#16 Жаз келди
Жаз жадырап наристедей жыт келип,
Жаз айына өз мөөнөтүн кыш берип,
Эл ойгонуп короо-жайын тазалап,
Түтүн каптайт мурунду өрдөй ыш келип.
Жаштар жүрөт эки экиден жуп болуп,
Чымчыктар да жалгыз эмес жуп конуп.
Жаз маанайлуу жадыраган жаш-кары,
Жаз белгиси талаа-түзгө кут конуп.
Сапырылтып айдап кышкы санааны,
Талаа жортот жаздын нымдуу шамалы.
Жаз жыттанган жан-шеригин көргөндө,
Жарк дей түшөт жаш келиндин кабагы.
Күнгө кактап кыш үшүткөн денесин,
Эскеришип өткөн жаштык белесин,
Абышкалар азил айтып каткырат,
Угуп-укпай байбичелер жемесин.
Чыбык атты минип алып чабышып,
Наристелер жүрөт көчө чаңытып.
Жылкы үйүрү жылгаларда жайылып,
Коруйт үйүр коңшу айгырлар алышып.
Жаздын күнү кандай сонун жадырап,
Музоо мөөрөп, козу-улактар жамырап,
Аюу, суур чыгып кышкы чээнден,
Баба дыйкан жаз жарышка кам урат.
Орундалып аруу жаздын тилеги,
Жашыл тартып боз талаанын иреңи,
Өрүк гүлдөп, бак-дарактар бүр байлап,
Келип жаздын жыпар жыттуу илеби.
Кеткен күздө жылуу жакка жок болуп,
Келгин куштар кайтышууда топ болуп.
Келин-кызга жигит өтөт тийишип,
“Кой” – дегенди кулакка илбей шоктонуп.
