Кудайберди
(аңгеме)
Бригадир чөп ороктон чарчап-чаалыгып келе жаткан катын-калач, келин-кесек, бала-бакыраны карап жүрөгү жылыды. Эл арып-азганы менен жүздөрүндө кандайдыр бир жылуу нур жайнап турат. Карасаң, араң жан байкуштарды, араң эле басып келе жатышат, бирок ошого карабай, дегеле гой, каткырыктары күч. Кудай урган немис уруштун токтогонуна үч ай араң эле болду, ошон үчүн жеңиштин деминен элдин жүзүнө жылуу нур чайып калган эле.
…Улуу жеңишти өзү сүйүнчүлөбөдүбү! Ошо сүйүнчүлөгөнү эсинен кетпей калды. Жеңишти уккандагы элдин кубанычын айтпа, и-ий..! Сүйүнчүлөйүн деп бийик өрдөгү кыштоого жетсе эмине?
Ал күнү жакын эле турган райборборго барган. Анда бул айылда жык эле орустар жашайт эле. Анда-санда гана башка жактан иштеп келген кыргыздар бар. Жака-белдеги колхоздордон бирден кишини чогулушка деп чакыртышкан экен. Айылдын дагы беш кошкон элинин көбү келиптир. Чогулушка чоңдор келишкен окшойт? Келгендер кичине кеңсеге кирбей эшикте бири-бири менен учурашып, көрүшүп туруп калышты. Бир маалда атчан бирөө чаап келип, ыргып түшүп эле чуркап ичкериге кирип кетти. Анан эле эшиктеги элге райкеңсенин ичинен райкомдун катчысы, анын аркасынан баары жүгүрүп чыгып, райкомдун биринчи катчысы: «Слушайте, товарищи!..» деп үнү кардыга сүйлөп, көгүлтүр көздөрү жашылдана, ак аралаш куйкул чачын аркага сылап, күлмүңдөп, көзүн ирмеп-ирмеп, анан: «Победа, товарищи!.. Наконец то Победа!..» деп шыбырады. Кеңсенин алдында атчаны атчан, эшекчени эшекчен, жөөсү жөө турган эл алгач уккан кулактарына ишенбей элейишип, качан гана жаш орус катчы кыз: «Победа!.. Мы победили!.. Победили!..» деп тепкичке отура калып шолоктоп ыйлаганда бардыгына жан кирип кучакташып ыйлап атышты, бири-бирин куттуктап өпкүлөп атышты, баш кийимдерин ыргытып атышты. Жеңиш жакындагандан бери жакшылыкка кулак түрүп турган эл ошондо бир толкуп алды бейм!
Турган эл орусча, кыргызча, татарча аралаш сүйлөшүп, кубанычтан ыйлап дагы, күлүп дагы толкунданып алган. Көрсө, жакшы кабарды жанагы аттан ыргып түшүп кирип кеткен чабарман жигит кат алып келген тура! Райком калаадан жаңылык күтүп атайы элди чогулкан тура! Ак жолтой чабарман жигитти бардыгы кучактап өпкүлөп, ушул жигит фашист атмайды кырып келгендей ой-боюна койбой көкөлөтүп, эл башкача бир кубанычтын толкунунда термелишти…
Анан өзү тээ тоодогу кыштоодогу элге сүйүнчүлөйүн деп чобурду чаап жөнөдү.
− Атаңдын оозун урайын а-аай, жаман чобур десе!.. – деп алгач адатынча сөгүнүп алды. Мынабу жарадар өпкөсүнүн запкысы болбогондо ушу турган кыштоого жүгүрүп эле жетмек да! Бечара жаман чобурду улам камчылайт. Бу бечараны алганына бир ай болду эле. Башкарма: «Аке, мынабу тулпарды алып, аргымагыңызды бериңиз. Ушу чобурдан башка улоо жок, аксакал!», – деп мунун кыйла тың карагерин колхоздун жумушуна алмаштырган болчу. Жаз келди, малчыларга жайлоого каттаганга, арасында эгин-тегин жумушка чегергенге керек деди. Карагерин башкарманын колуна тапшырып бергенден бери өзүнө келе албай, чобурду өгөйлөп жүргөн болчу угузуп-угузбай сөгүнүп.
А бирок азыр бул бечара дагы улуу жеңишти сезди бейм аа?.. Таң?.. Дегеле күндөгүдөй болбой денине жан киргенсип болушунча таскактайын дейт го жаныбар?..
− Ак жолтоюм десе!.. – деп чобурга жалынып жибергенин өзү байкабай калды.
Кыштоого чобуру экөө кандай жеткени эсинде жок, арасында жеңи менен нымшыган көзүн сүртүп коёт, чобурга: «Бол, жаныбарым, ак жолтоюм, бол! Жеңишти айтып элге сүйүнчүлөйлү!.. Ак жолтой экенсиң да, жаныбарым! Ак жолтоюм!», – деп атып экөө кыштоого кирип келишти. Өргө бийиктеген сайын чобурдан тер кетип, экөөнүн өпкөсү тең болбой калды.
Биринчи жер тамдын учу имерилиштен көрүнгөндө эле калпагын булгалап: «Эл-журт! Сүйүнчү-үү!.. Жеңи-ииш! Биз жеңди-иик!..», – деп бакырып баратканын билет. Кыштоого кирип барганда ар жактан бирден-экиден өзүнө карай басып, жүгүрүп келаткандарды билет, анан эле эл жакындаганда кулагы чуулдап, жанагы орус райкатчыдай болуп үнү чыкпай калса болобу!
− Айланайы-ын, эл-журт!.. Жеңиш! Биз жеңдик! Жеңиш!.. Согуш бүтт-ү-ү!.. – деп үнү кардыга чобурдан жылбышып түшкөнү эсинде. Алгач саамга элейип ишенип-ишенбей турган эл мунун «Жеңиш!.. Биз жеңдик! Согуш бүттү!» деп улам нымшыган көзүн сүртүп, кайталап шыбыраганынан эч нерсе түш€нбөй, анан гана эсине келип, кучакташып бири ыйлап, бири күлүп атат, балдар баш кийимин ыргытып үймө-үй кыдырып сүйүнчүлөп жүрүшөт… Андай кубанычтын ыйындай ый болорбу!.. Андай сүйүнүчтүү күн болорбу!.. Андай элдин баары бактылуу болгон күн болорбу!..
* * *
Каш карайып калганда чөп ороктон келе жаткандарды тосуп алганча оюна ушулар келип жылмайып алды. Келе жаткандарды бир сыйра түгөлдөп албаса бригадирдин көөнү тынбайт эле. «Бечара чобурум биртке өзүнө келсин» деп аны отко коюп, өзү эрте менен жөө-жалаң тээ өрдөгү малчыларга кышылдап жөө барып келген. Келип эле чобурду минип чөпкө кеткендерди тосуп чыкты. Баары менен учурашып атып Кудайбердинин жүрөгү «шуу» этти. Баягы бечара сагыр жок да! Көздөрү чекирейип кеткен бригадир катын-калачка кыйкырып коё берди:
− Ой, жанагы бечара сагыр канаке? Токуштун баласы канаке дейм?!
Элдин баары баланын өгөй таенесине карады. Ал катын эки жагын карап: «Билбейм? Бая эле жанымда келе жаткансыбады беле?», − деп чочуп кетти.
Бала ушул катындын өгөй небереси болчу. Тээ согушка чейин басмачылар өңдүү-түстүү кыздарды бөктөрүп алып кетчүүдө он алты жашар Токтоканды атасынын колунан какшатып алып кетишип, бир жылдан кийин кызды кызылдар бошотуп атасынын колуна тапшырат. Өңдөн азып бүткөн кыз ай-күнүнө жетип калган экен, кордолуп жүрүп сүйлөбөс болуп калган экен, бир айдан кийин уул төрөп, бирдеме болгонбу, кандайын эл билбейт, бир күнү Токуш капысынан эле өтүп кеткен. Уулунун атасы ким экенин өзү билбей калган бечара кызга өгөй энесинен уккан уу сөздөрү аз келгенсип, элден уялып, корунуп жүрүп ансайын сүйлөбөс болуп калган эле, намысынан бирдеме болуп алды окшойт деген айылдын эли акыл-эстүү, токтоо, өңдүү-түстүү жакшына кыздын бөөдө кеткенине ичи ачышып жаман болушту.
Атасы жалгыз кызын ар тууганга берип кор кылбайын деп, аялы эрте өтүп кеткенде ушу тили уу катынды алып, эки уулду болуп калганда өзү согушка кетип кара кагазы келди. Бала өгөй таенесинин колунда жакшы сөз укпай, жакшы күн көрбөй кар болуп кеткенин айылдагылар бүт билишет.
«Куу баш Кудайберди» деген атка конгон бригадир ушу илмийген арык балага жетим деп боор толгоп, көз салып турчу. Кудайбердинин балдары токтобой жүрүп, Токуш менен жашташ уулун Кудай көп көргөнсүп, он алтыга чыгып калганда чакчагайдай чыйрагы жокчулукта элге кийик атып келем деп мергенчиликке барып кырдан учуп өлөт. Аялы күйүттөн көп узабай эле кете берди, өзү болсо урушка «өлөм» деп эле суранып кетип, ажалы жок экен, ошондой алааматтан өпкөсүнөн жаракат алып кайра айылына келгенде башкарма бригадир кылып койду.
Уулу менен Токуш экөө жашташ болуп бирге окуган үчүнбү, же экөө тең чырактай кезинде бөөдө учуп кеткени үчүнбү, негедир Токуштун уулуна Кудайберди бөтөнчө боор тартып турат эле.
* * *
− Оо, коку-уй о-оой!.. Катын кишиге ишенич жок да! Бу бириң болбосо бириң карап койбойт белеңер бечара сагыр барбы деп?! Баарың кокуй турбайсыңарбы!.. – деп кыйкыраган боюнча чобурун теминип жөнөдү. Азыр ачыгып калган чөө менен карышкырдан көп эме жок!.. Бала эмне болду десең?..
Айылга жетип калган эл үйлөрүнө таркап кетмек кайдан? «Бала эмне болду экен?» деген катын-калач бая эле башкармага балдарды жүгүртүшкөн эле. Бир маалда айылдан колдоруна союл, май түтөтмө кармаган өспүрүм балдар менен мынтык асынган башкарма, беш атарын колуна кармап алган мергенчи чал аттарын оңду-солду камчылап чаап өтүштү.
Катын-калач түз эле Кудайбердинин үйүнө кирип барышты. Кабар күткөнчө бир сыйра өгөй таенени, бири-бирин урушуп каакыкылап бүтүшүп кудайлап кабар күтүп үрпөйүп отурушту.
* * *
Кудайберди жанымда бирдеме барбы-жокпу дебей, карышкырлар кол салабы дебей:
− Оо, Жолчу-у-уу! Жолчу-уу!.. Балам коркпо-о!.. Коркпо-о, мен баратам!.. – деп кыйкырып кете берди. Капчыгайдын ичине качан эле иңир кирип көз байланып калган эле. Бат эле чобурдун аркасынан жетип келген атчандар «Жолчу-у-у!» деген боюнча алдыга оозуп өтүштү.
− Тигине!.. Тээтиги эмне?! Тай казандын жанында үйүр карышкыр ырылдап атышат да!.. – деп бир бала үнүнүн болушунча кыйкырды. Тигинде тай казандын жанында үйүрү менен турган карышкырды көргөндө бардыгынын үшү качып, мергенчи чал беш атары менен аткылады. Балдар от тутанган түтөктөрү менен жапалак саргайган чөп, арчаларга от койгондо гана, ар жерден жалбырттаган жалын чыкканда гана карышкырлар качып жөнөдү.
Башкарма колундагы мынтыгы менен эки жакка аткылап, жетип келип эле казандын эки жагын карады. «Жок!.. Бала жок го?.. Карышкырлар талап кетиштиби?!» деп эндирей түштү, ал ортодо жетип келген мергенчи чал «Казанды ачкыла!..» деп кыйкырды. Баары бир мергенчи да, алыс-жакынды караса жер-суу таза, эч жерде кан көрүнбөйт, жыттанбайт, кыраакы чалдын эсине казан түшө калды. Аркадан бригадир да жетип келди. Балдар казанды аңтарганда бечара бала өлүк-солук бүрүшүп жатыптыр. Байкуш бала карышкырлар келе жатканда чоң ташка кыңайып көңтөрүлүп турган казандын астына кире качып аман калган тура!.. Күндө чөп орокчулар үчүн тай казанга арпадан кыламык талкан чалып атала жасашат эле. Башкарма дароо баланы жерден ала койду да, атына шап минип койнуна кыскан боюнча Кудайберди экөө чаап жөнөдү. Мергенчи чал балдар менен отту өчүрүп кетмей болду.
* * *
Башкарма баланы көтөрүп, Кудайберди экөө үйгө кирип келгенде үйдөгүлөр тура калышты. Бала араң жан экен, үзүл-кесил кыңкылдап коёт. Илмийген арык билегинин тамырын кармашаса араң согуп атат. Бардыгынын эсине өйүздөгү табып түштү. Үн-сөзү жок баары бири-бирин түшүнүп турду. Кудайберди башкарманын аты менен чаап барып табыпты алып келди. Көптү көргөн табып Жолчунун тамырын кармап көрүп эле: «Бала араң жан экен. Жүрөгү түшүп калыптыр, жүрөгүн көтөрөйүн, он күнчө карайм. Адам болуп кетсе кетти, болбосо жок. Эсине келсе жакшы, анда улак союп кайнатма шорпону кыйлага чейин берип туруш керек» деди.
Бала он күндөн кийин көзүн ачты. Бригадир Жолчунун жанынан чыкпай үйрүлүп карады. Бечара киши уйкудан калганы менен деле иши жок, күнү-түнү табыптын айтканын аткарат. Биртке эс алса да баланы саксактап карап жатып, кынтайып бир тук этип алып эле кайра турат. Башкарма өзү киришип атып бир улак таптырып берди. Бечара киши улактын этин күнгө кургатып алды дагы, ушуну кыйлага жеткирейин деп үнөмдөп, улам балага кайнатма жасап берип, өзү эл катары жокчулуктун өп-чап азыгынан наар татып жүрдү.
Жолчу жакшы болуп кетти. Жолчунун табын карап жүрөгүн салган табыпка батасын берип, ыраазычылыгын айткан айылдын эли тапкан-ташыганын алып келип, бир ууч талканы болсо дагы баланын оозуна тутуп атышты. «Бечара сагырга жакшы көз салбай коюп ушуга жеткирдик, бирдеме болсо атпай журтка сөзгө калабыз, жетимдин убалында калабыз» деген айылдагылар өздөрүн айыптуу сезип, баланын өмүрүн тилеп атышкан эле.
Бригадир бир күнү кеңсеге барып башкармага ичиндегисин айтты:
− Жолчуну көрүп атасың, раис. Бала көз алдыбызда эле жанагы катындын колунда кор болуп кетти. Айыл боюнча муну көрүп-билип эле турабыз, бул Кудайга да жакпайт! Ушу бечара сагырды бала кылып алайын, дакүмүтүнө жардам берчи. Эл-журтка эртең эле ачык айтайын, – деди. Башкарма кыйлага чейин ойлонуп туруп, «дакүмүткө» кирише албай турганын айтып, эртең кечке маал элди кеңсеге чакырып кеңешмек болушту.
Эртеси айылдагы улуу-кичүүнүн баары келди. Эл деген эл эмеспи, өгөй таенени бир сүйлөтүшкөн жок. Айылдын аксакалы туруп:
− Оозунду ачпа, актанба. Баарыбыз эле көрүп турабыз. Бирдеме десең милийсага айтабыз. Баланын кор болгонун көрүп туруп көөнүбүз түтпөй калды! Биз дагы тынч өлөлү. Бу бечара жетим сенин айыңдан бирдеме болсо убалын тарткыдай алыбыз жок! Өкүмат дакүмүтүн берсе берди, бербесе жок. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар» деген ушу да! Балага көзү каткан Кудайберди бала кылып алсын. Баарыбыз Кудай алдында күбөбүз, – дегенде элдин баары жаалап колдоп кетишти. Тээ четте отурган тили уу катын элдин жаалынан унчуга алган жок. Жазга жуук эч кимге айтпай-дебей балдарын алып ылдый калаа жакка көчүп кетиптир дешти, чагымда Токушка көрсөткөн кордугун да эстеп, элдин «милийсага беребиз» дегенинен чочулады окшойт.
* * *
Жолчусу бүгүн келип калаар бекен?.. Калаада мугалимдин окуусунда окуйт. «Айланып кетейиним, эсен-аман келип калсаң экен? Садагаң кетейиним, курсагы ачпай жүрдү бекен?», – деп ичинен жалынган бригадир короо-жайын тазалап жүрдү. Үйдө зайыбы күйпөлөктөп бирдемелерди бышыруу менен алек. Бу тиргиликке тың, токтоо, балпайган зайыпты тууган-уруктун катын-калачы таап бергенби, уулу кошуна айылдан өзү алып келип: «Ата, мага эне керек! Сизди жалгыз таштай албайм. Окууга кетсем санаам тынч жүрөм», – деп эле тууган-урукка айтып эле атасына зайыптуу кылып, өзү энелүү болуп алды. Быйыл күздө үйлөнөм деди, убада берген. Баласы үйлөнүп, неберелерин бир көрүп өлсө арманы жок эле!.. Баласынын балдары, укум-тукуму эми өзүнүн, Таабалдысынын, Жолчунун атын алып жүрөт!..
Былтыр баласы шаардан келип эле сүйүнчү сурап калды. Дегеле оюнда эч нерсе жок:
− Сүйүнчүңдү берейин, кагылайын! Айтчы деги, эмне болду?.. – деди.
− Ата! Мен эми Кудайбердиев Жолчу Таабалдыевичмин! Документтеримди окуган жерден бүтүрүп алдым! – дегенде уккан кулагына ишенбей жашы токтобой… анан жаркырап күлгөн Жолчусу жакын келип кучакташып ыйлап тургандары эсинде. Ошо күнү түлөө өткөргөн Кудайберди чалдын үйүнө өйүз-бүйүз элдин баары келди. Улам жүз аарчысы менен нымшыган көздөрүн аарчыган ата Жолчусу менен сыймыктанып бактылуу эле.
11.12.24
