Апама кат
Апаке,
Турмуштун оор сабагын көрдүм азыр,
Көз көрбөс көпкө көңүл бөлдүм азыр.
Сиз айткан насааттарды жээрип жүрсөм,
Баарына сизсиз эле көндүм азыр.
Апаке,
Турмуш бул – мугалимдин зору тура,
Сабагы уунун уусу, заары тура.
Сиз айткан акыл кептер, накыл кептер,
Дүйнөдө акыйкаттын баары тура.
Апаке,
Жаштыкта койнуңуздан чыкпай жүрүп,
Бул дүйнө абдан, абдан кең көрүнчү.
Андагы адам, чөп-чар, жаныбарлар,
Бири-бирине сүйкүм болуп, тең көрүнчү.
Апаке,
Ал дүйнө, дүйнө эмес койнуң экен,
Ал оюм балалыктын оюну экен.
Өзүңдөн кетип турмуш чындыгына,
Көнө албай, акылым нес болдум эчен.
Апаке,
Чын турмуш бурай кармап моюнумдан,
Бой жетип, алыс кетип коюнуңдан.
Күбүлүп жалбырактай, кутулганмын,
Сиз чыдап жүрчү далай жоругумдан.
Апаке,
Сыртка кетип нени билдим?
Чын айтсам, акыйкатты эми билдим.
Адамга өмүр берген Жараткандын,
Жердеги өкүлү деп сени билдим.
Апаке,
Таяк жеп, мурда алдыңа ыйлап барсам,
Эми мен кубангандан ыйлап барам.
Теңирдин мээриминин булагысың,
Мен сени Теңиримдей сыйлап барам.
Апаке,
Бул турмуштан көп жаңылдым,
Адаштым, көп согулдум, көп кагылдым.
Айкөлдүк сапатыңа мен багындым,
Урчу эми, таягыңды мен сагындым.
Апаке, өзүңдү абдан мен сагындым…

