Агым
Билинбей кеч кирип, таң атат…
Бир өмүр, багыты арасат,
Кагаздан жасалган кайыктай
Кайдадыр агызып баратат.
Көрүнбөйт көксөгөн тилегим.
Көп деле толкубайт жүрөгүм.
Алыстап кыялдар, ал-күчүм
Азайып жатканын билемин.
Ашыгып жумуштан, кечеден,
Адамдар агылат көчөдөн.
Арыкка түшө элек кезимде
“Агымды мен бурам!” дечү элем…
25.12.2025
Автор
-
Журналист, акын, талдоочу, котормочу. 1996-жылы КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы КР президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, КР Ардак грамотасына ээ болгон. “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.
“Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.
