№5 Жаздын белгиси
1
Алгачкы жаз быйылкы көрктүү кандай,
өзгөрүлүп мурдагы аппак ыраңы,
“Кош” – дей албай, колун сунуп жазга эми,
жашын төгүп ыйлачудай сыягы?
Кантсин анан, “Кар төшөгүн” жыйнамай,
оор белем, алмашылса турагы!
2
Кышкы уйкудан, бак-дарактар ойгонуп,
Ала-Тоонун жели дагы шоктонуп,
жаш-карынын сезимдерин сергите,
“Жатпагыла, тур” дегенсийт толгонуп…
Анан калса, кыз-селки да кыялдуу,
“Сүйүү жазы” ырын созуп от болуп.
3
Ала-була кыш тону да айрылып,
ала-шалбырт, кар суулары агылып,
кышы бою, дене бою курушкан,
чал-кемпирдин бүткөн бою жазылып…
Эң алгачкы жаздын деми сезилди,
айланага “Жаз күүлөрү” жаңырып!
