|

“Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң…”

4.7/5 - (3 добуш)

* * *

Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң
Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба, менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: “Будет вместе веселей”.
Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.

05.1997

Автор

  • Марат Токоев

    Журналист, акын, котормочу. 1970-жылы туулган.

    2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген