|

Казак

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Автордон: Каармандар кыргыз элине таанымал кадимки Нарбото, Атаке баатырлар эмес. Бул аңгеме чыныгы жашоодон алынганына байланыштуу кейипкерлердин ысымдары өзгөртүүсүз берилди. 

Күн кыпкызыл болуп уясына батып баратат. Жаз келип, чокудагы карлардын эриши менен улам күчөнө аккан тоо суусу канча мезгилден бери түбүндө жаткан таштарды ордунан козгоп, төмөн карай күрпүлдөйт. 

Тээ жогортон суу бойлой келе жаткан жоон топ атчандар карааны айылга жакындай берди. Бири-бирине тамаша ыргытып, көңүлдөрү куунак. Анда-санда каткыра күлгөн добуштары тоо койнунда жаңырып барып жоголот. Ар биринин ийиндеги соройгон мылтык мергенчиликтен келе жаткандарынан кабар берет. Айрымдарынын колунда томоголуу бүркүт, ылаачындар. Атчандар менен жарыша жүгүргөн – кыргыз тукумундагы тайгандар. Жолоочулардын үнүнөн, ат үстүндө шамдагай отурушунан жаш жигиттер экенин баамдоого болот. 

– Жогорку айылга кайрыла калганыбыздын пайдасын көрчү! Коюлган байгелеринин көбүн бөктөрүп кеттик! 

Биринин мындай сөзүнө башкалары каткыра күлүп жооп кылды.

– Ошону айтсаң! Бизден мындайды күтүшпөсө керек! 

– Сумсайып гана кала беришти ээ?! 

Чабандестердин катарынан калышпай тең ата ат жарыштырып келе жаткан өспүрүм жигит – айылдын кадырлуу аксакалы Нарботонун уулу Кайып. Ал сапарлаштарына сыр бербей, көңүлү көтөрүңкү көрүнгөнү менен, атасынын “казак” аталып калган себебин ойлоно өзүнчө бушайман. Бир кезде бул тууралуу анча-мынча эшитип калганы болбосо, анчейин маани бербей койгон. Эми минтип эс тартып элге аралаша баштаган кезинде “казак Нарботонун уулу” деген сөзгө же теригерин билбей, же эмнеге мындай атап коюшканын түшүнбөй, көңүлү уйгу-туйгу. Атаандашы жеңилип калганда, ызасын көтөрө албай: “Эй, казак! Ушинтип алган байгеңе корстон болуп жүрө бербей, каяктан тентип келгениңди билип алсаң боло!” – деген эле. Ошол сөзү токмогу жок башка чабылып, канжары жок жүрөккө сайылган. Каяша айтпай басып кеткен ошол учуру көз алдына кайра-кайра тартылып, ансайын тула бою дүркүрөп, ызасы көкүрөгүн тээп, көмөкөйү кысылып барат. 

* * *

Бири-бирине катар жайгашкан боз үйлөрдөн бир аз обочороок тигилген, баарынан бараандуу, көрктүү өргөө Нарбото аксакалдыкы. Боз үйдүн тушундагы кемегеде казан асылуу. Жай отто бүлк-бүлк кайнаган жаш козунун этинин жыты каңылжарды өрдөп табитти ачат. Нарботонун байбичеси улам чыгып, казан башындагы жигиттин ишине көз салып коёт.

Мергенчилерден бөлүнүп үйгө кайрылган Кайып аттан секире түшүп энеси менен учурашты да, канжыгадан шыбаганы чечип берди. Колундагы бүркүтүн аяр сылап, тууруна кондурду. 

– Атам үйдөбү? 

– Ооба.

Үйгө баш бакты. Төрдө кош кабат жаздыкты чыканактаган атасынын көздөрү жумулуу болгону менен, же уктап жатканы, же ойго батканы билинбейт. Кайып колундагы камчысын боз үйдүн уугуна илип, шыбыш алдырбай көчүк басты. Бирок куштай сергек атасы көздөрүн ачты.

– Арыбаңыз ата! Күүлүү-күчтүүсүзбү?

– Бар бол уулум! Босогодо отурбай, кел, бул жакка өт. 

Ордунан обдула берип, малдаш токунуп отурду да, жанындагы көлдөлөңдү жаңсап көрсөттү. Улгайып калганына карабай бой-турпаты көзгө толумдуу. Булчуңдары жаш жигиттердикиндей буркуят. Бирин-серин ак аралаган сакал-муруту бүркүт кабагына, тик караган курч көздөрүнө сүр кошуп тургандай. Уулунун бала кезинен зээндүүлүгү, бүркүт таптаганды эртелеп өздөштүргөнү, жоро-жолдошторунун, айыл элинин арасында кадыр-барк күтүп калганы атасы үчүн чоң сыймык. Эми минтип өзүнөн бир топ улуу жигиттерден кем калбай ууга чыгып, мергенчилик кылып жүрөт. 

– И-йе уулум, эми сүйлөй отур… Бүгүн жолуң кандай болду? 

– Жакшы, ата! Мергенчиликтен келе жатып, жогорку айылга кайрылганбыз. Тушоо кесүү тою болуп жатыптыр. Демейкидей эле чоң мелдеш өтүп жаткан экен. Мен күрөшкө түшүп, байге алдым. Башкалар да куру калышкан жок. 

– Оо, болсун, болсун! Алган байгеңер буюрсун, балам! 

Нарбото сыймыктануу менен далыга таптады. Бирок уулунун муңдуу көз карашына таң калып, тынчсызданды.

– Байкашымча, капалуу окшойсуң, уулум? Кыжаалат санааң болсо, айта отур. – Нарбото ордунан копшоло үн катты.

– Тойдо көңүлүмдү ооруткан кеп уктум, ата! Ошонун чоо-жайын билейин, өз оозуңуздан угайын дедим эле.

Кайыптын жүзү ого бетер сурданып, денеси билинер-билинбес титиреп, булчуң эттери чыңалып чыкты. 

– И-йе, эмне кеп? 

– Жеңишке жетип, байге алаарымда “казак Нарботонун уулу” деген күбүр-шыбырды эшитип калганым аз келгенсип, атаандашымдын “тентип келгениңди билээр бекенсиң?!” деп мазактап турганы катуу тийди, ата! Ызама чыдабай көмөлөтө бир чабайын деп, кайра сиздин сабырдуу бол деген сөзүңүздү эске салып араң кармандым. Болбосо… 

Ызырына эрдин тиштеди.

– Кыргыз болуп туруп “казак” атка конгонубузга, баарынан да тентип келгенсиң деген сөзгө жооп айта албай калганыма ыза болуп турам!

Кайыптын үнү дирилдеп чыкты. Ушул тапта каршылашы бет алдында болсо жаткыра чапчудай муштумдарын катуу түйүп алган. 

– А-а… уулум! Эл оозунда элек жок. Айтса айтып коюшкандыр. Кабатыр болбо, уулум! Кыргыз элебиз, – деп жооткото жооп узаткан Нарбото чокчо сакалын сылап ойго бата түштү. – Кайсы бир күнү ушул суроону берериңди билгем. Бир ирет сөз кылганымда, балалык кылып маани бербей койгон окшойсуң. Эми, болгон иштин чоо-жайын башынан айтып берейин. Кунт коё угуп, эсиңе түйүп ал…

Кайып атасынын баянын угууга дилгирленип, жакын жылды. Нарбото салабатынан жазбай сөзүн улады.

– Мындан канча бир жылдар мурун Сары Өзөн Чүй тараптан кол салган казактар кыргыздын эл-жерин чаап, көптөгөн мал-жанын кыргынга учуратат. Төрт түлүк малды гана эмес, айдай сулуу кыз-келиндерди, ал-күчкө толуп турган жигиттерден бери туткундап кетишет. Ал туткундардын арасында менин атам, сенин чоң атаң Мамбеткул да болот. Атам чымыр денелүү, өткүр, балбан болчу. Ошол себептенби же дагы бир жагдайлар болгонбу, айтор, аны казактын бир баатыры өзүнүн жигиттеринин катарына кошуп алат. Кийинчерээк убакыт-сааты чыккан кезде казак кызга үйлөнтөт… Мезгил деген зымырык куштай. Күн айга, ай жылга алмашты. Атам он эки уул көрдү. Ага-инилерим баары күчтүү, кайраттуу, тайманбас болуп өстү. Улам бири эр жеткен сайын чапкынга аралашып, карапайым калктын оозунда “кара өзгөй” атала баштады. Алардын мындай кылыктары мага жакчу эмес. Далай жолу каршы турдум. “Кудайга терс иштер жакпайт, ак эмгек, маңдай тер менен жашагыла!” – деп атам да көп айтты. Бирок бир туугандарым эч кимдин сөзүнө кулак салышкан жок. 

Казак жергесинде өткөргөн бала курагы, ата-энеси, бир туугандары эсине түшкөнгөбү, айтор, оор улутунуп алды.

– Кээде “ушул кыргыздардыкы өттү” деген да кептерди эшитип калчу болдум. Азыр сен неге казак аталып калганбыз деп таңыркап турсаң, ал кезде мага “неге бизди кыргыздар дешет болду экен?” деген ой тынчтык берчү эмес. Эс тартканымда гана атамдын туткундалып келгенин, ата-тегимдин кыргыз экенин уктум. Ошондон баштап өз мекениме, Ала-Тоомо болгон сүйүүм ойгонуп, көрбөсөм да кыргызымды сагынып, жүрөгүм алып-учту. Ата Журтума, эл-жериме кетем дегенимди бир туугандарым этибар алышкан жок. Жаштыкка салып айтып жатат дешти көрүнөт. Балким, ошол кезде атамдын көзү тирүү болгондо, менин мүдөөмдү колдойт беле? Жол издеп, өзү узатып, өзү качырмак го? Аа, кайран гана атакем! Ар дайым кыргыздын айкөл мүнөзүн, меймандостугун, баатыр эл экенин мактануу менен, сыймыктануу менен эске салчу. “Менин маңдайыма жазылганы ушул экен, бөлөк эл, бөтөн жерди мекендеп калдым. Очогум ушул жерде. Кетип калайын деген күндө да баарыңарды алып кайда качам? Таштап да кете албайм. Адам баласы тагдырдын жазмышына көнүп берет турбайбы! Көнбөскө аргасы барбы?! Эми жок дегенде бирөөңөр эл-журтума кайтып барсаңар, арбагым ыраазы болор. Тукумум Ала-Тоомдон уланса кана, атаганат!” – деп армандап жүрүп өтүп кетти. Атамдын каалоо-тилегинин, арманынын өтөөсүнө мен чыгам деп өзүмө өзүм сөз бердим, бел байладым. Акыры иним Атакени ээрчитип, “кайдасың, кыргыз элим?” деп жолго чыктым.

– Демек, казак туугандардан келгениңиз менен, кыргыз экендигибизде күмөн жок турбайбы! Анан эмнеге али күнчө “казак” дешет? Ошого түшүнө албай турам, ата! Балким, мунун да себеби, сыры бардыр?

Атасынын айтып бергенине анча канагаттанбай, Кайыптын кабагы ого бетер бүркөлдү. 

– Ооба, ооба, себеби бар.

Нарбото баш ийкеди…

* * *

Чекесинен аккан терди жеңи менен аарчый, тогуз-он жаштардын тегерегиндеги инисин жетелеген жаш жигит ээн талаада келе жатты. Жер эне жаны кыйналган адам балдарын күндүн мээ кайнаткан ысыгынан калкалай албаганына ыза болгондой томсорот. Жакын арада көлөкөлөй турган бак-дарак тургай, караган-бадалдан да дайын жок. Ар кайсы жерде аптапка моюн сунган сөксөөл.

– Абажан, качан жетебиз? Чарчадым, – деген инисинин суроосуна жооп айта албаган Нарбото бушаймандана алдыга тикирейе карайт. Иниси эмес, өзү деле эриндери кеберсип жаны жер тартып турат. Барар жеринин алыс-жакынын мурда-кийин барып көрбөгөн соң кайдан билсин. Ошентсе да “бир аз чыда… аз калды…” деп айласыздан жооткотот. Улам арылаган сайын жол ого бетер узарып, арбыбай… Алды-артта көз жетпеген суз талаа. Асманда айлана учкан кузгундар булардын ажалын көксөгөндөй үн салып үрөйдү учурат. Анда-санда тээ алыстан төөлөрдүн караандары көрүнө калат, бирок элдүү жерге жеттикпи деген үмүт аларга жакындаганда өчө түшөт. Эрбеңдеп чыга калган суурлар ким келе жатат дегенчелик баштарын көтөрө калышат да, кайрадан ийиндерине кире качышат. Жолго чыгаарда камдап алган гүлазыгы азайган сайын Нарбото өзү наар албай, инисине өзөк жалгатып, суудан ууртатып, ичинен кайрый бата кылып, каалоо-тилегин, үмүтүн шыбырай айтат. “Оо, кыргызым! Тагдырдын буйругу менен бөлөк эл, бөтөн жерде төрөлүп-өсүп, эми минтип өзүңдү сагынып, өзүң деп келе жатабыз! Тилибиз казакча сүйлөп калганы менен, дилибиз кыргыздыкы, жүрөгүбүз кыргыз деп согуп турат. Денеде айланган каныбыз – кыргыз экенин кантип танабыз да, кантип сени сагынбай коё алабыз?!”

“Кыргыздарга кетем” дегенин алгач укканда энеси караманча каршы болгон. Бирок уулунун өжөр мүнөзүн, айтканынан кайтпаган кежирлигин билген себептен гана айласы жок макулдугун берген. Жолго аттанарында көз жашын тыя албай муңкана ыйлап, эки уулун кайра-кайра кыса кучактап, батасын берип узатып кала берген. Эми минтип, мончоктоп аккан көз жашын аарчыганга жарабай сызылган, уулдарынын карааны үзүлгөнчө кол булгалаган апасынын элеси эсинен кетпей жүрөгү эзилди. “Эх, апакебай! Сөөгү ката элек кенжетайыңызды мага тапшырып, мени Кудайга тапшырдыңыз. Ошол ишеничиңизди актап аман-эсен кыргызыма жетип алсак экен. Дээринен шамдагай, кайраттуу көкүрөк күчүгүңүз бул узак жолдон деми кайта түшкөндөй. Мына-мына деп жооткотуп келем. Бирок бул узак жол жаш баланын эмес, менин да шайымды оодарып барат. Ушул тапта жалгыз болсом кантмек элем деген ой кылт эткенде жүрөгүм солк дей түшөт. Чынында Атакенин эрбеңдеген карааны, анда-санда тамаша сүйлөп күлгөнү, “абакелеп” эркелегени гана көңүлүмдү көтөрүп, ар кандай жаман ойлордон алаксытып, демиме дем, күчүмө күч кошуп келе жатат. Эх! Сизди кайрылып бир көрөбүзбү, көрбөйбүзбү?! Сүт жыттанган көкүрөгүңүзгө башыбызды жөлөп эркелейбизби, эркелебейбизби? Ким билсин?! Кандай да болбосун, биздин жүрөгүбүздө жашайсыз. Эмчегиңиз зыркырап турганына карабай атамдын акыркы каалоосун, ичинде кеткен арманын аткарууга бел байладыңыз. Өзүңүз жол таап, өзүңүз качырдыңыз. Мен сизге өмүр бою ыраазымын, апаке!”

Убакыт өткөн сайын Нарботонун да шайы ооп, денеси салмактанып чыкты. Чекесинен аккан тер моюн ылдый куюлат. Баарынан да көздөгөн жерибизге эртерээк жетсек экен деген тилеги: “Бизди ким күтүп турат дейсиң? Мындан кийинки жашообуз кандай болоор экен?” – деген санаага айланып, кабагы ого бетер түнөрө түшөт. Бутунун ооруганына карабай, бирде инисин жонуна мингизип, бирде жетелеп, жол улап келе берди.

Күтүлбөгөн жерден акырындап соккон желдин илеби сезилди да, бара-бара күчөп, катуу шамалга айланды. Алай-дүлөй шамал жүрөктүн үшүн алып, айлананы заматта боз чаңга чулгады. Нарбото инисинин бети башын күрмөсү менен калкалап, чөгөлөй калды. Жаратылыштын бул көз ирмемчелик убакыттагы кубулушуна таң калып, коркуп кетти. Чарчап араң турган Атаке агасынын тизесине башын жөлөй көшүлүп баратты. Ага кошулуп Нарботонун да көздөрү жумулду.

Бир далайдан кийин ойгонгон Нарбото жанында бүрүшө жаткан инисине мээримдүү карап, маңдайынан сылап, жүзүнөн сүйдү. Ордунан туруп тегерекке көз чаптырды. Шамал небак токтогон көрүнөт. Күндүн ысыгы демейкидей талыкшытат. Кеберсиген эрдин жумшартмакка суудан бир аз гана ооз тийимиш этти да, колун чекесине алып, кыргыз тоолорунун карааны көрүнүп калаар деген үмүт менен адатынча тээ алыстан көзүн албай көпкө тигилди. 

– Ой ба-ай! Ана тоолор! 

Колдорун асмандата серпип, турган ордунан секире кыйкырып жиберди. Кубанычтан жүрөгү жарылчудай түрсүлдөй какты. Көздөрүн ачып-жуумп, ишенип-ишенбей кайрадан тигилди. Тээ алыстан мунарыктап, элес-булас көрүнө калган кыргыз тоолорунун карааны үмүтүн жандандырды. Көңүлү алып учту.

– Тур-турагой, Атаке! Тигине, биз самаган тоолор! Демек, жетерибизге аз калыптыр! – инисин далыдан таптап ойготуп, кубанычтан жүзү тамылжып чыкты. 

* * *

Чокусунан эзели ак кар, көк музу кетпеген аска-тоолор адам баласынын тарыхын ичине катып, асман тирей зыңгырашат. Тоо койнунан суурулуп чыгып, тээ жайыкты көздөй таштан-ташка тийип, өзөн бирде көбүктөнө буркан-шаркан түшсө, бирде тынчып жайлай калат. Анда-санда бытпылдык урган бөдөнөнүн үнү менен торгойдун жарыша сайраганы жайдын толуп турган мезгилинен кабар берет. Жыпар жыты мурун өрдөгөн, көпкөк тулаңдын арасынан көз жоосун алган тоо гүлдөрү. Сыдырым желге боюн созгон арча-кайыңдар. Көңүл сергиткен булак шылдыры, боз үйлөрдүн биринен комуз коштогон обон угулат. 

Таң заардан конок тосуу аземи менен алпурушкан үй ээлери меймандардын улам биринин алдынан утурлай чыгып, күн мурун даярдалган боз үйлөргө жайгаштыруу менен алек. Табитти ойготкон кыпкызыл боорсок-нан көтөрүп ары-бери тыпылдаган келин-кесек тойдун шаанисин ачат. Казан-казан эт кайнатып, самоор жагып, отун жарган жигиттер. Селкинчек тепкен улан-кыздардын шайыр күлкүлөрү, бири-бирине тамаша ыргыткандары угулат. Тээ алыста көк бөрүчүлөрдү сүрөөнгө алган күйөрмандардын кыйкырык-сүрөөнү тоо жаңыртат. 

Нарбото иниси менен кыргыз жерине келгенден берки өтүп жаткан алгачкы той эле. Ошол себептен ар бир болуп жаткан оюн-зоокту, шаан-шөктөттү көз жаздымда калтырбоонун аракети менен ашыга көз жиберип, кыргыздын той өткөрүү шаанисин казактар менен салыштырып коёт. Бардыгы эле окшоштой. Бирок кантсе да кан тартып тургангабы, кыргыз тоюнун жүрүшү көңүлүнө төп келип, делебесин козгоп жатты. Ат жалында ойногон чабандестерди суктануу менен узата карап, кыялында өзүн алардын арасында жүргөндөй сезет.

Бир маалда комуз коштоосунда жар салган ырчынын үнү угулду.

– Оо, калың журт! Көпчүлүгүңөр күткөн балбан күрөш башталганы турат. Ар уруудан эр жүрөк, балбанмын дегениңер даярдангыла! Жеңгениңе – чоң байге! 

Бул чакырыктан соң боз үйдөгү меймандар баш болгон көпчүлүк көк майсаңга чогула башташты. Ар уруудан чыкты кең көкүрөк, арстан жүрөк жигиттер. Балбан күрөш кызуу башталды. Жарданган элдин кыйкырык-сүрөөнүнөн кулак тунат. Кайсы бир уруунун балбаны улам бир атаандашын көтөрө чаап, жеңишти эч кимисине алдыра койчудай эмес. Бул көрүнүш күйөрмандардын бүйүрүн ого бетер кызытты.

– Ии, дагы кимиң чыгасың? Күч сынашаарыңар калдыбы? 

Жарчынын улам-улам кайталаган бул кайрылуусун мыскыл-какшык катары кабыл алган той ээсинин чыдамы түгөнүп баратты. 

– Кана-кана! Уят кылбай чыккыла бирөөңөр! Кимиңер калдыңар? – деп ачуусу менен буюра бакылдады. 

Бул чакырууга жооп кылып эл арасынан үн угулду:

– Мен!

Эскилиги жеткен жегдесин белинен бек курчанган, күнгө тотуккан жүзүндө эрдемсинүү, көздөрүндө кайрат оту жанган жаш жигитти жарданган эл сынай карады. Топ арасын: “Бул ким эле? Кайсы уруудан болот?” – деген суроолор менен бирге: “Өтө эле жаш окшойт! Алына карабайбы!” – деген күбүр-шыбыр аралады. Каршы тараптан каткыра күлүп шылдыңга алгандары да болбой койгон жок.

Уу-дуу кеп, элдин сүрү кадимкидей апкаарытканына карабай, өзүнөн бир топ улуу, бой-турпаты да чоңураак балбан менен таймашууга топ ортосуна чыкты. Алгач бейтааныш бул жигиттин жеңишине эле эмес, күрөшө аларына ишене албай тургандар бара-бара атаандашы менен тең тайлашканына, каршылашынын колуна илдире койбогон илбирстей шамдагайлыгына суктана, кыйкырык-сүрөөнгө алышты. Экөө тең бири-бирине оңой менен алдыра койчудай эмес. Бир топко барып, акыры бейтааныш жигит атаандашын көтөрүп чапты! Уу-дуу түшкөн күйөрмандар намыска жараган жигиттин ким экенине да, кайсы уруудан экенине да кызыкпай, тек гана чыныгы жеңишине ыраазы болуп мактап жатышты. 

* * *

Тоо этектей тигилген каз катар боз үйдүн биринде Нарбото иниси экөө очоктон эми эле чыккан, буусу кайта элек этке тамшана тигилип, кол созууга батынбай отурушту. Буларды көзүнүн кыры менен сынай караган Канай бий төрдө калыңдап салынган төшөктө жамбаштай отурат. 

– Ал! Ала койгула! Курсагыңар аябай эле ач болсо керек! – деди табакты эки бир туугандын алдына жакын жылдырып.

Этке кол сунган инисин акырын гана далыга нукуган Нарбото алаканын ушалады.

– Рахмат, абаке! Алгач колго суу куюлчу эле?

“Ап-бали! Жалтанбас мүнөзүң, коркууну билбеген жүрөгүң бар окшойт!” Канай бий карс-карс күлдү да, сырттагы жигиттеринин бирин чакыртты.

– Бул жолоочу жигиттердин колдоруна суу куюуну унуттуңарбы?! 

Суроо берилип-бериле электе чылапчын менен кумган көтөргөн жигит кирип келди. 

– Ии, эми этке карагыла. Сүйлөй да отургула. Кайсы уруудансыңар? Ата-тегиңер ким? Эмне максатыңар бар? 

Казактардан келгенден бери эмне жумуш болбосун аткарып, ар кимдин улагасында түнөп эптеп күн өткөрүп жүргөн ага-ининин жашоосу Канай бий менен болгон бул жолугуудан соң башка нукка бурулду. Нарботонун эр жүрөк, тайманбас мүнөзүн бий жактырып, өз баласындай камкордукка алды. Өзүнчө үй тиктирип, мал-жан бөлдү. Бара-бара жигит башчысы кылып дайындады.

* * *

– Амансызбы, ата!

Башына каз катар жаздык койдуруп, калыңдап салынган төшөктө жаткан Канай бийдин алдына Нарбото тизе бүгүп отурду да, анын каруусу кайтып калчылдаган колун чекесине тийгизе урмат көрсөткөн ишаратын жасады.

– Бар бол, уулум. Кел-келегой…

Канай бийдин ууртунда билинер-билинбес жылмаюу байкалды. Өз атасындай көргөн Канай бийдин төшөк тартып жатып калганына Нарботонун ичи ачышып, жүрөгү канап, сакайып кетер деген үмүт тилек менен убакыт-саатты узартпай келип, ал-акыбалын сурап турат. Тилекке каршы, күн өткөн сайын Канай бий оорлошуп бараткандай. 

– Атаке! Бизди өз балдарыңыздан кем көрбөй асырап, адам катарына коштуңуз. Мал-жан бөлүп, конуштуу кылдыңыз. Сиздин жардамыңыз, колдооңуз менен орун-очок алып, үй-бүлө күтүп, күтүрөтө жылкы айдадым. Жоро-жолдош күттүм. Минтип жигит башчы да болдум. Баарына ыраазымын! Көкүрөгүңүз туюп, көөдөнүңүз сезип турганда, менин ыраазы экенимди билсеңиз экен, атаке! Сизди өмүрүм өткүчө аркама көтөрүп бөпөлөп баксам да аздык кылаар!

Нарботонун көз жашы ээ-жаа бербей куюлду. Канчалык кайраттуу болбосун, ажалдын алдында алсыз экенин, ата-энени талашып да, ыйлап да алып кала албасын түшүндү. Жүрөгү сыздап турду. Канай бийдин колун аяр алып көкүрөгүнө койду да, башын ылдый сала муңканды.

– Ыраазымын, балам… Ыраазымын…

Ал күчтөн тайса да акыл-эси жайында, көкүрөгү таза Канай бий уулуна ыраазычылыгын билгизе шыбырай үн катты. Нарботонун колун акырын кысып, ичинен тилек айтып, ак жол каалады. 

* * *

Жигиттери менен айылдан бир топ узап калганда артынан кууп жеткен чабарман Канай бийдин акка моюн сунганын угузду. Бул кабар асманын аңтарып жибергендей болду. Эрдин кесе тиштеди. Аттиң! Бир аалам өлдү. Дагы бир мыкты пенде ажалга моюн сунду. Ушул мүнөт, ушул көз ирмемде кош айтышарын билсе, жанынан кетпей аярлай, башын жөлөп, акыркы тамчы суусун өзү берип, акыркы керээз сөзүн угуп калат эле го! Эми башын койгулап жер чапчыганынан, “эсил кайран атакем!” деп зар-какшаганынан пайда чыкпастыр! 

Топ жигит ат башын артка буруп чабарман менен кошо айылга бет алышты. Канай бий жаткан ак өргөөнүн алдына айыл эли чогулуп, аялдар кошок кошуп жаткан маалда кирип келишти. Эмнегедир Нарбото өкүрүп түшүү салтын карманбай, боз үйгө түз эле кирип барды. Бул жорук жарданган калың журтту аң-таң калтырды.

– Нарботонун эмне кылганы?! Атасы өлсө өкүрбөй келет деген эмнеси?!

– “Бөрү баласы ит болбойт” деген сөздүн чындыгын айгинелеп, өз эмес экенин билгизип койду, ээ?!

– Атаң көрү! “Эсил кайран атакем” деген бир сөзүн аяганыбы?! Казак казактыгын кылды окшойт!

– Мал-жан бөлүп бергенин, токолунун эмчегин эмизип, уулдарына бир тууган кылган жакшылыгын эсинен чыгарган го бул кысталак! 

– Ээй! Канча кылса да казак да. Аларда өлүк башында өкүрбөйт деп уктум эле. Ошонусу чын окшойт бейм?

– Андайлары да бар бекен? Казактар өкүрбөсө эле бизде да ошентиш керек беле?! Туура эмес болуп калды ушунусу!

Нарботонун бул кылыгына жалпы журт нааразы болду.

* * *

Канча бир жылдар мурун болгон окуяны уулуна айтып болуп, Нарбото оор улутунду. 

– Кыргызымды сагынып, Ала-Тоомду көксөп жөө-жалаңдап келип, акыры өзүм үчүн туура сезилген ушул кадамдан улам “казак” атка конгонум ырас. Ал сөзгө терикпейм деле. Кеп атта эмес, затта го! Жүрөгүм кыргыз деп согуп, көңүлүм Ала-Тоомду сүйүп турат. Өлсөм артымда калар урпагым кыргыз жерин жердеп, кыргыз тилинде сүйлөп калары мен үчүн чоң кубаныч, чоң сыймык! Анан да, казак-кыргыз бир тууган болуп калбадыкпы! – деген Нарбото уулуна жылмая карады…

Автордон: Нарботонун өз аты бара-бара унутулуп, Казак атка конгону эл оозунда айтылып келет. Ошондон бери Чүй боорундагы бир кичинекей уруу казак аталып калган.

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү”, "Бурганактуу тагдыр" жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген