Эрте жаз

Биринчилерден баа бериңиз!

Мүлдө асманды туңгуюктап,
Калың булут каптап турат.
Мезгил-мезгил бурганактап,
Тынып-тынып кар жаап жатат.

Кыш мезгил кетпөөчүдөй кекерленет,
Март айы келгендигин эске албай.
Жаз мезгил эртели-кеч ичиркентет,
Караанын жакындатып эч байкалбай.

Айлана кар, ала-шалбырт чоң жолдордо,
Көкүрөккө жылуу демдин жыты келет.
Төрт түлүк карлар кеткен ар жондордо,
Куштар үнү бак-даракта безеленет.

Адамдар жеңилденип кийинишип,
Айгырлар үйүрлөргө копшолууда.
Келсе деп май, июнду эңсесишип,
Бука, теке, кочкорлор оор уйкуда.

Автор

  • 1963-жылы Нарын районундагы Дөбөлү айылында жарык дүйнөгө келген. 1993-жылдан бери журналистика жаатында эмгектенип келет.

    Бир нече драмалардын, ырлардын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген