#23 Жазым келип, жашыл кымкап гүлүн жапты…
* * *
Жазым келип, жашыл кымкап гүлүн жапты,
Жылуулук кең ааламга күн таратты.
Жарашып кыз жигиттер жол боюнда,
Сүйүшкөндөр кобурашып бара жатты.
Көк жыттанып жаз гүлдөрү бүт ааламга,
Байчечекей кар алдынан башын бакты.
Бак дарактар бүчүр байлап жандана,
Коктулардан шылдыраган суулар акты.
Жер бети жылуулукка курчалышып,
Таң жели жүрсө түркүн гүлүн ачып.
Сүрөтчү боёгондой кызыл-жашыл,
Ашыгын жыттагандай моокуму канып.
