#15 Жазды сүйөм
Жаз келгени өзүнчө миң керемет,
Жер бетине жан бүткөндөй сезилет.
Күн табында муздар сынып, кар ээрип,
Байчечектер баш көтөрүп термелет.
Көктөм келип нооруз айы кубантып,
Көк шиберин жол килемдей жамынтып,
Бак-дарактар жашыл таажы бүр байлап,
Куштар сайрайт айлананы жаңыртып.
Жаздын жыты кумар отун козголтуп,
Жаштык кезден элес тартып толгонтуп,
Эске салат бир жигитти гүл сунган,
Сирень гүлүн көрсөм мени ойлонтуп.
Назым болуп делебемди тербеткен,
Жүрөгүмдү махабатым дегдеткен.
Суусаганда тамшандырган шараптай,
Сүйүү жазым сезим жанып издеткен.
Жазды сүйөм ашыгымды эстеткен.
