эки өрүм чачы кара тору жүзүнө, коймолжуган көзүнө жарашык берип турчу.

Биринчи чейрек аяктап калган мезгилде мектепте бир мугалим пайда болду. Окуучулар күбүр-шыбыр түшүп, аты-жөнү ким, кайсы сабактан берет болду экен, үй-бүлөсү барбы деген сыяктуу суроолорго жооп издеп убара. Өзгөчө жогорку класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн кызык болду. Жаш агайды астыртан карап көзүн сүзгөн кыздар да болбой койгон жок. Алыскы райондогу бул мектепке анда-санда гана чоочун мугалим келбесе, дээрлик баары – айыл тургундары. Чыкыя кийинип, чачын жылмалап артка кайрыган жаш жигиттин айылдык мектепке келиши табышмактуу эле. “Кайдан келиптир? Борбордонбу?” деген суроолор, “Өзүнчө эле кычырайт го! Кабагы ачылбаган неме окшойт!” – деп сыртынан баа бергендер, “Ээ, азырынча кычырай турсун, бир аз убакыт өтсүнчү, өзүбүздүн эле катарга түшөт! Бул кебетеси менен айылга чыдабай, жыл айланбай качып кетпегей эле!” – деп какшыктагандар да чыкты.

Бул агайдын күтүүсүз келиши Гүлүмдүн да жүрөгүн кытыгылап, белгисиз бир сезим апкаарытып койду. Агайды мугалим эмес жаш жигит катары көрүшү, ага болгон сезимдин башка курбу-курдаштарына, мугалимдерине болгон сезимден айырмаланып турушу өзүнө түшүнүксүз эле. Демейде, кайсы гана сабактан болбосун такылдап жооп берип турчу неме математика сабагына келгенде эки бети албырып, эч нерсе билбегендей калчылдап калат.

– Гүлүм! – дейт агайы жалдырап жооп бере албай турган кызга. – Сенин бааларың эң жакшы экен го. Анан ушул оп-поңой суроого жооп бере албайсыңбы?

Агайынын “Гүлүм” деп өз атынан чакырышы да “менин гүлүм” деп эркелетип тургандай өзгөчө угулат. Ансайын жооп таба албай, атүгүл тили да күрмөөгө келбей жер карайт.

– Агай… Билем эле… Унутуп жатам… – оозун араң кыбыратып, үзүл-кесил жооп беримиш этет.

– Билген киши унутпайт. Бир нерсени эптеп-септеп жаттай калбай, түшүнүү керек. Математика – бул жөн гана сүйлөп коюу эмес. Бекеринен так илим деп айтылбайт да. Бир гана сандан адашсаң же эрежени билбесең – бо-олду, ашмалтайы чыгат да калат. Керек болсо бир гана нөл көп нерсени чечип коёт.

Агайдын өз сабагын башка предметтерден жогору койгону ар бир сүйлөгөн сөзүнөн билинип турат. Эгерде эле бөлөк мугалим минткенде, сөзсүз жооп тапмак. А буга жооп айтмак түгүл билгени да эсине келбей, башы шылкыя түшүп жатпайбы.

Гүлүмдүн мындай акыбалын мурда-кийин көрбөгөн классташтардын бири “буга эмне болгон?” деген кыязда таң кала караса, дагы бири “ии, сен деле эч нерсе билбейт экенсиң го!” дегендей мыскылдуу табалайт. “Агайды сүйүп калган го…?” деп күбүр-шыбыр түшүп кыткылыктай күлгөндөрү да жок эмес эле.

Ошол мезгил, ошол күндөр, кыялга жетеленип таң аттырган айлуу түндөр Гүлүмдүн эсинен кеткис болуп биротоло байланып калгандай. Агайынан канчалык апкаарыса да, бара-бара сүрдөгөнү азайып, жүзүнө тик бага карай алган абалга жетпеди беле. Бирок…

…Бүтүрүү кечесиндеги болгон окуя али күнчө жарааты айыкпаган ылаң сыяктуу илээшип келет. Ошол күнү апасы тигип берген апакай көйнөгү бутундагы апакай босоножкисине куп жарашып, сымбаттуу мүчөсүнүн ажары ого бетер ачылган Гүлүм апакай гүл көтөрүп мектепке келген. Бүтүрүүчүлөрдүн бири отургучтарды иреттесе, экинчиси гүл көтөрө чуркап, дагы бири мектептин ашканасын кооздоо менен алек. Жалгыз гана Гүлүм колундагы кагазды улам карап, бирде үнүн чыгара, бирде ичинен кайталай, алып баруучулук милдетине кызуу даярдык көрүп жаткандай кербезденет. А чынында агайын астыртан издеп, купуя акмалап жаткан. Ал да Гүлүм менен бирге алып баруучу болмок. Негедир кечигип жатты. “Эртең эртерээк кел! Салтанат башталгыча дагы бир жолу кайталап алалы!” – деп өзү сунуштабады беле! Эми минтип кечиккенин кара! Буга бир чети түпөйүл болсо, бир чети эркелеп таарынгысы келди. Жаш адис, жаңыча ойлонот дештиби же дагы бир себеби барбы, айтор, ар бир салтанатты алып баруу милдетин негедир ушул агайга жүктөп коюшкан. Мурда көптөгөн жыйналыш, салтанаттарды Гүлүм жалгыз алып барчу. Эми минтип агайы жанында. Жаңы жылдык балатыда агайы Аяз ата, бул Аяз кызы болгон. Ошондогу даярдык көргөн күндөр, үйүнө чейин узаткан кышкы кечтерди ойлогон сайын өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет. Балатынын акыркы күнү агайы менен кыналыша бийге түшкөн. Жардана караган классташтардын, мугалимдердин, атүгүл ата-энелердин сүрү да буларды токтото алган эмес. Агайынын бий толкунуна түшүп, өзүн учкан куштай эркин сезген. Ошондо делебеси козголгон бийкеч “агай, мен сизди жакшы көрөм…” деп наздуу шыбыраган. “Гүлүм, мен сенин агайыңмын…” – деген агайы жооп кылып.

Тигине, мектептин короосуна кире беришинен күткөн агайы көрүндү. Жалгыз эмес. Колуна кыпкызыл жоогазын көтөргөн бейтааныш бийкеч колтуктап алган. Ким болду экен? Кызганычтан жүрөгү туйлап чыкты. Ичи туз куйгандай ачышты. Сулуу селки колун жаңсай бирдемелерди сүйлөп келатат. Агайы мугалим экенин унутта калтыргандай бирде сулуунун белинен имере тартса, бирде колунан жетелеп өзгөчө сүйүнүп алган. Гүлүмдүн жүрөгү дүкүлдөй согуп бейтааныш сулууну жек көрө карады. Жүгүрө жетип “Менин агайыма жолобо!” – деп кыйкыргысы келди. Керек болсо бейтааныш сулуунун чачынан сүйрөп колундагы жоогазындарды жерге ыргытып, тебелеп салгандан да кайра тартпачудай калчылдап чыкты.

Э-эх, ошол күн! Гүлүм салтанаттын аягына чыкпай үйүнө жүгүргөн. Жаздык кучактап, көпкө ыйлаган. Агайы жанындагы бийкечти кесиптештерине “болочок жубайым” деп тааныштырып жатканын укканда, жер астын-үстүн болуп, асман кулап, бүтүндөй бир аалам урап түшкөн.

– Саламатсызбы, чоң кыз?!

Жумуштан чыгып, жайбаракат үйүнө бет алган маалда маңдайында кечээги жолуккан жигит жылмая карап турган эле. Аны көргөндө түндө түйшөлткөн ойдон кутула албай чала уйку болгон көзүнүн шишиги алигиче тарай элек Гүлүм бир чети кубанса, бир чети өзүнүн жүдөңкү кебетесинен уялып кетти. Эски таанышындай жолун карап, күтүп турганына таң калды.

– Саламатчылык! – деди ички туюмун билдире бербей. – Сиз кайдан?

– Мен… Мен сизди күтүп… – жигит апкаарый жооп узатты.

“Дагы кагып жиберет деп тартынып тургандагысы го?” Гүлүм жигиттин апкаарып турганына өзүнчө баа бере ойлонду.

– Мени неге күтөсүз? Ишиңиз бар беле?

Кайрадан катуу сүйлөп албастын амалы кылып жумшагыраак берген суроосу ушул болду.

Бейтааныш жооп таба албай буйдала түштү.

– Тескерисинче… иш жогунан… сизди күтүп. Жөн гана сүйлөшүп отурсакпы дедим эле.

– Аа-а…

Гүлүм алдыга басты. Артынан баскан жигиттин ар бир кыймылын, атүгүл дем алуусунан бери сезип-туюп жатты. “Тартынчаакпы дейин десем, андай эместей. Андай эмес дейин десем, оюн толуктап айта албайт буйдалып. Мени сүйүп тургандай апкаарыганын кара. Жапжаш туруп, эжесиндей мени акмалап жүргөнү эмнеси?! Жашым өткөнчө жалгыздап жүргөнүмдү билген бирөө болсочу? Же эркектен көзү каткан, эптеп бирөөнүн этегине жармашсам деген аялдардын бири деп келдиби?” Көз ирмемдик убакытта анын оюна эмнелер гана келип кетпеди. Жаш өткөн сайын адам баласы шекшиме болуп калат окшобойбу? Бирөө сөз айтып, мамиле түзүүнү каалап турганы билинди дегиче ар кандай ойлор келе берет. Баарынан да аты элге анча-мынча таанылып калгандан бери шекчилдиги көбөйүп кеткен.

– Чоң кыз! Атыңызды билсем болобу?

“Калп эле атымды билмексен болуп тургандагысы окшойт! “Башкага сынды көп айтат. Бирөөлөрдүн тагдырын жазат. Өзүнүкүн бир сынайлы”, – деген тааныштардын айтканы менен жүргөн болсочу? Болбосо, эмнеге эле эки күндөн бери айланчыктайт?”

Гүлүм жигитти сынай карады.

– Атымды билип эмне кыласыз? Дагы эмнемди билгиңиз келип турат? Балким, туулган айылым, улутум, жашым, ким болуп иштээрим да кызыктыр? А мүмкүн, жашоо шартым менен да таанышаарсыз?!

Оозу-оозуна тийбей, улам бир суроону берген Гүлүмдү жигит аң-таң кала карап турду да:

– Кечиресиз! Ушунча да албуут болосузбу? Эч кандай жаман оюм жок эле. Саламат болуңуз! – деп шарт бурулуп жөнөй берди.

Артынан узата караган Гүлүм тунжурай түштү. “Дагы эле баягы. Мындай мүнөзүмдү кантип калтырам? Эмне деген жанмын? Оо Кудай, менчелик ажаан бар бекен бул жашоодо?”

Шалдырай басып, көнгөн орундукка жетип көчүк басты. Бул жерде дагы далай жолу жалгыз отурарын сезгендей аппак жүзү ылдый жаш куюлду. “Кечирчи, Гүлүм! Балалык кыялың менен сүйүп калдым деп турасың. Сен али кичинекей кызсың да. Мен сенин агайың болом, агайың гана болуп калышым керек!” – деген качанкы сөз кулагына жаңырды.

Жалгыз отургуч алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Казак
5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Автордон: Каармандар кыргыз элине таанымал кадимки Нарбото, Атаке баатырлар эмес. Бул аңгеме чыныгы жашоодон алынганына байланыштуу кейипкерлердин ысымдары өзгөртүүсүз берилди.

Күн кыпкызыл болуп уясына батып баратат. Жаз келип, чокудагы карлардын эриши менен улам күчөнө аккан тоо суусу канча мезгилден бери түбүндө жаткан таштарды ордунан козгоп, төмөн карай күрпүлдөйт.

Тээ жогортон суу бойлой келе жаткан жоон топ атчандар карааны айылга жакындай берди. Бири-бирине тамаша ыргытып, көңүлдөрү куунак. Анда-санда каткыра күлгөн добуштары тоо койнунда жаңырып барып жоголот. Ар биринин ийиндеги соройгон мылтык мергенчиликтен келе жаткандарынан кабар берет. Айрымдарынын колунда томоголуу бүркүт, ылаачындар. Атчандар менен жарыша жүгүргөн – кыргыз тукумундагы тайгандар. Жолоочулардын үнүнөн, ат үстүндө шамдагай отурушунан жаш жигиттер экенин баамдоого болот.

– Жогорку айылга кайрыла калганыбыздын пайдасын көрчү! Коюлган байгелеринин көбүн бөктөрүп кеттик!

Биринин мындай сөзүнө башкалары каткыра күлүп жооп кылды.

– Ошону айтсаң! Бизден мындайды күтүшпөсө керек!

– Сумсайып гана кала беришти ээ?!

Чабандестердин катарынан калышпай тең ата ат жарыштырып келе жаткан өспүрүм жигит – айылдын кадырлуу аксакалы Нарботонун уулу Кайып. Ал сапарлаштарына сыр бербей, көңүлү көтөрүңкү көрүнгөнү менен, атасынын “казак” аталып калган себебин ойлоно өзүнчө бушайман. Бир кезде бул тууралуу анча-мынча эшитип калганы болбосо, анчейин маани бербей койгон. Эми минтип эс тартып элге аралаша баштаган кезинде “казак Нарботонун уулу” деген сөзгө же теригерин билбей, же эмнеге мындай атап коюшканын түшүнбөй, көңүлү уйгу-туйгу. Атаандашы жеңилип калганда, ызасын көтөрө албай: “Эй, казак! Ушинтип алган байгеңе корстон болуп жүрө бербей, каяктан тентип келгениңди билип алсаң боло!” – деген эле. Ошол сөзү токмогу жок башка чабылып, канжары жок жүрөккө сайылган. Каяша айтпай басып кеткен ошол учуру көз алдына кайра-кайра тартылып, ансайын тула бою дүркүрөп, ызасы көкүрөгүн тээп, көмөкөйү кысылып барат.

Бири-бирине катар жайгашкан боз үйлөрдөн бир аз обочороок тигилген, баарынан бараандуу, көрктүү өргөө Нарбото аксакалдыкы. Боз үйдүн тушундагы кемегеде казан асылуу. Жай отто бүлк-бүлк кайнаган жаш козунун этинин жыты каңылжарды өрдөп табитти ачат. Нарботонун байбичеси улам чыгып, казан башындагы жигиттин ишине көз салып коёт.

Мергенчилерден бөлүнүп үйгө кайрылган Кайып аттан секире түшүп энеси менен учурашты да, канжыгадан шыбаганы чечип берди. Колундагы бүркүтүн аяр сылап, тууруна кондурду.

– Атам үйдөбү?

– Ооба.

Үйгө баш бакты. Төрдө кош кабат жаздыкты чыканактаган атасынын көздөрү жумулуу болгону менен, же уктап жатканы, же ойго батканы билинбейт. Кайып колундагы камчысын боз үйдүн уугуна илип, шыбыш алдырбай көчүк басты. Бирок куштай сергек атасы көздөрүн ачты.

– Арыбаңыз ата! Күүлүү-күчтүүсүзбү?

– Бар бол уулум! Босогодо отурбай, кел, бул жакка өт.

Ордунан обдула берип, малдаш токунуп отурду да, жанындагы көлдөлөңдү жаңсап көрсөттү. Улгайып калганына карабай бой-турпаты көзгө толумдуу. Булчуңдары жаш жигиттердикиндей буркуят. Бирин-серин ак аралаган сакал-муруту бүркүт кабагына, тик караган курч көздөрүнө сүр кошуп тургандай. Уулунун бала кезинен зээндүүлүгү, бүркүт таптаганды эртелеп өздөштүргөнү, жоро-жолдошторунун, айыл элинин арасында кадыр-барк күтүп калганы атасы үчүн чоң сыймык. Эми минтип өзүнөн бир топ улуу жигиттерден кем калбай ууга чыгып, мергенчилик кылып жүрөт.

– И-йе уулум, эми сүйлөй отур… Бүгүн жолуң кандай болду?

– Жакшы, ата! Мергенчиликтен келе жатып, жогорку айылга кайрылганбыз. Тушоо кесүү тою болуп жатыптыр. Демейкидей эле чоң мелдеш өтүп жаткан экен. Мен күрөшкө түшүп, байге алдым. Башкалар да куру калышкан жок.

– Оо, болсун, болсун! Алган байгеңер буюрсун, балам!

Нарбото сыймыктануу менен далыга таптады. Бирок уулунун муңдуу көз карашына таң калып, тынчсызданды.

– Байкашымча, капалуу окшойсуң, уулум? Кыжаалат санааң болсо, айта отур. – Нарбото ордунан копшоло үн катты.

– Тойдо көңүлүмдү ооруткан кеп уктум, ата! Ошонун чоо-жайын билейин, өз оозуңуздан угайын дедим эле.

Кайыптын жүзү ого бетер сурданып, денеси билинер-билинбес титиреп, булчуң эттери чыңалып чыкты.

– И-йе, эмне кеп?

– Жеңишке жетип, байге алаарымда “казак Нарботонун уулу” деген күбүр-шыбырды эшитип калганым аз келгенсип, атаандашымдын “тентип келгениңди билээр бекенсиң?!” деп мазактап турганы катуу тийди, ата! Ызама чыдабай көмөлөтө бир чабайын деп, кайра сиздин сабырдуу бол деген сөзүңүздү эске салып араң кармандым. Болбосо…

Ызырына эрдин тиштеди.

– Кыргыз болуп туруп “казак” атка конгонубузга, баарынан да тентип келгенсиң деген сөзгө жооп айта албай калганыма ыза болуп турам!

Кайыптын үнү дирилдеп чыкты. Ушул тапта каршылашы бет алдында болсо жаткыра чапчудай муштумдарын катуу түйүп алган.

– А-а… уулум! Эл оозунда элек жок. Айтса айтып коюшкандыр. Кабатыр болбо, уулум! Кыргыз элебиз, – деп жооткото жооп узаткан Нарбото чокчо сакалын сылап ойго бата түштү. – Кайсы бир күнү ушул суроону берериңди билгем. Бир ирет сөз кылганымда, балалык кылып маани бербей койгон окшойсуң. Эми, болгон иштин чоо-жайын башынан айтып берейин. Кунт коё угуп, эсиңе түйүп ал…

Кайып атасынын баянын угууга дилгирленип, жакын жылды. Нарбото салабатынан жазбай сөзүн улады.

– Мындан канча бир жылдар мурун Сары Өзөн Чүй тараптан кол салган казактар кыргыздын эл-жерин чаап, көптөгөн мал-жанын кыргынга учуратат. Төрт түлүк малды гана эмес, айдай сулуу кыз-келиндерди, ал-күчкө толуп турган жигиттерден бери туткундап кетишет. Ал туткундардын арасында менин атам, сенин чоң атаң Мамбеткул да болот. Атам чымыр денелүү, өткүр, балбан болчу. Ошол себептенби же дагы бир жагдайлар болгонбу, айтор, аны казактын бир баатыры өзүнүн жигиттеринин катарына кошуп алат. Кийинчерээк убакыт-сааты чыккан кезде казак кызга үйлөнтөт… Мезгил деген зымырык куштай. Күн айга, ай жылга алмашты. Атам он эки уул көрдү. Ага-инилерим баары күчтүү, кайраттуу, тайманбас болуп өстү. Улам бири эр жеткен сайын чапкынга аралашып, карапайым калктын оозунда “кара өзгөй” атала баштады. Алардын мындай кылыктары мага жакчу эмес. Далай жолу каршы турдум. “Кудайга терс иштер жакпайт, ак эмгек, маңдай тер менен жашагыла!” – деп атам да көп айтты. Бирок бир туугандарым эч кимдин сөзүнө кулак салышкан жок.

Казак жергесинде өткөргөн бала курагы, ата-энеси, бир туугандары эсине түшкөнгөбү, айтор, оор улутунуп алды.

– Кээде “ушул кыргыздардыкы өттү” деген да кептерди эшитип калчу болдум. Азыр сен неге казак аталып калганбыз деп таңыркап турсаң, ал кезде мага “неге бизди кыргыздар дешет болду экен?” деген ой тынчтык берчү эмес. Эс тартканымда гана атамдын туткундалып келгенин, ата-тегимдин кыргыз экенин уктум. Ошондон баштап өз мекениме, Ала-Тоомо болгон сүйүүм ойгонуп, көрбөсөм да кыргызымды сагынып, жүрөгүм алып-учту. Ата Журтума, эл-жериме кетем дегенимди бир туугандарым этибар алышкан жок. Жаштыкка салып айтып жатат дешти көрүнөт. Балким, ошол кезде атамдын көзү тирүү болгондо, менин мүдөөмдү колдойт беле? Жол издеп, өзү узатып, өзү качырмак го? Аа, кайран гана атакем! Ар дайым кыргыздын айкөл мүнөзүн, меймандостугун, баатыр эл экенин мактануу менен, сыймыктануу менен эске салчу. “Менин маңдайыма жазылганы ушул экен, бөлөк эл, бөтөн жерди мекендеп калдым. Очогум ушул жерде. Кетип калайын деген күндө да баарыңарды алып кайда качам? Таштап да кете албайм. Адам баласы тагдырдын жазмышына көнүп берет турбайбы! Көнбөскө аргасы барбы?! Эми жок дегенде бирөөңөр эл-журтума кайтып барсаңар, арбагым ыраазы болор. Тукумум Ала-Тоомдон уланса кана, атаганат!” – деп армандап жүрүп өтүп кетти. Атамдын каалоо-тилегинин, арманынын өтөөсүнө мен чыгам деп өзүмө өзүм сөз бердим, бел байладым. Акыры иним Атакени ээрчитип, “кайдасың, кыргыз элим?” деп жолго чыктым.

– Демек, казак туугандардан келгениңиз менен, кыргыз экендигибизде күмөн жок турбайбы! Анан эмнеге али күнчө “казак” дешет? Ошого түшүнө албай турам, ата! Балким, мунун да себеби, сыры бардыр?

Атасынын айтып бергенине анча канагаттанбай, Кайыптын кабагы ого бетер бүркөлдү.

– Ооба, ооба, себеби бар.

Нарбото баш ийкеди…

Чекесинен аккан терди жеңи менен аарчый, тогуз-он жаштардын тегерегиндеги инисин жетелеген жаш жигит ээн талаада келе жатты. Жер эне жаны кыйналган адам балдарын күндүн мээ кайнаткан ысыгынан калкалай албаганына ыза болгондой томсорот. Жакын арада көлөкөлөй турган бак-дарак тургай, караган-бадалдан да дайын жок. Ар кайсы жерде аптапка моюн сунган сөксөөл.

– Абажан, качан жетебиз? Чарчадым, – деген инисинин суроосуна жооп айта албаган Нарбото бушаймандана алдыга тикирейе карайт. Иниси эмес, өзү деле эриндери кеберсип жаны жер тартып турат. Барар жеринин алыс-жакынын мурда-кийин барып көрбөгөн соң кайдан билсин. Ошентсе да “бир аз чыда… аз калды…” деп айласыздан жооткотот. Улам арылаган сайын жол ого бетер узарып, арбыбай… Алды-артта көз жетпеген суз талаа. Асманда айлана учкан кузгундар булардын ажалын көксөгөндөй үн салып үрөйдү учурат. Анда-санда тээ алыстан төөлөрдүн караандары көрүнө калат, бирок элдүү жерге жеттикпи деген үмүт аларга жакындаганда өчө түшөт. Эрбеңдеп чыга калган суурлар ким келе жатат дегенчелик баштарын көтөрө калышат да, кайрадан ийиндерине кире качышат. Жолго чыгаарда камдап алган гүлазыгы азайган сайын Нарбото өзү наар албай, инисине өзөк жалгатып, суудан ууртатып, ичинен кайрый бата кылып, каалоо-тилегин, үмүтүн шыбырай айтат. “Оо, кыргызым! Тагдырдын буйругу менен бөлөк эл, бөтөн жерде төрөлүп-өсүп, эми минтип өзүңдү сагынып, өзүң деп келе жатабыз! Тилибиз казакча сүйлөп калганы менен, дилибиз кыргыздыкы, жүрөгүбүз кыргыз деп согуп турат. Денеде айланган каныбыз – кыргыз экенин кантип танабыз да, кантип сени сагынбай коё алабыз?!”

“Кыргыздарга кетем” дегенин алгач укканда энеси караманча каршы болгон. Бирок уулунун өжөр мүнөзүн, айтканынан кайтпаган кежирлигин билген себептен гана айласы жок макулдугун берген. Жолго аттанарында көз жашын тыя албай муңкана ыйлап, эки уулун кайра-кайра кыса кучактап, батасын берип узатып кала берген. Эми минтип, мончоктоп аккан көз жашын аарчыганга жарабай сызылган, уулдарынын карааны үзүлгөнчө кол булгалаган апасынын элеси эсинен кетпей жүрөгү эзилди. “Эх, апакебай! Сөөгү ката элек кенжетайыңызды мага тапшырып, мени Кудайга тапшырдыңыз. Ошол ишеничиңизди актап аман-эсен кыргызыма жетип алсак экен. Дээринен шамдагай, кайраттуу көкүрөк күчүгүңүз бул узак жолдон деми кайта түшкөндөй. Мына-мына деп жооткотуп келем. Бирок бул узак жол жаш баланын эмес, менин да шайымды оодарып барат. Ушул тапта жалгыз болсом кантмек элем деген ой кылт эткенде жүрөгүм солк дей түшөт. Чынында Атакенин эрбеңдеген карааны, анда-санда тамаша сүйлөп күлгөнү, “абакелеп” эркелегени гана көңүлүмдү көтөрүп, ар кандай жаман ойлордон алаксытып, демиме дем, күчүмө күч кошуп келе жатат. Эх! Сизди кайрылып бир көрөбүзбү, көрбөйбүзбү?! Сүт жыттанган көкүрөгүңүзгө башыбызды жөлөп эркелейбизби, эркелебейбизби? Ким билсин?! Кандай да болбосун, биздин жүрөгүбүздө жашайсыз. Эмчегиңиз зыркырап турганына карабай атамдын акыркы каалоосун, ичинде кеткен арманын аткарууга бел байладыңыз. Өзүңүз жол таап, өзүңүз качырдыңыз. Мен сизге өмүр бою ыраазымын, апаке!”

Убакыт өткөн сайын Нарботонун да шайы ооп, денеси салмактанып чыкты. Чекесинен аккан тер моюн ылдый куюлат. Баарынан да көздөгөн жерибизге эртерээк жетсек экен деген тилеги: “Бизди ким күтүп турат дейсиң? Мындан кийинки жашообуз кандай болоор экен?” – деген санаага айланып, кабагы ого бетер түнөрө түшөт. Бутунун ооруганына карабай, бирде инисин жонуна мингизип, бирде жетелеп, жол улап келе берди.

Күтүлбөгөн жерден акырындап соккон желдин илеби сезилди да, бара-бара күчөп, катуу шамалга айланды. Алай-дүлөй шамал жүрөктүн үшүн алып, айлананы заматта боз чаңга чулгады. Нарбото инисинин бети башын күрмөсү менен калкалап, чөгөлөй калды. Жаратылыштын бул көз ирмемчелик убакыттагы кубулушуна таң калып, коркуп кетти. Чарчап араң турган Атаке агасынын тизесине башын жөлөй көшүлүп баратты. Ага кошулуп Нарботонун да көздөрү жумулду.

Бир далайдан кийин ойгонгон Нарбото жанында бүрүшө жаткан инисине мээримдүү карап, маңдайынан сылап, жүзүнөн сүйдү. Ордунан туруп тегерекке көз чаптырды. Шамал небак токтогон көрүнөт. Күндүн ысыгы демейкидей талыкшытат. Кеберсиген эрдин жумшартмакка суудан бир аз гана ооз тийимиш этти да, колун чекесине алып, кыргыз тоолорунун карааны көрүнүп калаар деген үмүт менен адатынча тээ алыстан көзүн албай көпкө тигилди.

– Ой ба-ай! Ана тоолор!

Колдорун асмандата серпип, турган ордунан секире кыйкырып жиберди. Кубанычтан жүрөгү жарылчудай түрсүлдөй какты. Көздөрүн ачып-жуумп, ишенип-ишенбей кайрадан тигилди. Тээ алыстан мунарыктап, элес-булас көрүнө калган кыргыз тоолорунун карааны үмүтүн жандандырды. Көңүлү алып учту.

– Тур-турагой, Атаке! Тигине, биз самаган тоолор! Демек, жетерибизге аз калыптыр! – инисин далыдан таптап ойготуп, кубанычтан жүзү тамылжып чыкты.

Чокусунан эзели ак кар, көк музу кетпеген аска-тоолор адам баласынын тарыхын ичине катып, асман тирей зыңгырашат. Тоо койнунан суурулуп чыгып, тээ жайыкты көздөй таштан-ташка тийип, өзөн бирде көбүктөнө буркан-шаркан түшсө, бирде тынчып жайлай калат. Анда-санда бытпылдык урган бөдөнөнүн үнү менен торгойдун жарыша сайраганы жайдын толуп турган мезгилинен кабар берет. Жыпар жыты мурун өрдөгөн, көпкөк тулаңдын арасынан көз жоосун алган тоо гүлдөрү. Сыдырым желге боюн созгон арча-кайыңдар. Көңүл сергиткен булак шылдыры, боз үйлөрдүн биринен комуз коштогон обон угулат.

Таң заардан конок тосуу аземи менен алпурушкан үй ээлери меймандардын улам биринин алдынан утурлай чыгып, күн мурун даярдалган боз үйлөргө жайгаштыруу менен алек. Табитти ойготкон кыпкызыл боорсок-нан көтөрүп ары-бери тыпылдаган келин-кесек тойдун шаанисин ачат. Казан-казан эт кайнатып, самоор жагып, отун жарган жигиттер. Селкинчек тепкен улан-кыздардын шайыр күлкүлөрү, бири-бирине тамаша ыргыткандары угулат. Тээ алыста көк бөрүчүлөрдү сүрөөнгө алган күйөрмандардын кыйкырык-сүрөөнү тоо жаңыртат.

Нарбото иниси менен кыргыз жерине келгенден берки өтүп жаткан алгачкы той эле. Ошол себептен ар бир болуп жаткан оюн-зоокту, шаан-шөктөттү көз жаздымда калтырбоонун аракети менен ашыга көз жиберип, кыргыздын той өткөрүү шаанисин казактар менен салыштырып коёт. Бардыгы эле окшоштой. Бирок кантсе да кан тартып тургангабы, кыргыз тоюнун жүрүшү көңүлүнө төп келип, делебесин козгоп жатты. Ат жалында ойногон чабандестерди суктануу менен узата карап, кыялында өзүн алардын арасында жүргөндөй сезет.

Бир маалда комуз коштоосунда жар салган ырчынын үнү угулду.

– Оо, калың журт! Көпчүлүгүңөр күткөн балбан күрөш башталганы турат. Ар уруудан эр жүрөк, балбанмын дегениңер даярдангыла! Жеңгениңе – чоң байге!

Бул чакырыктан соң боз үйдөгү меймандар баш болгон көпчүлүк көк майсаңга чогула башташты. Ар уруудан чыкты кең көкүрөк, арстан жүрөк жигиттер. Балбан күрөш кызуу башталды. Жарданган элдин кыйкырык-сүрөөнүнөн кулак тунат. Кайсы бир уруунун балбаны улам бир атаандашын көтөрө чаап, жеңишти эч кимисине алдыра койчудай эмес. Бул көрүнүш күйөрмандардын бүйүрүн ого бетер кызытты.

– Ии, дагы кимиң чыгасың? Күч сынашаарыңар калдыбы?

Жарчынын улам-улам кайталаган бул кайрылуусун мыскыл-какшык катары кабыл алган той ээсинин чыдамы түгөнүп баратты.

– Кана-кана! Уят кылбай чыккыла бирөөңөр! Кимиңер калдыңар? – деп ачуусу менен буюра бакылдады.

Бул чакырууга жооп кылып эл арасынан үн угулду:

– Мен!

Эскилиги жеткен жегдесин белинен бек курчанган, күнгө тотуккан жүзүндө эрдемсинүү, көздөрүндө кайрат оту жанган жаш жигитти жарданган эл сынай карады. Топ арасын: “Бул ким эле? Кайсы уруудан болот?” – деген суроолор менен бирге: “Өтө эле жаш окшойт! Алына карабайбы!” – деген күбүр-шыбыр аралады. Каршы тараптан каткыра күлүп шылдыңга алгандары да болбой койгон жок.

Уу-дуу кеп, элдин сүрү кадимкидей апкаарытканына карабай, өзүнөн бир топ улуу, бой-турпаты да чоңураак балбан менен таймашууга топ ортосуна чыкты. Алгач бейтааныш бул жигиттин жеңишине эле эмес, күрөшө аларына ишене албай тургандар бара-бара атаандашы менен тең тайлашканына, каршылашынын колуна илдире койбогон илбирстей шамдагайлыгына суктана, кыйкырык-сүрөөнгө алышты. Экөө тең бири-бирине оңой менен алдыра койчудай эмес. Бир топко барып, акыры бейтааныш жигит атаандашын көтөрүп чапты! Уу-дуу түшкөн күйөрмандар намыска жараган жигиттин ким экенине да, кайсы уруудан экенине да кызыкпай, тек гана чыныгы жеңишине ыраазы болуп мактап жатышты.

Тоо этектей тигилген каз катар боз үйдүн биринде Нарбото иниси экөө очоктон эми эле чыккан, буусу кайта элек этке тамшана тигилип, кол созууга батынбай отурушту. Буларды көзүнүн кыры менен сынай караган Канай бий төрдө калыңдап салынган төшөктө жамбаштай отурат.

– Ал! Ала койгула! Курсагыңар аябай эле ач болсо керек! – деди табакты эки бир туугандын алдына жакын жылдырып.

Этке кол сунган инисин акырын гана далыга нукуган Нарбото алаканын ушалады.

– Рахмат, абаке! Алгач колго суу куюлчу эле?

“Ап-бали! Жалтанбас мүнөзүң, коркууну билбеген жүрөгүң бар окшойт!” Канай бий карс-карс күлдү да, сырттагы жигиттеринин бирин чакыртты.

– Бул жолоочу жигиттердин колдоруна суу куюуну унуттуңарбы?!

Суроо берилип-бериле электе чылапчын менен кумган көтөргөн жигит кирип келди.

– Ии, эми этке карагыла. Сүйлөй да отургула. Кайсы уруудансыңар? Ата-тегиңер ким? Эмне максатыңар бар?

Казактардан келгенден бери эмне жумуш болбосун аткарып, ар кимдин улагасында түнөп эптеп күн өткөрүп жүргөн ага-ининин жашоосу Канай бий менен болгон бул жолугуудан соң башка нукка бурулду. Нарботонун эр жүрөк, тайманбас мүнөзүн бий жактырып, өз баласындай камкордукка алды. Өзүнчө үй тиктирип, мал-жан бөлдү. Бара-бара жигит башчысы кылып дайындады.

– Амансызбы, ата!

Башына каз катар жаздык койдуруп, калыңдап салынган төшөктө жаткан Канай бийдин алдына Нарбото тизе бүгүп отурду да, анын каруусу кайтып калчылдаган колун чекесине тийгизе урмат көрсөткөн ишаратын жасады.

– Бар бол, уулум. Кел-келегой…

Канай бийдин ууртунда билинер-билинбес жылмаюу байкалды. Өз атасындай көргөн Канай бийдин төшөк тартып жатып калганына Нарботонун ичи ачышып, жүрөгү канап, сакайып кетер деген үмүт тилек менен убакыт-саатты узартпай келип, ал-акыбалын сурап турат. Тилекке каршы, күн өткөн сайын Канай бий оорлошуп бараткандай.

– Атаке! Бизди өз балдарыңыздан кем көрбөй асырап, адам катарына коштуңуз. Мал-жан бөлүп, конуштуу кылдыңыз. Сиздин жардамыңыз, колдооңуз менен орун-очок алып, үй-бүлө күтүп, күтүрөтө жылкы айдадым. Жоро-жолдош күттүм. Минтип жигит башчы да болдум. Баарына ыраазымын! Көкүрөгүңүз туюп, көөдөнүңүз сезип турганда, менин ыраазы экенимди билсеңиз экен, атаке! Сизди өмүрүм өткүчө аркама көтөрүп бөпөлөп баксам да аздык кылаар!

Нарботонун көз жашы ээ-жаа бербей куюлду. Канчалык кайраттуу болбосун, ажалдын алдында алсыз экенин, ата-энени талашып да, ыйлап да алып кала албасын түшүндү. Жүрөгү сыздап турду. Канай бийдин колун аяр алып көкүрөгүнө койду да, башын ылдый сала муңканды.

– Ыраазымын, балам… Ыраазымын…

Ал күчтөн тайса да акыл-эси жайында, көкүрөгү таза Канай бий уулуна ыраазычылыгын билгизе шыбырай үн катты. Нарботонун колун акырын кысып, ичинен тилек айтып, ак жол каалады.

Жигиттери менен айылдан бир топ узап калганда артынан кууп жеткен чабарман Канай бийдин акка моюн сунганын угузду. Бул кабар асманын аңтарып жибергендей болду. Эрдин кесе тиштеди. Аттиң! Бир аалам өлдү. Дагы бир мыкты пенде ажалга моюн сунду. Ушул мүнөт, ушул көз ирмемде кош айтышарын билсе, жанынан кетпей аярлай, башын жөлөп, акыркы тамчы суусун өзү берип, акыркы керээз сөзүн угуп калат эле го! Эми башын койгулап жер чапчыганынан, “эсил кайран атакем!” деп зар-какшаганынан пайда чыкпастыр!

Топ жигит ат башын артка буруп чабарман менен кошо айылга бет алышты. Канай бий жаткан ак өргөөнүн алдына айыл эли чогулуп, аялдар кошок кошуп жаткан маалда кирип келишти. Эмнегедир Нарбото өкүрүп түшүү салтын карманбай, боз үйгө түз эле кирип барды. Бул жорук жарданган калың журтту аң-таң калтырды.

– Нарботонун эмне кылганы?! Атасы өлсө өкүрбөй келет деген эмнеси?!

– “Бөрү баласы ит болбойт” деген сөздүн чындыгын айгинелеп, өз эмес экенин билгизип койду, ээ?!

– Атаң көрү! “Эсил кайран атакем” деген бир сөзүн аяганыбы?! Казак казактыгын кылды окшойт!

– Мал-жан бөлүп бергенин, токолунун эмчегин эмизип, уулдарына бир тууган кылган жакшылыгын эсинен чыгарган го бул кысталак!

– Ээй! Канча кылса да казак да. Аларда өлүк башында өкүрбөйт деп уктум эле. Ошонусу чын окшойт бейм?

– Андайлары да бар бекен? Казактар өкүрбөсө эле бизде да ошентиш керек беле?! Туура эмес болуп калды ушунусу!

Нарботонун бул кылыгына жалпы журт нааразы болду.

Канча бир жылдар мурун болгон окуяны уулуна айтып болуп, Нарбото оор улутунду.

– Кыргызымды сагынып, Ала-Тоомду көксөп жөө-жалаңдап келип, акыры өзүм үчүн туура сезилген ушул кадамдан улам “казак” атка конгонум ырас. Ал сөзгө терикпейм деле. Кеп атта эмес, затта го! Жүрөгүм кыргыз деп согуп, көңүлүм Ала-Тоомду сүйүп турат. Өлсөм артымда калар урпагым кыргыз жерин жердеп, кыргыз тилинде сүйлөп калары мен үчүн чоң кубаныч, чоң сыймык! Анан да, казак-кыргыз бир тууган болуп калбадыкпы! – деген Нарбото уулуна жылмая карады…

Автордон: Нарботонун өз аты бара-бара унутулуп, Казак атка конгону эл оозунда айтылып келет. Ошондон бери Чүй боорундагы бир кичинекей уруу казак аталып калган.

Казак алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Мышык чымчыкты неге издейт?
Биринчилерден баа бериңиз!

(жомок)

Качандыр бир кезде мышык менен чычкан дос болуптур. Кожоюн мышыкты абдан жакшы көрчү. Ошондуктан ал үйдө ээн-эркин жүрчү экен. Мындай шарттан пайдаланып чычкан столдун үстүнөн нан ташып, китептерди кемирип, төшөктөрдү аралап кетет. Муну байкаган кожоюндун ачуусу келип:

– Э-эй! – дейт мышыкка, – досуңду үйдөн көрбөйүн! Дагы кирчү болсо, сени да көчөгө чыгарып салам!

Мышык коркуп кетип, чычканга жүгүрүп барат да:

– Үйгө кирбе эми! Болбосо кожоюн мени да кууп чыгат, – дейт.

– Кожоюнуң кууса, кампага кел. Бул жерде орун көп, – деп жооп берет чычкан.

– Кампада өзүң жашай бер. Мен кожоюн берген сүт, эттен куру калгым келбейт, – деген мышык үйгө кирет да, очоктун жанынан орун алып, адатынча уйкуга кетет.

Чычкандын абдан ачуусу келет. Жер астынан өткөөл жасап, полду тешип, мышыктын уйкусун бузат.

– Сен кожоюнсуз жашай албайсың, анткени жалкоосуң! Карачы, мен кичинекей болсом да дан чогултам. Жер астына үй салам. А сен уктаганды гана билесиң! – дейт досуна таарынып.

Ызаланган мышык чычканды кууп жөнөйт. Бирок кармай албайт. Чычкан ого бетер жинине тийет.

– Сенин жолборс деген тууганың токойдо жашайт. Ал күчтүү, кайраттуу. Аркар, кулжанын даамдуу этин жейт. А сен кожоюндан арткан тамакка ыраазы болуп жүрөсүң! – деп  чычкан кампага кирип жашынып алат.

Мышыктын көңүлү чөгүп, капа болот. Эмне кылсам деп ойлонот. Акыры жолборсту издеп жолго чыгат.

Ачка болгон сайын даракка чыгып, уядан жумуртка уурдап жеп, курсагын кампайтат.

Бир күнү адатынча бакка чыгып, уядан жумуртка алайын дегенде кооз чымчык учуп келет да:

– Айланайын мышык! Жумурткама тийбе! – деп чырылдайт экен.

– Жок! Жумуртка жебесем ачка калам! – дейт мышык.

– Мен сыйкырдуумун! Эмне кааласаң, аткара алам! – дейт чымчык.

Муну уккан мышык абдан кубанат да жолборс болгусу келгенин айтат.

Мышыктын каалоосу көз ачып жумгуча аткарылат.

– Эсиңде болсун! Эч качан мен мышыкмын деп айтпа! Болбосо, кайрадан мышыкка айланасың! – деген чымчыктын сөзүн укпай токойду көздөй шашат.

Токойго тез эле жетет. Тууганы жолборсту таап, абдан сүйүнөт.

Ошол жылы кыш катуу болуп жолборстор ачка калат. Ошондо жолборско айланган мышыктын эсине кожоюну түшөт.

– Мен жакынкы айылдагы малы көп адамды билем. Кол салып, уурдап кетебиз. Антпесек ачкадан карышып калдык! – дейт мышык.

– Мындай кыйынчылыктын далайын көргөм. Буга да чыдайбыз! – деп жолборс каршы болот.

Мышык мурунку жашоосун сагынат. Очоктун түбүндө уктаган, сүт, этке тойгон, чычкан менен ойногон күндөрү эсине түшөт.

– Жолборс болгон өтө жакты. Бирок мышык болгон да жакшы турбайбы. Каап! Чычкандын сөзү үчүн үйдөн кетпей эле койбой, – дейт капа болуп.

Акыры ачкалыкка чыдабай, мышык айылга жалгыз жөнөйт.

Жыла басып короого кирет. Жырткычты көргөн мал үркөт. Кожоюн үйгө жашынат.

Чуру-чуудан ойгонгон чычкан сыртка жүгүрүп чыгат. Жолборсту кѳрүп, артка качат. Чычканды көргөн жолборс кубанганынан:

– Э-эй досум! Бул менмин, – мышыкмын! Карачы, жолборско айлангам! – деп кыйкырып жиберет.

Ошол замат жолборс кайрадан мышыкка айланат. Бир заматта болуп өткөн сыйкырга мышык абдан ызаланат. Мышыктын мындай акыбалын көргөн чычкан ого бетер шылдыңдап качып кетет.

Ошондон бери мышык тууганы жолборсту сагынганда, бактарга чыгып, сыйкырчы чымчыкты издейт имиш. Ал эми чычкан мышыктын колуна түшүп калбас үчүн дагы эле качып жүрѳт экен.

Мышык чымчыкты неге издейт? алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Эң ишеничтүү вазир
3/5 - (8 добуш)

(жомок)

Илгери, илгери кандуу бир жоортулда хандын улук вазири набыт болуптур. Хан буга абдан кейийт. “Эми мындай ишеничтүү вазирди кайдан табам? – деп санаага батат. – Жан досум эле. Акылы тунук, кыраакы жан эле, элге кадыр-баркы жогору болчу… Көптөгөн ички-тышкы душмандарымды вазиримдин кеңеши менен жеңип келдим эле…”.

Ошентип хан кырк күн аза күтүп, вазирин жоктойт. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улук вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт. Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтөр вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенерин билбейт. Бир күнү ойлонуп отуруп, ордодогулардын баарын чакырат да:

– Мен улук вазиримден айрылып, кайгыдан кан жутуп турам… Көксөөмдү кантип суутушту биле албай санааркап, акыры бир бүтүмгө келдим. Ушу жерде турган ар бириң, бирден жаш жигит алып келип, менин ордомдун дал ортосунда башын аласыңар! Ошондо гана демим сууп, вазиримди жоктоонун азабынан арылам. Кимде-ким айтканымды аткарбаса, башы кыя чабылат! – дейт каардуу.

Ханды баары таңыркай карашат. Бирок каяша айтуудан айбыгышып, баштарын жерге салып туруп беришет. Алардын арасынан бири:

– Урматтуу ханым! Күнөөсүз жаш жигиттердин башын алуу менен кантип көксөөңүз сууйт?! Андан көрө вазирдин набыт болушуна түздөн-түз себепкер душманды жок кылалы! – деп хандын буйругуна каршы сүйлөйт экен. Анда хан ого бетер кабагын чытып:

– Азыр душманды жок кылууга дараметим жетпейт! Менин айтканымды жасагыла! Кимде-ким каршы болсо башы кетет! Эртең ушул маалда баарыңарды күтөм! – деп кыйкырат.

Ошентип, эртеси күнү бирден жигит жетелеген кеңешчилер ордого чогула баштайт. Жасоолдорун ээрчиткен кеңешчилер элдин ыйлап-сыктаганына, көрсөткөн каршылыгына карабай зомбулук кылышат.

– Ии, – дейт хан чогулгандарга карап. – Баарыңар келдиңерби? Араңарда буйругумду аткаргысы келбей баш тарткандар барбы?! Эгер бар болсо, биринчи ошонун башын алуу менен баштайбыз! – дейт сүрдүү.

Тургандар арасында күбүр-шыбыр угулат. Хандын буйругуна каршы сүйлөгөн баягы жөкөрү алдыга чыгып, сыңар тизелей калат:

– Улуу урматтуу ханым! Мен өзүм келдим! Күнөөсүз бирөөнүн канын төгүп, жакындарынын көз жашына себепкер болгуча, өзүм эле өлөйүн! – деп башын ийет.

Ага башка жөкөрлөр аянычтуу карап: “Ай, келесоо, өзүнө-өзү кылды”, – деп шыпшынышат. Ошондо хан тактысынан түшүп барып, жигитти кучактап тургузат да:

– Сендей жигит издедим эле! Улук вазирим сен бол! – деп далыга таптайт. Анан жарданып тургандарга:

– Туура эмес ишимди да туура деп кошоматчы кеңешчилердин мага кереги жок! Баарыңар бошсуңар! Мен бүгүндөн баштап, эч кимиңди ордодон көрбөйүн! – дейт каардуу.

Ошентип, хан тегерегинде жүргөн кошоматчылардан арылып, чыныгы намыскөй жигиттерди топтогон экен.

Эң ишеничтүү вазир алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.