|

Жан дүйнөгө табыш үчүн тынчтыкты…

3.7/5 - (3 добуш)

Жан дүйнөгө табыш үчүн тынчтыкты,
Отко күйүп сууга дагы чөккөндөр,
Билсе керек тирүүлүктүн түйшүгүн,
Бизди таштап бийиктикке кеткендер.

Чарпаянын чайы моокум кандырбай,
Чарчагандар самап түпсүз уйкуну,
Таттуу кыял тамшандырбай калганда,
Талап кылат жаның чындык куйкумун.

Чүкө калчап обочодо олтурган,
Даанышманың карайт сени аксаган,
Көрсө керек кечөөкүнүн элесин,
Көксөп жүрүп жерден чындык таппаган.

Ойноок бала жомоктогу шумкардай,
Өткүр көзү өрттөсө экен санааңды,
Көчөлөрү көк асманга тамшанып,
Көрбөсө экен көңүлү жок караанды.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген