Ата
Ак батаңды берип турганда,
Алгыр элем асман чапчыган.
Жолум шыдыр, жокту сезбеген,
Тоодон ойдон багыт тапчу жан.
Ак сөзүңө толуп көкүрөк,
Эң бай элем перзент аттуудан.
Сүйлөгөнүм өткүр от болчу,
Сүрөп койгон сөзүң дем болуп.
О анда мен озуп кыялдан,
Омуроолоп турмуш бүлүгүн.
Ойноп жүрүп өтөм дептирмин,
Жандай чаап өмүр күлүгүн.
А көрсө мен алсыз бир пенде,
Колдооң, сүрөөң, батаң сактаган.
Тынч жашашым үчүн жан үрөп,
А өзүң эч тынчып жатпаган.
Бороонуна тосуп төшүңдү,
Аптабына боюң кактаган.
Өнүшүмө салып күчүңдү,
Көктөшүмө жаның үрөгөн.
Күндөр сени жалмап акырын,
Көздөн нуруң алып карууңду.
Алсыз тартып жүрүш басыгың,
Тоо дечүмүн тоодой солк этпес.
Томкорулуп кеттиң катүгүн…
Тоо болоюн дедим эми мен,
Боло албадым эми кантейин.
