Пианино
Жазындасы Ош айрыкча сулуу болуп кетет. Сулайман-Тоонун этегинде жайгашкан, беш кабат үйдө жашаган пианист середен айлананы карап, майдын биринчи таңындагы таптаза абадан кере дем алды да, дене-боюн ырахаттана керип-чоюп, анан залда турган магнитофонду кыңылдатып бурап койду.
Агарып атып келе жаткан таңды, жапжашыл айлананы жылмайып карап, азыр ушу жүгүрүп чыгып, жолуккандарга жакшылык каалап кучактап өпкүлөгүсү келди. Анткени бактылуу эле! Себеби көптөн бери кыялында жүргөн, тээ алыскы Германиядагы адис усталардын колунан чыккан пианиону сатып алганына бир жума болду. Мындай таберик асыл буюмдун ээси болуу кандай бакыт! Мындай бакыттын баасын музыкант атмай гана билет! Анан дагы көптөн бери көңүлүндө издеп жүргөн кайрыктарды түндө таап, ноталарга түшүрүп алганына бактылуу эле.
Бактылуу жылмайган тейинде жуунуп чыгып, ашканасына кирип сүйүктүү кофесин ичти. Бойдокчулукка көнгөн адаты боюнча ичкенин алып койбой таштап кете жаздап, анан азыр айылдан кызы менен чоң энеси келе турганын эстеп, үстөлдүн үстүн жыйыштырып, чөйчөгүн чайкап бүттү да, арыдан-бери кийинип чыгып, айылга машинесин айдап жөнөдү. Качанкыга дейре ушинтип жүрмөк эле? Жалгыз бой эркекке оор экен, үйлөнбөсө болчудай эмес, үйлөнүш керек эле деди ичинен.
* * *
Үйлөнбөдү дейсиңби? Үйлөнүп да көргөн. Болгондо да агы ак, кызылы кызыл татынакай кызга чын дилинен ашык болуп, ал кыз да буга арзып жүрүп үйлөнүшкөн эле. Кыздуу болгондон кийин келинчеги экөө окуп, андан кийин иштеп жүрүшкөндө наристе чоң энесинин колунда болду. Кийин келинчеги экөө ажырашканда, наристе кезинен кайненесинин колунда өскөн кызын алып кеткенге келин даабай койду. Келин бир чети небересин бөпөлөп асыраган кайненесинин көңүлүн аяды, анан дагы арзып баш кошкон жары экөөнүн эки башка жолго түшкөнүнө ишенип-ишенбей, астана аттап келин болуп келген жылуу уясын да биротоло кыялбай «балким..» деген үмүт менен кеткен эле.
Ал учурда өзү да келинчеги менен ажырашканды акыл-эсине сиңире албай, ажырашып жаткан түгөйү экөө эмес эле, башка бирөөлөр окшоп, аларды обочодон карап тургансып, жөө туманда адашкандай абалда жүргөн. Экөөнө тең эртеңкиси да күмөн болчу. Экөөнүн тең көөдөнүндө али өчө элек сезим бар эле. Экөөнүн тең көңүлүндө «а балким?..» деген үмүт бар эле. Ажырашуунун азабын башынан өткөндө билди. Айрыкча тандап алганы менен баш кошуп, түгөй болуп бакытка балкып, анан акырындап экөөнүн көздөгөн, туткан баалуулуктары эки башка экени билингени бир азап болсо, ортодогу ушул ажырым тереңдеп олтуруп, убакыт өткөн сайын эми бирге жашоо мүмкүн эмес экенин түшүнгөн эки азап болду.
Башынан эле өзүнүн пир туткан дүйнөсү музыка экенин билчү. Анан өзү пир туткан дүйнөнү таптакыр бөтөн алкакта жашаган жарына таңуулаганга акысы бар беле? Албетте, акысы жок болчу. Келинчегинин дүйнөсү даана бөтөн алкакта эле. Бөтөн дүйнө, бөтөн алкак… Даана ушул бөтөндүк экөөнү ажырым жолго салды.
Машинеде баратканда өткөн-кеткен эсине түшүп, анан таңкы абадан дем алды да, тумандаган ойлорду алыстатып айдады. Азыр таңкы саат төрт жарым болуп калды, кызы менен чоң энесин парад башталганча саат онго алып келип калыш керек деп, бир аздан кийин болчу жолугушууну элестетип бактылуу жылмайды.
Азыр айылга барат. Гүлзарга оронгон короосун эшигин ачып, мунун келгенине жетине албай энеси небересин чакырат. Алты жашар кызы жүгүрүп чыгып «ата-аа» деп мойнуна асылганда көпөлөгүн көтөрүп өпкүлөп, азыр Ошко алып кетээрин айтып ансайын кубанычка бөлөйт. Себеби бир жума башта пианино сатып алганын айтып, энеси экөөнү майрам күнү алып кетем деп убада берген эле.
Сары «Москвичи» менен эки саатта айылга жетип барды да, апакай көйнөкчөн, туфличен, чачына апакай банты тагынган көпөлөктөй кызы менен ак барча көйнөк, ак шайы жоолукчан, жапжаңы намиркен маасысын кийип, таң атпай жасанып күтүп олтурган энеси экөөнү алып Ошко келди.
Шаарга киргенде эле кызы «Ата, газвода ичем! Балмуздак жейм!» деп баштады, дайыма ушинтет, бул кадимки адаты. Калаанын ортосундагы күр базарга токтоп, таттуу суу чыкчу темирге тыйын салды да, айнек стаканга толо газдалган суудан кана ичишип, анан шаардын так ортосундагы майрам өтүп жаткан аянтка жетип келишти.
Бүгүн 1-май Эмгекчилердин майрамын эл жылдагыдай эле өзгөчө шаңдуу майрамдап жатышат. Обкомдун имаратынын алдындагы Лениндин эстелиги турган аянттан шаардын мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, жумушчулары беш жылдыздуу, орок менен балка тартылган кызыл туу менен Маркс, Энгельс, Лениндин эбегейсиз чоң сүрөттөрүнүн алдында турган жетекчилерди карап, плакаттарды, кызыл желекчелерди, кызыл-тазыл, ак-көк гүлдөрдү, шаарларды көтөрүп параддан өтүп жатышты. Апакай көпөлөктөй кызын мойнуна көтөрүп өзү да жамааты менен параддан өттү. Колуна кызыл байрак, кызыл-тазыл гүл, шар кармап алган кызынын кубанычында чек жок эле.
* * *
Апакай бажырайган көпөлөгү жапжаңы пианинонун ак, кара клавишасын билбесе да кызыгып ойноп отурду. Байбиче болсо мындай таберик буюмдун жанына жакын басып келгенден айбыккандай четтен карап, бирок чын дилинен «Кут болсун!» деп уулуна батасын берип коюп, ашканада айылдан алып келген азыктарын жайып, кечки майрамдык үлпөткө даярдык көрө баштады.
Кызынын элпек кыймылын байкап олтуруп, көрүп аткан телевизорун өчүрдү да, өзү пианиного олтуруп ак, кара клавишаларды узун манжалары менен түндө нотага түшүргөн кайрыктарды терип кирди. Менмин деген немис усталардын колунан чыккан пианинонун керемет үнү үйдүн ичине толуп тээ сыртка агылды. Анан жанында олтурган кызына жылмайып карап, Моцарттын «Турецкий маршын» ойноп, андан ары классиктердин чыгармаларынан улантып кетти.
Бир жумадан бери кошуналар пианинонун үнүнө арбалып калышкан болчу, азыр да керемет үн чыгары менен терезелерин кеңири ачып коюшту.
* * *
Түндөсү диванда телевизор көрүп олтурган болчу, бир маалда кызынын: «Ата, апам качан келет?..» деген шыбыры угулду. Дайыма апасын сураганда күнөөлүдөн бешбетер ушинтип шыбырып сурайт. Жүрөгү «зырп» этти. Дегеле анча-мынчага кебелбеген жүрөгү кызынын ушул шыбырынан кадимкидей зилдейт.
Салабаттуу байбиче эч нерсе дебегени менен кээде суроолуу карап: «Качанкыга чейин ушинтип жүрөсүң, балам? Аялың менен жарашсаң боло?.. Сени, апасын сагынган кызыңды карачы?..» дегендей телмирет. Айтчу сөздөрдүн баары качан эле айтылып бүткөн эле. «Экинчи бул сөздү баштабаңыз. Бул сөздү токтотолу, апа!» деп былтыр айткандан бери апасы унчукпайт. Кызы болсо кээде ушинтип, күнөөлүдөн бешбетер айбыгып, тартынып апасын сураганы жүрөгүн эзет. «Ата, апам качан келет?..» деп шыбыраган кызын унчукпай карап, анан бетинен өөп, уктоочу бөлмөгө энесинин жанына алып барып жаткырды да, өзү келип пианиного олтурду.
Деги эмне болду? Мурда өзү кандай эле? Азырчы? Мурда арзып тапкан жары экөөнүн ортосунда сүйүү бар эле. Экөө ээрчишип жүргөн Фрунзеде калган чексиз бактылуу күндөр бар эле. Азырчы? Азыр болсо… Азыр арзуудан жаралган көпөлөгү, анан анын жүрөктү эзген шыбыры калды. Ооба, дагы муздаган жүрөгүн жылыткан татынакай келинчек бар. Бирок ал келинчек дагы, алтургай муногу көксөп жеткен пианиносу дагы, дегеле эч нерсе, эч ким кызынын суроолу шыбырына – өзүнүн дилиндеги сары зилине дабаа болуп бере албайт эле. Баёо наристенин шыбырынын алдында баары кичирейип, маанисин жоготуп койгон эле.
Жарыкты өчүрүп келип, шам чыракты жандырды да, үрүл-бүрүл жарык түшкөн бөлмөдө алгач Бетховендин «Ай сонатасын» терип, андан ары дагы улантып ойноп, чарчаганда өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти.
Эртеси күнү жакшынакай келинчекти жактырып калганын айтып, үйлөнөм деди. Байбиче «Балам, өзүң бил» дегендей унчуккан жок. Көп өтпөй үйлөндү. Келинчеги экөө бир жылдан кийин уулду болушту. Мураскор болгонуна жетине албай уулунун жентегин, кийин тушоо кесүүсүн шаң-шарапат менен өткөрдү. Кызы болсо инисин аябай жакшы көрөт, айылга барган сайын жан-алы калбай үстүнө үйрүлүп түшүп өпкүлөп, ойнотуп, көтөрүп, ээрчитип жүргөнү жүргөн.
* * *
Кайненесинин көзү өткөндөн кийин кызын алып кеткени келини келди. Кызы унчукпай апасы менен кетти. Бирок… Бирок көзүнүн кареги менен айланып караган апасына дилин бере албаган кыз, обочодо чоочун бойдон кала берди. Апасы үйрүлүп түшүп көзүн карап турса дагы, тээ алыстагы гүлзарлуу короого, пианино ойногон Сулайман-Тоонун этегиндеги терезелери көп беш кабат үйгө көпөлөк болуп учуп кеткиси келчү.
Күндөр өтө берди. Ал ортодо доор алмашып, заман өзгөрдү. Кыз Бишкекте окуп, турмушка чыкты. Каатчылык элдин кабыргасын кайыштырып турган күндөрдүн биринде кызы Бишкектен Ошко келип: «Ата, Москвага кетем» деди. Кызынын көздөрүнө тигиле карап, анын каатчылыктан айынан дагы, жүрөгүндөгү санаасынан алысты көздөгөнүн көрдү. Баарын сөзү жок түшүндү. Макул болду. Болгон акчасына учакка билет алып берип, кызынын колуна жолго деп биртке акча карматып жатып көңүлү түтпөй:
– Кызым, пианиону сатайын? Сурагандар бар, кымбатка кетет. Алыста акчага зарыкпай жүр? – деди.
Айтып жатып ушунчалыкка жеткирген заманга кейип үшкүрүп алды. Азыр музыка уккан заманбы? Классикалык музыканы уккан заманбы? Кайдан… Китеп окубай калган эл кайдан классикалык музыканы укмак эле?..
Калаадагы бийик үйлөргө жылуулук берилбеген үчүн, кылдыраган плита жылыткан бир бөлмөнүн ичи ылымта эле. Жылуу оронгуч менен оронуп олтурган пианисттин оюна ушулар келип кызын карады. Кызы ушундай бир таң калып тиктеди да, акырын унчукту:
– Ата, эмнени айтып жатасыз? Пианиону кантип сатып калалы, ата?..
Кызына саамга унчукпай караган ата бактылуу жылмайды. Бактылуу жүзүндө ыраазычылык бар эле. Көңүлү ачылган ата пианионого олтурду. Ак, кара муздак клавишаларда алгач Эннио Морриконенин «Chi Mai» терилип, андан ары классиктерди уланткан пианист кызына ыраазы болуп ойноду. Муну кызы түшүндү.
* * *
Атасынын жылдыгына келип, үйгө кирип эле пианинону таппай калды. Дароо инисине чалды. Аркы жактан инисинин: «Акча керек болчу, пианиону сатып жибердим» деген кайдыгер үнүн угуп өксүп ыйлады, ыйлаганда да атасы дагы бир жолу өлгөндөй ыйлады. Көз жашы кургаганда терезеден муздак жамгыр төккөн түнкү калааны карап олтуруп, атасынын мурасын сөзсүз кайра сатып алам деп өзүнө сөз берди.
Акыркы жолу, былтыр жолукканда атасы ак, кара клавишаларды терип ойногон Ярослав Никитиндин «Жамгыр бийи» бадам гүлдөгөн Сулайман-Тоону айланып, пианинонун үнү кубулжуп турду.
17.02.2025
