“Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?..”

1.5/5 - (8 добуш)

*   *   *

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Билип билбей ушактарды таратабыз.
Ак-караны ажырата билбей туруп,
Айып издеп болбогон бир санаадабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Туура жолдон кыйшык басып адашабыз.
Көрө албас, ичи тардык өрчүп улам.,
Көңүл муздап, мерездикти жаратабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Жакшы турса, жаманга жанашабыз.
Алдамчылар көбөйүп арабызда..
Калпты чындай көрөбүз, баарлашабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Эркиндикти азапка айлантабыз.
Байлык, мансап көздөгөн баары азыр
Ой-санаа көп ооруларды жаратабыз. 

23-март, 2026-жыл

Автор

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Толук айылынын тургуну. 

    Кичинесинен ыр жазууга кызыкканы менен, адабий чөйрөгө кеч келди.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген