Билебиз
Билемин, окчун туруп көз саларың.
Жетүүдө жолдоп жүргөн көп саламың.
Кыр ашып калган ушул алыбызда,
Кереги барбы бизге көп санаанын?
Жаштыкты кучагыңа кысып бекем,
Арзуунун жыргалына кызып эчен,
Жүргөн кез сагындырып жатса керек,
Көөдөнүң ысып, өзүң жүрүп эсен.
Билемин, алай-дүлөй болуп кийин,
Өкүнүч жаның койбой жүргөндүгүн.
Жазылган буйрук кантип өзгөрүлсүн,
Бузулсун эми кайдан чийген чийин.
Билесиң, жол айрылып калган бүгүн,
Бир ката оңдой албас арман бүгүн.
Билебиз, артка жүрбөс мезгил эбак,
Чүлүктөп экөөбүздү алгандыгын.
Эрте-кеч калган кезде жалгыз үйдө.
Жылт этип келет ойлор сен жөнүндө,
Байланган байланышсыз аралыкка,
Эреркеп калат кээде жалкы дүйнө.
