“Сенин дагы жарың бар…”
* * *
Сенин дагы жарың бар,
Менин дагы жарым бар.
Сен сүйөсүң жарыңды,
Мен сүйбөймүн эч аны.
Көзүңдө нур чайпалып,
Как жүрөккө бир тийет.
Жарадармын ок жеген,
Көзүм жалсыз, киртийет.
Мен сүйөмүн өзүңдү,
Нур чагылган көзүңдү.
Ойлой берип уктабай,
Ойрон жүрөк эзилди.
Сенин жарың жашыраак,
Менин жарым жоошураак.
Сага жазган ырымды
Күйөөм окуп олтурат.

БуКарадан жалындуу ыр чыгыптыр.