“Багытсыз жолдо күймөнөм…”

Биринчилерден баа бериңиз!

*   *   *

Багытсыз жолдо күймөнөм
Дирилдеп бала чымчыктай.
Боз-ала түтөп күйбөгөн,
Отунга окшойм ыш жуткан.

Адашып учтум адашып,
Канатым тилип, канатып.
Тилимди тиштеп кырча ов,
Дилимде жүрөк жан ачып.

Булактай болдум шыңгырак,
Күлкүлөр кээде таш жарып.
Бакыттын жайын ким сурайт…
Бакыт бир менде баштанып.

Өзүмдү тыңшап кээ кезде,
Оронуп, чөргөк оролуп.
Жибек бир курттай булада
Оозумда жибек чоролуп.

Унчукпас болдум унчукпас,
Шыкаалайт шоола жылчыктан.
Күндөргө шүгүр, Ай батып,
Соңунан күлүп Күн чыккан!

Автор

  • Акын, журналист. 1972-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган.

    Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын, «Алыкулдун ак боз аты» фестивалынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. “Үмүт” ырлар жана “Жүрөгүмдүн ээсине” ырлар жана проза жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген