Данекпиз ээ, данектей өнөбүз да…

Биринчилерден баа бериңиз!

Данекпиз ээ, данектей өнөбүз да,
Тамырлашкан тагдырга көнөбүз да,
Даныбызды дайындап куттуу жерге,
Өкүм чыкса өмүргө, өлөбүз да.

Жалынбыз биз, жалбарып от болобуз,
Жашообузда күйөбүз, чок болобуз,
Жанды таштап, күкүмдөп күлгө айланып,
Жандуу жердин үстүнөн жок болобуз.

Булуттайбыз апапак бийиктеги,
Буулукканда жерге биз төгүлөбүз,
Бууга айланып абага сиңип кетип,
Бул жашоодон иргелип, бөлүнөбүз.

Тирүү кезде ыгы жок жулунабыз,
Тирөөч көрүп көрпайды туу кылабыз,
Жомок токуп жолдорго таштап кетсек,
Жолоочуга а балким угулаарбыз.

Азан айтып коюлган атың калып,
Арзаныбы, кымбатпы затың калып,
Арзыбаган буюмдай жок болосуң,
Арманыңды кучактап башыңдагы.

Бир тамчыдай өмүрдү баалайбызбы,
Бирибизди бирибиз аяйбызбы,
Карылыкка баш байлап калган кезде,
Каталыкка кылчайып карайбызбы.

Басып жүргөн жолдордон жок болобуз,
Башка затка айланып козголобуз…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген