Дилгир көз

3.6/5 - (7 добуш)

(аңгеме)

Мектепте Кыргыз тили апталыгы Мамлекеттик тил күнү башталды. Сабактардын тизими боюнча 2-г класска кыргыз тили сабагы Апталык башталгандан кийинки үчүнчү күнгө туура келди. 

– Азыр мектебибизде кандай иш-чара жүрүп жатат? – жаңы гана сабагын берүүгө киришкен эжейи окуучуларга суроо салды.

– Кыргыз тили апталыгы – деп кыйкырышты бир нечеси. 

– Ооба, бир апта бою мектебибизде Кыргыз тили апталыгы жүрөт. Ошондуктан сабагыбыздан тышкары дагы беш сөз үйрөнөбүз (окутуу орус тилинде жүргөн мектептеги кыргыз тили сабагы). Сөздөр адам баласынын жашоо-турмушунан алынат.

Жанатан тыпыйып эки колун партага коюп алып, эжейден көзүн албай угуп отурган окуучу акырын бир кыймылга өттү. Денеси бир нерсеге аракет кылып аткан менен көздөрү эжейин тигилип караган тейде. Башында анча маани бербей сабагын улантып аткан эжей бала улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн чыптамасын кийип, кайрадан түздөлүп отурган кезде гана ага толук көңүл койду. Эжей өзү да Апталыкка шайкеш улуттук кооздугу бар чыптама кийип келген. Анысы баланын эсине эки күндөн бери жанына алып жүргөн чыптамасын салды окшойт. Баланын кылыгына эбедейи эзилген эжей буга сөзсүз көңүл бурушу керек эле. 

– Кандай сонун, чыптамаң абдан сонун, Давид! – Бала уялыңкы тартса да, чыптамасы менен байкалганы үчүн жүзүнөн канааттануу көрүндү. Эжейи сабагын улады.

– Тириликтен буюм жаралса – демек сөз да жаралды. Анткени ал буюмдун аты болот да, ошондуктан аты да жаралат. Бизге башка тилде жаралып кирген сөздөр бар. Мисалы: телефон, планшет, компьютер, парта. Бул буюмдарды жараткан, жасаган адамдар кайсы тилде сүйлөсө, буюмдар ошол тилде аталган. Алар көп учурда башка тилге которулбай, ошол аты менен колдонулуп келет. Кыргыз тилинде да так ошондой сөздөр бар. Аларды кыргыз эли жараткан, кыргыз тилинде атаган. Бүгүн биз ошол сөздөрдүн бешөөнү үйрөнөбүз.

Эжей колуна сүрөттөрдү алды.

– Кыргыз эли көчмөн эл болгон. Бир жерге жайланышып, кайра башка жерге көчүп жашашкан. Ошондуктан кыргыздардын үйү тигилип, кайра жыйналгыдай жасалган. Буюмдары да көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу. Кымыз даярдоо үчүн бээнин сүтү биринчи мына бул идишке куюлат. – Сабанын сүрөтүн алып, дубалтактага жайгаштырды. 

– Бул идиштин аты – саба. 

Тактага андан кийин чаначтын, көөкөрдүн, кесенин сүрөттөрү илинип, эжей баарын бирден түшүндүрүп берди.

Акырында куржундун сүрөтүн илип:

– Бул болсо – куржун. Төөгө же атка артканга ыңгайлуу болушу үчүн, эки жагы тең салмакта болуп, жүктүү малга баскан жеңилирээк болушу үчүн эки баштыкты мына ушинтип кошуп коюшкан. 

Эжей дубалтактадагы сүрөттөрдү көрсөтүп: 

– Бул идиштердин баары кайыштан жасалгандыктан, бүктөп куржунга салып койсо болот, кулап кетсе сынбайт – деди.

Балдарды сыдыра карап баратып, Давиддин дилгир көздөрүн учураткан сайын көздөрү менен ага мээримин төгө карай, саамга токтоп калып атты. 

Эжей жаңы сөздөр жазылган кагазчаларды көрсөтүп, окуучулар чогуу окугандан кийин сүрөтүнүн жанына коюп турду. Баардык сөздөр сүрөтүнүн жанына тизилген соң, кагазчаларды кайра жыйнап алды да, аралаштырып балдарга кайрылды:

– Эми ким буларды сүрөттөргө туура коюштура алат?

Озунуп кол көтөргөн бир нече окуучулар тапшырманы бир аз жаңылса да, дээрлик оңой аткарышты. Эжей дилгир көз балага да байкоо салып турган. Ал кол көтөрүп башкалардай озунбаса да, тапшырманы аткара аларын сезип турду. Эжейинен көзүн албаган балага жылмая карап: 

– Кана, Давид, эми сен – деди. 

Давид кагазчаларды алды да, эч жаңылбастан баарын сүрөттөрдүн жанына тизип койду.

– Азаматсың, Давид, эң сонун!

Эжейи ыраазы боло баланы ичинен алкады: «Ананайын дилгир көзүм. Көзүн албай карап отуруп, баарын сиңирип алат. Анысына мактанбастан, астейдил өз убагын күтүп отурганынан ананып кетейин. Ылайым жолуң ачык болсун, келечекте эл баштай турган эр азамат бол. Сендей зиректер оң жолду таап жол көрсөтө алат. Кыйынчылыктардан мокобой курчуп гана турсаң болду. Бактылуу-таалайлуу бол, ананайын дилгир көзүм». 

Дилгир көзүн ордуна узатты да, сүрөттөрдү жыйнап алып, эжей сабагын андан ары улады.

Автор

  • Өмүрлүк вазипам адабиятка байланыштуу. Кесибим кыргыз тил, адабият мугалими. Менчик мектепте иштейм. Андан тышкары корректура, редактура иштерин аткарам. Аспирантуранын 3-күрсунда окуп жатам.

    Колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

3 Comments

  1. Жетиген Асанбектин дилгир коз деген ангемеси абдан жакты,мектепти элестеттим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген