Мышык чымчыкты неге издейт?

Биринчилерден баа бериңиз!

(жомок)

Качандыр бир кезде мышык менен чычкан дос болуптур. Кожоюн мышыкты абдан жакшы көрчү. Ошондуктан ал үйдө ээн-эркин жүрчү экен. Мындай шарттан пайдаланып чычкан столдун үстүнөн нан ташып, китептерди кемирип, төшөктөрдү аралап кетет. Муну байкаган кожоюндун ачуусу келип: 

– Э-эй! – дейт мышыкка, – досуңду үйдөн көрбөйүн! Дагы кирчү болсо, сени да көчөгө чыгарып салам!

Мышык коркуп кетип, чычканга жүгүрүп барат да:

– Үйгө кирбе эми! Болбосо кожоюн мени да кууп чыгат, – дейт.

– Кожоюнуң кууса, кампага кел. Бул жерде орун көп, – деп жооп берет чычкан.

– Кампада өзүң жашай бер. Мен кожоюн берген сүт, эттен куру калгым келбейт, – деген мышык үйгө кирет да, очоктун жанынан орун алып, адатынча уйкуга кетет.

Чычкандын абдан ачуусу келет. Жер астынан өткөөл жасап, полду тешип, мышыктын уйкусун бузат. 

– Сен кожоюнсуз жашай албайсың, анткени жалкоосуң! Карачы, мен кичинекей болсом да дан чогултам. Жер астына үй салам. А сен уктаганды гана билесиң! – дейт досуна таарынып. 

Ызаланган мышык чычканды кууп жөнөйт. Бирок кармай албайт. Чычкан ого бетер жинине тийет.

– Сенин жолборс деген тууганың токойдо жашайт. Ал күчтүү, кайраттуу. Аркар, кулжанын даамдуу этин жейт. А сен кожоюндан арткан тамакка ыраазы болуп жүрөсүң! – деп  чычкан кампага кирип жашынып алат.

Мышыктын көңүлү чөгүп, капа болот. Эмне кылсам деп ойлонот. Акыры жолборсту издеп жолго чыгат.

Ачка болгон сайын даракка чыгып, уядан жумуртка уурдап жеп, курсагын кампайтат. 

Бир күнү адатынча бакка чыгып, уядан жумуртка алайын дегенде кооз чымчык учуп келет да: 

– Айланайын мышык! Жумурткама тийбе! – деп чырылдайт экен. 

– Жок! Жумуртка жебесем ачка калам! – дейт мышык. 

– Мен сыйкырдуумун! Эмне кааласаң, аткара алам! – дейт чымчык. 

Муну уккан мышык абдан кубанат да жолборс болгусу келгенин айтат. 

Мышыктын каалоосу көз ачып жумгуча аткарылат.

– Эсиңде болсун! Эч качан мен мышыкмын деп айтпа! Болбосо, кайрадан мышыкка айланасың! – деген чымчыктын сөзүн укпай токойду көздөй шашат. 

Токойго тез эле жетет. Тууганы жолборсту таап, абдан сүйүнөт. 

Ошол жылы кыш катуу болуп жолборстор ачка калат. Ошондо жолборско айланган мышыктын эсине кожоюну түшөт.

– Мен жакынкы айылдагы малы көп адамды билем. Кол салып, уурдап кетебиз. Антпесек ачкадан карышып калдык! – дейт мышык.

– Мындай кыйынчылыктын далайын көргөм. Буга да чыдайбыз! – деп жолборс каршы болот. 

Мышык мурунку жашоосун сагынат. Очоктун түбүндө уктаган, сүт, этке тойгон, чычкан менен ойногон күндөрү эсине түшөт. 

– Жолборс болгон өтө жакты. Бирок мышык болгон да жакшы турбайбы. Каап! Чычкандын сөзү үчүн үйдөн кетпей эле койбой, – дейт капа болуп.

Акыры ачкалыкка чыдабай, мышык айылга жалгыз жөнөйт. 

Жыла басып короого кирет. Жырткычты көргөн мал үркөт. Кожоюн үйгө жашынат.

Чуру-чуудан ойгонгон чычкан сыртка жүгүрүп чыгат. Жолборсту кѳрүп, артка качат. Чычканды көргөн жолборс кубанганынан:

– Э-эй досум! Бул менмин, – мышыкмын! Карачы, жолборско айлангам! – деп кыйкырып жиберет. 

Ошол замат жолборс кайрадан мышыкка айланат. Бир заматта болуп өткөн сыйкырга мышык абдан ызаланат. Мышыктын мындай акыбалын көргөн чычкан ого бетер шылдыңдап качып кетет. 

Ошондон бери мышык тууганы жолборсту сагынганда, бактарга чыгып, сыйкырчы чымчыкты издейт имиш. Ал эми чычкан мышыктын колуна түшүп калбас үчүн дагы эле качып жүрѳт экен.

Автор

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү” жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген