Чай-Булак

3/5 - (28 добуш)

Бала кезде суу ташыган Чай-Булак.
Бала кезим эске салат шылдырап.
Тунук, таза, муздак суусун кандырган.
Булагым ай ээн калгандай чар тарап.

Келе жатып бир күн айылдан,
Чай-Булакка түштүм кайрылып.
Кочушума тосуп толтуруп,
Уурдап суудан моокум кандырдым. 

Кете албай, кылчактадым кайрылып.
Суусун таттым, балалыктын даамындай.
Мурункудай шылдыр аккан булак жок.
Саздак баскан, балыр басып аябай. 

Бир аз турдум, шоокум үндөр угулду.
Жаштык кезим үн салгандай туюлду.
Шаракташып челек менен суу алган
Курбуларым эстеп жашым куюлду. 

Далай жылдар булак менен сырдашып,
Кеткен экен жаштыгыбыз кыр ашып.
Биз чоочунбуз, эскириптир Чай-Булак.
Эч ким азыр албай калган суу ташып.

Чай-Булак деп атын аташкан
Таза мөлтүр, тунук булагым.
Далай жылдар артта калса да,
Жаштыгымды сенден туямын. 

Жашоо-турмуш азыр өзгөрүп.
Суулар чыккан эшик алдында.
Чай-Булагым агат шылдырап
Балалыгым өткөн айылда..

Автор

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Толук айылынын тургуну. 

    Кичинесинен ыр жазууга кызыкканы менен, адабий чөйрөгө кеч келди.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Калеминиз курчуй берсин эже,чыгармачылык ийгилик каалайм! Мындан дагы жакшы кучтуу чыгармаларды кутобуз сизден.!💋💋❤️

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген