Сергей Есенин: “Чоң энемдин жомоктору”
Кышкы кечте короо таптап
Күрткү кечсек деле биз,
Уу-дуу түшүп аттап-буттап
Үйгө тентип келебиз.
Чаналарды чанып салып
Чоң энемдин төрүндө
Чогуу угабыз жомокторду
Чомпуш Иван жөнүндө.
Укпамышка салып коюп
Чакырганда апабыз.
Түн оосо да сөздү тыңшап
Демибизди басабыз.
Жомок бүттү. Жатыш керек.
Жок да, кайдан уктамак?
Жаңыларын баштаса деп
Жабышабыз тытмалап.
«Таң атканча айтмак белем?» –
дейт чоң энем күбүрөп.
Анысына көнмөк белек,
«Айтчы!» дейбиз кибиреп.
Которгон Ж. Касаболотов

Мыкты котормо болуптур. Баланын бал тилине салып ыр, жомок жазган өтө кыйын. Котормо андан бешбетер кыйын. Баланын бал тилин тапкан Есининге дагы, Касаболотовго да бали.