№1 Жаз
Жаныңда бир санаа тургандай,
Жаз неге күттүрүп кечиктиң,
Боордоштор бозоргон калаада,
Боздогон үндөрдү эшиттим,
Ошол шаар жазды эми күтпөстүр.
Жер жазды жетектеп айланып,
Жете албай жаткандыр бороондон,
Желпинген үмүтүн кан жутуп,
Жесирлер жоолугу жоголгон,
Ошол шаар жазды эми күтпөстүр.
Эшиги эч кимди ойготпой,
Ээсинин очогу муздаган,
Бейкүнөө наристе бешиксиз,
Топурак жазданып уктаган,
Ошол шаар жазды эми күтпөстүр.
Ой максат үмүткө жамалган,
Ойгонуп караандар араң жан,
Өсүмдүк тамыры өөрчүбөй,
Өрт чалган өзөгү карарган,
Ошол шаар жазды эми күтпөстүр.
