Күндүн көзүн көргүм келет

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Филармонияга жакын жер өтмөктөн күндө жок эле дегенде эки, үч жолу өтөм. Өтмөккө кирип баратканда жайдын аптаптуу ысыгында же кыштын кыраан чилдесинде болобу тепкичте кайыр сурап отургандар учурайт. 

Жарым жылдан бери бекен, так эсимде жок, өтмөктөн кара көз айнек тагынган, таягын оң ыптасына коюп отурган жашы кырк, кырк беш чамасындагы байкени көп көрчү болдум. “Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!..” деген сөзүн кайра-кайра кайталап, күңгүрөнүп отурат. Адегенде аны менен сүйлөшкүм да келген. Бирок, жанына барганда эмне деп айтам. Туура эмес сүйлөп, көңүлүн оорутуп алсамчы деп кооптондум. Кээде күндө отурчу ордунда жок экенин көрүп, эмне болду экен, келе жатып адашып кеттиби? Биздин кээ бир жолдордун алты саны аман эле болсун. Эки көзү тең көрбөсө, ачылып калган люкка кирип кеттиби деп, сарсанаа болгон учурларым да болду. Эртеси шашып жумушка жөнөйм. Өтмөккө кире бергенде: “Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!..” деген сөзүн угуп, аман-эсен экенин көргөндө көңүлүм жайлана түшчү.

*   *   *

Бир күнү жумуштан эрте чыктым. Өтмөктөн өтө бергенде көзү азиз байкени көрүп, жанына барып бир сүйлөшсөмбү дедим. Жанына келсем, “Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!..” деген көндүм сөздү кайра-кайра кайталап, күңгүрөнүп атты. Чөнтөгүмө кол салсам, колума майда тыйындар урунду. Карасам он сомдуктан төртөө. Дароо алдындагы кутуга таштадым. Баягы жадыбалдай кайталоочу сөздөрү тып басылды. Учураштым.

– Байке, амансызбы? – дедим. Ал мен тарапка башын акырын буруп, аманчылык, аманчылык, кудай деп отурабыз.  

– Байке, бул жерден күндө өтөм. Сиз менен сүйлөшсөм болобу? Мүмкүн, жардамым керек болуп калар, – дей салдым. 

– Түшүнөм, иним. Биздики эми ушул. Туулгандан эле көзүм көрбөйт. Жарыктын кандай экенин билбеймин. Жарыкты, күндүн нурун бир көрсөм, арманым болбос эле, – дегенде үнү каргылдана түштү. Үндөбөй бир саамга туруп калдык. Бир нерсе деп көңүлүн таап, сөз баштайын дейм, бирок оозума сөз келбейт.

– Атың ким болот, иним, – деди. 

– Азат, – дедим. 

– Менин атым Эмилбек, өзүң көргөндөй ишке жарабайбыз. Бизди эч кайда жумушка да албайт. Айла жоктун иши. Кайыр сурап, жан бакмай. Керели-кечке үйдөгүлөргө жүк болбоюн деп бул жакка чыгам. Эл бар экен күнүбүз өтүп жатат.

Мен дагы ага ачылып, өзүмдү көптөн бери тааныш адамым менен маектешип отургандай сездим. Саатты карасам, сегизден өтүп, иңир кирип калыптыр.

– Эмилбек байке, кеч да болуп калды. Таксиге салып жиберейин сизди десем,

– Жок, рахмат, өзүм эле кетип калам. Сен да жолуңдан калдың окшойт, – деди.

– Жүрүңүз, жок дегенде аялдамага чыгарып коёюн, – десем да болбой койду.

– Темселеп күндө келип жүрүп, бул жерди беш колумдай билем. Сарсанаа болбо, иним, – деп коштошмокко колун сунду.

*   *   *

Күндөр өтүп жатты. Эмилбек байке менен ага-инидей болуп, ары-бери өткөндө учурашам. Колумдан келген жардамымды да берип жүрдүм. Бир күнү түш ченде тамактанып алайын деп сыртка чыккам. Күндө тамак иччү кафени көздөй тротуардын четине салып баратсам, бактын көлөкөсүндө экөө турган. Биринин үнү кулагыма тааныш. Карасам, Эмилбек байкем турат. Көргөн көзүмө ишенбей, кечке компьютерди карап чарчагандыктан, көзүмө окшош адам көрүнүп жатабы деп көзүмдү укалап коём, жок, дал өзү, Эмилбек байке. Көзүндөгү көз айнеги, колундагы таягы жок. Кийингени да башкача. Нес абалда туруп калдым. Жанындагы өзү курактуу киши менен кызуу талашып, колундагы кагаздан ага бир нерселерди көрсөтүп жатат. 

“Эмилбек байке!” деп жиберип, кайра өзүм чочуп кеттим. Ал мен жакты карап алып, бир кызыктай болуп үндөбөй калды. Бир саамга тиктешип калдык. Көргөн көзүмө ишенбейм. Кайырчы экен деп боорум ооруп жүрсө… Жүрөгүм тызылдап кетти. Кантип ушундай болсун! Ал күндүн нурун көрөт турбайбы!.. Биз, адамдар караңгыда жүрүптүрбүз! Эмилбек менин оюмду окуп алгандай жанында турган кишини “Жүрү, кеттик!” деп шаштырды. Экөө эч нерсе болбогондой бат-баттан басып, алыстай беришти. Мен турган жеримде селейген бойдон оюмду топтой албайм. Чөнтөк телефон шыңгыраганда барып өзүмө келдим. Ушундай да болобу!? Акча адамдарды каякка алып баратат?! Сопсоо туруп көзүм көрбөйт деп кайыр сурап отурган адамдын алты саны аман-соо экени кимдин оюна келет?..

Ошол күндөн тартып, Эмилбек кайырчынын карааны жер алдындагы өтмөктөн көрүнбөй калды. Балким, жер которуп кеттиби? Шаардын башка четине өтүп дагы бир жердин кайырчысы болуп отурабы, ким билсин… А мага күндө ошол өтмөктөн өткөн сайын анын жалооруган “Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!..” деген сөзү кулагыма жаңыргансыйт…

*   *   *

Арадан айлар өттү. Жумушка шашып бара жаткам. Тепкич менен ылдый түшө бергенде баягы Эмилбек байкенин ордунда бир кыз отуруп калыптыр. Бир көзү кара чүпүрөк менен жабылуу. Отурган жери сыз. Бул кыз Эмилбек байкенин кишиси го деген ой кылт этти. Кантип эле? Ал мынчалыкка барбастыр. Бирок, өзү барды да. Өзүм күбө болбодумбу. Ачуум менен кызга жете барып “Сен кимсиң?!” дедим. “Кайырчымын, байке! Садага бериңиз” деди. Дагы бир нерсе дегичекти жетелешкен кыз-жигит өтүп баратып, кутучага акча таштады. “Бактылуу болгула, максатыңарга жеткиле!” – деди тиги кыз. Кыз менен жигит берген жардамына ичтеринен ыраазы болгондой баштарын ийкеп жылмайып кете беришти. Мен кайтып сөзүмдү улагыча кенедей кутучага майда тыйындар шыңгырап биринин артынан бири түшүп жатты. Мен турган жеримде “булар жалганчылар, алты саны аман туруп, ушинтип акча табышат” деп өтмөктү жаңыртып кыйкыргым келди. Бирок, менин сөзүмө эч ким ишенбешин сездим. Анткени, тиги кыздын кебетеси чын эле адамдын боору ооругандай эле. Тескерисинче, өтүп жаткандар мени акылынан адашкан, айныган неме го деп ойлошмок. Балким, бул кыз чын эле жардамга муктаж болуп жаткандыр. Чөнтөгүмө кол салсам кагаз акча жүрөт. Алып чыксам элүү сомдук. Кутучага таштадым. Тиги кыз көзүмө карап, “садагаңыз кабыл болсун байке” деди муңайыңкы.

– Бир көзүңө эмне болгон?! – деп чыдабай сурап ийдим.

– Жаш чагымда соолуп калган да, байке. Ишенбей турасызбы? – деди да көзүн жапкан кара жамакты алып салды эле узун кирпиктери жапкан жумулуу карегинен айбыгып, жүзүмдү буруп кеттим… Жүгүргөн бойдон тепкичтерди аттап-буттап, өтмөктөн чыгып баратып, менин сураганымды бирөө-жарым угуп калбады бекен деп артыма кылчак-кылчак карап коём.

Автор

  • Аңгемелери орус, казак тилиндеги альманах, жыйнактарда басылып чыккан. 2025-жылы «Киндик эне» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген