Мен деген Мен
Ким бар?!
Кичинекей чунак бар.
Ал ким?!
Бул суроого жооп бере албайт эч ким.
Ары карайт чунак,
Бери карайт чунак,
Көңүлү болсо куунак.
Ай-талаа, адыр тоолор,
Арасында чунак.
“Ким болду экен бул?” – деп,
Ойлоп койду улак.
Ары чуркайт чунак,
Бери чуркайт чунак,
Көңүлү өтө куунак.
Аңгычакты ар жактан,
Чуркап чыгат балапан.
Эч бир жанга окшошпойт,
Ары бери карасаң.
Кайдан чыккан неме деп,
Ойлоп койду балапан.
Жазы кулак, чоң баш,
Узун чачтуу, кара каш,
Көздөрү көлдөй жылтырап,
Күлүп карайт жаркырап.
Куйругу желге серпилет,
Күлкүңдү гана келтирет.
– Башкалар кимсиң дебесин,
Кайдан келген немесиң? –
Таң кала сурайт балапан,
Карап туруп жанатан.
Чунак токтоп ойлонот,
– Мен киммин? – деп толгонот.
Жооп таба албай кайгырат,
Айтчы сен деп суранат.
– Сен билбесең, ким билсин,
Кайдан билем сен кимсиң.
Көрбөптүрмүн сендейди,
Балапан дейт мендейди.
Эми чунак ойлонот,
Мен киммин деп толгонот.
Азыр эле гүлдүү жер,
Бир башкача сезилет.
Башында турган ойго,
Жооп таба албай эзилет.
Бул жерде болду, кала албайм,
Суроомо жооп таба албайм.
Андан көрө жер кезип,
Сурайын элден, күн кечип.
Жолугат анан коёнго:
– Айтынызчы мен киммин?
Кайсы жанга теңмин?
Таң кала карайт коёнек,
Ай-талаада жүрсө да,
Мындай жанды көрө элек.
Чунак токтоп ойлонот:
– Мен киммин? – деп толгонот.
Жооп таба албай кайгырат,
Айтчы сен деп суранат.
– Сен билбесең, ким билсин,
Кайдан билем сен кимсиң.
Көрбөптүрмүн сендейди,
Коёнек дейт мендейди.
Көңүлү сууп кайрадан,
Жолун улайт бул жандык.
Өзү дагы түшүнбөйт,
Кайсы жанга таандык.
Жолугат анан аюга:
– Айтыңызчы, аюбай,
– Айтынызчы, мен киммин?
Кайсы жанга теңмин?
– Сен билбесең, ким билсин,
Кайдан билем сен кимсиң.
Көрбөптүрмүн сендейди,
Мамалак дейт мендейди.
Узун кулак коёнек,
Денең топтой тоголок,
Буттарың гана мага окшош.
Аю эмессиң, сен кимсиң?
Ким экениң, ким билсин.
Куушурат аю ийинин,
Чунактын карап кийимин.
Айласы кеткен чунак,
Андан ары жөнөдү.
Теребел да түшүнүп,
Тынчтыкка аны бөлөдү.
Ошентип жүрүп күн батат,
Айлана да үн катат:
– Биз билбейбиз сен кимсиң,
Ким экениң, ким билсин.
Караңгыда эки көз,
Оозунан чыкпайт бир да сөз.
Жалдырап карайт чунакты,
Тиктегендей бубакты.
– Салам жолдойм үкү жан:
Балдарың карайт уядан,
Айткылачы баарыңар,
Болдум экен кандай жан?
Мен билбеймин мен киммин,
Кайсы жан менен бирмин.
Ошондо үкү үн катат:
– Сен билбесең, ким билсин,
Кайдан билем сен кимсиң.
Көрбөптүрмүн сендейди,
Үкү жан дейт биздейди.
Башка жандык окшойсуң,
Бокойго бир аз окшойсуң.
Киргиле балдар уяга,
Бул жандык бизге окшошпойт.
Үкүдөй көзү жанса да,
Башка жери окшошпойт.
– Бир жерим да бир жанга,
Такыр эле окшошпойт.
Минтип жүрсөм эч жандык
Мени менен достошпойт.
Таза эле батты санаага
Отурат жалгыз талаада.
Барсамбы дейт калаага,
Адашып кетип ал жерден,
Каламбы дейт балаага.
Акыры чечим чыгарып,
Жөнөп калды калаага,
Ким экенин тапсам дейт,
Калсам дагы балаага.
Калаага келсе киши көп,
Бул жандык менен иши жок.
Сандалып көчө кыдырып,
Буттары дагы сызылып,
Тешилип бүттү туягы,
Жооп таппайт окшойт сыягы,
Бул жерден деле кыязы.
Бир бала карап жалдырайт,
Анан ага балдырайт:
– Кичинекей бир жандык,
Болосуң кимге таандык?
– Мен билбеймин мен киммин,
Кайсы жан менен бирмин.
Табайын деп жообун,
Калаага келдим жалдырап,
Ушинтип жүрөм салдырап.
– Ким экенин айтпайсың,
Бул жерден жооп таппайсың,
Биздин үйгө батпайсың.
Салбырап жүрбөй калаада,
Кайткын кайра талааңа.
Тынч эле жүргөм, кай күну,
Кабылдым ушул балаага.
Ойлору учуп асмандап,
Жолдо батат санаага.
Калаадан дагы жооп таппай,
Сандалып келди талаага.
Кимден дагы сурайм деп,
Айласы кетет чунактын.
Эртеден кечке эси ооп,
Суусунан жутат булактын.
Көп жандыктан сурады,
Үкү, түлкү, карышкыр,
Бүт жандыкты туурады.
Эч кимге такыр окшошпойт,
Бир дагы жандык достошпойт,
Аны жандап коштошпойт.
Ошентип жолун улаган,
Айланып тоону ураган.
Күн батканда чарчап ал,
Чөп үстүнө кулаган.
Шамалга ойкуп жер тарап,
Теребел дагы кыбырайт,
Жамгыр дагы дыбырайт.
Айткансып ага бир нерсе,
Коңгуроо сымал шыбырайт.
– Бир да жан билбейт,
сен кимсиң,
Колунан келбейт,
Эч кимдин.
Бул суроого жооп берчү,
бир эле жан бар,
ал сенсиң.
Ким экениң билбесең,
Өзүнө ысым бербесең,
Каласың куру,
Сый көрбөй,
Күн нуру сага,
Нур болбой.
Ошондо чунак күлүптүр,
Көңүлү көккө сүрүптүр.
Канча жер кезип келсе да,
Ошону билбей жүрүптүр.
Секирип туруп кайрадан,
Чу эле өттү дайрадан.
Айланып тоону ураган,
Ошентип жолун улаган.
– Кеп ушунда турбайбы,
Ким экениң билгениң,
Өзүңө болгон сыйдайбы?!
Ким экенин билгениң,
Жүрөктөгү ырдайбы?!
Көтөрүлүп көңүлү,
Так секирет,
бул жандык.
Мен деген Мен экемин,
Мага гана таандык.
Айлана кайра алмашып,
Гүлдүү болду,
турган жер,
Жүрөгүң турса ташкындап,
Жазылат тура
Көңүл чер.
Кезигип кайра баарына,
Жаңырык салат ааламга,
Мен деген Мен!
Көрбөсөңөр мендейди,
Мен көргөмүн сендейди,
Мына эми көрүп ал,
Чунак бай дейт мендейди.
Баары келип кол берип,
Сүйүнүшөт Чунакка.
– Ыраазымын баарына,
Түлкү, коён карышкыр,
Жада калса булакка.
Ары карайт чунак,
Бери карайт чунак,
Көңүлү өтө куунак.
Мен деген Мен, Чунак!
