|

Бурганактуу тагдыр

2.8/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Бишкек–Стамбул каттамындагы учак абага көтөрүлө баштады. Жүргүнчүлөрдүн арасында жашы элүүдөн небак ашып, алтымыштын кырына келип калса да сулуу жүзүнүн нуру кайта элек, көзүнөн мээрим төгүлгөн аял да бар. Булут жиреген учак улам бийиктеген сайын аялдын жүрөгү опкоолжуп, карегине жаш топтолду. Уул-кыз, неберелеринин кол булгалап тургандарын элестетти. Артка кайткысы келди. Бирок эми кеч. Кур дегенде бир ай, болбосо жылдап аларды көрбөйт. Буга дейре алыска сапарга чыгам деп түк ойлогон эмес. Түркияны кой, тиги турган Ош–Жалал-Абадды, кыйкырса үнү жетчүдөй аралыктагы Таласты көрө элек. Бир курдай кудага бара жатып чалкып жаткан Ысык-Көлдү тээ алыстан суктана караган. Жүрөгү элеп-желеп болуп бир башкача делөөрүгөн. Унаадан түшө калып, көлгө боюн таштагысы келген. Бирок жанындагылардан кысынып, ордунан козголо албай тим болгон.

Көп нерседен тартынчу. Керек болсо, курбу-курдаштары бул жайлоо, тиги курорттон эс алып келгендерин айтып мактана баштаганда унчукпай, же тек гана “ээ, жайлоону мен көргөнчөлүк эч ким көргөн жок го” деп тамашалай кутулуп кетчү. Минтип айтканынын да себеби бар эле. Жаш кезинде жолдошу экөө колхоздун коюн кайтарышты. Документте ал чабан, бул койчу. Түмөндөгөн кой айдап жайлоодон жайлоо, кыштоодон кыштоо которушту. Кышкы ызгаар, жайкы аптап… 

Биринин артынан бири төрөлгөн уулдары. Карышкырга жардырып жиберген канчалаган койлор. Ээн талаадагы сарайда эмчектеги баласы менен жалгыз калган күндөр. Улуп-уңшуган карышкырлардан коркконуна карабай мылтык көтөрө жүгүргөн түндөр… Алигече баары көз алдында. Кечээ гана болуп өткөндөй. Кезинде билинбегени менен, ошол мезгил, ошол күндөр жашоосундагы эң бактылуу учурлары окшобойбу. Ошол күндөрдө чарчадым дечү. Тажадым дечү. Ушинтип эле кой артынан калабызбы деп далай көз жаш төкчү. Көрсө… 

– Эже, бир жериңиз ооруп турабы? Стюардессаны чакырайынбы?

Жанындагы жүргүнчүнүн үнүнөн селт этти. 

– Жо-ок… Рахмат! Баары жакшы…

Ойдун кучагында отуруп, көзүнүн жашы салаалап акканын деле этибар алган эмес экен.

– Биринчи жолу учушум. Ошого гана бир аз опкоолжуп турат окшойм, – деди жашын сүртүп. 

Тагдырына жазган ар бир кыйынчылыкты жан адамга билдирбей, эч кимге даттанбай көтөрдү. Керек болсо күйөөсүнө да, балдарына да көз жашын көрсөтчү эмес. Ооруганын да жашырып коёр эле. Эми минтип бейтааныш бирөөнүн алдында кыжаалат боло түштү.

– Эс алууга баратасызбы? 

– И-йи… – деди баш ийкеп. 

А чынында иштегени жөнөгөн. Эс алууну билбей көр оокат деп тытынганына, кара жанын карч урганына ким күнөөлүү эле? Катар-катар төрөлгөн кыз-уулдарыбы? Кырсыктын айынан эртелеп төшөк тартып жатып калган эриби? Маңдайына ушундай тагдырды жазып койгон Жаратканбы? Ким?! Ким?! Кээде ушундай суроолорду өзүнө өзү берип алып жообун таппай карайлап калмайы бар. Ошондой маалда эч ким көрбөгөн ээн талаа, эрме чөлгө барып үнүнүн барынча кыйкырып алгысы келчү. 

– Эс алганы баратсаңыз, жакшы экен… Эл таанып, жер көрүп келет экенсиз. А мен иштегени баратам. Эжем тосуп алат. Анын кеткенине эки жылдан ашты. Тапкан акчасы жакшы. Мени да жаш кезиңди бекер өткөрбөй иштеп кал деп чакырды. 

– И-йи… – деди дагы. 

Башка эмне демек? Менин да уул-кызым акчанын артынан Орусияда мигрант болуп жүрүштү, эми өзүм да жолго чыктым дейби? Кызык… Муну эч ким акча тап, каражат керек деп кыйнаган жок. Анан эмнеге акча тапчу элем деп алыска аттанды?! Ушул жашка келгиче кайда барбасын, кайда жүрбөсүн ар дайым үйүнө шашчу эле го. Кайда барбасын дегенин кара! Жамандык, жакшылыкта гана айыл-апага каттаганы болбосо, дегеле үйүнөн алыс чыккан эмес. Эми минтип тээ алыска, кайнаса каны кошулбаган бөтөн эл, бөтөн жерге кетип баратат. 

* * *

Көздөгөн жерине жетиш үчүн дагы бир учак которду. Көп жылдардан бери Түркиянын Анталия шаарына жакын айылдардын биринде жашап-иштеп жүргөн курбусу чакырбаса, бул жакка келүү түшүнө да кирмек эмес. Өмүр бою айылда жашагандыктан шаар жеринин тумчуктурган абасын, кымгуут түшкөн көпчүлүктү, ары-бери зуулдаган автолорду жактыра бербейт. Ошондуктан курбусу Гүлипанын айылда жашап иштейсиң деген сунушуна дароо макул болгон.

Аэропорттон Гүлипа кучак жая тосуп алды. Бири-бирин кучагынан чыгаргылары келбей көпкө турушту. Бирде жылмая тиктешип, бирде көздөрүнө жаш алып, ал-акыбал сурашып – сөздөрү түгөнбөй, зуулдаган таксиде кетип баратышты. 

– Менин кошунам “сиделка” издеп жатат. Иштей бересиңби? – деди Гүлипа сөз ортодо. 

– Албетте! – деди жылмайып. – Колуман келер жумуш болсо эле…

– Сен карай турган байбиче 80дерде. Кир-когун машинеге салып, тамагын белендеп дегендей. Кошуналарым түзүк кишилер. Айлыгыңды жакшы төлөшөт. Негедир, буларга көптөн бери “сиделка” токтобой жатат. 

– Балким, кемпирдин мүнөзү жамандыр? 

– Андай деле эмес… Макул көрсөң, азыр эле барып тааныштырып коём. Калганын өзүң чечишип аласың. 

Курбусу жашаган аймак кадимки кыргыз айылдарындай экен. Бир чоң айырмасы короо толо өскөн мандарин, апельсиндер болду. Жомоктогудай сезилди. Тимеле көз жоосун алат. Андан да терилбей жерде жайнап жаткандарычы! “Ушулар бизде өссө, ээ?! Анда эле мандарин, апельсин сатып эл байымак да!” – деди кыялында. 

Байбиче жашы келип калганына карабай өз боюна тың, таза, жароокер жан экен. Экөө бири-бирине тез эле ылым санап калышты. Тилди эми гана үйрөнө баштаса да, кемпирдин эмне каалап турганын жаземдебей билет. Мүнөзүн, терезени телмире тиктеп калган адатын, кээде абскан-турганын да апасына окшоштуруп калчу болгон. 

Апасы демекчи… Ал тээ качан эле өтүп кеткен. Андан бери канча жолу мезгил алмашып, канча суулар акты. Эми минтип өзү да ошондогу апасынын курагына жетип калды. Аттиң десең! Убакыт учкан куштай деген чын белем… Улам жашы өйдөлөгөн сайын апасын көп эстеп, көп ойлойт. Туубаса да тутунган апасы эмес беле. Эч качан өгөйлөгөн эмес. Айтмакчы, апасынын өз эмес экенин билген күн эсине түшкөндө дайыма жүрөгү канап, мууну бошоп кетет… 

* * *

Тоо этектей жанаша тигилген боз үйлөрдүн биринде Айсулуу кошуна келин менен отурат. 

– Атам согуштан кайтпай калган дейсиң… Эми, элестетсең… Согушта каза болгон адамдан кантип сен төрөлмөк элең? Же апаң башка күйөөгө тийбесе?! Кызыксың ай! Өзүңө ушул суроону берип көрбөйсүңбү? – деди кошуна келин шыбырап. – Билип алганың өзүңө деле жакшы да…

Эбиреген бул келиндин бир сөзү кулагына кирсе бири кирбей, Айсулуунун дене-бою зырпылдады. Бүткөн боюн тер каптап, башы айланып чыкты. Жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү. Ичинен онтоп алды. 

Кошуна келин өз вазипасын аткарып болгондой акырын турду да, баласын алып сыртка жөнөдү. Ал чыгып кетер замат Айсулуу өксүп-өксүп ыйлап жатты. Уккан кулагына ишенбей турса да, көңүлү тынчыбай койду. Кантип эле деди ичинен. Мунун чын-төгүнүн кимден сурайт? Апасынын көзү өтүп кеткен. Агасычы? Ооба, агасы баарын билсе керек! А балким, мунун баары кошуна келиндин калпыдыр?.. 

Баласынын быйтыйган колу жүзүн аарчыганда, Айсулуу өзүнө келди. Көз жашын көлдөткөндөн пайда жок деп акыл токтотту. Жарым сааттык аралыкта кайненесинин үйү. Балдарын ошол жакка калтыра туруп төркүнүнө тезирээк жетпесе, жүрөгүн мыжыккан суроого жоопту агасынын өз оозунан укпаса болбойт. Апасынын көзү өткөн соң “энеден кийин төркүн жок” дегенди эшиткен. Бирок бара-бара бул сөздүн өзүнө тийешелүү эмес экенин баамдаган. Агасы менен жеңеси ата-энеден кем эмес. Турмуш жолуна да өз колдору менен узатышкан. Ар дайым каралашып турушат. Уялаш агасынын уул-кыздарын бир туугандай жакшы көрөт. Алар да эжекелеп жан-алдары калбайт. Апасы гана жок. Кайран апасы! Согуштун оор запкысын тартып калгангабы, сөзгө кем эле. Башкалардын да көп сүйлөгөнүн жактырчу эмес. Эх-х! А балким, ошол мүнөзүнүн айынан кызына сырын айта алган эместир? Мына ушул мүнөт, ушул саам апасына таарынып да, сагынып да бара жатты…

Бала кези өткөн үйдүн карааны көрүнөр замат жүрөгү зырпылдап, көмөкөйү кысылып чыкты. Кайрадан карегине жаш топтоду. Көчө жаңырта бакырып ыйлап жибербей өзүн араң кармады.

Короодо бирдемеге алектенген агасы көрүндү. Тээ нарыда бөбөктөрү ойноп жүрөт. Айсулууну көрүшсө сөзсүз утурлай жүгүрүп келери анык. 

Дарбазага жакын орнотулган суу түтүкчөсүнөн бети-колун чайып, көк чөпкө отура кетти. Ушундай маалда агасы да, балдар да байкабай турушканын кара! Агасы кел-келе гой десе, бөбөктөрү жүгүрө жетип адаттарынча моюнуна асыла эркелешсе, ичиндеги уйгу-туйгу оюн тезирээк жеңип, үйгө кирип кетет беле? А балким, ого бетер буркурап ыйлайт беле? Оор улутунду. 

Ии баса, жеңеси жаңы келин болуп келген күнүн минтип айтып берген. “Көшөгөдө ыйлап отургам. Бир маалда кыпкызыл көйнөкчөн, өңүрүнө сайма түшүрүлгөн чыптама кийген, эки бети туурулуп күнгө күйгөн, көздөрү тептегерек кара кыз кирип келди. Мени таң кала карап бойтоюп жаныма отурду да “ыйлаба” деп бетимен сылады. Ошол сен болчусуң… Тилиң жаңы чыгып таттуу кезиң экен. Дароо боорума тартып өз кызымдай жакшы көрүп калгам.” Анан кантип эле ушундай жакын адамдары өгөй болуп калсын?! Жо-жоок! Андай болушу мүмкүн эмес! 

– Эжеке-е!

– Эжеке-е!

Селт эте башын көтөрдү. Кулач жая жарыша чуркап келаткан бөбөктөрүн көрдү. Көз жашын аарчый, алардын алдынан утурлай басып, ар бирин бетинен сүйүп жайдары көрүнүүгө аракеттенди. 

Агасы карындашынын көзүндөгү мөлтүлдөгөн жашын көргөндө чочуп кетти.

– Эмне болду?! Тынччылыкпы деги?! 

– Эч нерсе… – деди жүзүн ала качып. 

Жеңеси эшик алдындагы сөөрүдө ийик ийип отуруптур. 

– Ии, кел… – деди ордунан обдула. – Балдарың кана?

Жеңесинин суроосун жоопсуз калтырды. Баштапкыдай жайдары учураша албай жер тиктеди.

– Кайдан келе жатасың? – деди бүшүркөй карап жеңеси. 

– Мындай эле… 

Оозун араң кыбыратып жооп беримиш этти да, акыры кармана албай ыйлап жиберди. 

– Ай, эмне болду ботом?!

Жеңесинин ай-буйуна да, агасынын сөздөрүнө да көңүл бурбай, бугу чыкканча ыйлады. Акыры ый аралаш айтты келгенинин жайын, көз жашынын себебин. Тунжурап калышты. Жеңеси агасын, агасы жеңесин карады. Үн-сөз жок бир кыйла отурушту. Акыры агасы минтип сөз баштады: 

– Жыйырма бештин тегерегиндеги кезим. Сабагым эрте бүткөнүнө карабай мектепте көпкө кармалып, каш карайып күүгүм кирип калган кезде чыктым. Айлана аппак. Эртең менен сампарлап жаап баштаган кар кечке дейре жолду көрсөтпөй салыптыр. Улам бир күрткүгө кабылып, үйгө жетмегим тозокко айланды. Ошол маалда алдыман бир атчан көрүндү. Кошуна айылда жашаган алысыраак таякелерден экен. Салам айтканымды укпагандай, омуроолотуп өтө берди. Негедир ыйлап бараткандай. “Ой, таяке! Жайчылыкпы, деги? Кайдан келатасыз?” – дедим шашып. “Аа… Сенсиңби? – деди ат тизгинин буруп. – Ишиңен ушунча кеч кайтасыңбы?”

Чын эле ыйлап алгандай үнү каргылданып чыкты. Кабагы бүркөө. Шаабайы суз. Бир нерсеге кабатыр болуп, сарсанаадан эзилип турганын жүзүнөн көрө албасам да, үнү айтып турду. “Мектептин ишин билесиз да, таяке!” – дедим. “Аа… Мейли анда. Аман бол!” – деген тайкем тизгин жайды.

– Ой, таяке! Шашылыш болбосоңуз, үйгө кайрыла кетиңиз. Даам ооз тийип, эжекеңизге учурашып дегендей… Балким, конуп кетерсиз? Караңгы түндө айылыңызга жетиш кыйын болот го. Анын үстүнө кар да калың жааптыр, – дедим.

– Чакырганыңа рахмат! Ансыз да силердин үйдөн келе жатам. Кыштын күнү бир айылдан бир айылга жөнү жок чабыттап жүрөт дейсиңби? Ушунчалык үмүт артып келдим эле, – деди да, уңулдап ыйлап жиберди. – Эжем да ооруп жүргөн турбайбы. Анан кантип артам догумду? 

Ыйлап да, сүйлөп да жатты. Мен эч нерсени түшүнө албай дендароо болдум. 

– Таяке! – дедим акыры. – Балким, мен жардам берсем болор сизге?

– Аа, жээн! Сенин колуңан келер иш болсо, ушинтип тагдырыма таарынып кете берет белем? – деди кайрадан көзүнө жаш алып. 

Дал ушул маалда таякемдин коюнунан кызыктай бир үн угулду. Күчүк же бир башка жандыктын баласын койнуна салып алганбы деген ой келди. Көрсө, койнундагы сен экенсиң… – деди агасы

Ар ким өзүнчө ойго батып, кыйлага чейин отурушту. Акыры агасы кайрадан сөз улады:

– Таажеңемдин төрөттөн каза болгонун укпаптырмын. Бир чети жолдун алыстыгы, бир чети байланыштын жогу… А балким, апамдын уялаш бир тууганы болбогонго кабар беришкен эместир? Согуштун бүткөнүнө он жылдан ашык убакыт өткөнү менен, карапайым эл курсагы тоё нан жей элек мезгил. Ал аз келгенсип ошол жылы кургакчылык болуп колхоз-совхоздун эли өтө кыйналып калган. 

Таякемдин келген чоо-жайын укканда, бир азга дем тартпай туруп калдым. Анан, кайраттанып, “кызыңызды мен багып алам!” дедим. Үйлөнө элек жатып бала бакканды ким коюптур деп каршы болгонуна карабай таякемди үйгө алып келдим. Түн оогончо кеңештик. Апам ары кетип, бери кетип, акыры макул болду. Таякем сени улам жыттап, улам бооруна кысып, ээгинен ылдый куюлган көз жашын аарчыганга жарабай бир топко турду. Апаман да, менден да өз кызыбыздай асырап алабыз деген убадабызды бекем алган соң, жөнөп кетти.

Айсулуу агасынын аңгемесин жүрөгү тилинип, көз жашын төгүп укту. Төрөттөн каза болгон өз апасын аяды. Көз жашын көл кылып жалдырап келген атасына жүрөгү ооруду. Энеден эрте ажыраткан ажалды тилдеди. Ачарчылык, жокчулук, кыйынчылык алып келген согушту каргады. Ыйлап жатты. 

– Ай кыз! Болду эми уңулдай бербей! – жеңесинин өктөм үнү угулду. 

Жеңеси боорукер, колу ачык, даанышман, ошол эле маалда өтө сүрдүү. Уул-кыздарын кыйкырып урушканын, кээ бир аялдарга окшоп каргап-шилегенин, чыбык көтөрө жүгүргөнүн көргөн эмес. Бирок бир көз карашы менен баарын орду-ордуна коюп коёр сүрү бар. Бул үйдө анын айткан-дегени мыйзам. Ошол тартипке Айсулуу да көнгөн. 

– Байкеңдин сени алып калганына ыраазы гана болушуң керек. Үйлөнө элегине, бала багуунун түйшүгүн көрө элегине карабай сени өз кызындай алпештеп чоңойтуптур. Атаң да ишенгени үчүн сени буларга алып келди да. Болбосо, айылдаш, жатындаш туугандарына деле алпармак? Эч нерседен кем кылган жокпуз. Башка уул-кыздарыбызды кандай көрсөк, сени да ошондой жакшы көрөбүз. Мен жаңы келин болуп келгенимде үч жашар, кипкичинекей кыз болчусуң. Ошондо, чынымды айтсам, байкеңди атаң экен деп ойлогом. Кийин окуянын чоо-жайын билген соң агаңа сыйым күчөдү. Бирөөнүн баласына ушунчалык кам көрсө, өз канынан жаралган уул-кыздарына эң жакшы ата болот экен деп ишендим. Ишеничим акталды. Албетте, эртеби, кечпи акыры укмаксың. Бирок да, ошол айтып барган адам өзүнүн пас экенин билдирип коюптур. Мейли эми, бир чети аныкы деле туура болду окшойт. Кыз болсоң да ата-тегиңди билип алганың дурус.

Ошону менен сөз бүттү. Ойлонуп көрсө, жеңесинин айтканы орундуу экен. Балким, тагдырына бул үй-бүлөнү жазганына ыраазы гана болушу керектир? Булар ток болсо ток, ачка калса ачка калды. Окуду-чокуду. Жактырып жүрүп өмүрлүк жубай тапты. Турмушка башкалардан кем кылбай узатышты. Кудайга шүгүр деш керек го. Анда неге ыйлайт да неге ыза болот? Илгери үмүт, жакшы тилек менен тогуз ай көтөргөн, омурткасы сыздап толгоо тарткан, ичинде жатканда эле эзиле сүйгөн өз апасын таш боор ажал эртелеп алып кеткенине, адам өмүрүндө болуучу ар бир бактылуу көз ирмемдерине күбө болбой калганына ичи күйдү бекен?..

* * *

Бара-бара түрк тилин өздөштүрүп алды. Байбиче менен ээн-эркин сүйлөшөт, сырдашат. Ал абышкасы менен өткөргөн өмүрүн айтып бергенден тажабайт. Анда-санда казан-аяк кагышып калганы болбосо, бири-бирибизди сыйлап, сүйүп, ынтымакта жашадык дейт. Жигит кезинде ашык болгон кыз-келиндер көп эле, ошого карабай жалгыз мени сүйдү деп күлүп эскерет.

Угуп отуруп, Айсулуу өзүнүн маркум күйөөсүн элестетет. Коюу кирпик-кашы бадырайган капкара көздөрүнө сүр берген, узун бойлуу, ачык-айрым, тамашаны айта да, көтөрө да билген эстүү жигит болчу. Колунда бар-жогуна кайыл болуп жардам сураган адамдан аянчу эмес. Экөө баш кошкондон тарта колхоздун коюн кайтарышты. Күйөөсү кой артында болсо да чыкыйып таза жүргөндү жакшы көрөр эле. Алчактата ат минип, анда-санда өтүп калчу майрамдык салтанаттарда байге алып, айыл эле эмес районго таанылып калган кезинде кырсыкка кабылды…

Демейде ат минип жүргөн жигит, ошол күнү жөө чыгат айылды көздөй. Жол ортолоп калган кезде арттан келген тракторго учкашат. Кандайча, кайсы маалда экенин ким билсин, трактор аласалганда, айдоочу экөө тең жаракат алып ооруканага түшөт. Ошол кырсыктын айынан майып болуп калбадыбы, аттиң! Көз тийди дешти кай бири. Бул да болсо Жараткандын сыноосу дегендер болду. Ар ким билгенин сүйлөдү.

Эх-х! Ал күндөрдү ойлогондо азыр да жүрөгү канап кетет. Эң башкысы, күйөөсү мүшкүлдү чыдамкайлык, сабырдуулук менен көтөрдү. Анда-санда жаман кыялын карматып жибергени болбосо, баягы жайдары мүнөзүн, тамашакөйлүгүн калтырган жок. Балким, ичтеги муңун, көңүлү ооруганын билдиргиси келбегендир? Үйдүн кожоюну, кыз-уулдардын атасы чөгүп, муңканып жатып алса башкалар кантет дегенби? Үйдөгүлөргө эле эмес, кирген-чыккан кошуналарына да, мейманчылап келгендерге да тамаша ыргытып, куйкум сөзү менен өзүнүн да, өзгөнүн да көңүлүн көтөргөнгө жетишчү. Ошондуктанбы, айтор булардын үйүнөн киши үзүлгөн жок. Төшөк тартып жатканын бара-бара этибар албай деле калышкан. Айтмакчы, ошол кырсыктын болгонуна да, тагдырына жазылган кыйынчылыктарга да өмүрүндө бир жолу көргөн лөлү аялды али күнчө күнөөлөй берет. Балким, ага кездешпегенинде тагдыры башкача болмоктур?.. 

* * *

Тоо этегинде жайгашкан кичинекей айыл. Колхоздун иши жүрүшүп, эмгекчилер айлык акы алып, бир аз да болсо тоюнуп калган мезгил. 

Күн алыс айыл аралаган лөлүлөр үймө-үй кыдырып самын, чай, мончок-шуру, балдар кызыгарлык майда-чүйдө буюм-теримдерди тамак-ашка алмашып кетишет. Булардын караандары тээ алыстан көрүнгөндө көчөдө ойноп жүргөн жаш балдар алдыларынан утурлай чуркашат. Алгач адаттан тыш кийимчен, баскан сайын шылдырттаган жылаң буттарындагы мончок-шуру, чынжырчалар, жондоруна көтөргөн баштыктары жаш баланы гана эмес, чоңдорду да кызыктырса, бара-бара көнүмүшкө айланган. 

Тегереги зым менен тосулган короодо улгайып калган аял чөөгүндөгү сууга улам колун малып жашы ондун тегерегиндеги өспүрүм кыздын белине түшкөн чачын өрүп жатты. Ушинтип суулап, тысырайта өрүп койсо, эки-үч күндөп жүрө берет. Болбосо, кайра-кайра өрүп отурганга кайдагы убакыт? 

– Апа, – деди кыз, – бүгүн лөлүлөр келсе, мага шуру алып бересиз, ээ? 

– Албетте, алып берем. 

Кыз кудуңдап, апасын кучактай бетинен сүйдү. 

– Болду эми… Чачыңды өрүп бүтөйүн, – деди аял суз гана. – Бөбөктөрүң ойгонсо, саксайган бойдон каласың. 

Уул-келини жумушта. Катар төрөлгөн неберелери менен алпурушуп жатып эми эле уктаткан. 

– Самын да алышым керек…

Эстетип кой дегени. Аз сүйлөйт. Кабагы анда-санда ачылып калганы болбосо, көбүнчө ойлуу жүрөт. 

Кыз тынч отура албай, улам башын көтөрүп тээ алысты карай берди. 

– Ойдолоктобой жөн отурчу! – деди апасы далыга нукуй. 

Кыздын эси-дарты лөлүлөрдө. Аларды байкабай өткөрүп жиберсе, шурусуз калары анык. Баягыда курбусунун мойнундагы мончокту көрүп абдан кызыгып калган…

– Апа-а! Келе жатыша-ат! – деди кыз кубанычтуу кыйкырып. 

– Ким?!

Аял чочуп, ордунан тура калды. Анан кызы көрсөткөн тарапка серепчилей карады.

– Кудай урган, – деди кобурап, – анча эмне сүйүндүң?

– Мончок…

Кыз акырын шыбырай үн катты. 

Бир баштык талканга самын, мончок сатып алып, үйүнө кайткан аялдын артынан лөлү калбай ээрчиди. 

– Төлгө салам! Акысына бир нан берсеңиз болот! – деди колунан тартып.

– Кереги жок!

Аял жактырбай, колун силке бурк этти. Лөлү ансайын ээрчий, жанына жакындай берди да аялдын кулагына бирдемелерди шыбырай айтты. 

– Кет! – деди аял жинденип, – Алчумду алдым, берчүмдү бердим! А тагдырымды сенсиз да билем!

– Мейли… Өзүңдүкүн билгиң келбесе, тиги кыздыкын айтып берейин, – деди лөлү таңыркай карап турган кызды кол жаңсай көрсөтүп. 

Лөлүнүн көзүндө сыйкыры бардай сезилди. Буту-колундагы чынжырчалардын шалдырагы катуураак угулду. Эми эле ачык турган күндүн бетин булут жаап, айлана күңүрттөндү. Күтүүсүз өзгөрүүдөн чочуган кыз апасына тызылдай жетип, колунан бекем кармады. 

– Апа! Апа, жүрүңүзчү тез, үйгө кирип кетеличи! 

Апасы анын айтканын укпагандай мелтиреди. Кимдир бирөө этегинен тартып тургандай нес болуп калды. 

– Бул кыз турмушка эрте чыгат. Катар-катар төрт уулдуу, андан соң кыздуу болот. Ошондон кийин үй-бүлөсүн чоң кырсык күтүп турат! – деп колун жаңсай сүйлөгөн лөлү артын карабай кетип баратты…

* * *

Дем алыш күнү кааласа базар аралайт, кааласа кафеге кирет, шаарга чыгат. Кээде жалгыз, кээде курбусун чакырат. 

Бүгүн Гүлипа менен дүкөн кыдырат. Маяна алган сайын балдарына, неберелерине белек-бечкек алган адаты бар. Ырас, уул-кызы акчаңызды өзүңүзгө сарптаңыз дешет. Бирок кайсы муктаждыгына иштетет? Тамак-ашы, жаткан жери бекер. Мода кууп улам бир кийим алайын десе, жаш эмес. Алтындары деле жетиштүү. Уул-кыздары эрезеге жетип иштеп баштаганы, эч нерседен кем кылышкан жок. Бала кезинен барчылык-жокчулукту көрүп, эстүү болуп өсүштү. 

Айсулуунун Түркияга барып иштеп келем дегенин укканда баары караманча каршы болушкан. “Төрт уулу туруп бир энесин бага албай калыптыр деген сөзгө калтырасың”, – деген уулусу. “Өмүр бою атамды бакканың аз келгенсип, эми Түркияга барып кемпир-чалдын түйшүгүн тартасыңбы?” – деген кызы. “Акчадан кыйналып жаткансып ал жакка эмне бар?” – деген дагы бири. Кетем дегенин укканда туугандары менен кошуналары да жактырган эмес. 

Күйөөсү тирүү болсо, эч жакка кетпесе керек эле. Анын көзү өткөн соң үй ээнсиреп, Айсулуунун жашоо ыргагы токтоп калгандай сезилген. Кайда барбасын, эмне менен алектенбесин, жолдошун ойлоп, үйүнө шашылчу окшойт. “Он уулум болгуча, осурак чалым болсочу” деген сөз бекер жеринен айтылбаса керек. Албетте, кыз-уулдары жаман чыккан жок. Апакелеп көзүнүн агы менен тең айланып турушат. “Кайнененин камырынан” дегендей, келиндери да тың, иш билги, тил билги. Бирок… Күйөөнүн орду бөлөк, күйөөнүн орду бийик болот тура! Анын үстүнө үй түйшүгүн гана эмес, сырт түйшүгүн да жалгыз өзү тартып жүргөн жаны келин жумшап отурууга көнө албай койду көрүнөт. Аны жасайын десе уулдары, мунусун кылайын десе келиндери колдон талашат. Өзүн артык баш кишидей, эч кимге кереги жок болуп калгандай сезгендир?..

– Апе-ей ай! Мен тиякта күтү-үп… А бул терезе кара-ап…

Селт эте чочуду. Курбусу менен жолугарын эстен чыгарып жибериптир.

– Ой! Сага өзүм келгеним жакшы болгон турбайбы. Даярсыңбы? Кеттик. Такси күтүп калды. – деди Гүлипа шаштырып.

– Кечир! Мына, мен тез эле. 

Сүйлөшкөндөй дүкөн кыдырып майда-барат буюм-терим алышты. Неберелериме деп кийим-кечек тандашты. Айсулуу адатынча көчмө базардан мөмө-жемиштин, жашылчанын түрүн алды. Айтмакчы, “чөп-чардан” тажады. Бирок айласы жок. Албаса болбойт. Кемпир эмнени жесе, ошону жасап бергенге туура келет. Анын үстүнө бул жакта кары-картаңдар гана эмес, баары эле ден-соолукка зыян деп эт менен камыр тамактан жаа бою качышат экен. Башкасына көнсө да, ушуга көнө албай кыйналып жүрөт. Беш бармакты сагынды. Булоолоп бышкан казан толо этти сагынды. Булар манты жасаганды да каалабайт экен. Кызык! Тамактын эң даамдууларынан баш тартышканын карасаң! 

– Алаарыңды алып бүтсөң, кетели… Базар, дүкөнгө эч нерсе калтырбай койдук окшойт, – деди Гүлипа тамашалай. 

– Этти сагындым… Беш бармак, куурдак жегим келип жүрөт. Айылдагыдай… Казан толтура бышырып… – деди бирөө укса уят болчудай шыбырай сүйлөп. 

– Сагынсаң, эт ал. Бышырып же. Мен кээде өзүмө тамак жасап алам. Үйдүн кожойкеси деле көнүп калган. Алгач “болбойт”, “зыян” дечү. Эми менден талашып балакеттей эле жейт. 

Каткыра күлүштү. 

Чын эле! Буга чейин ойлонбогонун кара! Алгач өзүнө гана жеткидей бышырат. Анан байбичеге жагып калса, чогуу жей бербейби. 

Эт саткан дүкөндөн кой этин сатып алды. Бүгүнкү кечти ойлоп кудуңдады – беш бармак болбосо да манты жасайт!

* * *

Бүгүн кафеге жалгыз келди. Тейлөөчү жигитке кебабдын бир түрү менен суусундук буюртуп, анан терезеге тигилди. Курбусун кечээ жакында Кыргызстанга узаткан. Ал менен чогуу жөнөйүн дегенде, байбиче сен кетсең, мен өлөм деп туруп алды. Мекениме кайтам дегенди укса эле бышактап ыйлай баштайт. Экөө бири-бирине жалданма жумушчу менен кожойкедей эмес, эне-кыздай жакын болуп калышыптыр…

Алдына келген тамакты ооз тийимиш этти да, улутунуп алды. Кайрадан терезеге тигилди. Ары-бери кубалашкан, бир жаккадыр шашкан адамдар. Зуулдаган унаалар. 

Жолдошу менен алгачкы да, акыркы да ирет ресторанга барган күн эсине түштү…

* * *

Фрунзенин кечи. Дзержин сейил багына келген эки жаштын кубанычында чек жок. Айылдан бүгүн гана келишкен. Баятан шаар кыдырып, музей көрүп эми минтип сейил бактагы эс алуучулардын катарында отурушканына курсант. 

– Тез эле келебиз дедик эле, бизди күтүп агамдар сарсанаа болуп жатышат го. Кетели… – деди келин жолдошун жылмая тиктеп. 

– Бир аз жүрө турбайлыбы. Фрунзеге дагы качан келмек элек? – деди келинчегинин белинен имере тартып жүзүнөн сүйгөн жигит. – Же отко чакырчу дагы бирөө жарым барбы Фрунзеде? – деди күлүп. 

– Билбейм… Бардыр. – келин ийинин куушурду. 

– Жүрү, мынча болду ресторанга да кире кетели. 

– Койчу, ай… Ушул кебетем мененби? – келин так секире чочуду. – Анын үстүнө жеңемдин дасторконун көрдүң го. Үйдө тамак жайнап турса, ресторанда эмне бар? 

– Ресторанга сөзсүз эле тамак жеш үчүн кирмек беле? 

– Анан эмне үчүн? 

– Бийлеш үчүн! 

– Көйнөгүм бийлегенге да, ресторанга да ылайыгы жок. Барып алып шаардыктарга уят боломбу? – деди келин кыткылыктай күлүп. 

– Көйнөгүң эң сонун! Анан да бир нерсеге ишен! – деди күйөөсү сөөмөйүн көтөрүп. – Көйнөк сенин эмес, сен көйнөктүн көркүн ачасың. Керек болсо мен шаардыкмын деп каш серпкен ар бир кыз-келин сага көз артып, сендей сулуу боло албаганына ичи күйөр… – деди жубайына куштарлана тигилип. 

– Ооба сага… – деди Айсулуу уялыңкы жылмайып.

Ресторанда акыркы кардар кеткиче отурушту. Шампандан жүздөр тамылжып, көздөр менен арбашып, сүйүүгө толгон жүрөктөр бирге какты. Аземдүү залды шаңга бөлөгөн музыканын ыргагына жараша бирде каалгый, бирде чимириле бийлешти. 

– Дагы далай келебиз! – деди жигит жубайынын тамылжыган жүзүнөн сүйүп… 

* * *

Адатынча ашканада күйпөлөктөп тамак жасап жатканда тун уулу чалып калды. 

– Апа! – деди уулу учурашып-учураша элек. – Келе жаткан айда небереңизди отургузуп, тууган-урукту чакырып бата алып койсокпу деп сүйлөшкөнүбүздү унута элексизби? 

– Кантип унутайын… – деди бир аз кайпактап. 

 Чынында эсинен чыгып кетиптир. Кийинки кездерде унутчаак болуп баратат. Балким, жаш улгайып калгандыктанбы?..

– Билет алып койдуңузбу? Же мен заказ кыла берейинби?

– Убара болбо. Өзүм эле… – деди ойлуу. 

Байбиченин “кетпей эле койчу… ансыз да аз өмүрүм калды” деп жалооруганын ойлоп бушайман боло түштү. Ал ыйлактабаса, Айсулуу качан эле кете берет эле го…

– Тойду менсиз деле өткөрө бергилечи. Мен эки айлык маянамды салып жиберем. Тыгынчык болот. 

Мындай жоопту күтпөгөн уулу таарына түштү.

– Апа! Акча жетиштүү. Өзүңүз келиңиз. Тойду сиз жок кантип өткөрмөк элек? Анчалык эле кемпириңизди кыя албай жатсаңыз, кайра кете бересиз да. 

Байбичени кыйып кете албай жүргөнүн кыз-уулдары жакшы билет. Сүйлөшкөн сайын уга берип бышы кулак болушкан. Же макул дей албай, же жок дей албай турганында видеого баш баккан улуу небереси: 

– Чоң апа-а! – деди кол булгалап, – Кандайсыз? 

– О-ов, жаным! Секет болоюнум! Өзүң кандай жүрөсүң? Окууларың жакшыбы? 

– Жакшы чоң апа! Качан келесиз? 

– Бөбөгүңдүн тоюна чейин барып калам…

Жанатан уулуна эмне дешти билбей арсар болуп турса, эми небересине дароо жооп берди…

* * *

Уулунун “тоюмда төрүмдүн көркү болуп отурсаңыз” деген көңүлүн кыя албай Айсулуу акыры “тез эле кайтам” деп байбичени эптеп көндүрүп мекенге барып келүүнү туура көрдү. 

Учакка отургуча байбиченин ыйлап калганы көз алдынан кетпей жүрөгү эзилди. “Капырай, – дейт өзүнчө ойлонуп, – кайнаса каны кошулбаган чоочун адамдар бири-бирине ушунча жакын болуп калабы? Кыздарынан артык көрбөстүр, бирок алардан кем көрбөшү ачык эле билинип турат го”. Антейин десе, өзү деле байбичени апасындай жакшы көрүп калганын карабайсыңбы… 

Жанатан арсар ойго тушалып турган Айсулуу учак улам бийиктеген сайын жүрөгү элеп-желеп болуп, балдарына, неберелерине, мекенине болгон сагынычы көөдөнүнө батпай тезирээк жетүүнү самады. Кол булгалаган кыз-уулдарын элестетип жүрөгү эзилди. Эх-х! Алардын арасында өмүр шериги да болсо, ээ! Балким, анда минтип жер кезип жүрбөйт эле го. Жан биргесинен түбөлүк ажыраганына али күнчө ишене албай кетет. Бир кездегидей жадырай күлүп, тамаша сүйлөп, алчактата ат минип эл арасында жүргөндөй элестете берет… 

Көкүрөк күчүгү атасына бөтөнчө окшош. Бакыракай көздөрү, тамашакөйлүгү, керек болсо кээ-кезде кармап калчу кырс мүнөзү да кудум атасыныкындай. Өткөндө чоочун номерден видеочалуу келгенинен ала калып, жолдошун көргөндөй чочуп кеткен. Ата-баланын куюп койгондой окшоштугун биринчи жолу байкагандай дал боло тиктеген. Капырай, анан калса аскерче кийинип алганын карабайсыңбы… 

* * *

Жогорку класстын балдары үчүн салынган мектеп айылдан обочо, дөңсөө жерде. Тегерек четиндеги алма-өрүк, бак-дарактар бүчүр байлаган мезгил өзгөчө кооз, өзгөчө ажайып. Мектеп менен айылдын ортосун бөлгөн чоң сайдагы суу эрте жазда гана күркүрөп киргени болбосо, башка маалда тарам-тарам бөлүнүп, тынч агат. Бул сайдан ары-бери каттаган окуучулар бири-бирине жардам берүүнү шылтоолоп кол кармашып, анча-мынча сөз айтууга да жетишип алышат. 

Айсулуу классташтарынан бөлүнүп үйүнө ашыкты. Бүгүн үйгө конок келмек. Сайдан жалгыздап өтө береринде өйүздөн аскер кийимчен жаш жигиттин көз салып турганын байкады. Ансыз да сууга түшүп кетпегей элем деп жүрөксүп турганында сынай тиктеген жигиттин көз карашы ого бетер сүрдөнттү. Эмне карайт деди жини келип. Секирип өтүп кетсе го жакшы, кокус жылмакай таштардын биринен сыйгаланып куласачы? И-ий! Анда эле тиги турган жигитке шылдың болбойбу! Эмне кылышты билбей эки анжы ойдо турганында бейтааныш жигит таштан ташка секирип өтүп жанына келди. 

– Колуңузду бериңиз Өткөрүп коёюн, – деди колун суна жылмайып. 

– Рахмат! Өзүм эле… 

Бир азга буйдалып турду да, акыры кайратын жыйып, суудан секирди. Артына кылчайбай кете берди. Негедир жүрөгү лакылдай согуп, аскер кийимчен бейтааныш жигиттин күлмүңдөгөн жүзү көз алдынан кетпей койду. Эртеси да дал эле ошол өтмөктөн жолуктурду. Жанындагы классташ курбулары кимибизге көңүл бурар экен дегендей кылыктана күлүп, жигиттин жардамына кубанышты. Айсулууга кезек келгенде колун сунбай, өзү секирип өттү да шыпылдай басып үйүнө жөнөдү. Курбуларынын коё тур, чогуу басабыз дегендерин укпагандай кадамын тездетти. Эки бети алоолоп жанды. Негедир бейтааныш жигитти курбуларынан кызганып турду…

Аскер кийимчен бейтааныш жигиттин көңүлү кылыктанган топ кызда эмес, эки өрүм калың чачы белден ылдый түшкөн, кырдач мурун, кой көз, бетинде бир аз сепкили бар, уяң мүнөз жаш селкиде эле… 

Кеч курун бададан келер малды тосуп алууга шашып бараткан Айсулуу аскер кийимчен жигитти алыстан эле көрдү. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөй кагып, буттары тушалгандай шилтөөгө жарабай, апкаарып калды. Аскерчесинен арымын кенен таштап, чыкыя баскан жигит Айсулуунун жанына келди да, колундагы бир тутам кыпкызыл тоо гүлүн сунду.

– Кандайсыз, чоң кыз?! Бул сизге! 

– Магабы?! 

Жигиттен мындайды күтпөгөн селки ого бетер апкаарып калды. Бирде гүлдү, бирде жигитти карап, эки бети алоолой жанып уялып кетти. 

– Албетте! 

– Мага гүлдүн кереги жок… – деди Айсулуу кызарып. 

Оозуна ушул сөз келди. Минтип бейтааныш жигиттен гүл алмак турсун, он жыл бирге окуган классташ балдардан окчундап турчу. Же басып кете албай, же гүлдү ала албай, денесин майда калтырак басып жер карады. 

– Сунган колду суутпаңыз. Тоо гүлдөрү таарынып калбасын. Күнөө гүлдө эмес, күнөө менде. А чынында мобу курган жүрөк күнөөлүү! – деп көкүрөгүнө алаканын коё жылмайды жигит. Айсулууну куштарлана карады.

Жигиттин сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай, Айсулуу ого бетер нес болду. 

Эх-х! Алгачкы жана акыркы махабатынын жолуктурган ошол мезгил күнү бүгүнкүдөй көз алдында… Бир тутам тоо гүлү канча күнгө чейин бөлмөсүн жыпар жытка бөлөп, улам бири бажырая ачылып кулпурган. Апасы менен агасынын күмөндүү көз караштары, жеңесинин “ии, жигит тапкансың го, ээ?” деген тамашасы али да эсинде. 

Көп өтпөй жуучу келген. Кимден келгенин укканда өзүн дүйнөдө жок бактылуу сезген. Апасынын “макулсуңбу?” деген суроосуна, бети албырып, тили күрмөөгө келбей, акырын гана башын ийкеген. Ошол ишараты эле канчалык оор болчу. Уятынан эки бети алоолоп күйүп, денесин майда калтырак басып, тула бою оттой ысып чыккан. Эх-х десең! Ошол мүнөттөр, ошол көз ирмемдер! Кайрадан кайтып келсе эмне?! Аттиң десең! 

* * *

Той болду, тойдун эртеси да болду. Бир чоң милдеттен кутулду. Келген-кеткендердин да аягы тыйылып, жеңилдей түштү. Улам бир небересин көкүрөгүнө кыса эркелетип, ырахатка батып, улам бир уул-кызыныкына, бир туугандарына каттап, жашоонун эң бактылуу мүнөттөрун өткөрүп жатты. Түркияга кайтар убакыт да жакындап келе жатты. Негедир, ал күн улам берилеген сайын жүрөгү кысылып, кеткиси келбей, бушайман болду. Бирде байбиченин жол карап күтүп жатканын ойлоп ага да сарсанаа. Андан калса, байбиче күнүгө телефон чалат. Мунун ордуна убактылуу жумушка алган келинди жактыра бербей, орой экен, тамакты сендей жасабайт экен, урушту, өзүң келчи, күтүп жатам дей берип жүрөгүн эзди.

* * *

Бүгүн кайрадан жолго чыгат. Алыска аттанарда узатабыз деп келгендер кош айтышып, үйдө кыз-уулдары, неберелери гана калышты. Каттам таң эртеңде учат. Бишкек аэропортуна чейинки аралык ашып кетсе үч сааттык гана жол, түнү жолго чыгышса тез эле кирип барышар. 

Бир сыйра чайынып чыкты да, кийине баштады. Балтырына жеткен узун чачын тараганга ансыз да жанынан чыкпай айланчыктаган кичүү кызы жан дили менен макул деди. Апасынын чачын улам тарап, улам кайталап бетинен өөп коёт. 

– Апа, апо-оов! Биз сизди сагынабыз. Барып эле кайра кайта бериңизчи, ээ? 

– Макул… – деди бул да жооткото жай сүйлөп. – Кемпир менен учурашып, ал-акыбалын сурап, башка жакшы келин-кесек таап берип эле кайра жөнөйм. Андан көрө чачымды жакшылап тарачы. 

Кызынын чач тараганы абдан жагат. Неберелерине да кармата коют жүрөт. Негедир, ошондой маалда кадимкидей эс ала түшөт. Бир кездеги согончогуна жетип төгүлүп турчу калың чачы эми минтип ак аралап, суюла да түштү. Ошого карабай соңку мезгилде оор сезилчү болгон. Балким, улгайганынын белгисидир? Андан калса, ушул жашка келгиче бир да жолу кайчы тийгизип көргөн эмес. Эми, кээ бир күндөрү чачынан тажап да, чарчап да кеткенинде кыркмак түгүл кырдырып салгысы келип кетет. 

– Болду, жаным. Чоң рахмат! Эс ала түшпөдүмбү…

Дасторкон үстүндө кыз-күйөө, келин-уулдарына кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, неберелеринин улам бирин эркелетип отурду. Чын-чынына келгенде бүгүнкү жашоосуна абдан ыраазы. Эми дөөлөттүү карылыкты тилеп гана отурса болчудай. Айтмакчы, бир жолу сөздөн сөз чыгып, курбуларынын бири “эгерде бүтүндөй өмүрүңдү башкача өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берилсе, ушул тагдырыңды тандап алат белең, же таптакыр башкача болсо деп тилейт белең?” деп сураганы бар. Ошондо, “ушул тагдырымды гана тандап алмакмын” деп жооп берген. “Кантип эле? – деген курбусу ишене бербей. – Көп кыйынчылыктарды көрдүң. Төшөк тартып жатып калган жолдошуңа жыйырма жылдык өмүрүңдү арнадың. Күлгүндөй жаш курагыңды ошентип өткөрдүң. Беш балаңа кошуп жолдошуңду да жалгыз бактың. Анан кантип эле ушул өмүрүңдү башкача болсо деп ойлобойсуң?” 

– Менин тагдырыма, менин өмүрүмө анча эмне кыжалат болдуң? – деген курбусунун сөзүн жактыра бербей. 

– Катуу тийсе кечир, жөн гана сураганым.

Кайдагы бир болбогон суроону берип алганына чындап кечирим сурадыбы, же жөн гана көңүл жубаттыбы, ким билсин, айтор ыңгайсыз боло түшкөн. Мунун тагдырына боор ооругандарды, сынай карагандарды байкап калчу. Далай жолу ичи күйгөн, ызаланган. Анан бара-бара буга да көнгөн. Кээде ушундай оор тагдырды башына жазган Жаратканга да тили тийген күндөрү болгон. Ошентсе да татынакай кыз-уулдарынын барына каниет кылчу. Ошолор үчүн жан үрөдү. Ошолор үчүн жашап, ошолор үчүн күрөштү. Акыры жеңди. Жеңгени ушул эмеспи… Мына, биринин артынан бири бойго жетип, колуна кол, бутуна бут болуп тегеренип турушат. Эркелетип да, эркелеп да жандары калбайт. Ушул жашоосуна тобо дейт ыраазы болуп. Бир кездеги сөздөрү үчүн Жараткандан кечирим сурайт өзүнчө. Балапандарыма өмүр бер, нысап бер, ынтымак, ырыскы бер дейт жалбарып. 

– Апа, бата кылалы да жолго чыгалы. Антпесек кечигип калчудайбыз.

Негедир жанатан айтылып жаткан тамаша сөздөр токтоп дымып калышты. Балким, башка мезгил болгондо адаттарынча каткыра күлүп, биринин тамашасын бири улап кетет беле? Азыр тек гана бири-бирине жайдары мамиле жасап, бири-бирине жылмая карашты. Бирок узаткысы келбей, өмүр ченеми азайып баратканын ойлоп сызылып турушкандыр?..

* * *

Машина аэропортту көздөй зыпылдай жол тартты. Рулдагы уулунан башкасы уйкусурап бараткандай. Уйку-соонун ортосунда ары-бери шылкылдаган кызынын башын абайлай көкүрөгүнө жөлөдү. Ачык айнектен кирген шамалга делбиреген чачынан аярлай сылап, маңдайынан сүйдү. 

Машиненин ичиндеги тынчтыкты кол телефонунун чырылдаган үнү бузду. Чоочуп кетти. Түн ортосунда ким чалышы мүмкүн? Шашкалактай сумкасынан таап чыгып дароо номурун карады да, Түркиядан экенин билди. Бирок байбиченин номуру эмес. Чоочун. 

– Ало-о… – деди шыбырай. 

Байбиченин улуу кызынын ыйлаган үнү угулду. Анын ар бир айткан сөзү жүрөгүнө канжардай тийип жатты. Айсулуунун да көз жашы ээ-жаа бербей төгүлдү. “Арты кайырлуу болсун” – деди шыбырай. 

Уул-кызынын “апакелеп” ар нерсени сураганы кулагына кирбей нес болуп кыйла отурду. Байбиче менен акыркы сүйлөшкөнүндөгү аянычтуу доошу кулагына жаңырып, өз апасынан кайрадан айрылгандай ичи ачышып кетти. Оор улутуна көз жашын аарчыды. 

Машине жол жээктеп барып токтоптур. Жанатан уйкуга мас болуп келаткан балдарынын көздөрү умачтай ачылып, апасын жардана карап турушат.

– Байкуш байбиче ээсине кетиптир… – деди шыбырай. – Эртелеп эле барсам болмок экен. 

– Апа, эми ошого да ушунча ыйлайсызбы? Кызык элесиз…

Уулун таарынтып албайын деп унчукпады. Жооп берген жок. Жалдырай жол карап отурган байбиченин элеси көз алдына тартылып, жүрөгү кайрадан тыз этип алды. Бир кезде апасы да атасын жол карап далай күткөн. Согуш аяктаганына чейрек кылым өтсө да күтө берчү. Анын кандай адам болгонун айта бергенден тажачу эмес. Жакын адамыңды күткөндүн азабын ошондо эле сезген. Кез-кезде тээ алысты телмире тиктеген апасын аяп кетчү. Каза болгондугу тууралуу кагаз келсе деле ишенбей жүргөнүнө таң калчу. Көрсө… 

– Апа! Машинени артка кайрыйынбы? – деди уулу. – Же…? 

Бул суроого да жооп бербеди. Өзүң бил дегендей ийин куушурду. Апасынан жооп болбосун сезген уулу машинени артка кайрыды.

Жол бойлото тизилген зым карагайлардагы жаркыраган чырактарды улам бирин артка калтырган темир тулпар айылды көздөй зыпылдай учуп баратты…

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү”, "Бурганактуу тагдыр" жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген