|

#19 Тирүү ыр

Биринчилерден баа бериңиз!

Жаздын туңгуч, умтулгуч күндөрүндө
Жазгым келди миң эсе тирүү ырды.
Канаттарын бат кагып, күүлөп күнгө,
Каптап барат сан гүлдөр туура кырды.

Кар астынан сызылып аккан суулар
Кайнагансыйт кыймылдын казанында.
Чылк алтынга тирүүлүк бааланчудай,
Чымчыктардын чуру-чуу базарында.

Ким жолукса базарлык таратылып,
Көчөбүздө көңүлдүн өтөт тою.
Үч-төрт карыш арыштап жаратылыш,
Үтүрөйгөн баланын өсөт бою.

Так секирген ыр сапты жазып бүттүм,
Табийгаттын жаздагы деми менен.
Кулунчагын жетелеп жаш үмүттүн,
Келечегим, эч качан кемибе, сен!

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген