|

#13 Жаз

4.4/5 - (7 добуш)

Үрпөйтүп үшүткөн сулуулук,
Узады этегин жыйынып.
Терезе тушунан сызылган,
Аяздын деми эми тыйылып.

Дарактар көз жарып жакында,
Күн чубак бешикке бөлөшөт.
Жер алды тамырлар жанданып,
Тирүүлүк айылына жөнөшөт.

Суз көчөм эли аз басышкан,
Суйкайып маанайы ачылат.
Чуру-чуу балалык дүйнөсү,
Чайыттай уйкусун качырат.

Чыйрыккан арыкта чунак суу,
Чыйралып, ойноктоп шаштырган,
Шапар тээп ыр ырдайт обондуу,
Шылдырап уккандар жактырган.

Жер көбүү деминен өрөпкүп,
Бийчи жел туралбай бир жерде.
Этек жең тарткылап ээлигет,
Эси кем окшогон бир делбе.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген