Үшкүрүк

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Темир армиядан келери менен Тамарага жолукканга шашты. Анткени, окуу жайда студенттер арасында анын кош бойлуу болуп аргасыздан окуудан кеткенин укканы бар. Бар болду “ал менин балам болсо керек” деп, далай ирет жазган каттары жоопсуз калды. Теңтуштары дагы анын кат-кабарын таап беришкен жок. Баары өз жашоолору менен алек болушуп, Темир үчүн издеген деле бирөө жарымы болбоду. Шаарда жалгыз эжесине кайсы бети менен айтмак. Болгону, армиянын убактысы бүтсө, издеп таап, ага үйлөнүүнү пландап койгон. Борбордон таппай, Кара-Балтадан эжесинин иштеген жеринен анын дарегин алып, ага-эжесинин коштоосунда жолукмай болду. Ак да көк да дебеген эжеси, аны ээрчитип, Тамаранын иштеген жерине келишти. Кезигүүдө алгачкы эле сураганы бул болду.

– Бала кайда, экөөбүз үйлөнөлү. 

Дендароо болгон Тамара баягыдай созолонгонунан жазбай, ооз учунан жай гана:

– Кайсы бала? – деди. 

– Сени кош бойлуу болуп, анын айынан окуудан кууп салышты деп уктум го. 

Мыйыгынан жылмайган Тамара дароо мисирейип эжесин бир карады да:

– Жок, ал балага сенин тиешең жок, – дегенде Темир турган ордунда туйлап жиберди. 

– Кандайча тиешем жок. Экөөбүз кыз-жигит болуп ээрчишип жүрсөк… Экөөбүз буюрса, үйлөнөбүз.

– Атасы башка адам болчу…

– Эй, Тамара, эмне деп атасың? Менден башка ким болушу мүмкүн? 

Темир эжесине жалт карап бизди калтырыңызчы деп суранды. Сиңдисин акшырая караган эжеси, анын сунушун жактырбагандай экөөнү калтырып эшикке чыгып кетти. Экөө бир бөлмөдө үн-сөзсүз бир жарым сааттай отурушту. Сүйүктүүсүн сагынып келген боз улан аны дароо кучагына алып, бир жыттагысы келди. Баягыдай бар сырын айтышып, чер жазыша сүйлөшкүсү келди. Бирок кыз жанына жакын жолоткон жок. Тамараны эжеси, өзү менен кошо ээрчитип кетпесе, дагы канча отурушмак? Акыры эч үн катпаган Тамарадан ал боюнда болгону менен атасы башка бала экенин, төрөлгөн соң бала чарчап калганын угуп, анын суз мамилесин көрүп, түңүлгөн тейде борборго кайтты. Ошондон кийин ага болгон таарынычы, анын дүйнөсүнө аялзатына ишенбеген ишеничти орнотуп, жашоонун агымына аралаштырып өз арбайын өзү согуп кетти. 

Бир кезде кычыраган жигит эми убакыт сааты келип, уул-кыздары чоңоюп чоң ата, тай ата болуп калган кези. Темир жашоодо ошол Тамара менен болгон окуядан кийин аялзатка болгон ишеничи калыбына келбей жаман болуп жүрдү. Бат эле үй-бүлө күтүп, уул-кыздуу болгону менен, кези келген кезде кыз-келиндер менен ойноп, оюн салган учурлары кыйла көп болду. Анын ой таанымында тээ балалык сезими менен сүйгөн аялзаты, ушинтип аны менен сүйлөшүп жүрүп эле, башка бирөөнөн кош бойлуу болуп алганы – демек, аялдарга ишенич жок деген ишенимди эсине бир сиңирип салгандай бар эле. Жакшы кызматта иштеп, оозунда сөзү, колунда бийлиги болгон учурда да аялына кыйла катаал болду. Басса-турса, аялын аңдып, ар убак күмөн санаган күндөрү, ага ар кайсыны шылтоолоп кол кайрыган күндөрү канча болду. Жакшы эле аракет кылып, өзүн кармаган менен бир азоо күчкө багынып берер эле. Аялы ага чыдады. Же ага болгон сүйүүсүнүн күчүбү же, аны аяганыбы, айтор, ушул күндөргө – бактылуу карылык дечү учурга ээрчишип, эриш-аркак болуп жетип келишти. 

* * *

Темир ордолуу Оштон куда күтүп, ошол жактын бир жакшылыгына жубайы менен барышкан. Бир учурда, телефонун алып, татарып-кызарып, тасмал үстүнөн эшикке чыгып кайра келди. Жубайын жал-жал карап, бир нерсе айтчудай абалда, кысынып отурду. Кантсе дагы 40 жылга чукул кыйла чогуу жашап, күйөөсүнүн абалын айттырбай түшүнгөн жубайы Малика алда бир маанилүү нерсе телефондон айтылганын баамдады. Бишкекке сапар тартууга камданып, унаага отурушаары менен Темир бир жарылды. Анын бул эки ооз кеби менен коштолгон ачуусу ызырынып кошо чыккандай болду. 

– Кыялың орундалыптыр… 

– Эмне болгон кыял…

– Кулак-мээмди жеп, сенин солдатка кеткиче бир балаң же кызың бар деп эле кулагымдын кужурун ала берчү эмес белең. Мына, кыз экен, ошол… ошол… чалды…

Бир окуу жайда окушса, жаш кезде студенттердин күбүр-шыбыр сөздөрүн уккан жайы бар Малика кээде, тамаша-чыны аралаш балдарына атаңардын уулбу же кызбы билбейм, мага чейинки сүйгөнүнөн бала болгон. Атаңар коркуп, армияга качып кеткенде, ал кыздын кош бойлуулугунун айынан окуудан куулуп, дайны чыкпай калганын, бирок кай бир студенттердин айтымында, бардар жердин кызы, ага-эжелери чоң кызмата иштегендиктен, төрөтүп туруп баланы жоготушкан деген имиштерди айтып берген жайы бар. Бирок өткөн өттү дегенчелик кылып, ага анча деле баш оорутпаптыр. Азыр жолдошунун көнгөн адатына салып, буга да ага атырылып, “кыялың орундалыптыр” деген саал катуу тийди. Ал деле чочуп кеткенин жашырган жок. 

– Оюн эмеспи, анан эмне дейт?

– Эмне дээримди билбей, бир жерде элем кайра чалам дедим. Мына сен ушул нерсени каалагансың…

– Аппей, ботом, кылгылыкты кылып, аны боозутуп коюп, ортодон канча жыл өтсө эми мен жокто кылган ишиң үчүн мени күнөөлөп турасыңбы?

Экөө үйгө чейин ар ким өз ою менен алек болуп келишти. Малика эринин жоосунсуз, эби жок күнөө койгонуна, аны сенин каалооң деп айыптаганына таарынып баратты. Демейде, баарын баштай турган Малика, эч үндөбөдү. Ансыз деле, жолдо катар бир эмес, бир нече ирет чалбайсыңбы деп, айта таштап, кайра өзүн кармап токтоп калды. 

Бир сыйра сууга чайынып болушуп, чайга отурушту. Темир телефонун алып чыгып, чакырык кылып, үнүн катуу чыгарып, Малика да уксун дегенчелик кылып, аркы тараптын жообун күтүп туруп калды. 

– Алло…

– Алло, жана мен кенен сүйлөшө албай калдым. Кечирим сурайм…

– Жок, байке эч нерсе эмес… 

Темир жүрөгү катуу согуп же бир ашыкча сөз сүйлөгөнгө дарманы келбей, саамга тынчтык аралады. 

– Менин номерим кайдан таптыныз? 

– Издеген табат… 

Кыз орой жана копол жооп катты. 

– Мени тиги эже төрөп, ата-энем мени төрөт үйүнөн багып алышкан экен. Атым Үмүт. Нарында үй-бүлөм менен жашайм. Мен бакма кыз экенимди атам каза болордун астында айтып кеткен. 9 жыл болду, ошол аралык ичинде өз ата-энемди деле табайын деген оюм болгон эмес. Акыркы 4-5 айдан бери тыкыс издөөгө кириштим. Анын да себеби бар. Улуу кызым бой жетип, Талас тараптан жигит менен сүйлөшүп, иш үйлөнүүгө чукулдап калган экен. Кызым жигити Таластан экенин айтканда, негедир, атамдын айтымы боюнча, мени таштаган кыз “таластык” болчу деген кептери кулагыма жаңырып турду. Бирок ал эже менен байланышканымда, анын көлдүк экенин билдим.

– Ал кайда экен?

Темир Маликадан Тамара деп атын айтуудан айбыгып турду.

– Эже, Караколдо жашайт экен. Бирок мени менен жолугуудан баш тартты. Үй-бүлөмдөн тартынам. Мындай окуя болгонун айтыгууга ден соолугум жол бербейт деди…

Кыз саамга унчукпай, токтоп туруп калды. Сыягы, ал сүйлөсөм ал эжеге болгон таарынычым билинип калат деди окшойт. 

Эбак, Темирдин жанына келип, кулагын түрүп калган Малика “кеп баштачы, кургур”, – дегенсип, күйөөсүн нукуп өттү. Антпесе тунжураган жымжырттык ортону ээлеп алган болчу. 

– Эми, бул окуя, бул иш тууралуу жолугушуп, үчөөбүз чечише турган иш. Окуя болгон учурда биз жаш экенбиз. Мен барганда Тамара айтканы боюнча, атасы башка жана төрөлгөндө эле бала чарчап калган деген. Ошону менен үйлөнөлү дегенимен эч майнап чыкпай, алыстаганбыз. 

Күйөөсү берилип окуяны айтып берип атканына чагылгандай болуп, Маликанын кабагы турган жеринен түйүлүп, тимеле каратып туруп, күйөөсү муну бул окуяга тиешеси жок кылып, үчөөбүздүн деп бириге калгандарына, эрине шекердей жини кайнап турду. Чыдай албай эшикке атып чыкты. Арданды, ушунча жыл жашаган күйөөсү, каратып туруп, аны бул ишке кошкусу жок. Эмеле табылган кызы менен качанкы бир карабай кеткен катын менен үчөө боло калгандарын кара. Тамагы буулуп, аба жетпей, эки көзү буурчактай жашка толду. Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм дегендей, ушунча жыл жашаган эринин алдында бир баркы болбосо эмнеге жашап жүргөн?

Дарбаза ачылып, улуу кызы кирип келди. Ыйлап эле аны жетелеп, көчө тарапка басышты. 

– Эжең бар экен…

Кызы экөө көчө бойлой басып баратып, кепти ушинтип баштады. Болгонун болгондой айтып берди. 

– Ушуга ушунча ыйлап алганыңыз кандай? Чын эле ал үчөөнүн иши да. Сиз менен үйлөнгөндөн кийин төрөлгөн кыз болсо, анда башка кеп. Бул тээ жаш кезиңерде болгон окуяга, чындап сиздин эмне тиешеңиз бар?

– Билбейм ай, жан бермек бар, эр бермей жок дечү беле, атаңдын айткандарына арданып кеттим. 

– Атам эмне, ал аялды алам деп атабы?

– Жок ай, анысы керек болсо кызы менен жолукпайм дептир. 

– Анан эмне эле чымындай нерсени төөгө айлантып атасыз? Андан көрө, силер үйлөнгөндөн кийинкилерден Кудай сактасын…

Кызы тамаша-чыны аралаш күлүп, апасынын маанайын көтөргүсү келди. Чын ай дегенчелик кылып, Малика да кошо жылмайып, эмелеки албууттанган бир эле учурда кызганыч, бир эле учурда таарыныч, айтор, сезимдерден улам удургуган көз жашын жагымдуу жылмаюга алмаштырганга аракеттенип, аргасыздан кызынын айткандарын эп дегенсип тынчый түштү.

* * *

Борборубуздагы бир чайлашуучу жерде ата менен кыздын жолугушуусу аны баккан апасы жана атасынын аялы болуп төрт кишинин чайлашуусу менен коштолду. Бир көргөн кишиге Үмүт чындап өң келбети менен Темирге окшош экен. Бирок дене түзүлүшү энесин тартып, орто бойлуу экенин Малика дароо байкады. Илгери студент кезде, бир курдай сыртынан курбулары менен көрүшкөн жайы бар эле. Төрөгөн энеси келбегендиктен, ал кызды аяп, кой, бул кызда эмне күнөө деп, колунан келишинче кабагын ачып, жайдары болгонго аракеттенди. Баккан апасы дагы болгонун болгондой кылып баяндап берди. Артынан бир туугандарды алып келген майкөтөн кызым деп, баштады кепти. 

– Балага зар болуп жүргөндө багып алдык эле, эми минтип баары айкындалып отурат. 

– Ооба, туура кылыптырсыз… Кудайдан жашырбаган нерсени элден жашырмак белек. Сиздерге да ырахмат, кызыбызды ушундай кылып тарбиялап бергениңиздерге деп, Малика да андан кем калбай кепти коштоп-колдоп турду. 

Ата менен кыз деле батынып сүйлөшкөн жок. Аялы менен кыздын баккан апасы эле, бири-бирине жооп берип, бүт үй-бүлө тарыхын ортого салышты. Тээ куда-сөөк, жек-жааттарына чейин кобурай отурушту. Кыздын төрөт үйүнөн багып алгандан баштап ушу таптагы жашоосуна чейин төкпөй-чачпай угушуп, мындан ары байланышып, катташып турабыз деп, жылуу таркашты.

Аларды узатып болуп, Темир ойлорго ороло түштү. Эми, бара-бара убакыт сааты чыкса, балдарына айтып, тааныштыраар. Же эбак энеси, эч нерсе жашыра алчу эмес эле, айтып деле койгон чыгаар деп, мындан кийинки кадамдарын Жаратканга тапшырып, ушундай бир “шуу” үшкүрүндү. Ушул үшкүрүк анын көкүрөгүндөгү бир жараны туп орду менен жулуп ыргыткандай, анын орду тып басылып, жаны жай ала түшкөндөй болду…

  • Бала кезинен китеп окуганга кызыгат жана жазуу терапиясын жан дүйнөнүн дарысы деп билет. Учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. “Үшкүрүктүн” ээси Мээрим жазуу терапиясын эң жакшы өздөштүрүптүр. Адабий тили да шыр баратыптыр. Аңгемесинин окуясы да эсте калаарлык жана кайра-кайра окууга чакырып турат. Ушундай жакшы чыгармаларды көргөндө көңүл көтөрүлөт.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген