Жамгырдагы кездешүү
Баш ийбес сезимимди багындырган,
Бах, чиркин, ошондогу атырыңдан.
Барын бардай ак баракка бералбаган,
Баасы кайсы, мендей күчсүз акыныңдан.
Каректер чагылышса бир “ойт” берип,
Уурданып тиктегем кол чатырымдан.
Шынаарлашып алгач ирет жолукканда,
Чочулагам, капилет катылууңдан.
Ойлорум бир, сезимдер бир, жашоом башка,
Кыйын тура айрылуу жакыныңдан.
Мезгил деген тушап коюп үмүтүңдү,
Көмүскөдө калат экен акырындан.
Күдүксүз санаа менен кеч киргизип,
Жүдөп жүрөм ичтен сызып жактыруумдан.
Качандыр бир унутаарым билсем дагы,
Корком бирок бул сезимди жат кылуудан.
