Кызганам

3.3/5 - (3 добуш)

Сенин көзүң – өзгөлөрдөн өзгөчө,
Сулуулугун көздөрүңдөн өчпөсө.
Сенин ушул жанып турган көздөрүң,
Менден бөлөк, башка жанды көрбөсө.

Сенин көзүң – башкалардан башкача,
Жүрөгүң да аруу, тунук, таптаза.
Мага арнаган жүрөгүңө эч качан,
Мендей болуп башка адам батпаса.

Көңүлүңө чоочун эч ким жакпаса,
Сага кимдир кирпиктерин какпаса.
Жолугууга мен деп келген кадамың,
Бөлөк үчүн бир кадам да баспаса.

Мен ушундай сени катуу кызганам,
Сага арнап түгөнбөгөн ыр жазам.
Ар бир сабым өзүң үчүн арналат,
Обонум да бир сен үчүн ырдасам.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген