#22 Көктөм келди
Чыркылдаган куш тилине жашынып,
сулуулугун түркүм гүлгө жашырып,
көктөм келди Күндөй жанган көздөрү
кыроо мурут кышкы ызгаарды качырып.
Көктөм келди көк теректей чубалып,
көк бутакта бүргө айланып кубанып.
Үрөн тилеп, аңтарылып жер менен
кошо суусап тилеп жамгыр суранып.
Көктөм келди көк көчөткө айланып,
көк чачына жоогазынды байланып.
Көк бетинде чагылганды сагынып,
көктү жарган күркүрөөгө айланып.
Көктөм келди көп түйшүктү артынып,
жер бетине баскан изин калтырып,
сээп кетти токчулуктун үрөнүн,
коңур күздө гүлдөсүн деп барчылык.
Көктөм келди жан дүйнөнү мас кылып,
унуткартып жаш эсебин, аптыгып
жашы өткөндүн денесинде дирилдейт,
картайбаган көктөм сүйгөн жашчылык.
