Босфор кайрыктары
Көгүш, буурул кечелерди жамынып,
балыкчылар кыңылдашат ырларды.
Өткөн кеткен өрт жылдарды сагынып,
Өткөндөргө өкүнбөгөн ким калды.
Өкүнбөскө айла барбы чырагым,
жанга жакын жалгыздыгым жөлөгүм.
Бирок азыр бир абалда турамын,
аалабаган жылуу сөздөн бөлөгүн.
Бир сүйүүдөн, жылуу сөздөн ашырып,
андан башка эмне берет элеңер?
Таңдан кечке тагдырларды ташынып,
чарчап бүттү Босфордогу кемелер.
Буурул, көгүш кечелерди жамынып,
күтүп турам бир үмүттүн кемесин.
Көчмөн гана түшүнө алат камыгып,
бир көчмөндүн узак жолун, белесин…
Босфор. 2023.
