Сен мага жакпайсың

4/5 - (3 добуш)

Кайдыгер жан өңдүү көрүнбө,
Койгомун дүйнөңдү байкап чын.
Сезимиң көрүнүп турса да,
Неге сен “сүйөм” деп айтпайсың?
Бук болуп бекитип арзууңду,
Катканың үчүн сен жакпайсың.

Жаркырап жашоомду жарытып,
Неге сен таң болуп атпайсың?
Жашоо өзү билгенге бир тутам,
Бакытка балкышка шашпайсың.
Жакканым көзүңдөн көрсөм да,
Жарылып неге үн катпайсың?

Убада бербейсиң телмирип,
Жашооңду бакытка бөлөйм деп.
Жашыруун тиктейсиң жалдырап ,
Сен үчүн “сүйөм” деш өгөй кеп.
Айтуу жок… дүйнөңдү төгүлүп,
Жүрө бер өзүңдү өзүң жеп.

Көзүмдөн окушту үйрөнбөй,
Көөдөнгө көрк берип бакпайсың.
“Мүнөзүм ушу да” деп коюп,
Кай бирде өзүңдү актайсың.
Нөшөрдөй төгүлгүм келгенде,
Сел болуп, мен менен акпайсың.

А балким сендейди таппасмын,
Сен дагы мендейди таппайсың.

Автор

  • 1974-жылы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Бишкекте жашайт. Жеке ишкер. 

    2024-жылы "Көөдөндөгү бурганак" деген аталыштагы ыр китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Нургүл, ырың абдан жакты. “Сен мага жакпайсың” деген аталышы эле окуганга түрттү. Айтайын деген оюң жакты. Жөнөкөй бирок жугумдуу ыр экен. Өз оюнду айтам деп тиги жигиттин образын сонун берип коюпсуң. Сага ийгилик!!!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген