| |

Өткүр Хашимов: “Там шыбак”

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Кыштагыбызда күз келери менен там шыбоо иштери күч алчу. Бул көпчүлүктүн колу тийген иштин өзүнчө жазылбаган мыйзамдары бар эле. Биринчиден, эч ким тамын жалгыз өзү шыбабайт. Мындай ишке айылдыктардын баарысы ашарга келишчү. Экинчиден, бей-бечара, колу кыска үй-бүлөлөрдүн үйүнүн тамы эң биринчи шыбалчу. Кийин кезек-кезеги менен тамдарды шыбоо улана берчү.

Ошол күнү агайыбыздын үйүнүн тамын шыбоого ашарчылар аябай көп келишти. Анын үйү чоң жолдун боюнда эле. Тамга шыбалчу ылай да жолдун четинен казылыптыр. Көптөн бери жаткан топуракка майын саман аралашканына ылай да көңүлдөгүдөй болуптур. Бу сапар агайдын ашарына кошунасы Азим аке баш-көз болду. Ашарчылардын бирөөсү чуңкурга түшүп ылай салып, экинчиси челектеп ылай ташып, үчүнчүсү илмек менен челекти тамдын башына тарып, биз болсок төгүлгөн ылайды акырындык менен жайып, кемелине келтире шыбап жаттык. Ишибиз илгерилеп, аш-паш дебей, эрте бешимге жетип-жетпей тамдын баарын шыбап салдык. Ашар аяктап, короонун так ортосундагы чоң тыттын астында тамактанып олтурсак, агайбыздын карыган энеси келип калды. Кийин уксак, ал ашар болордон бир жума мурда кызы көз жарып ошол жакка кеткен экен. Кемпир аса таягын каттуу тыкылдатып, туура эле агайбыздын астына барды.

– Эмне кылдың?! – деди уулунун саламына алик албай туруп.

– Эмне иш кылып койдуң?! Эненин экинчи жолу мындай ачуулу үнү менен берген суроосун укканыбызда баарыбыз дендароо болуп, катып туруп калдык.

Агайбыз бизге окшогон окуучуларынын алдында апасынан кеп угуп жатканына осол боло түштү окшойт, бети кызарып чыкты. Анан :

– Эмне кылып коюпмун апаке?! – деди каргылданган үнү менен апасын жалдырай тиктеп. Кемпир болсо:

– Качан сага акыл кирет наадан бала! – деп кейиген үнү менен кошунасы Азам акени карады.

– Бул го акмактык кылыптыр, сизчи? Сиз каякта элеңиз? Эмнеге көчөдөн ылай кылдыңар? Көчөнүн топурагына тийип болобу? Ушуну ушул кезге чейин түшүнбөгөн кандай жансыңар?! Көчө топурагы да көпчүлүктүн акысы! Мен журттун акысына шыбалган тамдын астына жашабаймын! – деди да, көз жаш төккөн бойдон супачага барып, тескери бурулуп олтуруп алды.

Кемпирдин мындай кылыгынан кийин баарыбыз кайрадан тамдын башына чыктык. Шыбак кылганга караганда ылайды сыйруу кыйын болот экен. Тамдын башында бир да ылай калтырбай жерге түшүрдүк. Анан ылайдын баарысын көчөдөгү алынган чуңкурга таштап, толтуруп койдук.

Арадан жылдар өтүп кемпир көз жумганда, жаназага келген жык-жыйма адамдар аны ошол көчө менен акыркы дарекке көтөрүп жөнөштү. Бул учурда көчөнүн топурагы болсо жылуу эле, майин экендиги байкалып турду…

Өзбек тилинен которгон Нуркамил Абдуллаев

  • (1941–2013)

    Белгилүү өзбек совет жазуучусу, журналист жана коомдук ишмер. Өзбекстандын эл жазуучусу наамын алган, чыгармалары адамгерчиликке, чындыкка жана мекендештердин турмушуна арналган.

  • Журналист, жазуучу. 1976-жылы туулган. 1997-жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келет. “Таасирет”, “Шоктугунан коркпо”, “Салыштырба, сындырасың”  аттуу китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген