Рухтун куураган чырпыгына бүр байлаган – муңдуу бейиштин илеби
– Убагында каршымдан анча-мынчасы чыга алчу эмес. Жаныма даап келе албай жүргөндөр канча эле.
Жылдызды уруп түшүргөн, кайратка бышып жетилген сөзүм бар эле. Бир караганда алдыман чыккан адамды жалтанта койгон көзүм бар эле. Өзүмдү бекем сезген ички ишенимдин касиети бар эле… Күчүм менен сүрүм бар эле…
Мынчалык мажирөө тартып каларым түшүмө да кирчү эмес. Бийиктиктен кулаган жарадар буркуттөймүн го. Менин жүргөн жерим асман тиреген аскалар эле. Канат серпкенде асманды титиреткен кайраттын ордуна, бүгүн моюн сунуу жана “мажирөөлүк” келгени жанды азаптайт экен. Күтүүсүздөн өз тагдырымдын алдында алсыз болуп калганым ачуу өкүнүчтүн каңырсык даамы мээми оорутуп, көңүл айнытат турбайбы.
Эмнеден башталды..?
Алгач эле бадам бакты аралап сейилдеп жүргөн жериме кабар барды…
Ошол бадам бакты колхоздун каралбай калган жерин арендага алып, миң түп жумшак бадам көчөт алып тиктим. Бадамдар эки жылда түшүм бере баштаган. Эрте жаз, бадамдар гүлдөгөн учуру эмес беле. Аппак айлана көңүлдү жарытып турган. Түндө жүрөгүм түпөйүл болуп,сыгылып эрте менен баамдатты окуган соң, бакка карай басып кеткем.
– Балаңыз ооруп калыптыр, тез үйгө барат экенсиз – дегенде, шашыла басып жүрүп отурдум. Барганымда ат сарайдын жанында кошуналар турганын көрүп, улакка чабыла турган аттарымдын бирөөсү чалынып, бир балээ баскан го – деп ойлондум. Багытымды ат сарайдын ичине карай бурушту. Аттар сарайдын сыртында навесте турчу.
Сарайдын ичинде узун бойлуу бирөө салаңдап асылып турганын көрүп эс учумду зорго кармадым. Тун уулум Рамис. Кучактап калдым. Денеси муздай элек экен.
– Жипти кескиле! Бычак!
Балээ басып эмнеге мындайга бардың экен, уулум???
Сүйлөшкөн кызы бар болчу. Биздин үй -бүлөгө туура келбейт. Каяктагы калаңгы-касаңгынын кызы менен сүйлөшөсүңбү деп корс этип койгонмун.
Тиги кыз: – ”Менин боюмда бар, аласың – деген имиш. Болбосо сотко беремин дептир” – дешип, кийин аңыз кеп чыкты.
Кыскасы баламан ажырадым…
Тез эле, артынан жүрөгү кармап жубайым өтүп кетти…
Үйдөн кут учту. Эки кызымды турмушка бердим. Апасы жоктугун билдирбейин деп, бар тапканыма себин жасаттым.
Үйүбүз бошоп, аңырайып калды. Кичүү уулумду армияга жибердим. Кирип-чыгып жүрүп, өмүр өтө берди.
Мурункудай эмес, достор азайды. Үйгө келген коноктор жокко эсе.
Балам армиядан келип үйлөнсө баары жакшы болот дегенмин. Уулум армиядан келип: – “Россияга иштеп келейин бир жыл” – деп кетти.
Андан кийин он жети жыл уулумду күттүм…
Ал жакта балдар менен мушташып камалып кетти. Орус девочкасы камактан чыгарып, үйлөнүп алышты. Эки кызы бар. Эми дагы кош бойлуу эгиз күтүп жатышат экен.
Келбей калды эми. Келбейт го…
Турмушка чыккан эки кызым анда-санда кабар алып турушат. Мен жок болсом эле үйдөгү колго илинген буюмдарды үйлөрүнө ташып бүтүшүнө аз калды.
Ушуларды ойлоп Мурат абышка жантайып отурган калыбында, көк бөрү оюнунунда эсинде калган жаш жигит Талантты ойлоду.
Талант – талканды таштай чайнаган көк бөрүчү. Көзү күйүп, ат менен бирдей чапчаңдыгы ийиктей таштан имерилген төрт бутун тыпыраткан атка дал келген чабандес. Ал карышкырдын көзүндөй ирими бар, карегинен от чачыраган, билегинде жолборстун күчү ойноп турган жигит.
Бойка – бул жөн эле ат эмес, бул булчуңдан жаралып, ачуу менен сугарылган кара куюн. Өңү түн киргендей капкара, маңдайындагы ак кашкасы гана караңгыдагы чагылгандай жарк этет. Анын төрт буту – төрт болот соку. Бойка жерди титиретсе, Талант асманды титиретет.
Экөө бириккенде – ажал менен өмүрдүн ортосундагы көк жалга айланышат. Талант эңкейип серкени иле бергенде, Бойка бир капталына жапырылып, тең салмакты кылдын учунда кармап, ошол эле замат октой атылат. Бойканын тиштери кычырап көкүрөгү менен жол ачса, Таланттын камчысы абаны тилип, айкырыгы асмандагы булутту айдайт. Бул – нагыз күчтүн жана тизгин менен билектин ажырагыс шайкештиги эле. Суктанбаган жан калдыбы…
Зериккен Мурат абышканын азыркы жалгыз сооронучу – көк бөрү. Кай жерде дүбүрт угулса, карылыкка моюн бербей атын токуйт да, оюн талаасына карай жай бастырып жөнөйт. Ал жерде жаштыгынын элеси, аттардын ачуу атырылышы жана эркек намысынын илеби бар. Эски улакчылардын көбү Мураттын кезиндеги сүрүн унута элек, ошондуктан аны көргөндө жол бошотуп, өзгөчө урмат менен тосуп алышат.
Ошол күнү оюн кызып, чаң асманга көтөрүлүп жаткан. Жаш кабылан Талант Бойкасын октой атып, жердеги серкеге бир ийилди – илип кете алган жок. Экинчи ирет имерилди – дагы мүчүлүш кетти. Билегинде күчү ташып турса да, эмнегедир ишеними солгундап, кыймылы жайлап баратты.
Четте карап турган Мурат абышканын каны кайнап кетти. Өзүнүн жаш кезин көргөндөй болуп, Таланттын мажирөөлүгүнө чыдабай баратты. Үчүнчү ирет Талант серкеге эңкейгенде, абышка атын теминип жетип келди да, колундагы эски булгаары камчысы менен Талантты баштан ары:
– “Шалпыйбай, илип кет! Карышкыр бол!” – деп чаап-чаап жиберди.
Талант эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Баш аралаш желкесине тийген ачуу камчынын табы денесин чымыратып, уктап жаткан намысын түртүп жиберди. Ким урганын көрүүгө убакыт жок эле, бирок ошол сокку анын тамырындагы канды заматта кыздырып ийди. Ал кайраттана түшүп, боз ала чаңдын ичинен серкени кенедей көрбөй жулуп алды да, тотуккан жүзүн буруп, алыска карай октой учту.
Оюн бүтүп, деми сууй түшкөндө гана Талант өзүнө камчы шилтеген Мурат абышканын карыган, бирок оттуу көздөрүн көрдү. Ал ачууланган жок, тескерисинче, ошол сокку анын мүчүлүшүн оңдоп, дем бергенин сезип, ичтен ыраазы болду.
Кийин достору менен олтурганда Талант бул окуяны сыймыктануу менен минтип эскерет:
“Силер, азыркы жаштар мындай камчыны көтөрө албайсыңар. Ал – кадимки эле булгаары эмес, ал – убагында таамай урулган, намыс ойготкон касиеттүү камчы болчу. Ошол сокку болбосо, мен ошол күнү намысты алдырып коймокмун” – деп жүргөнүн Мурат абышка да алыстан угуп калды.
Мурат абышканын ичиндеги көп жылдык боркулдаган бук ошол күнү тынчыды. Ал өзүнүн эң кымбат көргөн, көзүнүн карегиндей сактаган ат жабдыктарын – бабалардан калган мурасты чыгарып, ортого койду. Атайын буюртма менен күмүштөн согулган үзөңгүлөр, тер алдында жылтыраган күмүш жүгөн жана колуна кармаганда сүр берип турган күмүш саптуу камчы… Бул жөн гана буюмдар эмес, бул анын өткөн өмүрү, намысы жана кадыр-баркы эле.
Ал бул казынасын Талантка берүүнү чечти. “Бул жигит кадырына жетет, бул жигит эл алдында менин атымды гана эмес, кыргыздын намысын бийик тутат” – деген бекем ишеним абышканын жүрөгүн жылытты. Таланттын колуна камчыны карматып жатып, Мурат абышка өзүнүн бийлигин, күчүн жана батасын кошо бергендей болду.
– “Колдон, балам… Кадырына жет. Эл ичинде бул жабдыктар чаң басып калбасын, арыштуу аттын үстүндө жаркырап турсун”, – деди ал үнү кардыга.
Талант сөз табалбай турду. Ыраазы болду. Бирок ыраазычылыгын кантип билдирүүнү билбей турду. Бул белек эмес эле, бел болчу, бедел болчу. Ич-ичинен ата-бабалардын салтына, барктаган кадырына кыргыз болуп жаралып калганына да ыраазы болуп кетти.
Мурат абышканын ийининен тоо түшкөндөй жеңилдей түштү. Эми анын алдында эң акыркы жана эң оор парзы турат. 17 жыл бою жол карап, саргайып күткөн уулун бир көрүп келүү. Москванын белгисиз тарабында калган, бөтөн эл, бөтөн жерде тамыр жайып кеткен, канынан жаралган баласын барып маңдайынан жыттап, “аталык карызымды бердим, мен ыраазымын, сен ыраазы бол, уулум” – деп айтуу үчүн, ал алыс сапарга камынды.
Үйүндөгү калган-каткан буюмдарды кыздары ташып кетсе кетсин, бирок анын рухунун символу болгон “күмүш саптуу дүйнөсү” эми Таланттын колунда, оюн талаасынын чаңында, намыстын туусунда жашай бермек.
Абышка учакка отуруп жатып, терезеден алыстап бараткан тоолорун карап, ичинен гана: “Уулумду бир көрсөм… анан армансыз кетсем да мейли”, – деп шыбырап койду.
