Катабыз эми далай ыза кылаар
Эми биз болбой калдык баштагыдай.
Чама аз каталарды актагыдай.
Кур намыс тебеледи мамилени,
Иш кылдык Кудайга да жакпагыдай.
Адашып кайдан келди бул өчөгүш?
Алдырдык пенделикке бир жетесиз.
Түбөлүк калган ким бар Күн алдында,
Аңдышкан бойдон эми биз да өтөбүз.
Таарыныч мамилени түгөл үздү,
Ай-жылдап кастарлаган аяр, изги.
Утурлап келе жаткан жарык күндөр,
Айланып өтүп турат эми бизди.
Илеби жылуулуктун күндө азайып,
Издедик биз ал үчүн Күндөн айып.
Ансыз да кечкурундап бара жатат,
Караңгы айланага торун жайып.
Арттагы учурларды антташ-шерттеш,
Түмөндөп санасак да эсеп жетпес.
Такыба бойдон калсак болмок эле,
Жакшылык жасап, бирок, эсептешпес.
Кектебей кептер үчүн өйдө-төмөн,
Калсак не мамилебиз таза тейден.
Билбейбиз не болорун эртеңибиз,
Адамда тараза бар тагдыр деген.
Күлкү-ый, сынуу, мөрөй, жоготуу бар.
Өмүрдү арман менен коротуу бар.
Көтөрүп кете албаган сыноолорду,
Катабыз эми далай ыза кылаар…

Ойго салган дүйнөсүнө жетелеген чыгарма